Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 11-мартындагы 2022-жылдын №131 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-декабры № 656
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 «Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 258-1-беренесинин 2-бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178-беренесинин 11-пунктуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 «Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
8704239109 | башкалар |
8704229109 | башкалар |
жогоруда аталган Тизменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
*8704229109 - Жүк ташуучу автомобилдер (борттуу);
*8704239109 – Борттуу автомобилдер.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 10-январынан баштап колдонулат.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |