Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 447 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы
№ 736 токтому менен
бекитилген
Товарлар сапатын же башка керектөө касиеттерин
жоготконуна байланыштуу рыноктук бааны аныктоо
ТАРТИБИ
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 119, 120,
121-беренелерине ылайык товардык материалдык запастарды тиешелүү
түрлөрүн сатуу учурунда салык салуу максатында рынок баасын аныктоо
үчүн иштелип чыккан.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 154-беренесине ылайык
салыктык эсепке алуу - бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык карал-
ган тартипте топтолгон баштапкы документтердин маалыматтарынын негизин-
де салык боюнча салык базасын аныктоо үчүн маалыматты жалпылоо система-
сы. Мында, эгерде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде башкача ка-
ралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепте
колдонулуучу ыкма жана эрежелер боюнча салык салуу максатында Кыргыз
Республикасынын Салык кодексинин 155-беренесине ылайык салык төлөөчү
активдердин наркын, милдеттенмелердин чоњдугун, кирешелерди жана чыга-
шаларды аныктайт.
3. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык "Запастар" стандартынын
2-бөлүгүнө ылайык сатуунун мүмкүн болгон таза наркына чейин жарым-жар-
тылай жокко чыгаруунун чоњдугу жана запастардын бардык жоготуулары бух-
галтердик эсепте жокко чыгарууну жүзөгө ашыруу же жоготуулардын келип
чыгуу мезгилиндеги чыгым катары таанылууга тийиш.
Запастарды өздүк наркынан төмөн, сатуунун мүмкүн болгон баасына
чейин жокко чыгаруу запастар бузулган же моралдык жактан эскирген болсо
жүргүзүлөт, мында алардын сатылуучу баасы төмөндөйт. Эгерде запастардын
наркынын орду толбой турган кырдаал келип чыкса, мындай запастар сатуу-
нун таза наркына чейин кайра бааланышы мүмкүн. Сатуунун таза наркын
аныктоонун төмөнкү чеги стандартта белгиленген эмес, ал нөлгө барабар
болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде башкача каралбаса, резерв-
ге чегерүүлөр түрүндөгү чыгымдар Кыргыз Республикасынын Салык кодекси-
нин 209-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жылдык жыйынды
кирешеден алып салынууга тийиш эмес.
Запастардын сатылуучу наркын төмөндөтүү зарылчылыгын, алардын бу-
зулгандыгын же керектөө сапаттарынын төмөндөгөндүгүн, өз багыты боюнча
пайдалануу мүмкүн эместигин ырастоо катарында ишкердик субъекттери Соо-
да-өнөр жай палатасынын көз карандысыз эксперттик түзүмүнө кайрылышы
керек. Жүргүзүлгөн көз карандысыз экспертизанын жыйынтыктары боюнча
түзүлгөн документ Кыргыз Республикасынын салык кызматына берилет.
4. Товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатынын жана
коопсуздугунун көз карандысыз экспертизасын тиешелүү орган тарабынан
техникалык компетенттүүлүк жана көз карандысыздык жагынан аккредиттел-
ген сыноо лабораторияларда сыноолорду зарылчылык болгон учурда жүргүзүү
менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын түзүмдөрү, ке-
ректөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын ассоциациялары, союздары)
жүзөгө ашыра алат.
5. Товарлар бузулган жана кайра иштетүүгө болбойт деп табылган
учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы N 407
токтому менен бекитилген Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (то-
варларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө жобого ылайык товар
иш жүзүндө жок кылынат. Жобо продукция жана товарлар (мындан ары - про-
дукция) керектөөгө жана сатууга жараксыз деп табылган учурда аларды жок
кылуу же кайра иштетүү тартибин аныктайт.
6. Эгерде сатып алынган, өндүрүштүк максаттарга арналган материал-
дык ресурстар жагымсыз форс-мажордук шарттардын (өрт, суу каптоо ж.б.)
натыйжасында бузулгандыгына байланыштуу жокко чыгарылган болсо, анда
ушундай фактыны ырастаган, адистешкен ведомстволор тарабынан
күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документтер болгон учурда материалдык ресурс-
тарды мындай жоготуу ишкананын чыгымдары болуп саналат.
7. "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мында Дары-дармек каражаттарынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуз-
дугун контролдоонун мамлекеттик системасы аныкталган. Бардык, анын
ичинде жаныбарларды дарылоо үчүн колдонулган, Кыргыз Республикасында
өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген да-
ры-дармек каражаттары мамлекеттик контролдон өтүүгө тийиш. Колдонууга
жараксыз дары-дармек каражаттарын жок кылуу Кыргыз Республикасынын Са-
ламаттыкты сактоо министрлигинин 2004-жылдын 17-сентябрындагы N 428
буйругу менен бекитилген "Колдонууга жараксыз дары-дармек каражаттарын
жана медициналык багыттагы буюмдарды жок кылуу тартиби жөнүндө" нуска-
мага ылайык жүргүзүлөт, ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин-
де 2004-жылдын 15-октябрында катталган. Каттоо номери 118-04.
8. Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин кампаларындагы
товардык запастарды кыскартуу боюнча иштерди жигердештирүү, алардын фи-
нансылык абалын жакшыртуу, жүгүртүлүшүн тездетүү жана жүгүртүү каражат-
тары менен толуктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
чарбакер субъекттерге көпкө туруп калган продукциянын жана товарлардын
калдыктарын өздүк наркынан төмөн баада сатууга уруксат берилет. Мында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтому кабыл алынат.