Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-декабры № 657
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 387-1-статья менен толукталсын:
"387-1-статья. Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүүнүн, колдонуунун жана кайтаруунун эрежелерин бузуу
Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүүнүн, колдонуунун жана кайтаруунун эрежелерин бузуу -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 390-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырма" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 508-статьянын 1-бөлүгү "382" цифраларынан кийин ", 387-1" цифралары менен толукталсын.
4. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун экинчи абзацы "82-1" цифраларынан кийин ", 387-1" цифралары менен толукталсын.
2-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
42-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган тартипте берилет жана колдонулат. Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекетке кайтарылууга тийиш.
Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүүнүн, колдонуунун жана кайтаруунун эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|