Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 589 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-августу № 465 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларды лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына берүү жөнүндө Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын укуктук ый-гарым укуктарын андан ары чыњдоо, финансылык децентралдаштыруу принцип-терин илгерилетүү жана жергиликтүү дењгээлде мындан да натыйжалуу жанаквалификациялык иштердин мүмкүнчүлүгүн берүү максатында, Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциясынын 73 жана 96-статьяларын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын38-статьясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 жана20-статьяларын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Транспорт жанакоммуникациялар министрлигинин төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарыөткөрүп берилсин: - Бишкек шаарынын аймагында автомобиль транспорту менен жүргүнчү-лөрдү жана жүктөрдү ташууларды лицензиялоо; - Бишкек шаарынын аймагында транспорттук иштерди жүргүзүүчү жекежана юридикалык жактар тарабынан транспорттук мыйзамдарды сактоону кон-тролдоо. 2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лиги: - Бишкек шаарынын мэриясына штаттык санды, материалдык-техникалыкресурстарды, финансыларды, ошондой эле лицензиялардын бланктарын, Биш-кек шаары боюнча болгон документтерди өткөрүп берүү маселелерин белги-ленген тартипте чечсин; - бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте ушул токтомго ылайыкКыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-лорду киргизүүнү кароочу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кир-гизсин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдеринушул токтомго ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүннормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун киргизсин; - өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. 3. Төмөнкүлөр белгиленсин: - Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү жана автомобилдик транс-порту менен жүктөрдү ташуу үчүн лицензияларды берүүдөн түшкөн финансы-лык каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине кириште-лүүгө тийиш экендиги; - Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөнөткөрүлүп берилген ыйгарым укуктуу бөлүгүндө Кыргыз РеспубликасынынТранспорт жана коммуникациялар министрлигине отчетту экендиги. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов