Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 589 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-августу № 465                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ             Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана            жүктөрдү ташууларды лицензиялоо боюнча ыйгарым           укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына берүү жөнүндө      Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын укуктук ый-гарым укуктарын андан ары чыњдоо, финансылык децентралдаштыруу принцип-терин илгерилетүү  жана жергиликтүү дењгээлде мындан да натыйжалуу жанаквалификациялык иштердин мүмкүнчүлүгүн берүү максатында, Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциясынын  73 жана 96-статьяларын, "Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын38-статьясын, "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана  жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 жана20-статьяларын жетекчиликке  алуу  менен  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат:     1. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Транспорт жанакоммуникациялар министрлигинин  төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарыөткөрүп берилсин:     - Бишкек  шаарынын аймагында автомобиль транспорту менен жүргүнчү-лөрдү жана жүктөрдү ташууларды лицензиялоо;     - Бишкек  шаарынын  аймагында транспорттук иштерди жүргүзүүчү жекежана юридикалык жактар тарабынан транспорттук мыйзамдарды сактоону кон-тролдоо.     2. Кыргыз  Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лиги:     - Бишкек  шаарынын мэриясына штаттык санды, материалдык-техникалыкресурстарды, финансыларды,  ошондой эле лицензиялардын бланктарын, Биш-кек шаары  боюнча болгон документтерди өткөрүп берүү маселелерин белги-ленген тартипте чечсин;     - бир  айлык  мөөнөттө  белгиленген  тартипте ушул токтомго ылайыкКыргыз Республикасынын  мыйзам  актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-лорду киргизүүнү  кароочу  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кир-гизсин;     - Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдеринушул токтомго  ылайык  келтирүү  үчүн  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүннормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун киргизсин;     - өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.     3. Төмөнкүлөр белгиленсин:     - Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү жана автомобилдик транс-порту менен  жүктөрдү ташуу үчүн лицензияларды берүүдөн түшкөн финансы-лык каражаттар  Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине кириште-лүүгө тийиш экендиги;     - Бишкек  шаарынын  мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөнөткөрүлүп берилген  ыйгарым  укуктуу  бөлүгүндө  Кыргыз РеспубликасынынТранспорт жана коммуникациялар министрлигине отчетту экендиги.     4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  курулуш,  транспорт  жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов