Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №168 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 19-февралы № 132 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Нормативдик укуктук актыларды даярдоонун натыйжалуулугун жогорула-туу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуменен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинетөмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - 21-пункттун экинчи абзацындагы "маселенин мазмуну жана аны кароомөөнөтү жагынан өзгөртүү жөнүндө чечимди Премьер-министр" деген сөздөр"маселени пландан алып салуу Премьер-министрдин жеке өзү же" дегенсөздөр менен алмаштырылсын; - 38-пунктта: биринчи абзацта "үч күндөн кечиктирбей" деген сөздөр "үч иш күндөнкечиктирбей" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацта "5 күнгө чейинки мөөнөттө" деген сан жана сөздөр "5иш күнгө чейинки мөөнөттө" деген санга жана сөздөргө алмаштырылсын; - 42-пунктта: экинчи абзацта "эки жана үч күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "эки жа-на үч иш күндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Эгер тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, тапшырма он ишкүндүн ичинде аткарылууга тийиш. Макулдашуу боюнча аткаруу мөөнөтү бирайга чейин узартылышы мүмкүн."; - 47-пунктта: биринчи абзацы "коштоочу кат," деген сөздөрдөн кийин "макулдашуубарагы," деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толук-талсын: "Өкмөттүн кароосуна киргизилүүчү актылардын долбоорлорунун текс-ттери мамлекеттик органдын жетекчисинин аты-жөнүн жана күнүн көрсөтүүменен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш. Эгерде актынын долбоорунун текстинин көлөмү он машинкалык жазуубарагынан ашык болсо, документтин арт жагына штамптарды коюуга жол бе-рилет."; - төмөнкүдөй мазмундагы 47-1-пункт менен толукталсын: "47-1. Макулдашуу барактары, аларга кол коюлган күндөн үч айөткөндө берилсе, кароого жатпайт. Макулдашуу мезгилинде жетекчинин алмашуусу актынын долбоорлорункайра макулдашуу үчүн негиз болуп эсептелбейт."; - 48-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мыйзамдарда каралган учурларда Өкмөткө берилүүчү чечимдердин дол-боорлоруна иштеп чыгуучу тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү адистештирилгенэкспертизалардын жыйынтыктары (гендерлик, коррупцияга каршы, экология-лык, укук коргоочулук ж.б.у.с.) тиркелүүгө тийиш."; - 50-пунктта: бешинчи абзацы "(жетекчи)" деген сөздөн кийин ", аты-жөнүнүн би-ринчи тамгаларын жана күнүн көрсөтүү менен" деген сөздөр менен толук-талсын; төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "Мында Өкмөт мүчөлөрүнүн коюлган колдорунун жалпы саны көпчүлүгүнтүзүшү керек."; - 56-пунктта: төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Макулдашууга жиберилүүчү актылардын долбоорлорунун тексттери мам-лекеттик органдын жетекчисинин аты-жөнүн жана күнүн көрсөтүү менен па-рафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш."; төртүнчү абзацтагы "актыларынын бардык долбоорлору" деген сөздөр"нормативдик укуктук актылардын бардык долбоорлору" деген сөздөр мененалмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "Корутундунун жана макулдашуу барагынын көчүрмөлөрүн тиркөө мененактынын долбоорлорунун акыркы версиясын министрликтер жана ведомстволорЮстиция министрлигине бербеген учурда Юстиция министрлиги документтикарабастан кайра кайтарат."; - 60-пунктта: биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "60. Өкмөткө ушул Регламентте белгиленген тартипте кароого кирги-зилген Өкмөттүн чечими талап кылынуучу долбоорлорду даярдоо ӨкмөттүнАппараты тарабынан төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:"; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-алтынчы абзацтар менен толукталсын: "- буйруктун долбоору - 15 иш күнүнөн көп эмес; - токтомдун долбоору - 20 иш күнүнөн көп эмес; - мыйзамдын долбоору - 30 иш күнүнөн көп эмес; - башка актынын - 15 иш күнүнөн көп эмес. Аталган мөөнөттөрдү узартууга Премьер-министрдин, вице-премьер-ми-нистрлердин жана Аппарат жетекчисинин чечимдери боюнча гана жол бери-лет."; - 63-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менентолукталсын: "Өкмөттүн Аппараты тарабынан толукталып иштетилип чыккан жана анытолуктап иштеп чыгуу процессинде киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толук-тоолорду камтыган актылардын долбоорлору эки иш күнүнүн ичинде долбоор-ду иштеп чыккан министрликтин, ведомстволордун жетекчиси, ал эми анынжок учурунда статс-катчы же жетекчинин биринчи орун басары менен макул-дашылууга (визаланууга) тийиш. Макулдашуу актынын долбоорунун текстин парафирлөө (кол коюу) аркы-луу жумуш тартибинде ишке ашырылышы мүмкүн."; - 97-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "97. Өкмөттүн үстүнөн доо же башка талаптар сотко берилген учурдаӨкмөттүн же анын Аппаратынын жетекчилиги сотто Өкмөттүн кызыкчылыгынкөрсөтүү үчүн аткаруучу бийлик органына тапшырма жиберет. Премьер-министрдин буйругу же тапшырмасы менен пайда болгон та-лаш-тартышты чечүү үчүн сотко Өкмөттүн кайрылуу зарылдыгы болгон учурдатиешелүү доо же башка талаптарды берүү жана сотто Өкмөттүн кызыкчылыгынкөрсөтүү Өкмөттүн Аппаратына же тиешелүү аткаруучу бийлик органына(билдирилген талаптардын мүнөзүнө жараша) тапшырылат. Кыргыз Республикасынын (Кыргыз Республикасынын Конституциялык со-тунан тышкары) бардык сот инстанциялардагы сот заседаниелериндеӨкмөттүн кызыкчылыгын көрсөтүүгө ишеним катты берүү укугу Кыргыз Рес-публикасынын Жарандык процесстик кодексинде жана Кыргыз РеспубликасынынЖазык-процесстик кодексинде белгилеген өкүлдүн ыйгарым укуктарын анык-тоо менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министртарабынан, ал эми ал жок учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппа-рат жетекчисинин орун басары тарабынан ишке ашырылат. Сотто Өкмөттүн кызыкчылыгын көрсөтүү үчүн ишеним кат Өкмөттүн Ап-паратынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана аткаруубийлигинин башка органдарынын жана алардын ведомстволук органдарынын(борбордук аппаратта, аймактык жана башка органдарда) штатында турганадамга же тартылуучу адвокатка берилиши мүмкүн.". Премьер-министр И.Чудинов