Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Комиссияны түзүү тартиби
III. Комиссиянын функциялары
IV. Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
V. Отурумдарды өткөрүү тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү
боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) өз ишин Кыргыз Республикасынын
Жер кодексине, "Турак жай-курулуш кооперативдерин уюштуруунун жана
аларга жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоору туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2008-жылдын 17-апрелин-
деги № 326-IV токтомуна, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укук-
тук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
II. Комиссияны түзүү тартиби
2. Комиссиянын курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун атка-
руу-тескөө органынын чечими менен бекитилет.
3. Комиссиянын төрагасы кызматы боюнча жергиликтүү өз алдынча баш-
каруунун аткаруу-тескөө органынын башчысынын орун басары болуп эсепте-
лет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү органдарынын өкүлдөрү Комиссиянын төрагасынын орун басарлары болуп эсептелишет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет:
- жергиликтүү кењештин эки депутаты;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органынын ап-
паратынын үч кызматкери (архитектура, финансы жана юридика маселелерин
тейлөөчү кызматтардан бирден адам);
- турак жай-курулуш кооперативдин бир өкүлү.
III. Комиссиянын функциялары
6. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- турак жай-курулуш кооперативдерге жер участокторун берүү
мүмкүнчүлүгүн изилдөө жана мэрияга (айыл өкмөтүнө) сунуш киргизүү;
- турак жай-курулуш кооперативдердин мүчөлөрү берүүчү турак
жай-курулуш кооперативдердин документтерин изилдөө;
- сунуш кылынган иштелип чыккан эскиздик долбоорду изилдөө;
- турак жай-курулуш кооперативдин мүчөлөрүнүн санын эскиздик дол-
боордо каралган квартиралардын санына шайкеш келтирүү.
7. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- тиешелүү кызматтардан жана чарбакер субъекттерден отурумда кара-
луучу маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизалар-
дын актыларын жана башка материалдарды сурап алууга;
- эксперттерди жана көз карандысыз эксперттерди тиешелүү корутун-
дуларды даярдоо боюнча ишке тартууга;
- өз иши жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жа-
рыялоого.
IV. Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
8. Комиссия өз ишин отурум формасында жүргүзөт. Отурумдардын жы-
йынтыгы протоколдор менен таризделет, аларга Комиссиянын төрагасы, кат-
чысы жана отурумга катышкан бардык мүчөлөрү жети күндүн ичинде кол кою-
шат.
9. Комиссиянын отуруму арыздардын келип түшүүсүнө жараша Комиссия-
нын төрагасы аныктаган күнү өткөрүлөт.
10. Комиссиянын отурумун Комиссиянын төрагасы, ал жок болгон учур-
да - орун басарларынын бири өткөрөт.
11. Отурумга Комиссиянын жарымынан кем эмес мүчөлөрү катышкан
учурда Комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
12. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы курамынын
добуштарынын көпчүлүгү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. До-
буштар тењ болуп калган учурда төрагалык милдетин аткаруучунун добушу
чечүүчү болуп эсептелет.
13. Эгерде Комиссиянын мүчөсү арызы каралып жаткан юридикалык жак-
ка карата түздөн түз кызыкчылыгы бар болсо, анда ал добуш берүүгө ка-
тыштырылбайт.
14. Комиссиянын отурумунун протоколдору жана Комиссиянын ишине
байланыштуу башка материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-
гиленген тартипте сакталат.
V. Отурумдарды өткөрүү тартиби
15. Комиссиянын мүчөлөрү отурум өткөрүлөрдөн 3 күн мурда катчы та-
рабынан өткөрүлүүчү отурумдун материалдары менен тааныштырылат жана
камсыздалат.
16. Комиссиянын төрагасы отурумдун башталышында талкуулануучу ма-
селенин мүнөзүнө жана расмий түрдө келип түшкөн арыздардын жана экс-
перттердин корутундуларынын мазмунуна жараша иш тартибин аныктайт.
17. Комиссиянын чечими он күндүк мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органынын кароосуна жиберилет.