Редакцияот 10.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 10-марты № 163                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ      "Кыргыз Республикасында байланыш жана радиофикация линияларын     коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын      7-июлундагы № 405 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу      Кабелдик, радиорелейлик жана аба байланыш линияларынын жана радио-фикация линияларынын  бузулууларын оњдоону камсыз кылуу максатында Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:     1. "Кыргыз Республикасында байланыш жана  радиофикация  линияларынкоргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 7-июлунда-гы № 405 токтому менен бекитилген Байланыш жана радиофикация линияларынкоргоо эрежелерине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:     - 1-пункт "сакталышын камсыз кылуу" деген  сөздөрдөн  кийин  "жанабузулууларды оњдоо мүмкүнчүлүгүн" деген сөздөр менен толукталсын;     - 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:     "Байланыш жана  радиофикация  линиялары карамагына кирген участка-ларды пайдалануучунун укук ээсинин  жазуу  жүзүндөгү  макулдашуусу  жокболгон  учурда  ыйгарым  укуктуу орган объектти курууга уруксат берүүгөукуксуз.".     2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.     3. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынТранспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.      Премьер-министр                                       И.Чудинов