Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 10-марты № 160 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын 23-майында Минск шаарында кол коюлган, Гидрометеорология тармагында кадрларды даярдоо, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу "
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "
Кыр-гыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик ички жолжоболорду аткаруумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2008-жылдын 23-майында Минск шаарында кол коюлган, Гидрометео-рология тармагында кадрларды даярдоо, адистердин квалификациясын жого-рулатуу жана кайра даярдоо боюнча кызматташуу жөнүндө
макулдашуу беки-тилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул Ма-кулдашууну аткаруу боюнча жооптуу орган болуп аныкталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуу-нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыр-гыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз МамлекеттерШериктештигинин Аткаруу Комитетине билдирсин. Премьер-министр И.Чудинов