Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 5-июну № 359 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 20-беренесине ылайык, жерресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-павловка айыл округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынынжарандары: А.А.Кадыровага - 18,95 га, А.И.Козубаевага - 5,33 га,В.О.Осадчийге - 7,79 га жеке менчик укугунда таандык жалпы аянты 32,07га айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу ко-нуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытын-дагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясынакоторулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин менчик ээлери мененбирдикте жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырттажайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникацияларды эскеалуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылсын; - жер участокторго укуктарды берүүнү жана жер участокторду бөлүүнүшаар куруу документтери бекитилгенден кийин белгиленген тартипте жүр-гүзсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агрөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов