Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2009-жылдын 3-марты N 145
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353-беренесинин 1-пунктуна, 354-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-январындагы N 31-б буйругу менен түзүлгөн Ыктыярдуу, милдеттүү патенттин негизинде салыктын ставкаларын жана патенттик негизде жүргүзүлчү ишкердиктин түрлөрүнүн тизмесин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын сунуштарын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 4-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 22, 38, 39, 40, 57, 66 жана 67-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
22 | Видео-аудио кассеталарды жана компакт дисктерди сатуу | 52.62 | 2000 |
";"
"
38 | Азык-түлүк товарларды стационардык соода жайларында жана күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагондорду, дүкөнчөлөрдү, текчелерди, чатырларды, боз үйлөрдү, колго сүйрөп жүрүүчү арабаларды, бастырмаларды ж.б. пайдалануу менен сатуу | 52.62 | 7000 |
39 | Пиротехникалык буюмдардан башка, азык-түлүккө кирбеген товарларды стационардык соода жайларында жана күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагондорду, дүкөнчөлөрдү, текчелерди, чатырларды, боз үйлөрдү, колго сүйрөп жүрүүчү арабаларды, бастырмаларды ж.б., пайдалануу менен сатуу | 52.62 | 15000 |
40 | Курулуш материалдарын сатуу (цемент менен шиферден башкасын) | 52.62 | 10000 |
";"
"
57 | Ижарага, жалдоого берүү: | 70.20 |
|
- менчик кыймылсыз мүлктү мейманканага берүү (1 адамдык жатуучу орун үчүн); | 4000 | ||
- турак жай аянтын батирге берүү (1 бөлмө үчүн); | 1500 | ||
- турак эмес аянтты (аянтына жараша) | 10000 |
";"
"
66 | 3 орундукка чейинки чач тарач жана маникюр кабинеттеринин кызмат көрсөтүүлөрү (1 орундук үчүн) | 93.02 | 2000 |
67 | Акы алынуучу даараткана тейлөөлөрү (1 орундук үчүн) | 93.04 | 200 |
";
- Эскертүүсү алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 72-124-пункттар менен толукталсын:
"
72 | Иттерди тукумдатуу жана сатуу | 01.2 | 500 |
73 | Малдын терисин жана жүнүн даярдоо | 01.2 | 5000 |
74 | Калктын малын кайтаруу боюнча кызмат көрсөтүү | 01.42 | 1500 |
75 | Малдын жана үй канаттууларынын этинен шишкебек жасоо жана сатуу | 15.13 | 1500 |
76 | Жеке менчик тегирмендердин, май чыгаргычтардын жана күрүч актагычтардын кызмат көрсөтүүлөрү | 15.61 | 2500 |
77 | Текстилдик даяр буюмдарды, анын ичинде автоунаалардын жапкычтарын жана бут койгучтарын тигүү | 17.40 | - негизги техникалык жабдуулардын |
78 | Трикотаж жана токума буюмдарды өндүрүү | 17.7 | санына (түз тигүүчү универсал машина, токуучу машина, терини тигүүчү машина) 10 бирдикке чейин – 2000 негизги техникалык жабдуунун кийинки ар бир 10 бирдигине кошумча 1000 |
79 | Булгаары кийимдерди тигүү, булгаарыдан, териден жана жасалма булгаарыдан буюмдарды жасоо | 18.10 | |
80 | Атайын кийимдерди тигүү | 18.21 | |
81 | Сырт кийимдерди тигүү | 18.22 | |
82 | Ич кийимдерди тигүү | 18.23 | |
83 | Баш кийимдерди, кийимдин башка түрлөрүн жана жабдыктарды өндүрүү | 18.24 | |
84 | Мех буюмдарды өндүрүү | 18.30 | |
85 | Тери буюмдарды өндүрүү | 19.20 | 1000 |
86 | Жыгач тилүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 20.10 | 1500 |
87 | Макулатура алуу боюнча тейлөөлөр | 21.22 | 1000 |
88 | Керамикалык жана кооз буюмдарды өндүрүү | 26.25 | 1500 |
89 | Кулпуларды жана ачкычтарды оңдоо жана жасоо | 28.63 | 500 |
90 | Айыл чарба техникаларын оңдоо | 29.31 | 1500 |
91 | Атайын медициналык техникаларды оңдоо | 33.20 | 1000 |
92 | Улуттук музыкалык аспаптарды жасоо | 36.30 | 1000 |
93 | Музыкалык аспаптарды оңдоо жана күүгө келтирүү боюнча тейлөөлөр | 36.30 | 600 |
94 | Элдик көркөм өнөр буюмдарын үйдө жасоо | 36.63 | 800 |
95 | Жасалма гүлдөрдү жана аза күтүү чамбарларын жасоо | 36.63 | 1000 |
96 | Газ баллондорду сатуу | 51.55 | 1500 |
97 | Тери буюмдарды сатуу | 52.43 | 800 |
98 | Улуттук музыкалык аспаптарды сатуу | 52.45 | 1000 |
99 | Жасалма гүлдөрдү жана аза күтүү чамбарларын сатуу | 52.62 | 800 |
100 | Керамикалык жана кооздук буюмдарын сатуу | 52.62 | 1500 |
101 | Мүрзө эстеликтери, постаменттерин жана аны коштоочу буюмдарды сатуу | 52.62 | 2000 |
102 | Жалпы аянты 10 кв.м. чейинки соода жайларында кымбат металлдардан жана таштардан жасалган буюмдарды сатып алуу, оңдоо жана сатуу | 52.48 | 2000 |
103 | Кийимдерди, баш кийимдерди, мехтен жасалган, тигилген, трикотаж кийимдерди, галантерея жана башка буюмдарды оңдоо | 52.74 | 1500 |
104 | Коомдук тамактануу жайларынын тейлөөлөрү: | 55.51 |
|
- убактылуу орнотулган жайларды (павильон, боз үй, чатыр ж.б.) пайдалануу менен, 4 орундугу бар 1 стол үчүн; | 1000 | ||
- жалпы билим берүү мекемелеринде орун алгандар (окуучулардын санына жараша); | 4000 | ||
- курорттук зоналарда орун алган жана курорттук маалда иштечү, капиталдык туруктуу жайларда (4 орундугу бар 1 стол үчүн); | 2000 | ||
105 | Базарларда жана башка эл топтолуучу жерлерде радио аркылуу жарыя берүү боюнча тейлөөлөр | 64.20 | 1000 |
106 | Колдонууга берүү боюнча тейлөөлөр: | 71.33 |
|
- компьютердик оюндар (ар бир компьютерге); | 500 | ||
- оюн үстөлдөрү (ар бир үстөлгө) | 300 | ||
107 | Эсептөөчү жана көбөйтүүчү техниканы техникалык жана программалык тейлөө боюнча кызматтар | 72.20 | 2000 |
108 | Иттерди үйрөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 74.60 | 500 |
109 | Эл аралык долбоорлордун жана программалардын котормочуларынын жана жергиликтүү кеңеш берүүчүлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү | 74.83 | 2000 |
110 | Эл аралык долбоорлордун жана программалардын жергиликтүү кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрү | 74.83 |
|
| а) менеджерлер жана кеңешчилер; |
| 3000 |
| б) координаторлор; |
| 2000 |
| в) адистер жана эксперттер; |
| 1500 |
| г) администрациялык жана финансылык ассистенттер; |
| 1000 |
| д) секретарлар, айдоочулар; |
| 700 |
| е) техникалык персонал (кароолчулар, вахтерлор, тазалоочулар ж.б.) |
| 500 |
111 | Кызмат көрсөтүүлөр: | 74.83 |
|
- материалдарды компьютердик жана ксерокөчүрмөлүк иштетүү боюнча; | 1000 | ||
- машинкада жазуу боюнча; | 500 | ||
- уюлдук байланыштын бирдигин салуу кызматтары | 500 | ||
112 | Кызмат көрсөтүүлөр: | 80.42 |
|
- чет тилге, компьютердик техникага, бухгалтердик эсепке, автотранспорт айдоого, бычууга, тигүүгө, токууга жана башкаларга окутуу боюнча; | 2000 | ||
- репетитор катары сабак окутуу боюнча | 600 | ||
113 | Үн жазуу, кино-видео тартуу жана караоке кызмат көрсөтүүлөрү | 92.11 | 1500 |
114 | Тойлорду жана ырым-жырымдарды музыкалык тейлөө кызматтары | 92.31 | 2500 |
115 | Оюндарды уюштуруу: | 92.72 |
|
- акы алынуучу оюндарды (теннис, шахмат, шашки ж.б.); | 1000 | ||
- "Русское-лото" жана "Бинго-лото" оюндары | 2000 | ||
116 | Катерлерде, теплоходдордо жана яхталарда сүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 92.72 | 50000 |
117 | Үй шартында кир жууш боюнча тейлөөлөр | 93.01 | 500 |
118 | Визажисттин кызмат көрсөтүүлөрү | 93.02 | 1000 |
119 | Мүрзөгө эстеликтерди жана аны коштоочу буюмдарды жасоо | 93.03 | 1200 |
120 | Астрологиялык божомолдорду түзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 93.05 | 500 |
121 | Гувернанткалардын, бала багуучулардын жана үй кызматчылардын кызматы | 95.00 | 500 |
122 | Телеантенналарды орнотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 95.00 | 800 |
123 | Дюбель мыктарды кагуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 95.00 | 900 |
124 | Ширетүү иштери боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 95.00 | 1000 |
";
2. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасын бир айлык мөөнөттүн ичинде иштин түрүнө, кирешесине, мезгилдүүлүгүнө жана жүргүзүлчү ордуна жараша бекитсин;
- өз ишин ыктыярдуу патенттин негизинде жүргүзүшкөн жеке ишкерлерге жана уюмдарга жумушка жалданган адамдарга патенттерди берсин, алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 163-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык эсептелген жеке киреше салыгынын белгиленген суммасы түрүндө аныкталат.
3. Тигүү өндүрүшүнүн жалданма кызматкерлерине патент эки формада, ар бир кызматкерге өзүнчө, фамилиясы боюнча, же бардык кызматкерлерге бир патент, ишкердин же уюмдун жетекчисинин колу коюлган, кызматкердин аты-жөнү, идентификациялык салык номери, паспортунун номери, берилген күнү жана ким тарабынан берилгенин көрсөтүлгөн тизме боюнча (2 нускада) берилери белгиленсин.
4. Ыктыярдуу патенттин негизинде иштөөчү адамдар, анын ичинде жалданма кызматкерлер үчүн камсыздандыруу взносторунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы N 378 "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык аныкталары белгиленсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| И.Чудинов |