Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 24-январы № 45 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Жер кодексинин 20-статьясына ылайык, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-павловка айылдык округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республика-сынын төмөнкү жарандарына жеке менчик укугунда таандык 58,82 га сугатайдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуш-тардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын: Абдылдаева Клара Сооронбаевнага - 4,1 га; Абдылдаева Минура Сооронбаевнага - 3,3 га; Абдылдаев Сооронбай Эргешовичке - 13,22 га; Алиева Нарханым Шааисмаиловнага - 1,64 га; Алиев Магамед Каптановичке - 2,05; Алиева Фикирья Рыдвановнага - 2,05 га; Жоробеков Майрамбек Дүйшөнбековичке - 6,02 га; Жапаева Сайрагүл Жумалиевнага - 4,3 га; Зубенко Николай Васильевичке - 2,46 га; Маматов Адамкалийге - 2,05 га; Өмүралиев Темиркул Танатаровичке - 0,82 га; Садыкова Бактыгүл Усупбековнага - 8,2 га; Сооронбай уулу Жоомартка - 8,61 га. 2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин менчик ээлери мененбирдикте жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырттажайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар мененкамсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгуунукамсыз кылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов