Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 11-февралы № 114 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "2009-жылы жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу "2009-жылы жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо бо-юнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын27-ноябрындагы № 417 Жарлыгына ылайык, 2009-жылы жазгы-талаа иштерин өзучурунда өткөрүү үчүн республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мате-риалдык-техникалык жана финансылык кредиттик ресурстар менен камсыздоо-го мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2009-жылдын 20-фев-ралына чейин: - "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана2010-2011-жылдарга божомолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын-да каралган каражаттардын чектеринде жазгы-талаа иштерин өткөрүү үчүн15,0 мињ куб.м. дизель отунун мамлекеттик материалдык резервге коюугаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жанаматериалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке каржылоо жүргүзсүн; - тиешелүү карыздык милдеттенмени тариздөө менен Кыргыз Республи-касында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансылыккомпанияга 75,0 млн. сомду күрөөсүз төмөнкүдөй шарттарда бөлүп берсин: жоюу мөөнөтү - бюджеттик ссуда боюнча карыздык милдеттенмеге колкоюлган учурдан тартып 10 жыл; бюджеттик ссуданы пайдаланганы үчүн проценттик ставка - жылдык 2процент; бюджеттик ссуданын багыты - ата мекендик өнөржай ишканаларынанайыл чарба техникасын жана жабдууларын кийин аларды республиканын айыл-дык товар өндүрүүчүлөрүнө ижарага берүү максатында сатып алуу; бюджеттик ссуданы жоюу графиги - 10 жылдын ичинде ар бир жылдын IVкварталында тењ үлүштөр менен; - тиешелүү карыздык милдеттенмени тариздөө менен "Айыл Банк" ачыкакционердик коомуна 150,0 млн. сомду күрөөсүз төмөнкүдөй шарттардабөлүп берсин: жоюу мөөнөтү - бюджеттик ссуда боюнча карыздык милдеттенмеге колкоюлган учурдан тартып 2 жыл; кредиттик линия боюнча төлөп берүү - айылдык товар өндүрүүчүлөрдүкаржылоо үчүн зарылдыгына жараша транш кредити; бюджеттик ссуданы пайдаланганы үчүн проценттик ставка - жылдык 3процент; бюджеттик ссуданын багыты - айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоокөрсөтүү; бюджеттик ссуданы жоюу графиги - кредиттик линиянын мөөнөтүнүн ая-гында. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик: - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттен бөлүпберүүчү каражаттарга 15,0 мињ куб.м. дизель отунун белгиленген тартиптесатып алсын; - мамлекеттик материалдык резервден 15,0 мињ куб.м. дизель отунунброндон чыгарсын жана аны сактоо менен байланышкан чыгымдарды эске алууменен коюу баасы боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргө сатсын; - дизель отунун сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалыкбюджетке которсун. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында-гы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жазгы-талаа иштеринжүргүзүүгө айылдык товар өндүрүүчүлөргө кийин сатуу үчүн ушул токтомдун2-пунктунда аталган дизель отунунун көлөмүн берүүчү Кыргыз Республика-сынын аймагына ташып кирүүдө жана кийин сатууда "Талаачылык иштеринжүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бажы алымдарынан, салыктарданжана жыйымдардан бошотулууга тийиш экендиги белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында-гы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду: - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын разнарядкалары боюнча айылдык товарөндүрүүчүлөрдү тиркемеге ылайык көлөмдө дизель отуну менен камсыз кыл-сын; - дизель отунун 2009-жылдын 20-февралынан тартып сатууну камсызда-сын. 5. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-тик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети дизельотунун Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө жана кийин айылдыктовар өндүрүүчүлөргө сатууда бажы алымдарынан, салыктардан жана жыйым-дардан бошотуу маселелеринде ушул токтомду жетекчиликке алышсын. 6. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын: - ушул токтомдун 1-пунктунун сегизинчи абзацында көрсөтүлгөн кара-жаттарды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн, химиялаштыруу каражаттарын(минералдык жер семирткичтер, үрөндү ууландыруу, өсүмдүктөрдү коргоокаражаттары), күйүүчү-майлоочу материалдарды, айыл чарба техникасы үчүнзапастык бөлүктөрдү сатып алуу, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн иш-тетүүдө агротехникалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча кызматкөрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө айылдык то-вар өндүрүүчүлөрдү жылдык 22 процент ставкасы менен кредиттөө үчүн ка-ражаттарды берүү; - мөөнөтүнөн мурда кайтарып берилген кредиттик ресурстарды ушулпунктта сунушталганга окшош шарттарда андан аркы мезгилдерде жана ушултоктомдун 1-пунктунун тогузунчу абзацында каралган мөөнөттүн аягына че-йин талаа иштерин жүргүзүүгө кайра инвестициялоо; - эсептелген проценттер менен жогоруда көрсөтүлгөн бюджеттик ссу-даны жоюу графигине ылайык кайтарууну камсыздоо; - айылдык товар өндүрүүчүлөргө компенсация төлөп берүү боюнча ре-зерв түзүүнү жана кредитти максаттуу пайдаланууда жана аны өз учурундакайтарууда кредит боюнча негизги карыздын иш жүзүндөгү калдыгына жылдык10 процент өлчөмүндө төлөнүшүн камсыздоо. 7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин биринчикезекте айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбала-рына ижарага берүүнү караган "Кыргыз Республикасынын Жер кодексинеөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому-нун долбоорун белгиленген тартипте киргизсин; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканыөнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте: мамлекеттик карыз каражаттар, анын ичинде чет өлкөлүк кредиттержана гранттар боюнча мөөнөтү өткөн карызы бар республиканын үрөнчүлүкжана асыл тукум чарбаларынын тизмесин аныктасын; мамлекеттик карыз каражаттар, анын ичинде чет өлкөлүк кредиттержана гранттар боюнча үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын мөөнөтүөткөн карызын кайтаруу (реструктуралаштыруу) шартын 5 жылдык мөөнөткөчейин өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов