Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 18-майы № 297-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы жана Фрунзе айылдык округдарынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Жер кодексинин 20-беренесине ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-миссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарынажеке менчик укугунда таандык 9,24 га айдоону "Айыл чарба багытындагыжерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына ко-торуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын: - Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айылдык округунун ай-магында жайгашкан Д.Герлингерге - 3,42 га, А.Герлингерге - 3,63 га; - Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айылдык округунун айма-гында жайгашкан С.Усманалиевага - 2,19 га. 2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жай-гашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен кам-сыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну; ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторунун менчик ээле-ринин экологиялык экспертизага курулуш долбоорлорун берүүлөрүн. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов