Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген |
Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо ЫКМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203, 2020-жылдын 9-июлундагы № 375 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Ыкма Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 354-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттер үчүн иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын суммасын жана иштин сезондуулугуна, кирешелүүлүгүнө жана ордуна жараша патенттин негизинде салыктын суммасын ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасынын чектеринде оңдоп-түздөөнү аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 375 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ыктыярдуу патенттин салыгынын базалык суммасын (мындан ары - салыктын базалык суммасы) эсептөө жана аныктоо Бишкек шаарынын аймагында жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттер хронометраждык текшерүүнүн негизинде жүргүзүлөт.

3. Салыктын базалык суммасын эсептөө жана аныктоо максатында салык органдары кошумчаланган наркка салык боюнча катталбаган жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттерди хронометраждык текшерүүнү жүргүзөт.
Салыктын базалык суммасы жеке ишкердиктин жана жеке эмгектик иштин конкреттүү түрүнө белгиленет.

4. Хронометраждык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыктын базалык суммасын эсептөөдө жана белгилөөдө текшерилүүчү субъекттердин төмөнкүдөй көрсөткүчтөрү жана маалыматтары эске алынат:
1) жеке ишкердик жүргүзгөн:
- хронометраждык текшерүү жүргүзүү убагында товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң каражаттын көлөмү;
- байкоо жүргүзүлгөн күндөрдүн саны;
- 1 (бир) күндө товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң кирешенин көлөмү;
- 1 (бир) айда товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң кирешенин көлөмү;
- 1 (бир) айда сатуудан алынуучу салыксыз товар жүгүртүү;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга байланышкан чыгымдар;
- 1 (бир) айда пайдага салык боюнча салык салынуучу киреше;
- 1 (бир) ай үчүн аныкталган пайдага салыктын суммасы;
- 1 (бир) ай үчүн аныкталган сатуудан алынуучу салыктын суммасы;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасы;
2) жеке эмгектик ишти жүргүзгөн:
- хронометраждык текшерүү жүргүзүү убагында көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешенин көлөмү;
- байкоо жүргүзүлгөн күндөрдүн саны;
- 1 (бир) күнгө көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешенин көлөмү;
- 1 (бир) айда көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешенин көлөмү;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептен чыгаруулар;
- 1 (бир) айда киреше салыгы боюнча салык салынуучу киреше;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасы.

5. Ыктыярдуу патенттин базалык суммасын эсептөө Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо ыкмасынын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык жүргүзүлөт.

6. Ыктыярдуу патенттин салыгынын базалык суммасын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 354-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилей турган ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасына таянып, республиканын ар бир аймагында калктын санына жараша төмөнкүдөй оңдоп-түздөөчү коэффициенттер колдонулат:
(миң адам)
№ | Калктуу конуштар | Калктын санына жараша коэффициенттер | ||||||
|
| 500дөн ашык | 250-500 | 100-250 | 50-100 | 20-50 | 10-20 | 10го чейин |
1 | Бишкек ш. | 1 | - | - | - | - | - | - |
2 | Калган шаарлар жана калктуу конуштар | 0,9 | 0,7 | 0,6 | 0,5 | 0,4 | 0,3 | 0,1 |
Сезондуулукка жана кирешелүүлүккө жараша салык органдары жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттерди хронометраждык текшерүүнүн натыйжаларынын негизинде ыктыярдуу патенттин суммасын оңдоп-түздөөгө укуктуу. Мында бир эле рыноктун алкагында ишкердиктин бир типтүү объекттерин хронометраждык текшерүүнүн натыйжаларынын эске алуу менен объекттин кирешелүүлүгүнүн өзгөрүү динамикасын эске алуу зарыл.
Оңдоп-түздөлүүгө тийиш болгон ыктыярдуу патенттердин суммасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

7. Ыктыярдуу патенттин негизинде жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттердин календардык жылдын ичинде КНС боюнча каттоо босогосунан ашып кеткен дүң кирешесинин көлөмү аныкталган учурда салык органдары патенттерди берүүнү токтотот жана бул субъекттерден КНСти төлөөчү катары катталууну талап кылууга тийиш.

| Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо ыкмасынын 1-тиркемеси |
Жеке ишкердик ишти жүргүзүүчү субъекттерди хронометраждык текшерүүнүн жыйынды жыйынтыгы жана ыктыярдуу патенттин базалык салыктык суммасын ЭСЕПТӨӨ

№ | Ишкердик субъекттин аталышы же ЖИ аты-жөнү | Иштин түрү | Хронометраждык текшерүү датасы (мезгили) | Хронометраждык текшерүү жүргүзүү убагында товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң каражаттын көлөмү (сом) | Байкоо жүргүзүлгөн күндөрдүн саны | 1 күндө товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң каражаттын көлөмү (5-гр./6-гр.) (сом) | 1 айда товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң каражаттын көлөмү (7-гр. х 24 күн) (сом) | 1 айда сатуудан алынуучу салыксыз товар жүгүртүү (8-гр./1,02) же (8-гр./1,03) | 1 ай үчүн сатуудан алынуучу салыктын суммасы. (8-гр. - 9-гр.) (сом) | 1 ай үчүн товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу менен байланышкан чыгымдар (КР СК ылайык эсептен чыгаруулар) (сом) | 1 айда пайдага салык боюнча салык салынуучу киреше (9-гр. - 11-гр.) | КР СКнын 213-беренесине ылайык пайдага салыктын ставкасы (10%) | 1 ай үчүн пайдага салыктын суммасы (12-гр. х 13-гр.) (сом) | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасы (10-гр. + 14-гр.) (сом) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
ЖИ - жеке ишкер;
КР СК - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси.
|
| Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо ыкмасынын 2-тиркемеси |
Жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттерди хронометраждык текшерүүнүн жыйынды жыйынтыгы жана ыктыярдуу патенттин базалык салыктык суммасын ЭСЕПТӨӨ

№ | Субъекттин аталышы же аты-жөнү | Иштин түрү | Хронометраждык текшерүү датасы (мезгили) | Хронометраждык текшерүү жүргүзүү убагында көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин көлөмү (сом) | Байкоо жүргүзүлгөн күндөрдүн саны | 1 күндө көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин көлөмү (5-гр./6-гр.) (сом) | 1 айда көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин көлөмү (7-гр. х 24 күн) (сом) | 1 айда КР СКга ылайык эсептеп чыгаруулар (сом) | 1 айда киреше салыгы салынуучу киреше (8 гр. - 9-гр.) (сом) | КР СКнын 173-беренесине ылайык киреше салыгынын ставкасы (10%) | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасы (11-гр. х 12-гр.) (сом) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 11 | 12 | 13 |

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ