Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 3-марты № 146
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын
28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү
боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын
ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна
толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы №
58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги
салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор
киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- дискотекалардын жана түнкү клубдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн
милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары.";
- Бильярддын кызмат көрсөтүүлөрүнө милдеттүү патенттин негизиндеги
салыктын ставкаларында:
Эскертүүсүнүн экинчи абзацы "башка" деген сөздөн мурда ", тизмесин
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу курорттук зоналардан" деген
сөздөр менен толукталсын;
- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык дискотекалардын жана
түнкү клубдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн милдеттүү патенттин негизин-
деги салыктын ставкалары менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыялангам жүндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 3-мартындагы
№ 146 токтомуна
тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 28-январындагы
№ 58 токтому менен
бекитилген
Дискотекалардын жана түнкү клубдардын кызмат
көрсөтүүлөрү үчүн милдеттүү патенттин
негизиндеги салыктын
СТАВКАЛАРЫ
-----------------------------------------------------------------------
|Иштин түрү | Салыктык база|1 киргендеги | Удаалаш 30 |
| | | кызмат |күнгө салыктын|
| | | көрсөтүүнүн | ставкасы |
| | | баасы | (сом менен) |
|-----------------------|--------------|---------------|--------------|
|Дискотекалардын жана |1 дискотека, |101 сомго чейин| 25000 |
|түнкү клубдардын кызмат|түнкү клуб |---------------|--------------|
|көрсөтүүлөрү | |101ден | 35000 |
| | |201 сомго чейин| |
| | |---------------|--------------|
| | |201ден 301 | 50000 |
| | |сомго чейин | |
| | |---------------|--------------|
| | |301ден 501 | 60000 |
| | |сомго чейин | |
| | |---------------|--------------|
| | |501 сом жана | 70000 |
| | |андан жогору | |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев