Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-декабры № 655
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- аталган токтомдун тиркемеси төмөнкү мазмундагы 35-пункт менен толукталсын:
"
35 | Сергеев ЖИси | Гальваникалык капталган, эритинди куймадан жасалган спорттук атрибутикасы бар медалдар |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж. Сатыбалдиев |