Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтомуна ылайык 2020-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-декабрындагы N 715 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясы жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жобо 1. Жазык-аткаруу инспекциясы (мындан ары - Инспекция) Кыргыз Рес-публикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалы-гынын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет жана ички иштер органдарынынкөмөгү менен эркиндигинен ажыратууга байланышпаган, коомдук иштер,түзөтүү иштери, эркиндигин чектөө, ошондой эле жазаны шарттуу түрдөколдонбостон соттолгондордун жүрүм-турумун контролдоо, жаза өтөшү ки-йинкиге калтырылган, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү бир ишжүргүзүү укугунан ажыратылган, кош бойлуу аялдарды жана жаш балдары бараялдарды контролдоо, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган соттол-гондорду контролдоо түрүндө жазалардын аткарылышын ишке ашырат. 2. Инспекциянын ишинин укуктук негизин Кыргыз РеспубликасынынКонституциясы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Рес-публикасынын Кылмыш-жазык процесстик кодекси, Кыргыз РеспубликасынынЖазык-аткаруу кодекси, ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын башка че-немдик укуктук актылары түзөт. 3. Инспекциянын ишин контролдоо жана көзөмөл жүргүзүүнүн түрлөрүжана тартиби Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси жана "КыргызРеспубликасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыменен аныкталат. 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Респуб-ликасынын Ички иштер министрлигинин биргелешкен буйруктарынын негизиндеИнспекция жазага тартылган адамдардын жүрүм-турумуна жана коомдон бөлүүменен байланышпаган кылмыш-укуктук жоопкерчиликтин башка чараларынаконтроль жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарыменен өз ара аракетте болот. 5. Инспекциянын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз РеспубликасынынЮстиция министрлиги бекитет. II. Инспекциянын негизги маселелери 6. Соттун өкүмүнөн жана жазык-аткаруу мыйзамдарынан келип чыгуучу,соттолгонду коомдон бөлүү менен байланышпаган жазаларды өтөөнүн тарти-бин жана шарттарын камсыз кылуу боюнча Инспекциянын негизги маселелериболуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) эркиндигин чектөөгө, коомдук иштерге, түзөтүү иштерине, бел-гилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга сот-толгондордун жүрүм-турумдарына ички иштер органдарынын жардамы мененконтроль жүргүзүү; 2) шарттуу түрдө соттолгондордун, соттолгон кош бойлуу аялдардынжана жазаны өтөшү кийинкиге калтырылган жаш балдары бар аялдардын,ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулгандардын жүрүм-ту-румдарына контроль жүргүзүү; 3) Инспекциянын каттоосунда турган адамдардын кылмыш жана башкаукук бузууларынын алдын алуу; 4) соттолгондор иштеген ишканалардын, уюмдардын администрациялары,ошондой эле жазаларды өтөөнүн белгиленген тартибин жана шарттарын жанасоттолгондорго тарбиялык таасир берүүнү уюштурууну камсыз кылуу маселе-леринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, прокуратуралар, сот-тор жана коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенүү. III. Инспекциянын негизги милдеттери 7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Инспекцияга төмөнкү-дөй негизги милдеттер жүктөлөт: - соттолгондорду эсепке алууну жүргүзүү; - жазаларды өтөөнүн тартибин жана шарттарын соттолгондорготүшүндүрүү; - соттолгондор менен тарбиялык иштерди уюштуруу жана өткөрүү; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен коомдук иштергежана түзөтүү жумуштарына соттолгондордун жазаларын өтөө жерлерин макул-дашуу; - эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларга соттолгон-дорго алардын иштеген, окуган жана жашаган жерлери боюнча жүрүм-турум-дарына, ошондой эле сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди алардын аткары-шына ички иштер органдарынын жардамы менен контроль жүргүзүү; - түзөтүү жумуштарга соттолгондорго жазаны өтөө мөөнөтүндө өз каа-лоосу боюнча жумуштан бошонууга уруксат берүү жана алар иштеген уюмдар-дын администрациялары менен аларга жыл сайын төлөнүүчү эмгек өргүүсүнберүү жөнүндө маселени макулдашуу; - жүргөн жерлери белгисиз болгон соттолгондорду издөө боюнча ал-гачкы иш-чараларды жүргүзүү; - эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларга соттолгон-дорду шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу, жазанын өтөлө элекбөлүгүн кыйла жењил жаза менен алмаштыруу жөнүндө, жазаны жазанын башкатүрү менен алмаштыруу жөнүндө, эркиндигинен ажыратуу менен байланышпа-ган жазаны эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндөсунуштарды белгиленген тартипте сотторго киргизүү; - соттолгондордун кылмышты кайталап жасоого, коомдук тартипти, эм-гектик тартипти бузууга мүмкүндүк берген себептерди жана шарттарды та-буу жана аларды болтурбоого карата чараларды көрүү; - Инспекциянын ишине караштуу маселелер боюнча кайрылууларды, кат-тарды, даттанууларды, арыздарды жана сунуштарды кароо; - Инспекциянын ишинде жашыруундуулук режимин сактоону камсыз кы-луу; - Инспекциянын бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында тартипти жа-на мыйзамдуулукту чыњдоо боюнча иштерди уюштуруу. IV. Инспекциянын негизги укуктары 8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Инспекциятөмөнкүлөргө укуктуу: - жазаны өтөө тартибин жана шарттарын түшүндүрүү, алдын-алуучуањгемелешүүлөрдү жүргүзүү, жазаны өтөө процессинде келип чыккан маселе-лерди тактоо үчүн соттолгондорду чакырууга; - соттолгондордун каттоого келип туруу милдеттерин белгилөөгө; - белгиленген милдеттердин сакталышы, жүрүм-турумдарын контролдоомаксатында эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларга соттол-гондорго, алардын жүргөн жерлери, анын ичинде жашаган жана иштеген жер-лери боюнча шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулгандарга барууга; - эркиндигин чектөө түрүндө соттолгон адамдарга жүрүү эркиндигинечектөө белгилөөгө, дем алыш жана майрам күндөрү жашаган жеринин чегиненчыгууга уруксат берүүгө жана тыюу салууга; - жүйөлүү себептерсиз Инспекцияга чакыруу боюнча келбеген соттол-гондорду алып келүү жөнүндө белгиленген тартипте токтом чыгарууга; - коомдук жумуштарга, түзөтүү жумуштарына жана же белгилүү кызматоордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга соттолгондориштеген уюмдардын администрациялардын, ошондой эле соттолгондорго тыюусалынган белгилүү иш жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга укуктуу ор-гандардын соттордун өкүмдөрүнүн талаптарынын аткарышын текшерүүгө; - түзөтүү жумуштарына соттолгондор иштеген уюмдардын администраци-ялары тиешелүү бюджетке финансылык каражатты туура жана өз убагында ко-торууларын контролдоого, контроль жүргүзүүгө финансы жана салык орган-дарын тартууга; - соттолгондор иштеген уюмдардын администрацияларынан соттолгондорменен жүргүзүлгөн иштер, алардын жүрүм-турумдары, эмгекке болгон мами-лелери, аларга сыйлоо жана жазалоо чараларын көрүү жөнүндө документтер-ди, ошондой эле соттолгондор өтөгөн убакыт тууралуу маалыматты суроого; - жазаларды аткаруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана прокуратурага, сотторгожана уюмдарга кайрылууга; - түзөтүү жумуштарына соттолгондордун эмгек акыларынан кармалганакча каражатына карызы бар ишканалар менен доомат иштерин жүргүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 39-5-статьясыныннегизинде Инспекцияга түзөтүү иштерине соттолгондордун эмгек акысынанкармалган өлчөмдөн 50 пайыз акча каражатын алуу укугу берилет. Алынганакча каражаты Инспекцияны өнүктүрүүгө жумшалат. V. Начальниктин милдеттери жана укуктары 9. Инспекция башкармалыгынын начальниги ага берилген ыйгарым укук-тарынын чегинде: - бир башчылык принцибинде Инспекциянын ишине жетекчилик жүргүзөт,Инспекцияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылат, алардынаткарылышына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын, кыз-маттык жана финансылык тартиптердин сакталышына жеке жоопкерчилик тар-тат; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, прокуратураларда,ички иштерде, соттордо, калктын иш менен камсыздоо кызматтарында Инс-пекциянын атынан чыгат; - ички иштер органдарынын бөлүмдөрү, соттолгондор иштеген уюмдар-дын администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, про-куратура, соттор жана коомдук бирикмелер менен Инспекциянын өз ара ара-кетин уюштурат; - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Инспекция жөнүндөжобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды,Инспекциянын ишинин маселелери боюнча ченемдик актылардын долбоорлорунберет; - Инспекцияга кадрларды тандоо жана дайындоону, алардын кесиптикдаярдыктарын, мыйзамдын жана кызматтык тартиптин сакталышын камсыз кы-лат; - белгиленген кызматтык номенклатурага ылайык Инспекциянын кызмат-керлерин дайындоо, жогорулатуу жана кызматтан бошотуу боюнча КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Юсти-ция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгына сунуштарды,аларды сыйлыкка, аларга атайын наамдарды ыйгарууга, ошондой эле тартип-тик жоопкерчиликке тартууга сунуштарды белгиленген тартипте киргизет; - ЖАББнын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин же-текчилерине республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка уюмдардан жа-зык-аткаруу инспекциясына бөлүнгөн финансылык каражатты тескөө боюнчасунуштарды киргизет; - мыйзамдуулуктун, соттолгондордун укуктарын жана эркиндиктеринсакталышына, бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланышына, Инспекциягабекитилген мүлктөрдүн сакталышына жоопкерчилик тартат; - жарандарды кабыл алууну жүргүзөт, даттанууларды жана арыздардыкарайт, алар боюнча чечим кабыл алат; - Инспекциянын кызматкерлеринин кызматтык, күжүрмөн жана дене бойдаярдыктарын жетектейт, ай сайын алар менен окуу пландарына ылайык окууөткөрөт; - Инспекциянын жеке курамы менен тарбиялык иштерди өткөрөт; - кызматтык жана архивдик документтердин эсебине жана сакталышына,жашыруундуулук режимине, жашыруун иш кагаздарын жүргүзүүнү камсыз кылу-уга жеке жоопкерчилик тартат. VI. Инспекциялардын документтерин эсепке алуу жана сактоо 10. Инспекция белгиленген тартипте кызматтык, анын ичинде архивдикдокументтердин эсебин жана сакталышын камсыз кылат. 11. Инспекция белгиленген жашыруундуулук режимин, жашыруун иш ка-газдарын жүргүзүүнү уюштуруу жана киргизүү жана аны техникалык байланышкаражаттары боюнча берүүдө маалыматтарды коргоону камсыз кылат.