Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 1-сентябры № 549 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Этил спиртин, алкоголь жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Этил спиртин, алкоголь жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жа-на жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз РеспубликасынынАдминистрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана то-луктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза ко-дексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын"Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-шинин кароосуна киргизилсин. 3. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-шинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайраиштетүүчү өнөр жай министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмийөкүлү болууга дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Этил спиртин, алкоголь жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдукпродукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мыйзамдык негиздерин белгилейт. 1-берене. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү 1. Бул Мыйзамдын күчү уюштуруу-укуктук формасына жана менчигининформасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле, алкоголдук продук-цияны чекене сатуу боюнча ишкердик жүргүзүшкөн жеке ишкерлер катышканмамилелерге карата колдонулат. 2. Бул Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө карата колдонулбайт: - этил спиртин камтыган продукцияны сатуунун максатында эмес өн-дүргөн жеке жактардын ишине; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишжүргүзүшкөн, иши этил спирттүү дары, дарылоочу-профилактикалык, диаг-ностикалык каражаттарды, медициналык буюмдарды чыгарууга жана жүгүртүү-гө байланышкан уюмдардын ишине, ошондой эле дарыкана мекемелеринин жекерецепттер боюнча дары каражаттарды, анын ичинде гомеопатиялык препарат-тарды, ветеринардык препараттарды, парфюмериялык-косметикалык продукци-яны жасоого, ошондой эле өндүрүштүк-техникалык башка продукцияны жасоо-го байланышкан иштерине; - этил спиртинин үлүшү даяр продукциянын көлөмүнүн 6 пайызынан аш-паган, этил спиртин кошпостон жасалган натуралдуу ичимдиктерди өндүрүүжана жүгүртүү боюнча ишке. 3. Этил спиртин медициналык, ветеринардык жана башка максаттардасатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте ишке ашыры-лат. 2-берене. Бул Мыйзамда пайдаланылчу негизги түшүнүктөр Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: 1) Алкоголдуу продукция - азыктык чийки заттан жасалган этил спир-тин жана (же) спирттүү азыктык продукцияны пайдаланып жасалган, этилспиртинин өлчөмү даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан ашкан азык-тык продукция. 2) Суусуз спирт - суу кошулбаган, эсепте колдонулуучу шарттуу тү-шүнүк катары пайдаланылчу жүз пайыз спирт же таза алкоголь. 3) Чет өлкөлүк юридикалык жак - төмөндөгү белгилердин бирине ээюридикалык жак; а) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган; б) бир же бир нече чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугуменен таандык; в) жазуу жүзүндө контракт, добуш берүүчү акциялардын көпчүлүгүнишке ашыруу укугу, аткаруучу же байкоочу органдын мүчөлөрүнүн көпчүлү-гүн дайындоо укугу аркылуу бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юриди-калык жактар тарабынан контролдонот же башкарылат; г) Кыргыз Республикасында катталган жана ушул пунктта айтылган четэлдик жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же юридикалык адамдарга таан-дык уставдык капиталдын кырк тогуз пайыздан кем эмесине ээ; д) мамлекет аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн. 4) Коньяк спирти - коньяктык шарап материалдарды фракциялык дис-тилляция жолу менен алынган спирт; 5) Этил спиртин жана (же) алкоголдук продукцияны жүгүртүү - им-порт, экспорт, сактоо, дүњ жана (же) чекене сатуу; 6) Дүњ сатуу - алкоголдуу продукцияны чекене сатуу менен иштегенчарбакер субъекттерге, ошондой эле жеке керектөө үчүн жеке адамдаргаалкоголдуу продукцияны сатуу. 7) Чекене сатуу - алкоголдуу продукцияны керектөө үчүн сатуу, Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырыл-дат. 8) Спирттүү продукция - этил спирти даяр продукциянын көлөмүнүн1,5 пайызынан ашкан азыктык же азык эмес продукция; 9) Спирттүү азыктык продукция - чийки азык заттан алынган этилспирттүү, этил спиртинин өлчөмү даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызы-нан ашык азыктык сырье; 10) Спирттүү азыктык эмес продукция - этил спиртин, спирттүү башкапродукцияны же этил спиртинин өндүрүшүнүн спирттүү калдыктарын пайдала-нып жасалган, этил спирти даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан аш-кан азыктык эмес продукция (анын ичинде денатураланган спирттүү продук-ция, спирттүү парфюмериялык-косметикалык продукция, бардык эритиндилер,эмульсиялар, суспензиялар); 11) Этил спирти - буудайдан, картошкадан, кант кызылчадан, пато-ка-мелассадан, чийки канттын мелассасынан, жемиштерден жана башка кант-туу жана крахмалдуу азыктык өсүмдүк сырьедон жасалган спирт брагаларынбрагоректификация же ректификациялоо жолу менен, шарап материалдардантүз же кайрадан тартуу (коньяк спиртин) жана азыктык эмес сырьедон баш-кача жолдор менен алынчу продукт. 12) Керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден-соолугу үчүн коопсуздук талап-тарына жооп бербеген этил спирти же алкоголдуу продукция - Кыргыз Рес-публикасынын тамак-аш продукциянын коопсуздугу жана техникалык жөнгөсалуу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген этил спирти жеалкоголдуу продукция. 3-берене. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнүмамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын баш-ка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы каты-шып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынынэл аралык келишимдеринен жана макулдашууларынан турат. 4-берене. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун милдети Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнүмамлекеттик жөнгө салуунун милдеттери: - Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык кызыкчылыктарды,адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо; - этил спирттин жана алкоголдуу продукциянын мыйзамсыз өндүрүлүшүнжана жүгүртүлүшүн болтурбачу шарттарды түзүү; - Кыргыз Республикасында өндүрүлчү жана ташылып келчү этил спирти-нин жана алкоголдуу продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды тү-зүү; - этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүр-түүнү мамлекеттик жөнгө салуу жагындагы мыйзамдардын сакталышын камсызкылуу; - этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүрыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү. 5-берене. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө талаптар 1. Коньяк спиртин жана этил спирти даяр продукциянын көлөмүнүн 9пайызынан ашык алкоголдуу продукцияны (арактан башкасын) чекене сатпас-тан өндүрүүгө жана/же жүгүртүүгө төлөнгөн уставдык капиталы (уставдыкфонду) 1 (бир) миллион сом өлчөмдөн кем эмес юридикалык жактар менчиги-нин формасына карабастан укуктуу. Арак чыгарууга төлөнгөн уставдык капиталы (уставдык фонду) 5 (беш)миллион сом өлчөмдөн кем эмес юридикалык жактар менчигинин формасынакарабастан укуктуу. Этил спиртин (коньяк спиртинен башкасын) төлөнгөн уставдык капита-лы (уставдык фонду) 100 (жүз) миллион сом өлчөмдөн кем эмес юридикалыкжактар менчигинин формасына карабастан чекене сатпастан өндүрүшөт жанажүгүртүшөт. Чет өлкөлүк юридикалык жактарга этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүр-түүгө тыюу салынат. 2. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүгө пайдаланылчунегизги технологиялык жабдуу техникалык регламенттердин жана айла-на-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келиши керек. 3. Этил спиртин өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдууну эксп-луатациялоого спирт өндүрүшүнүн негизги калдыктарын (барда, көмүр кыч-кыл газы) толук кайра иштетүүгө же утилдештирүүгө мүмкүндүк берчү жаб-дуулар киргизген шартта жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оњкорутундусу болгондо гана жол берилет. 4. Этил спиртин жана (же) алкоголдуу продукцияны өндүрүүчү тийиш-түү лицензиясынын жарактуулугу бүткөндө лицензиянын жарактуулугу бүткөнкүндөн баштап отуз календардык күндүн ичинде этил спиртин (коньяк спир-тин) өндүрүү үчүн ректификациялык колоннаны (түзүлүштү) жана алкоголдуупродукцияны тарага жана (же) затордук чанга (пиво өндүрүүдө) куюу жанаэтикеткалоо үчүн автоматтарын (моноблоктор) ажыратып жана аларды лицен-зияда көрсөтүлгөн дарек боюнча продукция өндүрүүчүнүн кампасында сак-тоого милдеттүү. 5. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү техникалыкжөнгө салуу жагындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптаргаылайык ишке ашырылат. 6-берене. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн шарттары 1. Алкоголдуу продукцияны (пиводон башкасын) өндүрүү үчүн азыктыкөсүмдүк сырьедон жасалган этил спирти колдонулат, ал эми дан өсүмдүктө-рүнөн этил спиртин (коньяк спиртинен башкасы) жасоодо азыктүлүк тобун-дагы дан өсүмдүктөр пайдаланылышы керек. 2. Өндүрүүчү-заводдун аймагында башка юридикалык жактардын жанажеке ишкерлердин этил спиртин жана (же) алкоголдуу продукцияны сакташы-на, дүњ жана (же) чекене сатышына тыюу салынат. 3. Кыргыз Республикасынын аймагында сатылчу алкоголдуу продукциямилдеттүү түрдө этикеткасына жана контрэтикеткасына (импорт продукцияүчүн контрэтикеткага чапталган атайын стикерге (чаптамага) мамлекеттикжана расмий тилдерде жазылган маалымат менен коштолот, анда төмөнкүмаалыматтар болот: - алкоголдуу продукциянын аталышы; - өндүрүүчүнүн аталышы жана юридикалык дареги, ал эми алкоголдуупродукция импорттолгондо - импортердун аталышы жана юридикалык дареги; - алкоголдук продукция чыккан өлкө; - алкоголдуу продукциянын коопсуздук талаптарына ылайыктыгы; - алкоголдуу продукция талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгонтехникалык регламенти; - керектөө тарасындагы алкоголдуу продукциянын көлөмү; - алкоголдуу продукциянын даамына жана жытына таасир эткен негизгиингредиенттердин аталышы; - чыгарылган датасы жана пайдалануу мөөнөтү же пайдалануунун акыр-кы мөөнөтү; - кубаттуулугу, процент менен; - сактоо шарты. 4. Ушул берененин 4-пунктунда аталган маалыматтар көрсөтүлбөгөналкоголдуу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюусалынат. 5. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны лицензияда көрсөтүлгөндарек боюнча гана өндүрүүгө жана жүгүртүүгө жол берилет. 6. Коньяк спиртинен сырткары этил спиртин аны жасаган же импортто-гон юридикалык жактарга гана сатышат. 7. Жасоо үчүн сырттан алынып келчү товар пайдаланылчу алкоголдуупродукцияны өндүрүүгө лицензия болмоюнча алкоголдуу продукцияны жасоогоарналган этикетка жана жапкыч продукцияны, керектөө тарасын Кыргыз Рес-публикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга тыюу салынат. 8. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүчөйрөсүндө төмөнкүлөргө тыюу салынат: - азык сырьедон жасалчу этил спиртин; азыктык эмес сырьедон жасал-чу этил спиртин, ошондой эле нефть продуктуларга кошумча катары арнал-ган этил спиртин бир эле даректе, бир эле стационардык жайда, кампадажана жабдууда өндүрүүгө жана (же) сактоого; - этил спиртин саламаттык сактоо жана ветеринария субъекттериненбашкаларга чекене сатууга; - этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны тийиштүү лицензиясызөндүрүүгө жана (же) жүгүртүүгө; - этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны аталган Мыйзамдын та-лаптарына ылайык белгиленген коштомо документтерсиз жүгүртүүгө; - алкоголдуу продукцияны техникалык регламенттердин талаптарынаылайыктыгын ырастаган документтерсиз жүгүртүүгө; - алкоголдуу продукцияны стандарттардын талаптарына жооп бербегенупаковкада берүүгө; - этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнүн же жүгүртүү-нүн көлөмү жөнүндө декларацияны бурмалоого жана (же) белгиленген мөө-нөттө тапшырбоого; - этил спирттүү, үй шартында жасалган алкоголдуу продукцияны са-тууга; - денатурлачу заттарды жок кылуу максатында денатурат этил спирттиже денатурланган спирт камтылган продукцияны кайра иштетүү боюнча аркандай технологиялык процесстерди жана операцияларды жүргүзүүгө; - алкоголдуу продукцияны ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен са-тууга; - алкоголдуу продукцияны чекене сатуунун белгиленген эрежелеринбузууга. 7-берене. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү боюнча ишке карата квалификациялык талаптар (критерийлер) 1. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүгө коюлчу жалпыквалификациялык талаптар (критерийлер) төмөнкүлөрдү камтыйт, алар: - этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү үчүн пайдала-нылчу обьекттерди жайгаштырчу орунду аныктоону, долбоорлоону, курууну,пайдаланууга берүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жанамамлекеттик экология экспертизасынын оњ корутундусунун негизинде ишкеашыруу; - керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден-соолугу үчүн коопсуздук талапта-рынын камсыздалышын регламенттеген техникалык документтердин болушу(техникалык жөнгө салуу жана метрология, өрт коопсуздугу, айлана-чөйрө-нү коргоо жагындагы документтер); - ички бети эмалдан же дат баспаган болоттон жасалган резервуар-лардын болушу; - этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү ишин лицензия-луу жүргүзүүдө эсеп жүргүзүүгө мүмкүндүк берген ченөөчү приборлору баркалибрленген идиштүү жабдуулардын болушу; - этил спиртин жана алкоголдуу продукциянын өндүрүлүшүн, сырьенун,көмөкчү материалдардын жана даяр продукциянын сапатын химиялык жанатехнологиялык контролдоо үчүн сыноочу лабораториянын болушу; - этил спиртин жана алкоголдуу продукция өндүрүлүшүн камсыздооүчүн тараза жана ченөө чарбасынын, басымды, температураны, нымдуулуктученөөчү приборлордун, сыноочу лабораториянын приборлорунун жана аппа-раттарынын болушу; - өндүрүштү, сырьенун сапатын, көмөкчү материалдарды жана даярпродукцияны химиялык жана технологиялык контролдон өткөрүү үчүн аккре-диттелген лаборатория менен келишимдин болушу; - продукцияны кабыл алуу, сактоо, берүү жана эсепке алуу үчүн ар-налган кампа жайлардын болушу; - этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү үчүн технологи-ялык жабдуу бул өндүрүштөр үчүн мыйзамдардын талаптарына ылайык иштешинкамсыз кылган ысык жана муздак суу менен камсыздоонун, буу-, муздак-,электр менен жабдуунун, канализациянын жана желдетүүнүн стационар ком-муникациялары болушу; - - даяр продукцияны, сырьену, көмөкчү материалдарды, керектөө тара-ларын техникалык жөнгө салуу жагындагы мыйзамдардын талаптарына ылайыксактоо үчүн шарттарынын болушу; - өндүрүштүн жана сыноочу лабораториянын ченөө каражаттары жаначенөөлөрдү аткаруу методикалары менен метрологиялык камсыздалышы; - этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүдө иштегендердинэмгек шарттары санитардык-гигиеналык нормалардын жана коопсуздук ыкма-сынын эрежелеринин талаптарына ылайык болушун камсыздачу атайын кийим-дердин жана башка коргоочу каражаттардын болушу. 2. Этил спиртин (коньяк спиртинен башкасын) өндүрүү боюнча ишкекоюлчу кошумча квалификациялык талаптар (критерийлер) төмөнкүлөрдү кам-тыйт: - өндүрүүчү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген өндүрүштүнпаспортунун болушу; - санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунунталаптарына ылайык келген жана менчик укугундагы имараттардын, курулуш-тардын, кампа жана стационар өндүрүштүк жайлардын жана жабдуулардын бо-лушу; - этил спиртин (коньяк спиртинен башка) өндүрүү үчүн өндүрүмдүүлү-гү суткасына бир мињ декалитрден кем эмес браго-ректификациялык түзү-лүштүн жана анын өндүрүштүк кубаттуулугунун чегинде иштетилишин камсыз-дачу тийиштүү технологиялык жабдуунун болушу; - технологиялык процесстин жүрүшүндө чыккан суюк барданы жана кө-мүр кычкыл газды өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн менчик укугундагы жаб-дуунун болушу; - сыноо лабораториясында хроматографиялык жабдуунун болушу; - жабдуулары спецификацияланган жана аларды жайгаштыруунун компа-новкалык планы бар өндүрүштүн аппараттык-технологиялык схемасынын болу-шу; - 300,0 (үч жүз) мињ далдан кем эмес этил спиртин өндүрүүнүн бол-жолдонгон жылдык көлөмүн, ошондой эле өндүрүштүн бул көлөмүнө акциздиксалыктын контролдук суммасын төлөөнү камсыз кылуу. 3. Алкоголдуу продукция өндүрүшүнө коюлчу кошумча квалификациялыкталаптар (критерийлер) төмөнкүлөрдү камтыйт: - санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунунталаптарына ылайыктуу, менчик укугундагы жабдуунун болушу; - жабдуулары спецификацияланган жана аларды жайгаштыруунун компа-новкалык планы бар өндүрүштүн аппараттык-технологиялык схемасынын болу-шу; - сууну даярдоо жана суунун технологиялык регламентти талаптарынашайкештигин камсыздоо үчүн жабдуулардын болушу; - этикетка жана тыгындоочу продукцияны, керектөө тарасын жасаганишканалардан түз сатып алууга контракттардын (келишимдердин) болушу; - жылына 300,0 (үч жүз) мињ далдан кем эмес арак жана ликер-аракичимдиктерди өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмүн, ошондой эле өндүрүштүнбул көлөмүнө акциздик салыктын контролдук суммасын төлөөнү камсыз кылуу 8-берене. Этил спирттин жана алкоголдуу продукциянын жүгүртүлүшүн коштоочу документтер 1. Этил спирти жана алкоголдуу продукция аларды өндүрүүнүн жанажүгүртүүнүн мыйзамдуулугун ырастагын төмөнкүдөй коштоочу документтерболгондо гана жүгүртүлөт: - товардык-транспорттук коштомо кагаз же счет-фактура; - техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына ылай-ыктыгын ырастаган документтердин копиялары; - жүктүн бажылык декларациясынын копиясы (импорттолгон этил спиртижана алкоголдуу продукция үчүн). - иштин тийиштүү түрү менен иштөөгө лицензиянын көчүрмөсү. 2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн коштоочу документтеритакыр же айрымдары жок жүгүртүлүп жаткан этил спирти жана алкоголдуупродукция мыйзамсыз жүгүртүүдөгү продукция деп эсептелет. 9-берене. Алкоголдуу продукциянын түрлөрү 1. Алкоголдуу продукцияга төмөнкүлөр кирет: 1) арактар жана өзгөчө арактар; 2) ликер-арак ичимдиктери; 3) шарап материалдары; 4) шараптар; 5) шуулдак шараптар, шампандар; 6) шарап ичимдиктер; 7) коньяк; 8) бренди; 9) кальвадос; 10) пиво; 11) башка күчтүү алкоголь ичимдиктер; 12) башка алкоголу аз ичимдиктер. 2. Арактар жана өзгөчө арактар - суу-спирт эритиндисин атайын ад-сорбент менен иштетип, ингредиенттерди кошуп же кошпой, андан соњ чып-кадан өткөрүлгөн, кубаттуулугу 38,0; 40,0; 45,0; 50,0 жана 56,0 пайызалкоголдуу продукция. 3. Ликер-арак ичимдиктери - кубаттуулугу 6-60 пайыз, кант сиропту,эфир майларды, жүзүм шараптарды, коньяк, лимон кислотасын жана башкаазык продуктуларды, ошондой эле спирт жана суу кошуп мөмө-жемиштердижана жыпар жыттуу өсүмдүк сырьену иштетүүдөн алынган ар кандай спирттүүширелердин, морстордун, мањыздардын жана жыттуу спирттердин аралашмасы-нан турган алкоголдуу ичимдиктер. 4. Виноматериалдар - шарап даярдоо же купаждоо үчүн арналган, этилспиртинин көлөмдүк үлүшү 1,5 пайыздан ашык, ачытылган же ачытуунун ток-тотуу ыкмасына карабастан же ачуу процессинде турган жүзүм суслосу, мө-мө-жемиш ширеси. 5. Жүзүм шараптары - жүзүмдүн суслосун же мезгин (эзилген жүзүм)этил спирти кошулуп же кошпой спирттик ачытуунун натыйжасында алынганшараптар. 6. Мөмө-жемиш шараптары - кант жана этил спиртин кошуп же алардыкошпостон жањы мөмө-жемиштердин ширесин спирттик ачытуу жолу менен жа-салган шараптар. 7. Шуулдак шараптар, шампан - иштетилген вино материалдарды бөтөл-көлөрдө, резервуарларда же басым алдындагы резервуар системасында кай-талап ачытууда эндегендик көмүртектин кош кычкылына каныктырылып жасал-ган шарап. 8. Шарап ичимдиктери - кант, эмен концентратын, жыт-даам берчү та-бигый кошулмаларды, боеочу заттарды жана сууну, этил спиртин жана күч-түү шарап материалдарын кошуп жасалган, күчү 5тен 28 пайызга чейинкиалкоголдук ичимдиктер, булардын негизин накта жүзүм жана шараптык мө-мө-жемиштер же алардын концентраттары түзөт. 9. Коньяк - 3 жылдан кем эмес кордолгон коньяк спиртинен жасалган,өзгөчө жыты жана даамы бар күчтүү алкоголдуу ичимдик. 10. Бренди - жумшартылган суу, кант сиробу, боек, эмен жыгачтынкомпоненттери кошулуп жүзүмдүн жана мөмө-жемиштердин спиртинен жасалганкүчтүү алкоголдуу ичимдик. 11. Кальвадос - кордолгон же жаш алма спиртинен эмен жыгачтын ком-поненттерин, суу жана кант кошуп жасалган күчтүү алкоголдуу ичимдик. 12. Пиво - ачытылган угут суслосун же концентратын пивонун ачыткы-сын кошуп ачытуу жолу менен алынган, көмүртектин кош кычкылы менен ка-ныккан, алкоголу аз көбүктөнгөн ичимдик. 13. Башка күчтүү алкоголдуу ичимдиктерге ром, виски, джин, бальзамжана этил спиртинин көлөмдүк саны 30 пайыз жана андан ашык ичимдиктеркирет. 14. Күчү аз башка алкоголдуу ичимдиктерге спирттик көлөмдүк саны 9пайыздан аз алкоголдуу ичимдиктер кирет. 10-берене. Этил спиртинин жана алкоголдуу продукциянын импорту жана экспорту 1. Этил спиртин (коньяк спиртинен башкасын) импорттоого төмөнкүдөйучурларда гана жол берилет: - Кыргыз Республикасында этил спиртин өндүрүү токтотулганда жеубактылуу токтотулганда; - республикасында өндүрүлчү этил спиртинин көлөмү азайганда жанаалкоголдук өнөр жай ишканаларынын этил спиртин керектөөсүн камсыздоомүмкүн болбогондо; - этил спиртинин Кыргыз Республикасында өндүрүлбөчү түрлөрү колдо-нулчу алкоголдук продукциянын айрым түрлөрүн өндүрүүдө. 2. Этил спиртин жана алкоголдуу продукциянын импорттоону мамлекет-тик жөнгө салуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: - импорттолчу продукциянын коопсуздугун контролдоо; - этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны импорттоо көлөмүн кво-талоо. Этил спиртинин жана алкоголдуу продукциянын импортуна квотанын кө-лөмүн жана квота берүү тартибин аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүбелгилеген тартипте ишке ашырылат. 3. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны Кыргыз Республикасынынбажы аймагынан алып чыгуу жана алып кирүү Кыргыз Республикасынын мый-замдарында каралган тартипте ишке ашырылат. 4. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келчү этил спиртижана алкоголдуу продукция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талапта-рына ылайык болууга тийиш. 5. Алкоголдуу продукциянын импорту жана Кыргыз Республикасынын ба-жы аймагына алынып келчү алкоголдуу продукциянын сапатына жана коопсуз-дугуна контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишкеашырылат. 6. Маркалоодо жана упаковкалоодо интеллектуалдык менчик жагындагымыйзамдар бузулушуна жол берилген алкоголдуу продукцияны Кыргыз Респуб-ликасынын бажы аймагына алып кирүүгө тыюу салынат. 11-берене. Этил спиртин жана (же) алкоголдуу продукцияны өндүрүүнүн жана (же) жүгүртүүнүн көлөмүн декларациялоо 1. Алкоголдуу продукцияны чекене саткандан башка учурларда этилспиртин жана (же) алкоголдуу продукцияны өндүрүүнүн жана (же) жүгүртүү-нүн көлөмүн декларациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тар-типте жана формада ишке ашырылат. 12-берене. Дегустациялык комиссия 1. Дегустациялык комиссия импорттолчу жана өндүрүлчү этил спирти-нин жана алкоголдуу продукциянын сапатына, алкоголдуу продукциянын тыш-кы жасалгасына (керектөө тарасы, тыгыны, маркаланышы) Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайыктыгына органолепти-калык баалоо жүргүзөт. 2. Дегустациялык комиссия туруктуу негизде иштейт, дегустациялыккомиссиянын корутундусу рекомендация мүнөзүндө болот. Дегустациялык ко-миссиянын курамын жана иш тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү анык-тайт. 13-берене. Алкоголдуу продукцияны дүњ жана чекене сатуунун тартиби 1. Алкоголдуу продукцияны дүњ жана чекене сатууну уюштуруу-укуктукформасына карабастан юридикалык жактар жүргүзүшөт. Жеке ишкерлер алко-голдуу продукцияны чекене сатышат. Алкоголдуу продукцияны сатуу иштинлицензияланчу түрү болуп эсептелет. 2. Алкоголдуу продукцияны төмөнкүдөй чекене сатууга жол берилбейт: - балдар, билим берүү уюмдарында жана аларга 100 метр радиустагыжакын жерлерде ошондой эле медициналык мекемелердин аймактарында; - шаардык жана шаардын жанындагы каттамдагы коомдук транспорттунбардык түрлөрүндө (жалпы колдонуудагы транспортто); - маданий уюмдарда (алардын ичинде жайгашкан уюмдардан же коомдуктамактануу жайларынан сырткары), дене тарбиялык-ден соолукту чыњдоочужана спорттук жайларда; - жашы жете электерге; - ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-пунктунун талаптарына ылайык кош-тоочу документтерсиз жана маркировкасыз, же жасалма акциздик марка ме-нен; - массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде, аскердик соода объекттеринкошпогондо аскердик бөлүктөрдүн аймагында, ошондой эле чатырларда, кон-тейнерлерде, колдо, лотоктордо, автомашиналарда, бул продукцияны сатууүчүн ылайыкташтырылбаган башка жерлерде. 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-ры алкоголдуу продукцияны сатууга кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укук-туу. 4. Алкоголдуу продукцияны чекене саткан жеке ишкерлерде соода жанакампа жайлары болууга тийиш. 14-берене. Этил спиртин жана (же) алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана (же) жүгүртүү боюнча ишти лицензиялоо Этил спиртин жана (же) алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана (же)жүгүртүү боюнча иш ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен КыргызРеспубликасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамына ылайык лицензияланат. 15-берене. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүк үчүн акчалай төлөмдөр Этил спиртин жана (же) алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана (же)жүгүртүү боюнча иштеген субъекттер этил спиртин жана (же) алкоголдуупродукцияны өндүрүүгө жана (же) жүгүртүүгө тийиштүү лицензия алганданкийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык этил спиртин жана (же)алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана (же) жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөн-дүк үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине акчалай төлөм-дөрүн төгөт. 16-берене. Этил спиртинин жана алкоголдуу продукциянын өндүрүлүшүнө, жүгүртүлүшүнө, сапатына жана коопсуздугуна, бул тармактагы мыйзамдардын жана тийиштүү лицензияларда каралган шарттардын сакталышына мамлекеттик контроль 1. Этил спиртинин жана алкоголдуу продукциянын өндүрүлүшү, жүгүр-түлүшү, сапатына жана коопсуздугуна, бул тармактагы мыйзамдардын жанатийиштүү лицензияларда каралган шарттардын аткарылышына Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү аныктачу тартипте мамлекеттик контроль жүргүзүлөт. 2. Мамлекеттик контролду юридикалык жактардын жана жеке ишкерлер-дин эсебинен жүргүзүүгө жол берилбейт. 3. Коопсуздук талаптары жана этил спиртинин жана алкоголдуу про-дукциянын шайкештигин баалоо жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык ишке ашырылат. 17-берене. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу жана конфискация 1. Эгер этил спирти жана алкоголдуу продукция төмөнкүдөй сатылыпжатса, анда ал жүгүртүүдөн алынат: - тийиштүү лицензиясы жок болсо; - техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктыгын ырастаган до-кументтери жок болсо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурлардамаркировкасы жок болсо жана (же) жасалма акциздик маркалар менен марка-ланса; - спирт камтылган азыктык эмес продукциялардан башка учурларда ку-рамында азыктык эмес сырьедон жасалган этил спирти же денатуралачу ко-шулмалары бар болсо; - ээси жок мүлк катары; - мындай продукциянын мыйзамдуу өндүрүлгөнүн жана жүгүртүлүшүнырастаган документтери жок болсо. 2. Этил спирти жана алкоголдуу продукция аларды алып койгон ыйга-рым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган жерлерде сакталат. 3. Мыйзамсыз жүгүртүүдөгү этил спиртин жана алкоголдуу продукцияныалып коюу жана конфискациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылай-ык ишке ашырылат. 4. Конфискацияланган жана техникалык регламенттердин талаптарынажооп бербеген этил спирти жана алкоголдуу продукция, ошондой эле азык-тык эмес чийки заттардан жасалган же денатуралачу кошулмалары бар алко-голдуу продукция техникалык керектөө үчүн этил спиртине же спирттүүазыктык эмес продукцияга кайра иштетилүүгө тийиш. 5. Мындай кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк болбосо конфискацияланганэтил спирти жана алкоголдуу продукция жок кылынат. 18-берене. Бул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Жеке жана юридикалык жактар, жеке ишкерлер, мамлекеттик органдаржана алардын кызмат адамдары бул Мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 19-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчү-нө кирет. 2. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготтудеп эсептелсин: - Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-июлундагы N 98 "Этил спир-тин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамле-кеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2007-ж.,17-июль, N 52); - Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы N 187 "Этилспиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнүмамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өз-гөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы; - "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин күчүнө киргизүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын9-беренесинин 16-пункту. - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы "Кыргыз Респуб-ликасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 7-августу, N68-69). 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзам расмий жарыяланганкүндөн тартып үч айдын ичинде: - өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин; - ушул Мыйзамдан келип чыгуучу тийиштүү мыйзам долбоорлорун белги-ленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна кир-гизсин. - бул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрсүн. Кыргыз Республикасынын Президенти Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизил-син: 1. 285-беренеде: - биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көр-сөткүчүнүн үчтөн он, кызмат адамдарына ондон жыйырма" деген сөздөр "жа-рандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн алтыдан он төрт, кызмат адамдарынажыйырмадан кырк өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын; - экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көр-сөткүчүнүн ондон он беш, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү" деген сөз-дөр "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн өн төрттөн жыйырма, кызматадамдарына кырктан жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2. 291-берененин экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көрсөт-күчүнүн бештен он, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү" деген сөздөр "жа-рандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он сегиз, кызмат адамдарына кыр-ктан жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3. 295-беренеде: - биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көр-сөткүчүнүн бирден эки, кызмат адамдарына экиден үч" деген сөздөр "жа-рандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден төрт, кызмат адамдарына төрттөналты" деген сөздөргө алмаштырылсын; - экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көр-сөткүчүнүн экиден үч, кызмат адамдарына үчтөн беш" деген сөздөр "жаран-дарга эсептешүү көрсөткүчүнүн төрттөн алты, кызмат адамдарына алтыданон" деген сөздөргө алмаштырылсын. 4. 298-берененин экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көрсөт-күчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына ондон жыйырма" деген сөздөр "жа-рандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн төрттөн он, кызмат адамдарына жыйырма-дан кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын. 5. 302-беренеде: - биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көр-сөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына бештен он" деген сөздөр "жаран-дарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден алты, кызмат адамдарына ондон жый-ырма" деген сөздөргө алмаштырылсын; - үчүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эсептешүү көрсөткүчүнүнбирден эки" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден төрт" дегенсөздөргө алмаштырылсын; 6. 307-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "товарды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүнондон он алты, кызмат адамдарына кырктан жүз өлчөмүнө чейин администра-циялык айып салууга алып келет." 7. 308-берененин экинчи абзацындагы "эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөнон" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн алтыдан жыйырма" деген сөз-дөргө алмаштырылсын. 8. 354-берененин экинчи абзацындагы ""беш" деген сөз "он" дегенсөзгө алмаштырылсын"; 9. Төмөнкүдөй мазмундагы 408-1-берене менен толукталсын: "408-1-берене. Этил спиртин жана (же) алкоголдуу продукцияны өндүрүүнүн жана (же) жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө декларацияны бурмалоо жана (же) белгиленген мөөнөттө бербегендик Этил спиртин жана (же) алкоголдуу продукцияны өндүрүүнүн жана (же)жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө декларацияны бурмалоо жана (же) белгиленгенмөөнөттө бербегендик - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө админист-рациялык айып салууга алып келет.". 10. 410-берененин экинчи абзацындагы "элүү" деген сөз "жүз" дегенсөзгө алмаштырылсын.; 11. Төмөнкүдөй мазмундагы 410-1-берене менен толукталсын: "410-1-берене. Белгиленген тартипте жүргүзүлүп жаткан текшерүүгө байланыштуу текшерилчү ишкердик субъектинин аймагына же имаратына кирүү тууралуу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын мыйзамдуу талабына тоскоол кылуу Белгиленген тартипте жүргүзүлүп жаткан текшерүүгө байланыштуу тек-шерилчү ишкердик субъектинин аймагына же имаратына кирүү тууралуу ыйга-рым укуктуу органдын кызмат адамынын мыйзамдуу талабына тоскоол кылган-дык - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына элүүөлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.". 12. 534-2-беренеде: - аталышындагы жана текстиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүналдындагы Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жанасатып өткөрүүгө контроль жүргүзүү боюнча мамлекеттик инспекция" дегенсөздөр "Спирттин жана алкоголдуу продукциянын өндүрүлүшүн, сакталышынжана сатылышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" де-ген сөздөргө алмаштырылсын; - ушул статьянын эскертүүсү "302-статьянын" деген сөздөрдөн кийин"307-статьяда" деген сөздөр менен толукталсын. 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнөкирет. Кыргыз Республикасынын Президенти Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жонүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 200-берененин экинчи абзацындагы "жүздөн эки жүзгө" деген сөз-дөр "үч жүздөн алты жүзгө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2. 201-берененин экинчи абзацындагы "жүздөн беш жүзгө" деген сөз-дөр "үч жүздөн мињге" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3. 202-берененин экинчи абзацындагы "жүздөн беш жүзгө" деген сөз-дөр "үч жүздөн мињге" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4. 202-1-берененин экинчи абзацындагы "эки жүздөн мињге" дегенсөздөр "төрт жүздөн мињге" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнөкирет. Кыргыз Республикасынын Президенти Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1997-ж. N 3, 126-ст.)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 9-берененин 1-бөлүгүндө: - 6 жана 19-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6) этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүр-түү;"; "19) алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же са-туу максатында сактоо, дүњ жана чекене сатуу;". 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнөкирет. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти