Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 138
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө ЖОБО Ушул Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторингижана индикаторлору жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) республиканын эге-мендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын, экономикалык жана социалдык ту-руктуулугун сактоонун маанилүү шарты катары республикадагы жана регион-дордогу азык-түлүк коопсуздугунун абалын башкаруу максатында иштелипчыккан. I. Жалпы жоболор 1. Республикадагы жана региондордогу азык-түлүк коопсуздугунунабалынын мониторингин жүзөгө ашыруу үчүн ушул Жобо менен мониторингдинсистемасы, көрсөткүчтөрдүн тизмелери, маалыматтарды жыйноонун, иштепчыгуунун жана талдоонун тартиби белгиленет. 2. Азык-түлүк коопсуздугунун абалынын мониторинги республиканынэкономикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык жана тактикалык планын ишке ашы-руу этаптарына, мамлекеттик отчеттуулукка ылайык келет, Кыргыз Респуб-ликасынын азык-түлүк коопсуздугунун абалын аныктоочу көрсөткүчтөрдүкамтыйт. Бул тизмеге төмөнкү көрсөткүчтөр кирет: - республиканын азык-түлүк коопсуздугунун дењгээли жөнүндө; - региондорго карата улуттук азык-түлүк коопсуздугунун дењгээлинбаалоо үчүн негизги тамак-аш азыктарынын өндүрүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте бе-китилген керектөөлөрдүн физиологиялык жана минималдык ченемдерине ыла-йык республиканын калкынын (анын ичинде региондорго карата)азык-түлүккө керектөөсүнүн дењгээли жөнүндө; - азык-түлүктүк ички рыноктун көлөмдөрү, негизги тамак-аш азыктарыбоюнча өздүк өндүрүштүн жана республикадагы импорттун дењгээли жөнүндө; - өндүрүлгөн продукцияны улуттук валютанын бирдигинде эсептөө ме-нен айыл чарбалык өндүрүүчүлөрдү колдоонун дењгээли жөнүндө; - азык-түлүк рынокторун өнүктүрүү жана алардын калкты азык-түлүкменен камсыздоого тийгизген таасири жөнүндө; - калктын тамак-аш азыктарын сатып алууга чыгымдары жөнүндө. II. Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун баалоо 3. Азык-түлүк коопсуздугу - Кыргыз Республикасынын экономикасынынабалы, мында республиканын азык-түлүк жаатындагы көз карандысыздыгыкамсыз кылынат жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн белгиленген минимал-дуу ченемдерине ылайык калк үчүн азык-түлүктүн физикалык жана экономи-калык жактан жеткиликтүүлүгүнө кепилдик берилет. Азык-түлүк кризиси - Кыргыз Республикасынын бардык же көпчүлүк ай-мактарында тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемдерине ылайыккалкты негизги тамак-аш азыктары менен камсыздоо коркунучта болгон абалжана бул коркунуч мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуу менен ганажоюлушу мүмкүн. 4. Азык-түлүк коопсуздугу төмөнкү абалдар менен мүнөздөлөт: өнөкөт азык-түлүк көз карандылыгы - акча бар туруп, азык-түлүктүнтартыш болушу же акчанын тартыштыгында азык-түлүктүн бар болушу, мындаазык-түлүктү зарыл болгон санда сатып алуу же өндүрүү мүмкүн болбогон-дугунун айынан тамак-аш азыктарын керектөө жыл бою туруктуу жетишсизбойдон калат; убактылуу азык-түлүк көз карандылыгы (кооптуу абал) - тамак-ашазыктарына болгон баанын өсүүсү, түшүмсүздүктүн же кирешенин дењгээли-нин төмөндөшүнүн себебинен азык-түлүктүн жетиштүүлүгүнүн туруктуулугу-нун мезгил-мезгили менен бузулуусу; потенциалдуу азык-түлүк көз карандылыгы - айыл чарба жанаазык-түлүк рынокторунун коньюнктураларынын начарлоосуна алып келүүчүтышкы кризистерге жана толкундоолорго мамлекеттин алсыздыгы, дүйнөлүкатаандаштардын соода согуштары жана ушул сыяктуулар. 5. Азык-түлүк көз карандылыгы агроөнөр-жай өндүрүшүнүн натыйжалуу-лугунун төмөн болуусунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн. Ошону мененбирге, азык-түлүктөгү кооптуу абал эгер ал өздүк максаттуу (монокульту-ра) болсо, продукциянын тартыштыгынан эле эмес, ал тургай экспорттоо-дон, ошондой эле улуттук валютанын туруксуз курсунда тышкы карыздытөлөө боюнча милдеттенмелердин көбөйүп кеткенинен келип чыгат. 6. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү төмөнкүлөр аркылуу чечилет: - азык-түлүк менен жабдууну жакшы тамактануу үчүн жетиштүү дењгэ-элде кармап туруу; - импортко болгон көз карандылыкты жоюу жана продукцияныөндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо. 7. Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугунун даражасы үч дењгээл боюн-ча бааланат: - оптималдуу (жетишерлик) - 15-20 пайыз - экспорт, 15-20 пайыз -импорт, 80-85 пайыздын чегинде өздүк өндүрүштүн эсебинен ички азык-тү-лүк рыногун камсыздоо үчүн жетиштүү болгон ресурстардын балансы. - жетишерлик эмес - азык-түлүктүн 60 пайыздан ашыгы, бирок 80 па-йыздан азыраагы өздүк өндүрүштүн эсебинен камсыз кылынуучу өндүрүшдењгээли. - кооптуу - андан ары импортко көз карандылык пайда болуучуөндүрүштүн дењгээли, мында ички азык-түлүк рыногунун балансы өздүкөндүрүштүн эсебинен 60 пайыздын чегинде камсыз кылынууга тийиш. 8. Тамактануунун физиологиялык ченемдери - саламаттык сактоочөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан илимий негиз-делип жана бекитилип, ден соолугу чыњ адамдардын зарыл болгон заттардыжана кубаттуулукту керектөөсүн толук канааттандырган тамак-аш заттарынжана кубаттуулукту керектөөнүн ченемдери. 9. Тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемдери - тамакта-нуудагы керектөөнү камсыздоо үчүн зарыл болгон сандагы жана Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген тамак-ашазыктарын керектөө ченемдери. 10. Азык-түлүк коопсуздугунун дењгээлин баалоо үчүн негизги азык-тар болуп төмөнкүлөр аныкталган: - нан жана нан азыктары; - картөшкө; - мөмө жана жер-жемиштер; - жашылча жана бакча өсүмдүктөрү; - кант; - өсүмдүк майы; - сүт жана сүт азыктары; - эт жана эт азыктары; - жумуртка. III. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун дењгээлин баалоо критерийлери 11. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун дењгээлин ба-алоо критерийлери болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) тамак-аш рационундагы компоненттерди жана кубаттуулукту физио-логиялык керектөөлөрүн канааттандыруу даражасы төмөнкүлөр менен аныкта-лат: - тандалган ар бир азыкты өндүрүү жана керектөө боюнча туура ста-тистикалык маалыматтары бар калктын тамактануу түзүмүн чагылдыруучуазыктардын тизмеси менен; - бир жанга азыктын ар бир түрү боюнча эсептегенде республиканыазык-түлүк менен камсыздоо дењгээлин баалоо менен; 2) ата мекендик өндүрүштүн тамак-аш азыктары жана импорттолуп кел-ген тамак-аш азыктарынын коопсуздуктун көрсөткүчтөрүнө ылайык келишитөмөнкүлөр менен аныкталат: - продукциянын сапаттык көрсөткүчтөрүн баалоо менен; - импорттук продукциялардын сапаттык көрсөткүчтөрүн Кыргыз Респуб-ликасынын стандарттарынын талаптарына ылайык келүүсүн талдоо менен; 3) азык-түлүк ресурстарынын жана рационалдуу тамактануусу үчүн ка-ражаттардын калктын ар кандай категориялары үчүн физикалык жана эконо-микалык жеткиликтүүлүгү төмөнкүлөрдү билдирет. Тамак-аш азыктарынын физикалык жеткиликтүүлүгү - калктын ке-ректөөсүн канааттандыруу үчүн тамак-аш азыктарынын жетиштүү көлөмдө ке-ректөөчү жерлерге үзгүлтүксүз берилип туруусу. Тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгү - иш жүзүндөгүкеректөөнүн түзүмүндө, баалардын системасында, кирешелердин, социалдыкжөлөк пулдардын дењгээлинде тамак-аш азыктарын керектөө ченемдеринеылайык тамак-аш азыктарын калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү. Калктын айрым топторунун кирешелеринин жиктелип бөлүнүшүнүн те-рењдегендигинин айынан экономикалык жеткиликтүүлүктү бир катар жетки-ликтүүлүктүн жеке коэффициенттери менен толуктоо зарыл, алар калктын аркандай кирешеси бар топтору боюнча эсептелет. Тамак-ашка кеткен чыгымдарынын үлүштөрү боюнча калк төмөндөгү топ-торго бөлүнөт: I топ - кирешеси 70 пайызга чейин; II топ - кирешеси 60 пайызга чейин; III топ - кирешеси 50 пайызга чейин; IV топ - кирешеси 35 пайызга чейин. 4) республиканы азык-түлүк менен жабдуунун жана агроөнөр-жай комп-лексин ресурстук камсыздоонун импорттук жеткирүүлөргө болгон көз каран-дылыгынын даражасы. Жашоо үчүн маанилүү тамак-аш азыктарын импорттук жеткирүүчүлөргөболгон өлкөнүн көз карандысыздыгынын параметрлери болуп керектөөдөгүтөмөнкү үлүштүк көрсөткүчү эсептелет. Азык-түлүк көйгөйлөрү 1996-жылдын17-ноябрында жогорку дењгээлдеги бүткүл дүйнөлүк жолугушууда кабылалынган Рим декларациясына ылайык алынган азык-түлүк коопсуздугун кам-сыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттемелерине ылайык азык-түлүккоопсуздугунун сунуш кылынган дењгээли жалпы керектөөдө импорттолгонпродукция көлөмү 16 пайыздан ашпаган көлөмдү түзөт. Азык-түлүк импортуна карата азык-түлүк коопсуздугунун кооптуу чеги40-50 пайыз болуп эсептелет; 5) ченемдик керектөөлөргө ылайык стратегиялык жана ыкчамазык-түлүк запастарынын көлөмү. Мамлекеттин стратегиялык резервдеринин жетиштүүлүгү мамлекеттикматериалдык резервдик запастарынын дењгээлинин калкты негизги тамак-ашазыктары менен 90 күндөн кем эмес камсыздоо мүмкүнчүлүгү менен аныкта-лат. "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык тамак-аш азыктарынын са-патын, калориялуулугун жана коопсуздугун продукциянын сапаты боюнчаКыргыз мамлекеттик стандарттын ченемдик талаптарына ылайык камсыздооменен негизги тамак-аш азыктарын сатып алууда мамлекеттик бюджеттинкаржылоо мүмкүнчүлүгү. IV. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун баалоо көрсөткүчтөрү 12. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун баалоо үчүн экитиптеги көрсөткүчтөр эсептелет: - стратегиялык алдын алуу максаты үчүн пайдаланылуучу көрсөткүчтөр- калыптанып жаткан коркунучтарды жана алардын келечекте ишке ашуусунунпотенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо; - тактикалык алдын-алуу үчүн пайдаланылуучу көрсөткүчтөр - пайдаболгон коркунучтардын кесепеттерин өлчөө. 13. Стратегиялык мониторинг азык-түлүк коопсуздугунун абалын баа-лоочу артыкчылыктуу метод болуп эсептелет, анткени анын көрсөткүчтөрүкоркунучту толук калыптана элегинде аныктоого, саясаттын варианттарынынспектрин кењейтүүгө жана анын куралдарын тандоого мүмкүнчүлүк берет,себеби коркунучту алдын алуу жолу менен эртерээк жоюу, коркунучтун ке-сепеттерин жоюуга караганда натыйжалуу. Көрсөткүчтөрдү тандоо алдыгакоюлган максаттарга жана зарыл болгон статистикалык маалыматты алуунунмүмкүнчүлүгүнө жараша ар бир конкреттүү учурда ишке ашат. 14. Улуттук дењгээлдеги азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо дан,кант, өсүмдүк майы, сүт жана эт азыктары сыяктуу азыктар менен камсыз-доо артыкчылыктуу болуп эсептелет. Жогоруда көрсөтүлгөн ар бир азык бо-юнча керектөөнү канааттандыруу дайыма мамлекеттик органдардын контро-лунда туруп, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш. Картөшкө, жашылчалар, мөмөлөр, жемиштер, жумурткалар көпчүлүкучурда өз алдынча камсыздоонун региондук дењгээлиндеги азыктарга кирет.Ошону менен бирге булардын ар бирине тигил же бул региондо артыкчылык-туу маани берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун баалоонун көрсөткүчтөрү 1-таблица -----------------------------------------------------------------------| Көрсөткүч | Нормативдин болушу ||---------------------------------------------------------------------|| 1. Стратегиялык мониторингдин көрсөткүчтөрү ("айгай" индикатору) ||---------------------------------------------------------------------||Импорттолуучу товарлардын өсүү |Ата-мекендик өндүрүштүн өсүү ||темптери жана көлөмдөрү |темпинен жогору || | ||Улуттук рыноктогу импорттук |16-20%дан жогору ||товарлардын үлүшү | || | ||Ата мекендик товарларды сатуу |Жок ||көлөмдөрүнүн динамикасы | || | ||Өздүк өндүрүш көлөмдөрүнүн |Жок ||динамикасы | ||---------------------------------------------------------------------|| 2. Тактикалык мониторингдин көрсөткүчтөрү ||---------------------------------------------------------------------||Сандык көрсөткүчтөр: | ||Республиканы өздүк өндүрүштөгү |Өлкөгө керектелүүчү жалпы көлөмдүн||азык-түлүк менен, анын ичинде |75-80 пайызынан төмөн болбошу ||жашоо үчүн маанилүү тамак-аш |керек ||азыктары менен өзүн-өзү камсыздоо | ||дењгээли | || | ||Азык-түлүктүн, анын ичинде жашоо |Өлкөгө керектелүүчү жалпы көлөмдүн||үчүн маанилүү тамак-аш азыктарын |20-25 пайызынан жогору болбошу ||импорттук жеткирүүдөн көз |керек ||карандылыктын дењгээли | ||----------------------------------|----------------------------------||Сапаттык көрсөткүчтөр: | ||Негизги тамак-аш азыктарын |Керектөөнүн минималдуу ченемдери ||керектөө дењгээли жана динамикасы | ||----------------------------------|----------------------------------||Калктын айрым топторунун жалпы | ||чыгымдарындагы азык-түлүккө болгон| ||чыгымдардын үлүшү | ||----------------------------------|----------------------------------||Азыктардын аймактык | ||жеткиликтүүлүгү (түрдүү | ||региондордо бирдей товарларга | ||болгон чекене баалардын дењгээлин | ||салыштыруу жолу менен өлчөнгөн) | |----------------------------------------------------------------------- 15. Эњ маалыматтуу көрсөткүчтөр болуп, азык-түлүк коопсуздугунунсапаттык жана сандык тарабын мүнөздөгөн көрсөткүчтөр берилет: - ар бир жанга азык-түлүк керектөөсүнүн иш жүзүндөгү дењгээли; - импорттук азык-түлүктү жеткирүүгө болгон көз карандылыктындењгээли; - республиканын азык-түлүк менен, анын ичинде негизги тамак-ашазыктары менен өзүн-өзү камсыздоонун дењгээли. V. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун дењгээли 16. Республикада азык-түлүк менен камсыздоону чечүү үчүн төмөнкүклассификация боюнча кыйла жогорку дењгээлдерге жетишүүгө багытталгансапаттык параметрлерди көтөрүү каралат: биринчи дењгээл - бир суткага орточо алганда бир жанга 1800-2300килокалориялык керектөө, мунун өзү өнөкөт ачкачылыкты жењүү жана калк-тын көбөйүүсүн калыбына келтирүүнүн шарттарын түзүү үчүн жетиштүү болупэсептелет; экинчи дењгээл - бир суткага орточо алганда бир жанга 2300-2800килокалориялык керектөө эпизоддук ачкачылык да болбой турган жана элдинтуруктуу өсүүсүн камсыздаган азык-түлүк ресурстарынын көлөмдөрүнө же-тишүүнү мүнөздөйт; үчүнчү дењгээл - бир суткага орточо алганда бир жанга 2800-3600килокалориялык керектөө. Бул азык-түлүк ресурстары тењдештирилбесе дагытамак-аш рационунун элементтери боюнча туруктуу керектөөнү канааттанды-рууга жетиштүү экендигин билдирет; төртүнчү дењгээл - белок, витаминдер жана башка маанилүү компо-ненттер боюнча милдеттүү түрдө тењдештирүүдө энергетикалык баалуулугубоюнча тамак-аш азык-түлүктөрүн жетиштүү керектөө; бешинчи дењгээл - тењдештирилген, экологиялык жактан таза азыктар-ды гана эмес, калктын саламаттыгын жакшыртууга өбөлгө түзүүчү азыктардыбир жанга орточо алынгандагы керектөө; алтынчы дењгээл - тењдештирилген, экологиялык жактан таза, калктынсаламаттыгын жакшыртууга өбөлгө түзүүчү азыктардын бир жанга орточо ал-гандагы керектөөсүн гана эмес, анын бардык социалдык топтор тарабынанкеректелгендигин билдирет; азык-түлүк менен камсыздоонун жетинчи дењгээли адамдын табиятынөркүндөтүүгө, анын активдүү жашоосун узартууга мүмкүндүк бере тургантамактануунун түзүмүн мүнөздөйт. 17. Азык-түлүк коопсуздугу региондук (жергиликтүү) дењгээлдетөмөнкү көрсөткүчтөр боюнча бааланат: - региондорго карата жалпысынан бардык калк үчүн бир жылдык мез-гилде негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн дењгээли; - региондордогу калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн абалы; - тиешелүү региондогу айыл чарба продукциясынын, чийки заттын жанаазыктарынын өндүрүшү жана анын динамикасы; - ата-мекендик жана импорттук продукцияга азык-түлүк рыногундагыбаалардын динамикасы; - азык-түлүк рыногунун инфраструктурасынын абалы жана ар кандайканалдар (кайра иштетүүчү уюмдар, менчик соода тармактары жана башкаканалдар) боюнча продукцияны сатуу өлчөмдөрү; - айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнчаалакалашкан бирикмелердин болушу жана иш аракети; - айыл чарба азык-түлүктөрүнүн сапаты жана аны контролдоочу уюм-дардын ишмердүүлүгү. Региондун азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоосунун жана анын про-дукциясын сыртка чыгаруусунун мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо үчүн ар бир жан-га эсептелген продукцияны өндүрүүнүн коэффициенти республика боюнчаошол эле көрсөткүчкө карата эсептелет. Ар бир жанга эсептелген продук-циянын коэффициенти бирдиктен ашып кеткен аймак анын экспортеру болушумүмкүн. Бирдиктен төмөн коэффициент болгон учурда бул продукцияны алыпкелүү зарыл. Сыртка чыгаруу мүмкүнчүлүгү продукциянын аталган түрүн региондокеректөө дењгээли боюнча көрсөткүч менен аныкталат. 18. Региондогу калктын бардык топторунун сатып алуумүмкүнчүлүгүнүн абалын алардын киреше булактары боюнча көзөмөлдөө за-рыл. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин классифика-циясына ылайык аларга төмөнкүлөр кирет: - ар бир жанга орточо айлык киреше; - белгиленген орточо айлык пенсия; - чегерилген орточо айлык эмгек акы. Рынок шарттарында калк топторунун кирешелеринин жиктелипбөлүнүшүнүн өсүп баратканына байланыштуу (өтө көп жана өтө аз камсызболгон топтордун үй-бүлө мүчөсүнө эсептелген кирешелердин катышы) реги-ондордо азык-түлүк менен камсыздоо мезгил-мезгили менен мониторингдижүзөгө ашырууну талап кылат. VI. Республикалык жана аймактык (жергиликтүү) дењгээлдеги маалыматты жыйноо, азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлорунун мониторинги үчүн жооптуу органдар 2-таблица-----------------------------------------------------------------------| Берилүүчү маалыматтар | Маалымат |Жооптуу министрликтер|| | берүүнүн | жана ведомстволор || |мезгилдери| ||------------------------------------|----------|---------------------||1. Кыргыз Республикасындагы (анын |Квартал |Айылсуучарбамин, ||ичинде региондор боюнча) азык-түлүк |сайын |облустук мамлекеттик ||өндүрүшүнүн зарыл болгон жана иш | |администрациялар жана||жүзүндөгү дењгээлдеринин балансы | |Бишкек, Ош || | |шаарларынын мэриялары||------------------------------------|----------|---------------------||2. Өндүрүлгөн продукцияны улуттук |Жарым |Айылсуучарбамин ||валютанын бирдигине эсептегенде |жылдык | ||айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоонун | | ||дењгээлин эске алуу менен, Кыргыз | | ||Республикасындагы агро өнөр-жай | | ||комплексинин (айыл чарба | | ||тармактарына карата) өнүгүү абалы | | ||------------------------------------|----------|---------------------||3. Региондорго карата |Жарым |Айылсуучарбамин, ||экспорттук-импорттук операцияларды |жылдык |Мамбажыком, ||эске алуу менен азык-түлүк | |Улутстатком ||коопсуздугунун дењгээлин баалоо үчүн| |(макулдашуу боюнча), ||негизги азыктар боюнча ички | |облустук мамлекеттик ||азык-түлүк рыногунун көлөмдөрүнүн | |администрациялар жана||көрсөткүчтөрү | |Бишкек, Ош || | |шаарларынын мэриялары||------------------------------------|----------|---------------------||4. Өздүк өндүрүштүн эсебинен негизги|Квартал |Айылсуучарбамин, ||тамак-аш азыктары менен камсыз |сайын |Экономсоодамин ||болуусу жана ички рыноктун керектөө | | ||көлөмүндөгү негизги азыктардын | | ||импортунун үлүшү | | ||------------------------------------|----------|---------------------||5. Азыктардын экономикалык |Жылдык |Экономсоодамин, ||жеткиликтүүлүгү | |Эмгексоцмин, || | |Улутстатком || | |(макулдашуу боюнча) ||------------------------------------|----------|---------------------||6. Региондорго карата негизги |Квартал |Улутстатком ||тамак-аш азыктарынын республика |сайын |(макулдашуу боюнча), ||боюнча иш жүзүндөгү керектелүүсү бир| |Айылсуучарбамин ||жанга, кг/жыл. | | ||Тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрү| | ||боюнча азык-түлүк көз карандысыздыгы| | ||------------------------------------|----------|---------------------||7. Кыргыз Республикасындагы |Жылдык |Улутстатком ||азык-түлүк коопсуздугунун | |(макулдашуу боюнча), ||дењгээлдеринин (улуттук, региондук, | |Айылсуучарбамин, ||(жергиликтүү), калктын социалдык | |Эмгексоцмин, ||топторунун жана үй чарбалардын) | |Финмин, ||эсеби: | |облустук мамлекеттик ||- тамак-аш азыктарына болгон | |администрациялар жана|| физиологиялык керектөөнүн | |Бишкек, Ош || даражасы; | |шаарларынын мэриялары||- тамак-аш азыктарынын коопсуздук | | || көрсөткүчтөрүнө ылайык келиши; | | ||- азык-түлүктүн физикалык жана | | || экономикалык жеткиликтүүлүгү; | | ||- азык-түлүк рыногунун импорттук | | || жеткирүүлөрдөн көз карандылыгы; | | ||- керектөөнүн ченемдерине ылайык | | || азык-түлүк запастарын түзүү үчүн | | || бюджеттин камсыздалуу даражасы | | ||------------------------------------|----------|---------------------||8. Мамлекеттин азык-түлүк |Квартал |Айылсуучарбамин ||коопсуздугунун даражасын аныктоо |сайын | ||(оптималдуу, жетишерлик эмес, | | ||кооптуу) | | ||------------------------------------|----------|---------------------||9. Калктын айрым топторунун |Жарым |Улутстатком ||жалпы чыгымдарындагы азык-түлүккө |жылдык |(макулдашуу боюнча), ||болгон чыгымдарынын үлүшү | |Эмгексоцмин ||------------------------------------|----------|---------------------||10. Азык-түлүктүн түрлөрү боюнча |Ай сайын |Экономсоодамин ||орточо экспорттук баалар | | ||------------------------------------|----------|---------------------||11. Тамактануу түзүмүнүн жогорку |Жылдык |Саламаттык сактоо ||дењгээлдерине жетүү максатында | |министрлиги, ||керектелүүчү продукциянын сапаттык | |Айылсуучарбамин ||параметрлеринин өзгөрүү | | ||динамикасынын мониторинги: | | ||- биринчи дењгээл - 1800-2300 ккал.;| | ||- экинчи дењгээл - 2300-2800 ккал.; | | ||- үчүнчү дењгээл - 2800-3600 ккал. | | |----------------------------------------------------------------------- VII. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалыматтарды жыйноого жооптуу органдар 19. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттерижана администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик админист-рациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Респуб-ликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигине өзкомпетенцияларына ылайык азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлорунун мо-ниторингинин жана талдоосунун жыйынтыктары боюнча маалымат даярдап, от-четтук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин беришет. 20. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүөнөр-жай министрлиги берилген маалыматтардын негизинде азык-түлүк кооп-суздугунун абалына жалпы талдоо жүргүзөт жана отчеттук мезгилден кийин-ки айдын 10на чейин азык-түлүк коопсуздугу боюнча жалпыланган маалымат-ты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасыныназык-түлүк коопсуздугу боюнча кењешине берет. VIII. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун негизги индикаторлорун аныктоо методикасы 21. Бул методика (система) Кыргыз Республикасынын азык-түлүк кооп-суздугунун негизги индикаторлорун аныктоо максатында иштелип чыкты. 22. Кыргыз Республикасынын (региондордун) азык-түлүк коопсуздугу-нун абалын мүнөздөгөн индикаторлор тамак-аш азыктарынын төмөндөгү не-гизги топтору боюнча эсептелет: нан жана нан азыктары, картөшкө, мөмөжана жемиштер, жашылчалар жана бакча өсүмдүктөрү, кант, өсүмдүк майы,сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары, жумуртка. 23. Азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору болуп төмөнкүлөр эсеп-телет: 1) адамдын рационунун суткалык кубаттуулугу, ал бир сутканын ичин-де адам керектей турган азыктын айрым түрлөрүнүн массасынын бирдигининжана алардын энергетикалык баалуулугунун көбөйтүндүсү катары аныкталат,ал төмөнкү формула боюнча эсептелет: Р = Е МiЦi, мында: Р - адамдын суткалык рационунун энергетикалык баалуулугу; i - тамак-аш азык-түлүгүнүн түрү; Mi - бир адам керектеген 1-азыктын массасы; Цi - i-азыктын массасынын бирдигинин энергетикалык баалуулугу. Акыркы чектеги (босого) критерий суткасына 2500 ккал. түзөт, мындасуткалык рациондун 55 пайызы малдын майынан жасалган азыктарды ке-ректөөнүн эсебинен камсыз болууга тийиш. Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигитарабынан ар бир жылдык негизде эсептелет жана Кыргыз РеспубликасынынАйыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигине берилет; 2) азыктын негизги түрлөрү менен адамдын рационун камсыздоо, алайрым бир азыкты накта керектөө менен анын минималдуу ченеминин катышыкатары аныкталат: Сф С = ----, Ср мында: С - айрым бир азыкты керектөөнүн жетиштүүлүгүнүн индикатору; Сф - бир жылга бир адамдын айрым азыкты иш жүзүндө керектөөсү; Ср - бир жылга бир адамдын айрым азыкты керектөөсүнүн минималдуученеми. Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-демографиялык топторуүчүн тамак-аш азыктарын керектөөсүнүн минималдуу ченеми Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилет. Бул индикатор Кыргыз Республикасын Улуттук статистикалык комитетитарабынан ар бир жылдык негизде эсептелет жана Кыргыз РеспубликасынынАйыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигине берилет; 3) мамлекеттик азык-түлүк резервиндеги эгиндин запастарынын же-тиштүүлүгү, ал мамлекеттик азык-түлүк резервиндеги азык-түлүк эгиндинкөлөмдөрү менен керектөөнүн минималдуу ченемдерине ылайык данга эсеп-телген калктын нанды жана нан азыктарын ички керектөөсүнүн көлөмдөрүнүнкатышы катары аныкталат: Н З = --- х 100%, Х мында: З - дан азык-түлүгүнүн ресурстары менен камсыздоо индикатору; Н - мамлекеттик материалдык резервдеги азык-түлүк дандын болушу; X - Кыргыз Республикасындагы минималдуу керектөө ченемдерине ыла-йык данга эсептеген нандын жана нан азыктарынын орточо жылдык ички ке-ректөөсү. Белгиленген көрсөткүчтүн акыркы чектеги (босого) критерийи болупанын калктын социалдык жактан аялуу катмарынын 90 күндүк керектөөсүнкамтыган 25 пайыздык дењгээл эсептелет. Бул индикатор Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттиксатып алуулар жана материалдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигитарабынан ар бир кварталдык негизде эсептелет жана Кыргыз Республикасы-нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигине берилет; 4) азыктардын экономикалык жеткиликтүүлүгү, ал үй чарбаларынын жы-йынды чыгымдарынын жалпы жыйынтыгында тамак-ашка кеткен биргелешкен чы-гымдардын үлүшү катары аныкталат: Вп Дэ = ----, Вс мында: Дэ - азыктардын экономикалык жеткиликтүүлүгүнүн индикатору; Вп - калктын бир жылга тамак-ашка кете турган чыгымдары; Вс - калктын бир жылга жыйынды чыгымдары. Белгиленген көрсөткүчтүн акыркы чектеги (босого) критерийи болупанын 63,96 пайыздык дењгээли эсептелет. Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соо-да министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүк-түрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык ко-митети тарабынан биргелешип ар жылдык негизде эсептелет жана КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрли-гине берилет; 5) социалдык топтор боюнча тамак-ашка чыгымдардын дифференциясы,ал динамикада көзөмөлдөнөт жана көп кирешелүү үй чарбаларынын 20 пайы-зынын тамак-ашынын наркы менен аз кирешелүү үй чарбаларынын 20 пайызы-нын тамак-ашынын наркынын катышы катары эсептелет: Dmax D = ------, Dmin мында: D - тамак-ашка болгон дифференциациянын индикатору; Dmax - көп кирешелүү үй чарбаларынын 20 пайызынын керектелгеназыктарынын наркынын көрсөткүчү; Dmin - аз кирешелүү үй чарбаларынын 20 пайызынын керектелген азык-тарынын наркынын көрсөткүчү. Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктү-рүү министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалыккомитети менен биргеликте ар жылдык негизде эсептелет жана Кыргыз Рес-публикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигинеберилет; 6) айрым азыктардын ички рыногунун сыйымдуулугу, ал динамикадакөзөмөлдөнөт жана белгилүү бир азыкты керектөө менен калктын орточожылдык санынын көбөйтүндүсү катары натуралдык көрсөткүчтө аныкталат: Еi = ФiЧ, мында: Е - i-азыктын ички рыногунун сыйымдуулугу; Фi - i-азыктын бир жанга орточо жылдык керектөөсү (Кыргыз Респуб-ликасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча); Ч - калктын орточо жылдык саны. Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайраиштетүү өнөр-жай министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттуксатистикалык комитети менен биргеликте ар жылдык негизде эсептелет; 7) айрым азык боюнча азык-түлүктүк көз карандысыздык, ал натуралыккөрсөткүчтөрү айрым азыктын импортунун көлөмү менен анын ички рыногунунсыйымдуулугунун катышы катары аныкталат: Ii Пi = ---- x 100%, Ei мында: Пi - i-азыктын азык-түлүк импортунун үлүшү; Ii - i-азыктын импорту; Ei - i-азыктын ички рыногунун сыйымдуулугу. Белгиленген көрсөткүч үчүн акыркы чектеги (босого) критерийи болупанын 20 пайыздык дењгээли эсептелет. Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соо-да министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жанакайра иштетүү өнөр-жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамле-кеттик бажы комитети менен биргеликте ар бир кварталдык негизде эсепте-лет. 8) Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк өндүрүшүнүн зарыл жана нак-та дењгээлдеринин балансы, ал проценттик катыштагы минималдык жана ишжүзүндө керектөө ченемдерине ылайык, өндүрүштүн накта дењгээлининөндүрүштүн зарыл болгон дењгээлине карата катышы катары төмөндөгү фор-мула боюнча эсептелет: Ii Пi = ---- x 100%, Ei мында: Пi - i-азыктын өндүрүшүнүн зарыл болгон жана иш жүзүндөгү дењгээл-деринин коэффициенти; Ii - i-азыктын өндүрүшүнүн зарыл болгон дењгээли (керектөөнүн ке-ректүү жана иш жүзүндөгү дењгээлинде); Ei - i-азыкты өндүрүүнүн иш жүзүндөгү дењгээли. Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайраиштетүү өнөр-жай министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттукстатистикалык комитети менен биргеликте жылдык негизде эсептелет; 9) калктын социалдык жактан аялуу катмарына негизги тамак-аш азык-тарын сатып алууну жана жеткирүүнү каржылоого Кыргыз Республикасынынмамлекеттик бюджетинин мүмкүнчүлүгү. Каржылоонун иш жүзүндөгү дењгээли-нин пайыздык катыштагы зарыл болгон (пландык) дењгээлине катышы катарыэсептелет. Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынанКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жанаматериалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте жа-рым жылдык негизде эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чар-ба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигине берилет. 10) тамак-аш азыктарынын сапатынын, калориясынын жана коопсуздугу-нун Кыргыз Республикасындагы колдонуудагы ченемдик талаптарына тууракелүүсү. Бул пункт боюнча маалымат Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактооминистрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин,Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай ми-нистрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментинин органдары, ошондойэле Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институ-ту тарабынан берилет.