Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 3-сентябры № 553 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республи-касынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министриаталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде карал-ган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-далсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасы-нын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1993-ж., N6, 154-берене) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. Төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-берене менен толукталсын: "4-1-берене. Бул Мыйзамды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Бул Мыйзамды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды каржылооКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республикалыкжана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.". 2. 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7) Бул берененин 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын ичиненрадиациянын таасирине чалдыккан ата-энелериндеги генетикалык өзгөрүүлө-рүнөн улам тукум куучу илдеттери жана өнүгүүсүндө аномалиялары бар би-ринчи жана кийинки эки муундун балдары.". 3. 6-беренеде: - берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6-берене. Келип чыккан майыптыгынын себеби чернобыль кыйроосунункесепетине байланыштуу экендиги аныкталган, нурлануу оорусуна чалдыкканжана аны баштан кечирген адамдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектел-ген адамдарга компенсациялар жана жењилдиктер"; - биринчи бөлүгүндө: 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жар-дам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы-на ылайык акысыз текшерүүгө жана медициналык жардам көрсөтүүгө (станци-онарда жана амбулатордук). төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген норма-лардын чегинде дары-дармектерди (врачтардын рецепттери боюнча) акысызалууга, жыл сайын санаториялык-курорттук акысыз дарылануу менен камсыз-далууга же жашаган жери боюнча социалдык коргоо органдарында жолдомонунорточо наркынын 100 проценти өлчөмүндө акчалай компенсация алууга;"; 2-пункт "баалуу металлдардан" деген сөздөрдөн кийин "металл кера-мика" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын: "5-1) алар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылганшартта ипотекалык турак жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;"; 8-пункт күчүн жоготту деп табылсын; 9- , 10- жана 11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9) 7 жылда бир жолу медициналык көрсөткүчтөрү боюнча ары-бери жү-рүүнүн жекече каражаты болгон майыптардын кресло-коляскасы менен акысызкамсыз кылуу; 10) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой жашаган адам-дардын үйлөрүндө социалдык жардам көрсөтүү; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалар-дын чегинде азык-түлүк товарларын сатып алууга ай сайын акчалай компен-сация төлөө;"; 12-пункт "таксиден "деген сөздөн кийин "жана маршруттук таксиден"деген сөздөр менен толукталсын; 16-пунктта "турак-жай курулуш кооперативдерине, транспорт каражат-тары үчүн коллективдүү гараждарды жана токтотуучу жайларды куруу жанапайдалануу жана аларды техникалык жактан тейлөө боюнча кооперативдерге,багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерге) биринчи кезекте кирүү-гө, багбанчылык үйлөрүн же аларды куруу үчүн материалдарды, көп талапкылынуучу өнөр жай товарларын, анын ичинде жењил автомобилдерди жанамотоциклдерди биринчи кезекте сатып алууга," деген сөздөр алып салын-сын; 15-, 18- жана 21-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; 4. 7-беренеде: - биринчи бөлүктө: биринчи абзацта "6-8" деген цифралар "6, 7" деген цифраларга ал-маштырылсын; 2-пункт "(врачтардын рецепттери боюнча)" деген сөздөрдөн кийин"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чегин-де" деген сөздөр менен толукталсын; 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) жашаган жери боюнча социалдык коргоо органдарында врачтардынкорутундусу боюнча санаторий-курорттук дарыланууга акысыз жолдомо мененжыл сайын жылына бир жолу, ал эми жолдомо берүүгө мүмкүнчүлүк болбогонучурда - анын орточо наркынын 50 процентинин өлчөмүндө акчалай компен-сация менен камсыз кылууга; төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын: "4-1) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылганшартта ипотекалык турак-жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;"; 5-пункт "таксиден " деген сөзүнөн кийин "жана маршруттук таксиден"деген сөздөр менен толукталсын; 6-пункт күчүн жоготту деп табылсын; - үчүнчү бөлүктө: биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бул Мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар 6-бе-рененин 3-, 15-, 19-, 20-, 22-24-пункттарында, бул берененин биринчибөлүгүнүн 1- жана 5-пункттарында каралган компенсацияларды жана жењил-диктер алуу укугуна ээ болушат, ошондой эле:" 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын; 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалар-дын өлчөмүндө азык-түлүк товарларын сатып алууга ай сайын акчалай ком-пенсация төлөөгө.". 5. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8-берене. Тыюу салынган зонадан эвакуацияланган жана көчүрүү зонасынан Кыргыз Республикасына көчүрүлгөн адамдарга берилүүчү компенсациялар жана жењилдиктер Бул Мыйзамдын 5-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар булМыйзамдын 6-беренесинин 19- жана 24-пункттарында каралган компенсация-ларды жана жењилдиктерди алууга укуктуу болушат, ошондой эле: 1) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шарттаипотекалык социалдык турак-жай курулушуна биринчи кезекте киришет; 2) жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун жана курулуш матери-алдарын кезексиз алышат; 3) балдары мектепке чейинки балдар мекемелеринде, атайын балдармекемелеринде, дарылоо жана санаторий тибиндеги адистештирилген балдармекемелеринде, ден соолук чыњдоо лагеринде жана башка ден соолукту чыњ-доо мекемелеринде алардын ведомстволук караштуулугуна карабастан орунменен камсыз кылынат.". 6. 9-беренеде: - биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бул Мыйзамдын 5-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар, ушулМыйзамдын 8-беренесинин 4-пунктунда каралган компенсацияларга жанажењилдиктерге укуктуу болушат, ошондой эле: - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шарт-та ипотекалык социалдык турак-жай курулушуна биринчи кезекте кирүү;"; - 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын: 7. 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11-берене. Чернобылдагы кыйроонун кесепетинен жапа чеккен адамдарга медициналык жардамды жана радиациялык жактан коргоону уюштуруу Бул Мыйзамдын 5-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар өмүр бою милдеттүүтүрдө адистештирилген медициналык байкоодон (диспансеризациядан) өтү-шөт. Аларды жеке эсепке алуу үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык-дози-метриялык каттоосу түзүлөт. Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жапа чеккен адамдарга медицина-лык жардам көрсөтүү жана аларга диспансердик байкоо жүргүзүү алар жаша-ган же иштеген жердеги саламаттык сактоо мекемелери тарабынан жүзөгөашырылат. Бул адамдарды адистештирилген медициналык тейлөө саламаттыксактоо мекемелери тарабынан камсыз кылынат, алардын тизмесин, ошондойэле медициналык жардам көрсөтүүнүн жана диспансеризациялоонун тартибинКыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Бул Мыйзамдын 5-беренесинде көрсөтүлгөн Чернобыль АЭСиндеги авари-яга байланыштуу ооруп калган же майып болгон адамдардын себептеринаныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Республика-лык ведомстволор аралык эксперттик кењеш жана аскердик-врачтык комиссиятарабынан жүзөгө ашырылат. Аталган эксперттик кењештин жана аскердик-врачтык комиссиялардынчечимдерине канааттанбаган адамдар соттук тартипте ишти кайрадан кароожөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.". 8. 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12-берене. Балдарды жана өспүрүмдөрдү социалдык жактан коргоо, медициналык жактан тейлөө жана ден соолугун чыњдоо Тыюу салынган зоналардан, көчүрүү зонасынан жана көчүүгө укук бе-рилген жашоо зонасынан эвакуацияланган жана Кыргыз Республикасына көчү-рүлгөн 18 жашка толо элек курактагы балдарга жана өспүрүмдөргө, аныничинде эвакуация болгон күнү энесинин боюндагы балдарга, ошондой элеата-энелеринин радиоактивдүү нурлануусунун генетикалык кесепеттери тий-иши мүмкүн экендиги менен шартталган тукум кууган оорулар орун алганучурда ушул Мыйзамдын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жарандардын биринчи жа-на кийинки муундардагы балдарына кошумча жењилдиктер берилет: 1) аталган балдарга жана өспүрүмдөргө: - медициналык көрсөткүчтөр боюнча тиешелүү профилдеги санатория-ларда акысыз санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо берилет, ал эмижолдомо берүү мүмкүн болбогон учурларда жалпы жана санаторий тибиндегибалдардын ден соолугун чыњдоо мекемелерине жолдомонун орточо наркынынөлчөмүндөгү акчалай компенсация төлөнүп берилет; - дары-дармектерди (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белги-ленген нормалардын чегинде, врачтардын рецепттери боюнча) акысыз алы-шат; - ата-энесинин бири же аны алмаштырган адам менен темир жол боюн-ча, ал эми темир жол катнашы жок райондордо дарылануучу же санато-рий-курорттук дарылануучу жерге медициналык мекемелердин жолдомосу ме-нен баруу үчүн белеттерди кезексиз алуу укугу менен аба, суу жана шаар-лар аралык автомобиль транспортунда (барып-келүү) акысыз жол жүрө алы-шат; - жыл сайын балдардын ден соолугун чыњдоочу жалпы жана санаторийтибиндеги мекемелерде акысыз дарыланышат, ал эми жолдомо берүүгө мүм-күнчүлүк болбогон учурда анын орточо наркынын өлчөмүндө акчалай компен-сация алышат; - кан жүгүртүүчү органдар (курч кармаган лейкоз), ички бездер,(аденома, рак), зыяндуу шишиктер менен ооруп калган учурда балдар жанаөспүрүмдөр ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган жењилдиктерге укуктууболушат; - он төрт жашка чейинки балдарга эсептик көрсөткүчтүн үч эсе өлчө-мүндө азык-түлүк товарларын сатып алууга ай сайын акчалай компенсацияберилет; - баштапкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларына бюджеттикбөлүмдөргө кирүүгө артыкчылык (башкалары бирдей шартта) берилет; 2) 14 жашка чейинки балдардын ата-энелерине: - бул жөлөкпулду алуу үчүн зарыл болгон үзгүлтүксүз эмгек стажынынбар-жогуна карабастан, оорулуу баланы баккандыгы үчүн иш жүзүндө иштептапкан эмгек акысынын (ата-энесинин бирине) 100 пайыз өлчөмүндө эмгеккежарамсыздык баракчасы төлөнүп берилет; - ата-энесинин бири баласы дарылоо мекемесинде дарыланган бүткүлмезгилдин ичинде (врачтардын сунушу боюнча) аны менен чогуу болот жанаэмгекке жарамсыздык баракчасы төлөнүп берилет; Ата-энеси баласы дарыланып жаткан учурда аны менен чогуу боло ал-баган учурда ушул берененин 2-пунктунун аракети баланы баккан башкаадамга колдонулат. Бул беренеде көрсөтүлгөн балдарды жана өспүрүмдөрдү медициналыкжактан тейлөөнүн жана ден соолугун чыњдоонун тартиби Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген органдар тарабынан, коом-дук уюмдардын катышуусу менен аныкталат.". 9. V бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "V бөлүм Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жөнүндө берилген маалыматтардын тууралыгын контролдоо 20-берене. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жөнүндө берилген документтердин тууралыгына контроль жүргүзүүчү орган Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандаржөнүндө берилген маалыматтардын тууралыгына контролду Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органжүзөгө ашырат. 21-берене. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жөнүндө туура эмес маалымат бергендиги үчүн жарандардын жоопкерчилиги Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышканды-гы жөнүндө туура эмес маалымат берген жарандар Республикалык ведомство-лор аралык эксперттик кењештин чечими менен жоюучу статусунан ажыраты-лат. Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кењеш кабыл алынганчечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Рес-публикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана КыргызРеспубликасынын Социалдык фондуна жазуу жүзүндө билдирүү жиберет. 22-берене. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга жарандын катышкандыгы жөнүндө негизсиз документтер бергендиги үчүн жана жаранды Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучу статусунан ажыратуу жөнүндө негизсиз чечим чыгаргандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга жарандынкатышкандыгы жөнүндө негизсиз документ берүүгө жана аны жеке эсепкеалууга күнөөлүү, ошондой эле жаранды Чернобыль АЭСинде болгон авариянынкесепеттерин жоюунун катышуучу статусунан ажыратуу жөнүндө негизсиз че-чим чыгарганга күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 23-берене. Мыйзамдын нормаларын аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги Мыйзамдын нормаларын аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.". 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченем укукактыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти