Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №50 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 30-марты № 198 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чек араларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 46-беренесине, "Турак жайдынменчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык, жер участокторго укуктарды берүү жаатында уруксат берүүчү сис-теманы оптималдаштыруу, көп квартиралуу үйлөрдөгү жайлардын менчик ээ-леринин жалпы үлүштүк менчикке - үйлөрдүн жанындагы жер участокторгоболгон укуктарынын ишке ашырылышын камсыздоо максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Тиркелген: Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участоктору-нун чек араларын аныктоо тартиби жөнүндө жобо бекитилсин. 2. "Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектеринаныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2003-жылдын 11-сентябрындагы № 575 токтому күчүн жоготту дептабылсын. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министр И.Чудинов