Редакцияот 17.09.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 17-сентябры № 518-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Манас-Ордо" Кыргыз улуттук комплексинин директорунун кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 11-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Жол фондун түзүү жана каражаттарын пайдалануу тартибине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Манас-Ордо" Кыргыз улуттук комплексинин аймагында турган жолдорунун асфальтбетон менен жабууларын оңдоону 2009-жылдын республикалык бюджетинде каралган Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттарынын эсебинен 316271 (үч жүз он алты миң эки жүз жетимиш бир) сом өлчөмүндө жүзөгө ашырсын.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов