КР Өкмөтүнүн2011-жылдын 15-февралындагы N 50 токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы № 198
токтому менен бекитилген Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чек араларын аныктоо тартиби жөнүндө ЖОБО 1-глава. Жалпы жоболор 2-глава. Чек ара өткөрүү. Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участоктун чек арасын аныктоо 3-глава. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторду пайдалануу укуктарын тариздөө тартиби Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чек араларынаныктоо тартиби жөнүндөгү ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Респуб-ликасынын Граждандык
кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жер
кодекси-не, "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктукактыларына ылайык иштелип чыккан жана көп квартиралуу үйлөрдүн жанында-гы жер участоктордун (мындан ары - үйлөрдүн жанындагы жер участоктор)чек араларын аныктоо тартибин белгилейт. 1-глава Жалпы жоболор 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодекси ишке киргизилгенгечейин курулган көп квартиралуу турак үйлөрдүн жанындагы жер участокто-рунун чек араларын аныктоодо колдонулат. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси ишке киргизилгенден кийин ку-рулган жана жањы долбоорлонуучу объекттерге үйлөрдүн жанындагы жеручастокторунун чек аралары конкреттүү объектке же объекттер тобуна дол-боордук документтердин курамында белгиленет. 2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарынөнүктүрүүнү келечекте шаар курууну пландаштыруу жөнүндө шаар куруу до-кументтери; шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, курулуш куруу жа-на шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер участокторунун жана кый-мылсыз мүлктүн башка объекттеринин пайдаланууга уруксат берилген пара-метрлердин жана түрлөрдүн жер пайдалануу эрежелери белгиленген, ошондойэле шаар куруу иштерин жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлк объекттеринин жолберилген өзгөртүүлөрүнүн жыйындысы; чек ара өткөрүү - кыймылсыз мүлк объекттери катары мурда болгонжана жањы түзүлгөн жер участоктордун чек араларын белгилөө, калыбынакелтирүү, өзгөртүү жана бекитүү боюнча шаар куруу жана жер жайгаштырууиштеринин комплекси; кызыл сызыктар - кварталдардын, кичи райондордун жана пландоочутүзүмдөрдүн башка элементтеринин аймактарын шаардык жана айылдык калк-туу конуштарда көчөлөрдөн, жолдордон жана аянттардан бөлүүчү чек ара-лар; сервитут - башка жактын менчигиндеги же пайдалануусундагы жеручастокту чектелген түрдө максаттуу пайдаланууга жактын укугу; көп квартиралуу үйлөрдүн тобу - долбоорлоого жана курууга бир жеручастогу берилген эки же андан ашуун көп квартиралуу үйлөр; көп квартиралуу үй - эки же андан ашуун турак жана турак эмес жай-лары бар өзүнчө курулуш; турак жай конушундагы жергиликтүү маанидеги көчөлөр жана жолдор -турак жай райондорунун (кичи райондордун) аймактарындагы транспорттук(жүк ташуучу жана коомдук транспортту өткөзбөстөн) жана жөө катнаштар,жөнгө салынуучу кыймылдын магистралдык көчөлөрүнө жана жолдоруна чыгуу-лар; жөө жүрүү көчөлөрү жана жолдор - эмгектенүү, тейлөө мекемелери жа-на ишканалары, анын ичинде коомдук борборлордун чектеринде, эс алуучужерлер жана коомдук транспорттун токтоочу пункттары менен жөө катнаш; өтмөлөр - турак жай жана коомдук имараттарга, мекемелерге, ишкана-ларга жана райондордун, кичи райондордун, кварталдардын ичиндеги башкашаардык объекттерге транспорт каражаттарынын өтмөлөрү; жайлардын менчик ээси - мыйзамдарда белгиленген тартипте көп квар-тиралуу турак үйдө турак жай жана (же) турак эмес жайга менчик укугунажана жалпы мүлктө үлүшкө ээ жеке же юридикалык жак; үйлөрдүн жанындагы жер участоктор - көп квартиралуу турак үйдүжайгаштыруу, аны эксплуатациялоо жана тейлөө, ошондой эле көп квартира-луу үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин чарбалыкжана тиричилик муктаждыктары үчүн арналган жер участогу; көп квартиралуу үйдүн алды жагы - көп квартиралуу үйдүн турак жайквартираларындагы (подъезддердеги) кирүүчү жерлер жайгашкан, көп квар-тиралуу үйдүн бет жагы; көп квартиралуу үйдүн арткы жагы - көп квартиралуу үйдүн алды жа-гына карама-каршы тарабы; көп квартиралуу турак үйдүн каптал жагы - көп квартиралуу үйдүнкыска тарабы. 2-глава Чек ара өткөрүү. Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участоктун чек арасын аныктоо 3. Чек ара өткөрүү курулган аймактар жана курулууга тийиш аймактарүчүн Башкы планда жана дыкат пландаштыруу долбоорунда белгиленген "кы-зыл сызыктын" чектеринде жүргүзүлөт. 4. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектери ушул Жобого, бе-китилген шаар куруу документтерине, Кыргыз Республикасынын курулуш нор-маларына жана эрежелерине ылайык, түзүлгөн шаар курулуш кырдаалын жанакалктуу конушту келечекте өнүктүрүүнү эске алуу менен аныкталат.Үйлөрдүн жанындагы жер участогунун чектери көп квартиралуу бир үйгө,ошондой эле көп квартиралуу үйлөрдүн тобу үчүн аныкталат. 5. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерин көп квартиралууүйлөрдүн тобу үчүн аныктоодо жалпы үлүштүк менчик укугундагы ар бирүйгө бекитип берилүүчү үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерижана көп квартиралуу үйлөр тобунун менчик ээлеринин жалпы пайдаланууукугунда бекитип берилген жалпы жайгаштыруу жана жашылдандыруу элемент-тери менен бирдиктүү короо мейкиндиги болуп эсептелген жер участогунунчектери өзүнчө аныкталат. 6. Шаардык жана калктуу конуштардын курулган аймактарынын чекте-ринде көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун аянттарыукук белгилөөчү, укук ырастоочу документтерди - техникалык паспортту,жер пайдалануу актыларын, шаар куруу нормаларынын иш жүзүндө жер пайда-ланылышын, санитардык нормаларды жана эрежелерди жана курулуш долбоор-лорун эске алуу менен белгиленет. Үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун чектерин иштеп чыгуу процес-синдеги чек ара өткөрүүнүн жүрүшүндө шаар куруу регламентине ылайыкжањы курулуш куруу үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон аймактар аныкталса,анда бул аймактар жањы объекттерди куруу үчүн бөлүп берилет. 7. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерине көп квартиралуутурак үйлөрдү жайгаштыруу, эксплуатациялоону жана тейлөөнү камсыздоо,ошондой эле турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин чарбалыкжана тиричилик муктаждыктарын канааттандыруу үчүн зарыл болгон көпквартиралуу үйдүн фасадына жанаша турган аймак кирет. 8. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерине төмөнкүлөр кир-бейт: - көчө жээгиндеги тротуарлар, жергиликтүү маанидеги көчөлөр жанажолдор, өтмөлөр, аянттар, парктар, токой паркы, бульварлар, скверлер,көлмөлөр; - корголгон зоналардын чектериндеги транзиттик инженердик тармак-тар өткөн жер участоктору; - бирден ашык көп квартиралуу үйдү тейлөөчү инженердик курулуштарээлеген жер участоктору; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартиптежеке жана юридикалык жактарга туруктуу пайдалануу укугунда берилген жа-на жеке менчик укуктары пайда болгон жер участоктору; - адамга жана анын ден соолугуна зыян келтирген булактар болупэсептелген санитардык-коргоо зоналары катары аныкталган жер участокто-ру; - коркунучтуу жаратылыш процесстерине (сел, суу каптоо ж.б.) дуу-шар болгон жер участоктору; - көп квартиралуу үйлөрдүн арткы жана каптал жагына жанаша жеручастоктору. Үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун аянтынан транзиттик инженер-дик коммуникациялар ээлеген коридорлорду алып салуу мүмкүн эмес болгонучурда акыркылар үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун аймагына кошулуп,сервитут менен чектелет. 3-глава Үйлөрдүн жанындагы жер участокторду пайдалануу укуктарын тариздөө тартиби 6. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторду тариздөө көп квартиралуутурак үйдөгү квартиралардын жана (же) турак эмес жайлардын менчик ээле-ринин же алардын ыйгарым укуктуу жактарынын арыздарынын негизинде,ошондой эле арыз берүүчүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен көп квартира-луу үйдүн жанында жайгашкан жањы курулуш куруу учурунда чектеш участок-тордун куруучуларынын демилгеси боюнча жүргүзүлөт. Үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун чектерин иштеп чыгуу жана та-риздөө арыз берүүчүнүн жана демилгечинин өздүк каражаттарынын эсебиненжүргүзүлөт. Арызга төмөнкүлөр тиркелет: - көп квартиралуу турак үйдөгү квартиралардын жана (же) турак эмесжайлардын менчик ээлеринин жалпы жыйынынын протоколу; - үйдүн техпаспорту (инвентаризациялык иш). 10. Тиешелүү документтерди тариздөө үчүн зарыл документтери мененарыз шаар куруу жана архитектуранын аймактык органдарына берилет. 11. Чек ара өткөрүүдө, үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун чекте-рин аныктоонун жүрүшүндө шаар куруу жана архитектуранын аймактык орган-дары келип түшкөн арыздын негизинде районду, шаарды келечектеөнүктүрүүдө каралуучу жер участокту пайдаланууну жөнгө салуучу шаар ку-руу документтерин (башкы план, дыкат пландоо долбоору, курулуш куруудолбоору) изилдейт жана корутунду даярдайт. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторду пайдалануу башкы планга (дыкатпландоо долбоору, курулуш куруу долбоору) жана калктуу конушту келечек-те өнүктүрүүгө ылайык анын функциялык арналышына шайкеш келген учурдашаар куруу жана архитектуранын аймактык органы үйлөрдүн жанындагы жеручастоктордун чектерин курулуш нормаларына жана эрежелерине жана ушулЖобонун талаптарына ылайык аныктайт. Башкы планга (дыкат пландоо долбоору, курулуш куруу долбоору) жанакалктуу конушту келечекте өнүктүрүүгө ылайык, каралуучу көп квартиралууүйдүн ордунда жањы курулуш куруу болжолдонсо, анда турган курулушту ре-конструкциялоо же бузуу, жер участоктордун чектери кичирейтилгенөлчөмдөрдө, анын ичинде курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайыкимараттын фасадынан тышкары имараттын контуруна чейин аныкталышымүмкүн. Шаар куруу документтерин изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча калктуу ко-нушту келечекте өнүктүрүүнү эске алуу менен үйлөрдүн жанындагы жеручастоктордун чектери аныкталат, схема даярдалат. 12. Үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун чектеринин схемасы көпквартиралуу үй (үйлөрдүн тобу), курчап турган курулуш элементтери,үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун чектери түшүрүлгөн 1:500 масшта-бындагы оњдоо киргизилген топографиялык тасмага тартылышы керек жанасервитут менен чектелген аймак инженердик тармактарды эксплуатациялоочууюмдар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккөболгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык органдарыменен макулдашылышы зарыл. Схемага үйлөрдүн жанындагы жер участоктордунаянтынын эсеби тиркелет. Үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун чектеринин схемасында төмөнкүмаалыматтар көрсөтүлүшү керек: - курулуш куруу аянтын көрсөтүү менен үйлөрдүн жанындагы жер учас-токтордун аянты; - сервитут менен чектелген аймактын аянты; - жайлардын менчик ээлерине жана үчүнчү жактарга убактылуу пайда-ланууга берилген, эгер андайлар болсо, жер участокторунун чектери жанаөлчөмдөрү. 13. Архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык органдар даярдаганкорутундунун жана схеманын негизинде үйлөрдүн жанындагы жер участоктор-го укук берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын токтомудаярдалат. 14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын көп квартиралуу ту-рак үйдөгү турак жана (же) турак эмес жайларынын менчик ээлеринеүйлөрдүн жанындагы жер участокко укуктарды берүү жөнүндө чечими КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттообоюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык органдарынын жер участокко бол-гон укуктарды каттоо жана укук ырастоочу документтерди берүү үчүн негизболуп эсептелет. Жер участокко болгон жалпы үлүштүк жеке менчик укуктарда өткөрүпберүүсүз, өткөрүүсүз жана анын ипотекасысыз квартирага жана (же) туракэмес жайга жеке менчик укуктарды өткөрүп берүү, өткөрүү жана анын ипо-текасы, ошондой эле квартирага жана (же) турак эмес жайга жеке менчикукуктардан ушул үлүштү өзүнчө өткөрүп берүүгө, өткөрүүгө жана анын ипо-текасына жол берилбейт. 15. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үйлөрдүн жанындагыжер участокко укуктарды берүү жөнүндө чечими боюнча сот тартибинде дат-танууга болот. 16. Үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун мурда макулдашылган жанабекитилген чектеринин долбоорлору көп квартиралуу үйдөгү жайлардын мен-чик ээлеринин арызы боюнча же соттук тартипте жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары жана архитектура жана шаар курулуш органдары тарабы-нан кайра каралышы мүмкүн.