Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-февралы N 120
Тез бузулуучу продукциялардын тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы N 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жар- лыгына ылайык, тез бузулуучу продукцияларды бажылык тариздөөдө экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Тез бузулуучу продукциялардын тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө тез бузулуучу продукцияларды Кыргыз Республикасына алып келүүдө уруксат берүүчү документтерди артыкчылыктуу тартипте берүүнүн тартибин жана шарттарын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 280-беренесине ылайык бир айлык мөөнөттө тез бузулуучу продукцияларды артыкчылыктуу бажылык тариздөө тартибинин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| И.Чудинов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы N 120 токтому менен бекитилген |
Тез бузулуучу продукциялардын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 токтомунун редакциясына ылайык)
Продукциялардын аталышы | ТЭИ ТН коду |
Эт жана эттен жасалган тамак-аш субпродуктулары | |
Жаңы союлган же тоңдурулган бодо малдын эти | 0201 |
Жаңы союлган же тоңдурулган чочконун эти | 0203 |
Жаңы союлган же тоңдурулган кой же эчки эти | 0204 |
Жаңы союлган же тоңдурулган жылкы, эшек, качыр эти | 0205 00 |
Жаңы союлган жана тоңдурулган бодо малдын, чочконун, койдун, эчкинин, жылкынын, эшектин жана качырдын этинен жасалган тамак-аш субпродуктулары | 0206 |
0105 - товардык позициясында көрсөтүлгөн (тооктор, өрдөктөр, каздар, үндүктөр жана цесаркалар) жаңы союлган же тоңдурулган үй канаттууларынын эти жана алардын этинен жасалган тамак-аш субпродуктулары | 0207 |
Жаңы союлган жана тоңдурулган (коендордун же бакма коендордун), киттердин, дельфиндердин жана деңиз чочкосунун (Cetacea түркүмүнө кирүүчү сүт эмүүчүлөрдүн); ламантиндердин жана дюгондордун (Sirenia түркүмүнө кирүүчү сүт эмүүчүлөрдүн) эти жана алардын этинен жасалган тамак-аш субпродуктулары | 0208 |
Балык жана суу чаяндары сымалдар, моллюскалар жана башка омурткасыз суу жаныбарлары | |
Тирүү балык (тузсуз суудагы, деңиздеги, кооздук үчүн ж.б.), ошондой эле малектор | 0301 |
Жаңы кармалган же тоңдурулган балык (0304 товардык позициядагы балык филесин жана башка балык эттерин кошпогондо), ошондой эле боору, икрасы жана молокиси | 0302 |
Жаңы жасалган, муздатылган же тоңдурулган балык филеси жана башка балык эти (фаршты кошкондо) | 0304 11 100 0 - 0304 19 980 0 0304 91 000 0 - 0304 99 970 0 |
Калканы бар же калканы жок суу чаян сымалдар, тирүү, жаңы кармалган, муздатылган, тоңдурулбаган | 0306 31 000 0 - 0306 39 900 0 |
Тирүү, жаңы кармалган же муздатылган кабыгы бар же кабыгы жок моллюскалар; рак сымалдардан жана моллюскалардан айырмаланган тирүү, жаңы же муздатылган омурткасыз суу жаныбарлары | |
Устрицалар | 0307 11 |
Гребешоктор | 0307 21 000 0 |
Мидиялар | 0307 31 |
Каракатицалар жана кальмарлар | 0307 42 |
Осьминогдор | 0307 51 000 0 |
Үлүлдөр, липаристи кошпогондо | 0307 60 900 0 0307 71 0000 0307 81000 0 - 0307 82 000 0 0307 91 000 0 |
Сүт продукциялары; канаттуулардын жумурткалары | |
Коюуландырылбаган, шекер жана башка таттуулантуучу зат кошулбаган сүт жана камкаймак | 0401 |
Коюуландырылган же шекер жана башка таттуулантуучу зат кошулган сүт жана камкаймак | 0402 |
Пахта, уютулган сүт жана камкаймак, йогурт, айран жана башка ферменттелген же ачытылган сүт жана коюуландырылган же коюуландырылбаган камкаймак, шекер жана башка таттуулантуучу зат кошулган же кошулбаган, даамдуу жана жыттуу кошулмалары бар же жок, жемиштер, жаңгактар же какао кошулган же кошулбаган | 0403 |
Коюуландырылган же коюуландырылбаган, шекер жана башка таттуулантуучу зат кошулган же кошулбаган сүттүн сары суусу; сүттүн накта компоненттеринен жасалган, шекер жана башка таттуулантуучу зат кошулган же кошулбаган башка жерлерде аталбаган же киргизилбеген продукциялар | 0404 |
Жаңы жасалган сырлар (толук быша элек же көпкө сакталбаган), сары суулуу-альбуминдик сырларды жана быштакты кошкондо | 0406 10 |
Жаңы консерваланган же бышырылган канаттуулардын жумурткалары (кабыгы менен) | 0407 00 |
Жашылчалар жана айрым желе турган тамыры жемиштер | |
Жаңы казылган же муздатылган картошка | 0701 |
Жаңы үзүлгөн жана муздатылган помидорлор | 0702 00 000 |
Жаңы казылган жана муздатылган пияз, шалот пиязы, сарымсак, порей-пиязы жана башка пияз түркүмүндөгү жашылчалар | 0703 |
Жаңы үзүлгөн жана муздатылган тоголок капуста, түстүү капуста, жалбырактуу капуста жана Brassica түркүмүндөгү башка жашылчалар | 0704 |
Жаңы үзүлгөн жана муздатылган латук-салаты жана цикорий | 0705 |
Жаңы казылган жана муздатылган сабиз, түрп, козлобородник ашкана кызылчасы, сельдерейдин тамыры, чамгыр жана башка тамыры жемиштер | 0706 |
Жаңы үзүлгөн жана муздатылган бадыраңдар жана корнишондор | 0707 00 |
Жаңы үзүлгөн жана муздатылган башка жашылчалар (спаржа, баклажандар, сельдерей, козу карындар жана трюфелдер, маслиналар же оливкалар, калемпир, шпинат, салат жашылчалары, кабачоктор, артишоктор, шекер жүгөрүсүнүн сотосу жана дандары, щавель ж.б.) | 0709 |
Жемиштер | |
Жаңы үзүлгөн банандар, плантайнды кошкондо | 0803 10 100 0 0803 90 100 0 |
Жаңы үзүлгөн курмалар, инжир, ананастар, авокадолор, гуайявалар, манго жана мангостан, же гарциния | |
Курмалар | 0804 10 000 0 |
Инжир | 0804 20 100 0 |
Ананастар | 0804 30 000 1 |
Авокадо | 0804 40 000 0 |
Гуайява, манго жана мангостан, же гарциния | 0804 50 000 1 |
Жаңы үзүлгөн цитрус жемиштери | |
Апельсиндер | 0805 10 200 0 |
Мандариндер (танжерин жана сатсуманы кошкондо); клементиндер, вилкингдер жана цитрустардын окшош гибриддери | 0805 21 000 0 - 0805 29 000 0 |
Грейпфруттар, помеллону кошкондо | 0805 40 000 0 |
Лимондор жана лаймдар | 0805 50 100 0 - 0805 50 900 0 |
Башка цитрус жемиштери | 0805 90 000 0 |
Жаңы үзүлгөн жүзүм | 0806 10 |
Жаңы үзүлгөн коондор (дарбызды кошкондо) жана папайя | 0807 |
Жаңы үзүлгөн алмалар, алмуруттар жана айва | 0808 |
Жаңы үзүлгөн абрикостор, алча жана гиластар, шабдаалылар (нектариндерди кошкондо), кара өрүктөр жана терн | 0809 |
Башка жаңы үзүлгөн жемиштер (кожогат жана кулпунай, дан куурай, бүлдүркөн, тыт, логанов жемиши, клюква, черника, брусника, киви, дуриан, карагат, барсылдак жана башкалар) | 0810 |
Өсүп турган бактар жана башка өсүмдүктөр, кыркылып алынган гүлдөр жана кооздук үчүн өсүмдүктөр | |
Өсүп турган өсүмдүктөр (алардын тамырларын кошкондо), калемчелери жана көчөттөрү; козу карындын мицелийи | 0602 |
Гүлдестелерди жасоо жана башка кооздоо максаттарында жаңы кыркылып алынган гүлдөр жана бутондор | 0603 11 000 0 - 0603 19 800 0 |
Гүлдестелерди жасоо жана башка кооздоо максаттарында гүлдөрү жана бутондору жок жаңы кесилген өсүмдүктөрдүн жалбырактары, бутактары жана башка бөлүктөрү, чөптөр, мохтор жана эңилчектер | 0604 20 |