Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген Тамеки буюмдардын категорияларын түзүү ТАРТИБИ 1-глава. Жалпы жоболор 2-глава. Тамеки буюмдарынын жањы түрлөрүн өндүрүүдө жана алып келүүдө категорияларды түзүү тартиби 3-глава. Комиссиянын милдеттери 4-глава. Комиссиянын укуктары жана иш тартиби Тиркеме. Суроо-талап 1-глава Жалпы жоболор 1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же Кыр-гыз Республикасынын аймагына алып келинүүчү тамеки буюмдардын жањытүрлөрүнүн категорияларын аныктоо, ошондой эле болгон тамеки буюмдардынкатегорияларын кайра карап чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Са-лык кодексинин 287-статьясына ылайык иштелип чыккан. 2. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же Кыргыз Респуб-ликасынын аймагына алып келинүүчү тамеки буюмдардын жањы түрлөрүн тие-шелүү категорияларга киргизүүнү, ошондой эле болгон тамеки буюмдардынкатегорияларын кайра карап чыгууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн че-чими менен түзүлүүчү Тамеки буюмдарына орто рыноктук бааларды ай сайынмониторингдөө жана тамеки буюмдардын категорияларын аныктоо боюнча ве-домстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) жүргүзөт. 3. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз-доону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясатжана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жүргүзөт. 2-глава Тамеки буюмдарынын жањы түрлөрүн өндүрүүдө жана алып келүүдө категорияларды түзүү тартиби 4. Комиссиянын дарегине өндүрүүчү же импорттоочу тамеки буюмдардынжањы түрлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүдө же Кыргыз Рес-публикасынын аймагына алып келүүдө ушул Тартиптин тиркемесине ылайыкформа боюнча билдирмени жиберет. Билдирме Кыргыз Республикасынын айма-гында өндүрүүнүн же тамеки буюмдарын Кыргыз Республикасынын бажы айма-гына иш жүзүндө алып келүүдө башталышына чейин 1 айдан кем эмес Комис-сиянын кароосуна берилиши керек. 5. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же Кыргыз Респуб-ликасынын аймагына алып келинүүчү тамеки буюмдардын жањы түрлөрүн тие-шелүү категорияларга киргизүүнү Комиссия берилген билдирмелердин неги-зинде, эки жумуш күндүн ичинде жүргүзөт. 6. Акциздик маркаларды биринчи жолу сатып алууда тамеки буюмдарыначекене баалардын мониторингин жүргүзүү жана жањы түрлөрүнүн категория-ларын аныктоо үчүн кесилген же кесилбеген акциздик маркаларга заказберүүдө 210000 (эки жүз он мињ) куту сигарет өлчөмүндө тамеки буюмдары-нын жањы түрлөрүн чыгарууга же импорттоого чектөө белгиленет. Тамекибуюмдарынын жањы түрү үчүн акциз салыгын эсептөө чыгаруучунун же импор-тердун арыздарын кароодо Комиссия тарабынан аныкталуучу тамеки буюмда-рынын категорияларына туура келүүчү ставкалар боюнча жүргүзүлөт. Акциздик маркалардын кийинки пакеттин алуу үчүн сигареттин жањытүрүн өндүрүүчү же импортер Комиссияга кайрадан кайрылат. Сигареттин ушул түрүнө чекене бааларга талдоо жүргүзгөндөн кийинКомиссия акциздик маркаларды берүүнү андан ары чектөө жөнүндө же ушун-дай чектөөнү алып салуу жөнүндө чечим кабыл алат. 7. Эгерде Комиссия сигареттин жањы түрү өндүрүүчү же импорттоочубилдирген баа боюнча сатылганын аныктаса акциздик салык мурунку ставкабоюнча алынат. Эгерде сигаретке чекене сатуу баасы өзгөрсө Комиссия та-рабынан сигареттин жањы түрү киргизилүүчү категория аныкталат. 8. Кыргыз Республикасында тамеки буюмдарына чекене бааларды ай са-йын мониторингдөө тамеки буюмдарынын өндүрүүчүлөрү жана импорттоочуларытарабынан берилген маалыматтардын негизинде Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүүбоюнча мамлекеттик агенттик тарабынын жүргүзүлөт. Тамеки буюмдарына чекене баалар жөнүндө маалыматтар өндүрүүчүлөржана импортерлор тарабынан Кыргыз Республикасынын базаларында түзүлгөнтамеки бумдарына орточо чекене бааларды салыштыруу жана аныктоо үчүнКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жанаатаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке берилет. 9. Комиссия ай сайын Кыргыз Республикасынын базарларында болгонтамеки бумдарына чекене баалардын мониторингинин натыйжаларына талдоожүргүзөт. 10. Ай сайын жүргүзүлүүчү мониторингдин натыйжасы боюнча зарылды-гына жараша Комиссия тарабынан өндүрүлүүчү жана алынып келинүүчү тамекибумдарынын категориялары кайра каралат. 3-глава Комиссиянын милдеттери 11. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: - Тамеки буюмдарына орточо чекене баалардын мониторингин жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же алып келинүүчүтамеки буюмдарынын жањы түрлөрүнүн категорияларын аныктоо; - чекене баанын өзгөрүшүнө жараша тамеки буюмдарынын категорияла-рынын ар бир айлык мониторингинин жыйынтыктары боюнча кайра карап чы-гуу; - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Респуб-ликасынын аймагына алып келинүүчү тамеки буюмдарынын тизмесин категори-ялар боюнча түзүү. 4-глава Комиссиянын укуктары жана иш тартиби 12. Комиссия өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Салык кодек-син, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексин, Кыргыз Республикасынын башканормативдик укуктук актыларын жана ушул Тартипти жетекчиликке алат. 13. Комиссиянын ишмердигине жетекчиликти анын төрагасы, ал жокучурда - анын орун басары ишке ашырат. 14. Комиссия өзүнүн ыйгарым укуктарын заседаниелерде ишке ашырат. 15. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу: - өкүлдөрү Комиссия мүчөлөрү болуп саналган органдардан Комиссия-нын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча маалыматтарды сурап алуу-га; - Комиссиянын кароосуна берилген материалдардын жана маалыматтар-дын тууралыгын текшерүүнү укуктуу органдарга тапшырууга; - Комиссиянын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча Кыргыз Рес-публикасынын нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизүүгө; - акциз салыгынын дифференцияланган ставкаларын колдонуунун натый-жалуулугуна талдоо жүргүзүү үчүн тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөрдөн жанаимпорттоочулардан зарыл маалымат алууга; - Комиссиянын алдында турган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгонбашка аракеттерди көрүүгө. 16. Комиссиянын заседаниеси ай сайын, ошондой эле өндүрүшчүдөн жеимпорттоочудан тамеки буюмдарынын жањы түрүн Кыргыз Республикасынын ай-магында өндүрө баштоо же Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алыпкелүү жөнүндө арыз түшкөндө өткөрүлөт. 17. Комиссиянын кезектеги заседаниесине карата күн тартиби тамекибуюмдарын өндүрүүчүлөрдөн жана импорттоочулардан түшкөн арыздардын не-гизинде даярдалат. Комиссия мүчөлөрү, ошондой эле Комиссияда каралуугатийиш болгон маселелерди жазуу жүзүндө киргизе алышат. 18. Күн тартибинин ар бир маселеси боюнча Комиссиянын чечими Ко-миссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол ме-нен таризделип, ага Комиссия мүчөлөрү кол коюшат. 19. Кароонун жүрүшүндө Комиссия мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчөпикирлер жана кабыл алынган чечимдер протоколго жазылат. 20. Заседаниенин протоколунда баяндалган Комиссиянын тапшырмаларыКомиссиянын бардык мүчөлөрүнүн аткарышы үчүн милдеттүү. 21. Заседание ага Комиссиянын бардык мүчөлөрү катышканда укуктууболуп эсептелет. Комиссиянын бир же бир нече мүчөлөрү жүйөөлүү себеп-терден улам катыша албаса, Комиссиянын калган мүчөлөрү жазуу жүзүндөгүтастыктоого ылайык ордун алмаштыруу үчүн тиешелүү адамдарды жибере алы-шат. Кворум жок болсо, заседание төрага аныктоочу күнгө которулат. 22. Тамеки буюмдарынын категорияларын аныктоого өндүрүшчүлөрдөнжана импорттоочулардан түшкөн суроо-талаптардын түп нускалары КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаан-даштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикте сакталат. 23. Комиссиянын чечими тиешелүү органдарга жана жактарга жибери-лет. 24. Комиссиянын кабыл алынган чечимдеринин негизинде Кыргыз Рес-публикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагынаалып келинүүчү тамеки буюмдарынын категориялары боюнча тизме түзүлүп,ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясатжана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ачык маалы-маттык веб-сайтында жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 735 токтому менен бекитилген Тамеки буюмдарынын категорияларын түзүү тартибине тиркеме Тамеки буюмдарына орточо рыноктук бааларды ай сайын мониторинг жүргүзүү жана тамеки буюмдарынын категорияларын аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия Суроо-талап Төмөнкү тамеки буюмдарынын категориясын аныктап берүүсүн сурайбыз: -----------------------------------------------------------------------|Тамеки буюмдарынын тиби (сигареттер, сигаралар,...)| ||---------------------------------------------------|-----------------||Чыккан өлкөсү | ||---------------------------------------------------|-----------------||Арыз берүүчү | ||---------------------------------------------------|-----------------||ИНН | ||---------------------------------------------------|-----------------||Соода маркасынын аталышы | ||---------------------------------------------------|-----------------||Ар түрдүүлүгү (Full Flavor, Вluе, Red, Silver ж.б.)| ||---------------------------------------------------|-----------------||Сунушталган чекене баа (кутуча/сом/20 даана) | ||---------------------------------------------------|-----------------||Тамеки буюмдарынын категориясы (акциз салыгы) | ||---------------------------------------------------|-----------------||Берүү баасы (кутуча/сом/20 даана) | ||---------------------------------------------------|-----------------||Мүшөктөрдүн тиби (Аmerican, Virginia, Оrient,...) | ||---------------------------------------------------|-----------------||Никотин/чайыр | ||---------------------------------------------------|-----------------||Чыпка тиби (ацетат, көмүр, Stream Tec,...) | ||---------------------------------------------------|-----------------||Сигареттин форматы (84 mm, 100 mm, Slim,...) | ||---------------------------------------------------|-----------------||Тањгакчанын өзгөчөлүгү | ||---------------------------------------------------|-----------------||Кутучанын сыйымдуулугу (20, 10,..) | ||---------------------------------------------------|-----------------||Тањгактоо тиби (жумшак, катуу, ...), | ||материалдар (кагаз, картон, жыгач,...) | ||---------------------------------------------------|-----------------||Тањгакчадагы кошумча маалымат | ||---------------------------------------------------|-----------------||Блоктун сыйымдуулугу (20 куту,...) | ||---------------------------------------------------|-----------------||Коробканын сыйымдуулугу (даана) | |----------------------------------------------------------------------- М.О. ______________________ _____________ Арыз ээси Күнү