Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 27-майы № 325 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Билдирилбеген салыктык, бажылык милдеттенмелерге мунапыс жана мүлктү мыйзамдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Билдирилбеген салыктык, бажылык милдеттенмелерге мунапыс жанамүлктү мыйзамдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбо-ору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министрибул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралгандаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Билдирилбеген салыктык, бажылык милдеттенмелерге мунапыс жана мүлктү мыйзамдаштыруу жөнүндө Бул Мыйзам мүлктү мыйзамдаштырууга байланыштуу мамилелерди, ошон-дой эле өзүнүн мүлкүн мыйзамдаштырган жактарды салыктык, бажылык, адми-нистрациялык, жазыктык жана ушул Мыйзамда каралган башка эреже бузуу-ларды жасаганы үчүн жоопкерчиликтен бошотууга байланыштуу мамилелердижөнгө салат. 1-берене. Мыйзамдын максаты Бул Мыйзамдын максаты мүлктү мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгөтартууну, мыйзамдаштырылчу мүлктүн кол тийгистигине гарантияларды бел-гилөөнү, мүлктү мыйзамдаштыруу процессине катышкан жактардын кол тий-гистигине гарантияларды белгилөөнү жана мүлктү мыйзамдаштыруу процесси-нин жашырындыгын сактоону көздөйт. 2-берене. Бул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: Мүлктү мыйзамдаштыруу - кирешени жашыруу максатында мыйзамдуу эко-номикалык жүгүртүүдөн чыгарылган мүлккө жана (же) Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына ылайык таризделбеген же тиешеси жок адамга таризделгенукуктарды ыктыярдуу декларациялоого байланыштуу иш-аракеттер. Мүлктү мыйзамдаштыруу субъекттери (мындан ары - мыйзамдаштыруунунсубъекттери) - мүлкүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мыйзамдаштыру-учу Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары (мамлекет-тик ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден башкалар). Жактар мыйзам-даштыргандык жөнүндө декларацияны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органгатапшырган күндөн баштап мыйзамдаштыруу субъектисинин статусун алышат. Мыйзамдаштыруу объекттери - Кыргыз Республикасынын аймагында да,анын чегинен сыртта да турган, мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында белгиленген тартипте декларацияланбаган кыймылдуу жана кыймылсызмүлк. Кыймылдуу мүлк - акча каражаттар (улуттук жана чет өлкөлүк валюта-да), транспорт каражаттар, мыйзамдаштыруу субъектинин ишканалардагы ка-тышуу үлүшү, баалуу кагаздар, юридикалык жактардын активдери. Кыймылсыз мүлк (козголбос мүлк) - Кыргыз Республикасынын Граждан-дык кодексине ылайык аныкталчу козголбос мүлк. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ушул Мыйзамда каралган тартип-те мүлктү мыйзамдаштыруу жөнүндө документтерди кабыл алуучу жана тариз-дечү Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттиккомитети. Мыйзамдаштыруу мөөнөтү - ушул Мыйзамда каралган мөөнөт, анын ичин-де Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары ыйгарымукуктуу мамлекеттик органга кайрыла алышат. Мыйзамдаштыруу жөнүндө декларация - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүбекиткен формаларда мыйзамдаштырылгандык фактысын ырастачу документ. 3-берене. Бул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү Бул Мыйзамдын күчү мыйзамдаштыруу субъекттерине, Кыргыз Республи-касынын аймагында да, анын чегинен сыртта да аларга таандык: КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделбеген; эко-номикалык жүгүртүүдөн чыгарылган; башка жакка таризделген мүлккө каратаколдонулат. Бул Мыйзамдын күчү адамга, адамзаттын тынчтыгына жана коопсуздугу-на, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнүн жана коопсуздугунун негизде-рине, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыштарды жа-соонун натыйжасында алынган мүлккө, ошондой эле таандыктык укугу соттуктартипте талашта болгон мүлккө карата колдонулбайт. 4-берене. Мыйзамдаштыруу субъекттерине мамлекеттик гарантиялар 1. Мыйзамдаштыруу субъекттери 2008-жылдын 31-декабрына чейинкимезгилде төмөнкүдөй эреже бузууларды жасашканы үчүн жоопкерчиликтен бо-шотулушат: 1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 180, 182, 183,200, 201, 202-1 беренелери, 204-статьясынын 1-бөлүгү, 208-215, 303,304, 306, 307, 309, 310, 311, 313, 314-беренелерин; 2) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөкодексинин 9-1, 22, 23, 24, 24-1, 25, 26, 35, 35-3-беренелерин; 3) салык, бажы мыйзамдарын, ошондой эле мамлекеттик социалдык кам-сыздандыруу боюнча мыйзамдарды; 2. Мыйзамдаштыруу субъекттери - жеке адамдар ушул берененин1-пунктунда каралган эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат. Мыйзамдаштыруу субъекттери - юридикалык жактар ушул берененин1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында каралган эреже бузуулар боюнча жо-опкерчиликтен бошотулушат. Мында юридикалык жак болгон мыйзамдаштыруу субъекттеринин кызматадамдары ушул берененин 1-пунктунда каралган эреже бузуулар боюнча жо-опкерчиликке тартылышпайт. 3. Мүлктү мыйзамдаштыруу мезгилинде жана андан кийин мыйзамдашты-руу субъекттеринин 2008-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги финансы-лык-чарбалык иштерине карата текшерүүнү кандай түрү болсо да жүргүзүүгөтыюу салынат. 4. Мүлктү мыйзамдаштыруу мезгилинде текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнжүргүзүүгө мораторий киргизилет. 5. Мыйзамдаштыруу мезгили бүткөндөн кийин мүлктү ушул Мыйзамгаылайык мыйзамдаштыруу процессин жүргүзүүдө алынган маалыматтын негизин-де мыйзамдаштырылган мүлккө карата текшерүүнүн ар кандай түрлөрүн, про-цесстик иштерди жүргүзүүгө, анын ичинде кылмыш-жазыктык жазалоо же ад-министрациялык жаза чараларын колдонуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүгөтыюу салынат. 6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мыйзамдаштыруу процесси-нин бардык катышуучулары мүлктү мыйзамдаштыруу процессинде алынган маа-лыматтын жашырындыгын камсыздоого тийиш. 7. Мыйзамдаштыруу процесси бүткөндөн кийин мыйзамдаштыруу субъек-тинин талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдаштыруусубъектинин катышуусунда мыйзамдаштыруу субъектинин мурда берилген бар-дык салыктык декларацияларын жок кылууга милдеттүү. 8. Мамлекет мыйзамдаштыруу субъекттерине төмөнкүлөрдү гарантия-лайт: а) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык мыйзамдаштырылчу мүлктүн пайдаболгон булагы жөнүндө маалыматты берүүдөн бошотууну; б) мыйзамдаштыруу процессинин бардык катышуучулары мүлктү мыйзам-даштыруу субъекттерине тиешелүү сырды (жашырындыкты) камсыздашын; в) мыйзамдаштыруу субъекттерине карата кийин салык салуудагы кысымчаралары колдонулбашын; г) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мүлктү мыйзамдаштыруу бо-юнча операциялар жөнүндө маалыматтарды сотторго гана беришин. 9. Бул Мыйзамды колдонууда болгон бардык карама-каршылыктар мый-замдаштыруу субъектинин пайдасына чечмеленет. 5-берене. Мүлктү мыйзамдаштыруу мөөнөтү Мүлктү мыйзамдаштыруу мөөнөтү 2009-жылдын 1-октябрынан баштап31-декабрына чейинки убакыт болуп эсептелет. 6-берене. Жеке жактардын мүлктү мыйзамдаштыруусун жүргүзүүнү уюштуруу жана тартиби 1. Жеке жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилгендокументтер менен менчик укугу ырасталган мүлктү мыйзамдаштырат. 2. Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынажана Кыргыз Республикасынын "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кыз-маттарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандары-нын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды дек-ларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Мыйзамына ылайык өздөрүнүн жана жа-кын туугандарынын алган кирешелери, милдеттенмелери жана менчик укугубар мүлкү жөнүндө жыл сайын декларация берүүгө тийиш болгон жеке жактар2009-жыл үчүн маалыматтарды кирешенин булагын көрсөтпөстөн берүүгөукуктуу. Берилген декларацияга ушул Мыйзамдын 4-беренесинин жоболоруколдонулат. 3. Жеке жак тарабынан Кыргыз Республикасынын мүлкүн мыйзамдаштыруужол-жобосу. 1) Мыйзамдаштыруу субъектти мыйзамдаштыруу жөнүндө декларацияны(мындан ары - декларация) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан беки-тилген форма боюнча, укукту аныктаган документтердин түп нускасын тир-кеп мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга берет. Декларация эки нускадатолтурулат жана мыйзамдаштыруу субъектти аны мамлекеттик ыйгарым укук-туу органга жеке өзү берет. Менчик укугун ырастаган документ мыйзамдаштырылып жаткан мүлктүнар бир бирдигине берилет. Чет өлкөдө жайгашкан мүлккө болгон менчикукугун ырастаган документтер берилгенде, мыйзамдаштыруу субъектти доку-менттердин мамлекеттик же расмий тилдеги котормосун тиркейт. Мүлктүннаркын баалоону мыйзамдаштыруу субъектти өзү жүргүзөт. 2) Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү текшерет: - декларациядагы мыйзамдаштыруу субъектти жөнүндө маалыматтардынөзүн күбөлөндүргөн документтерге шайкеш келүүсүн; - менчик укугун ырастаган документтердин декларацияга киргизилгенмүлккө шайкеш келүүсүн. Декларация толтурууда так эместиктер табылган же менчик укугунырастаган документтер жок болгон учурларда гана мамлекеттик ыйгарымукуктуу орган декларацияны кабыл алуудан баш тартууга укуктуу. Мыйзам-даштыруу субъектти жањы декларацияны толтурууга жана мамлекеттик ыйга-рым укуктуу органга тапшырууга укуктуу. 3) Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан декларация кабылалынганда, мөөр менен тастыкталган жана мамлекеттик ыйгарым укуктуу ор-гандын жооптуу адамы кол койгон декларациянын экинчи нускасы мыйзамдаш-тыруу субъектине кайтарып берилет. 4. Мыйзамдаштыруу субъектти тарабынан декларацияны толтуруунун жа-на мүлктүн түрү боюнча декларацияга тиркелүүчү документтерди берүүнүнөзгөчөлүктөрү. 1) Акча каражаттарын мыйзамдаштырууда мыйзамдаштыруу субъекттибанктагы өз атындагы эсептен же эсептерден көчүрмөнү декларацияга тир-кейт. Кайтарып берүү шарты менен башка адамга берилген акча каражатта-рын мыйзамдаштырууда мыйзамдаштыруу субъектти мындай каражаттардын бе-рилгендигинин фактысын ырастаган документти берет. 2) кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштырууда мыйзамдаштыруу субъекттимүлккө болгон менчик укугун ырастаган Мамлекеттик каттоодон алынган до-кументти декларацияга тиркейт. 3) Баалуу кагаздарды мыйзамдаштырууда мыйзамдаштыруу субъекттиКыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуукызматынын эрежелерине жана нормативдик актыларына ылайык көз каранды-сыз каттоочунун эмитент реестринен алынган көчүрмөнү декларацияга тир-кейт. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна баалуу кагаздардыноминалдуу ээлик кылууга берүү, ошондой эле номиналдык ээлик кылууданаларды чыгаруу боюнча операциялар баалуу кагаздарды мыйзамдаштыруу бо-луп эсептелбейт. 4) Коомдун уставдык капиталына катышуу үлүшүн мыйзамдаштыруудамыйзамдаштыруу субъектти коомдун уюмдаштыруу документтеринин нотариал-дык жактан тастыкталган көчүрмөсүн декларацияга тиркейт, анда уставдыккапиталдын мыйзамдашуу субъектине таандык болгон үлүшү көрсөтүлөт. 5) Автоинспекция органдарында катталууга тийиш болгон автотранс-портту мыйзамдаштырууда мыйзамдаштыруу субъектти автоинспекция органытарабынан берилген техникалык паспортту декларацияга тиркейт. 5. Декларацияда берилген жана ага тиркелген документтердеги маалы-маттардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти мыйзамдаштыруу субъектти тартат. 6. Мүлктү мыйзамдаштыруунун натыйжасында жеке жакка мыйзамдашты-рылган мүлккө киреше салыгын төлөө боюнча милдеттенмелер берилбейт. 7-берене. Юридикалык жактын мүлктү мыйзамдаштыруусун жүргүзүүнү уюштуруу жана тартиби 1. Юридикалык жактын мүлктү мыйзамдаштыруу жол-жобосу төмөнкүлөргөкарата жүргүзүлөт: а) мыйзамдарда каралган тартипте каттоону талап кылбаган кыймылдуумүлк, бухгалтердик эсепке алууда мыйзамдаштырылган мүлктү идентификаци-ялоого мүмкүндүк берүүчү инвентардык ведомосттордун негизинде жарыялан-ган мүлктү бухгалтердик баланска киргизүү жолу менен; б) мыйзамдарда каралган тартипте милдеттүү түрдөгү каттоону талапкылган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, мыйзамдаштыруу субъектине башкажактын мүлктү кайтарымсыз берүүсү жөнүндө нотариалдык тастыкталган ке-лишими, ушул мүлккө мыйзамдаштыруу субъектисинин менчик укугун ыраста-ган башка келишимдер жана документтер бар болгондо бухгалтердик баланс-ка киргизүү жолу менен; в) акча каражаттары, мыйзамдаштырылган акча каражаттарынын юриди-калык жактардын алыш-бериш эсебине киргизилгендигин ырастаган банк до-кументтеринин негизинде бухгалтердик баланска киргизүү жолу менен. Юридикалык жактын аткаруу боюнча милдеттенмелери жок болуп алынганзаймдары юридикалык жактын мүлктү мыйзамдаштыруусунун жол-жобосундаөткөн жылдын кирешеси жана уставдык капиталга кошулган үлүш катары таа-нылбайт. 2. Мыйзамдаштыруу мезгилинде юридикалык жактын мүлктү мыйзамдашты-руусунун тартиби төмөнкүдөй: а) юридикалык жак мыйзамдаштыруу субъектти статусун алуу үчүн мый-замдаштыруунун жол-жобосун өтүүгө ниеттенгендиги жөнүндө мамлекеттикыйгарым укуктуу органга арыз берет; б) арыз берилгенден кийин мыйзамдаштыруу мезгилинде юридикалык жаккыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоону жүргүзүүнү, кели-шимдерди жана укукту белгилеген башка документтерди тариздөөнү, акчакаражаттарын банк эсебине киргизүүнү камсыз кылат; в) ушул берененин 2-пунктунун б) пунктчасында каралган иш-аракет-тер аяктагандан кийин, юридикалык жак мамлекеттик ыйгарым укуктуу ор-ганга бухгалтердик балансты (мыйзамдаштыруу жөнүндө декларацияны) жанабухгалтердик балансты бекитүү жөнүндө юридикалык жактын башкармасынынжогорку органынын чечимин берет. 3. Юридикалык жактын мүлкү бухгалтердик баланстын (мыйзамдаштыруужөнүндө декларациянын) түзүлгөн датасы боюнча мыйзамдаштырылган деп та-анылса, ал эми ушул юридикалык жакка карата мүлктү мыйзамдаштыруужол-жобосу бухгалтердик баланс мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга бе-рилген күн боюнча аяктады деп таанылат. 4. Катталбаган чарбалык иш жүргүзүүчү жактардын мүлкү Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык мүлктү мыйзамдаштыруумезгилинде алардын ишин мамлекеттик каттоо учурунда мыйзамдаштырылат.Мында катталбаган ишти жүргүзгөндүгү үчүн адамдар кылмыштык жана адми-нистрациялык жоопкерчиликтен бошотулат. 8-берене. Мүлктү мыйзамдаштыруу процессинин башка катышуучуларынын ыйгарым укуктары 1. Мыйзамдаштыруу субъекттеринен тышкары мүлктү мыйзамдаштыруунункатышуучулары Улуттук банктын лицензиясы бар финансылык мекемелери(мындан ары - финансылык мекемелер) болуп эсептелет. Финансылык мекеме-лер жана Улуттук банк өзүнүн ишин жана ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамдынжоболоруна ылайык мүлктү мыйзамдаштыруунун процессинде ишке ашырат. 2. Салык органдары, бажы органдары, Мамкаттоо, Финансылык рыноктукөзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы, Башкы прокуратура, Финансылык чал-гындоо кызматы, укук коргоо органдары, башка мекемелер жана уюмдар мый-замдаштыруу процессине кыйыр мамилеси бар жактар катары таанылат. Бий-ликтин аталган органдарынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызмат адам-дарынын каалагандай иш-аракеттери ушул Мыйзамдын жоболоруна каршы кел-беши же анын чегинен чыкпашы керек. 3. Ушул берененин 1, 2-пункттарында саналган органдар мүлктү мый-замдаштырууда мыйзамдаштыруу субъекттерине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. 9-берене. Декларацияланбаган салыктык, бажылык милдеттенмелерге мунапыстын тартиби 1. Бул Мыйзам күчүнө кирген учурда бардык салыктык жана бажылыкмилдеттенмелер, анын ичинде мыйзамдаштыруу субъекттеринин 2008-жылдын31-декабрына чейин пайда болгон жана жоюлбаган айыптары, проценттери,туум айыптары, мүлктү мыйзамдаштырууга чейин пайда болсо жоюлган болупсаналат жана ушул мүлктү мыйзамдаштыруу натыйжасы болуп эсептелет. Булмүлккө карата эч кандай кылмыштык, администрациялык же башка териш-тирүүлөр жүргүзүлбөшү керек. 2. Бул берене салык төлөөчүлөргө, ошондой эле 2008-жылдын 31-де-кабрына чейин салыктык жана бажылык милдеттенмелерди декларациялабаганже жойбогон салык салуу максатында агенттик функцияларды аткаруучу жак-тарга карата колдонулат. 3. Бул берене тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан декларация-ланган, текшерилген жана катталган, бирок жоюлбаган салыктык жана бажы-лык милдеттенмелерге карата колдонулбайт. 4. Мамлекеттик бюджетке салыктын ашыкча төлөнгөн суммалары бармыйзамдаштыруу субъекттери кайтарып берүүгө укугун жоготот, бирок ушулашыкча төлөмдөр проценттер, туум айып жана салыктык санкциялар боюнчакарызды жоюунун эсебине эсептелиши мүмкүн. 5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталгандай контролдоочуоргандарга (салыктык жана бажылык органдарды кошуп алганда), ошондойэле укук коргоочу органдарга ушул берененин 1 жана 2 бөлүктөрүндө ка-ралган төлөмдөргө карата текшерүүнүн кандай болбосун түрлөрүн (контрол-доо, маалыматтарды сурап алуу, инспекция жүргүзүү) жүргүзүүгө тыюу са-лынат. 10-берене. Мүлктү мыйзамдаштыруу жол-жобосун аяктоо Ушул Мыйзамдын жоболорун сактоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттикоргандын мөөрү жана жооптуу адамынын колу менен күбөлөндүрүлгөн Мыйзам-даштыруу жөнүндө декларациянын экинчи нускасы келип түшкөн учурдан тар-тып мүлк мыйзамдаштырылган деп эсептелет. 11-берене. Мыйзамдаштыруу субъекттерине мунапыс берүү жол-жобосу 1. Бул Мыйзам күчүнө киргенде: 1) Каалагандай териштирүү органы демилге кылган бардык иштер,ошондой эле ушул Мыйзамдын 4-беренесинде аталган негиздер боюнча2008-жылдын 31-декабрына чейин (ошол күндү кошуп алганда) тартип бузуу-ларды жасаган адамдарга карата козголгон сотто кароону күтүп жаткан иш-тер токтотулушу керек; 2) Бул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып ушул берененин 1-пунк-тунун 1а) пунктчасында саналган кылмыш иштерин жасоого соттолгон адам-дарга карата жазалар жокко чыгарылышы керек. 2. Бул берененин негизинде жазасы жокко чыгарылган адамдардын сот-туулугу мыйзамдарда каралган тартипте жоюлушу керек. 12-берене. Даттануу Мүлктү мыйзамдаштыруучу субъект мамлекеттик органдардын чечимдери-не жана иш-аракеттерине (аракетсиздигине) мыйзамдарда белгиленген тар-типте, анын ичинде сот тартибинде даттанууга укуктуу. 13-берене. Бул Мыйзамдын башка мыйзам актыларынын жана эл аралык келишимдердин жоболору менен өз ара байланышы Салыктык мыйзамдар, бажылык мыйзамдар, мамлекеттик социалдык кам-сыздандыруу жөнүндө мыйзамдар, акчаны адалдоонун алдын алуу жана агакаршы күрөшүү жана терроризмди каржылоо жөнүндө мыйзамдар, ошондой элежогоруда аталган мыйзамдарды аткаруу үчүн жооптуу мамлекеттик башкарууоргандарынын укуктук статусун аныктоочу мыйзамдар ушул Мыйзамда карал-ган иш-аракеттерге жана окуяларга карата колдонулбайт же жарым жартылайколдонулат. Ушул Мыйзамдын нормалары менен башка мыйзамдардын ортосунда кара-ма-каршылыктар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын нормалары колдонуугаалынат. 14-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти