Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-январы № 55
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2008-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоонун жана санитариянын" сунушталган экинчи долбоорун даярдоого аванс (Q6250-KG долбоорун даярдоого аванс) төлөө жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2008-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоонун жана санитариянын" сунушталган экинчи долбоорун даярдоого аванс (Q6250-KG долбоорун даярдоого аванс) төлөө жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
1-статья.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2008-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоонун жана санитариянын" сунушталган экинчи долбоорун даярдоого аванс (Q6250-KG долбоорун даярдоого аванс) төлөө жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банктын дарегине аталган Макулдашуунун кол коюлган нускасын жиберсин.
3-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|