Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 286
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин атайын каражаттары жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамкурулуш) атайын ка-ражаттары (мындан ары - атайын каражаттар) жөнүндө жобо "Кыргыз Респуб-ликасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетиндетурган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүн-дө"
токтомуна ылайык Мамкурулуштун ишинин материалдык-техникалык база-сын жакшыртуу, дем берүү жана зарыл шарттарды түзүү максатында иштелипчыккан. II. Каржылоону камсыздоо боюнча булактар 2. Атайын каражаттар төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт: - Мамкурулуштун өзүн өзү каржылоо жана өзүн актоочулук принципте-ринде иш жүргүзгөн ведомстволук жана аймактык түзүмдөрүнүн тапкан пай-дасынан 10 процент өлчөмүндөгү квартал сайын чегерүүлөрдүн; - юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, аныничинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чет өлкөлүкжана башка түшүүлөрдүн. 3. Атайын каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигининуруксаты болгондо гана түзүлөт. 4. Мамкурулуштун атайын каражаттары Мамкурулуштун Кыргыз Республи-касынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгындагы атайын эсебин-де топтолот. III. Атайын каражаттарды пайдалануу 5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен чыгымдарсметасына ылайык атайын каражаттарды тескөөчү болуп Мамкурулуштун ди-ректору эсептелет. 6. Атайын каражаттар төмөнкүлөргө пайдаланылат: - илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук, шаар куруу жана дол-боордук иштерди жүргүзүүгө, ушул иштер үчүн жабдууларды, приборлордужана башка товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууга кеткен сар-птоолорду каржылоого; - жањы жана жањыланган продукцияларды, конструкцияларды жана мате-риалдарды даярдоого жана өздөштүрүүгө, тажрыйба үлгүлөрүн даярдоого,эксперименттик объекттерди курууга, прогрессивдүү технологиялык процес-стерге; - Мамкурулуштун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюн-ча окууларды уюштурууга жана өткөрүүгө; - Мамкурулуштун кызматкерлерине дем берүүгө (бир жолу берилүүчүматериалдык жардам көрсөтүүгө); - келишимдик негизде адистерди, эксперттерди тартууга; - программдык камсыздоону, компьютердик жана көбөйтүүчү техниканы,байланыш каражаттарын, кызматтык транспорт каражаттарын жана аларга за-пастык тетиктерди сатып алууга, жабдууларды, инвентарды, материалдардысатып алууга, негизги каражаттардын күнүмдүк оњдоолоруна; - жолугушууларды уюштурууга жана өткөрүүгө, тегерек столдорду,илимий-техникалык конференцияларды өткөрүүгө; - Мамкурулуштун ишинин инновациялык багытын, материалдык-техника-лык базасын өнүктүрүүнү караган башка максаттарга. IV. Эсепке алуунун жана отчет берүүнүн тартиби 7. Мамкурулуш топтолгон атайын каражаттардын келип түшүүсүн жанабөлүштүрүлүшүн эсепке алууну жүргүзөт жана атайын каражаттардын пайда-ланылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду белгиленген тартиптеКыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынаберип турат. 8. Мамкурулуш атайын каражаттарга Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында каралган өлчөмдө салык төлөйт. 9. Мамкурулуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-ав-густундагы N 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турганмекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" ток-томун жетекчиликке алат.