Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 24-июну N 404 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Электрондук цифралык колтамга тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык,электрондук документтердин укуктук негиздерин белгилөө максатында Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Электрондук цифралык колтамга тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. Карањыз: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2009-жылдын 1-октябрында-гы N 1408-IV "Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу" токтому 3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министриушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Электрондук цифралык колтамга тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 1-берене. "Электрондук цифралык колтамга тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2004-жылдын 30-июлу, N 60) төмөнкүдөйөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө". 2. 1-беренеде: - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Бул Мыйзамдын максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет: - электрондук документтерди колдонуунун укуктук негиздерин бел-гилөө; - электрондук документтерге коюлуучу негизги талаптарды аныктоо; - электрондук маалыматтарды алмашуу процессинде электрондук цифра-лык колтамгаларды пайдалануу үчүн укуктук шарттарды камсыз кылуу, аларсакталган учурда электрондук цифралык колтамга өз колу менен коюлганколтамга катары таанылат; - электрондук цифралык колтамгаларды күбөлөндүрүү боюнча кызмат-тарды көрсөтүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу; - электрондук документтерди жүргүзүү чөйрөсүндө пайда болуучу укукмамилелерине катышуучулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигинбелгилөө."; - 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары бири-би-рине маалыматтарды электрондук алмашуу аркылуу акысыз берип турушат."; - 3-пунктагы "эларалык макулдашууларга" деген сөздөр "Кыргыз Рес-публикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартиптекүчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын. 3. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "машиналык сактагыч - маалыматтарды техникалык каражаттардын жар-дамы менен жазуу жана сактоо үчүн колдонуучу материалдык сактагычтар; электрондук документтерди жүргүзүү - маалыматтык жана коммуникаци-ялык технологияларды колдонуу менен электрондук документтерди түзүү,иштеп чыгуу, жөнөтүү, алуу, сактоо, өзгөртүү, жок кылуу процесстерининжыйындысы; маалыматтык система - электрондук документтерди түзүү, иштеп чы-гуу, жөнөтүү, алуу, сактоо жана бүтүндүгүн текшерүү үчүн колдонуучупрограммалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын,ыкмалардын жана жол-жоболордун комплекси.". 4. Төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-беренелер менен толукталсын: "2-1-берене. Электрондук документтерди айландыруу чөйрөсү 1. Маалыматтарды түзүү, иштеп чыгаруу, жөнөтүү, алуу жана сактооүчүн зарыл болгон программалык жана техникалык каражаттар колдонулганишмердиктин бардык чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактар тарабынанпайдаланышы мүмкүн. Электрондук документтердин жардамы менен бүтүмдөртүзүлүшү, финансылык эсептөөлөр жүргүзүлүшү, кат алышуулар ишке ашыры-лышы жана документтер жана башка маалыматтар берилиши мүмкүн. 2. Электрондук документтердин колдонулушун чектөө Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында каралган учурларда белгилениши мүмкүн. 3. Электрондук документтер байланыштын бардык каражаттарынын, аныничинде Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген учурларда маалы-маттык системалардын жана түйүндөрдүн жардамы менен жөнөтүлүшү мүмкүн. 2-2-берене. Электрондук документтерди пайдалануу жаатында мамилелерди укуктук жөнгө салуу 1. Электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндө укуктук мамиле-лерге катышуучулардын укуктарын, милдеттерин жана мыйзамдуу таламдарынкамсыздоого, аны түзүүдө, иштеп чыгарууда, жөнөтүүдө, алууда, сактоодомаалыматтарды коргоону камсыздоого жана башка максаттарга багытталган. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү электрондук документтерди пайда-лануу жана электрондук цифралык колтамга жаатында механизмдерди жүзөгөашырууга жана ишке киргизүүгө багытталган чараларды көрөт.". 5. Төмөнкүдөй мазмундагы I-1-глава менен толукталсын: "I-1-глава Электрондук документтер 2-3-берене. Электрондук документтерге коюлуучу негизги талаптар Электрондук документтер төмөнкү талаптарга ылайык болушу керек: программалык жана техникалык каражаттардын жардамы менентүзүлүүгө, иштелип чыгууга, берүүгө, алууга, сактоого жана жок кылууга; ушул Мыйзам менен белгиленген түзүмгө ээ болууга жана аны аныктоо-го мүмкүндүк берүүчү реквизиттерди камтууга. 2-4-берене. Электрондук документтердин түзүмү 1. Электрондук документтер жалпы жана өзгөчө болуп ажыратылгыс экибөлүктөн турат. 2. Электрондук документтердин жалпы бөлүгү документтин мазмунунжана алуучу тууралуу маалыматты түзгөн информациядан турат. 3. Электрондук документтин өзгөчө бөлүгү ушул Мыйзамда каралганшарттарга жана талаптарга ылайык келген бир жана бир нече ЭЦКдан турат. 2-5-берене. Электрондук документтерди берүү формасы 1. Электрондук документтер ички жана сырткы формада берилишимүмкүн. 2. Электрондук документтерди ички формада берүү машиналык сакта-гычта жазылган электрондук документтерди түзүүчү маалыматтар болупэсептелет. 3. Электрондук документтерди сырткы формада берүү электрондук до-кументтерди дисплейдин экранында, кагаз бетинде же адамдын кабыл алуусуүчүн түшүнүктүү болгон түрдө (кошумча техникалык каражаттарсыз) жанаформада машиналык сактагычтан ажыратылган көз менен көрө алгыдай башкаматериалдык объектте көз алдыга келтирүүсү болуп эсептелет. 2-6-берене. Электрондук документтин түп нускасы 1. Электрондук документтердин түп нускасы машиналык сактагычта га-на болот. Электрондук колтамга коюлган, машиналык сактагычта жазылганбири экинчисине окшош болгон документтердин баардык нускалары түп нускаболуп эсептелет жана бирдей юридикалык күчкө ээ. 2. Эгерде мазмуну боюнча окшош документтер кагаз бетинде жанаэлектрондук документ түрүндө кандайдыр бир жак тарабынан түзүлсө, экидокумент тењ өз алдынча документ болуп таанылат. 3. Электрондук документтер төмөнкүлөрдүн түп нуска катары колдону-ла албайт: 1) мураска ээ болуу укугу жөнүндө күбөлүктүн; 2) мурас кагаздын; 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир гана түп нускадатүзүлө турган документтин, буга аталган электрондук документтердин түпнускаларын борбордук сактоо жайдын болушу каралган учурлар кирбейт; 4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 2-7-берене. Электрондук документтердин көчүрмөлөрү жана аларды күбөлөндүрүү 1. Электрондук документтердин көчүрмөлөрү электрондук документтинсырткы көрүнүш формасын кагаз бетине түшүрүү аркылуу түзүлөт. 2. Кагаз бетине түшүрүлгөн электрондук документтин көчүрмөсүндөтиешелүү электрондук документтин көчүрмөсү экендиги көрсөтүлүшү керекжана ал нотариалдык күбөлөндүрүүгө тийиш. 2-8-берене. Электрондук документтердин юридикалык күчү 1. Машиналык сактагычтагы электрондук документтер кагаз бетиндегидокументтерге тењештирилет жана бирдей юридикалык күчкө ээ. 2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары документтин жазуужүзүндө таризделишин талап кылса, анда электрондук документ ушул талап-тарга шайкеш деп эсептелет. 3. Электрондук документтердин түп нускалары жана алардын кагаз бе-тиндеги көчүрмөлөрү ушул Мыйзамдын 2-7-беренесинин талаптарына ылайыкбирдей юридикалык күчкө ээ. 4. Эгерде электрондук документти Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык нотариалдык күбөлөндүрүү жана (же) мамлекеттик каттоо талапкылынса мындай күбөлөндүрүүгө жана (же) мамлекеттик каттоодон өтүүгөэлектрондук документтин өзү, ошондой эле анын кагаз бетиндеги көчүрмөсүтийиштүү болот. 2-9-берене. Электрондук документтерди сактоо 1. Электрондук документтерди сактоо электрондук документтерди ай-ландыруунун катышуучулары жана архив ишин жана документтештирилген маа-лыматты сактоо боюнча иштерди жүргүзүүчү уюмдар тарабынан ишке ашат. 2. Электрондук документтерди сактоо мөөнөтү ушул сыяктуу документ-тер үчүн кагаз бетинде мыйзамдарда каралган мөөнөттөн аз болбошу керек. 3. Электрондук документтерди сактоонун тартиби, шарттары жанаөзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аныкталат. 9-10-берене. Электрондук документтерди коргоо 1. Электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, жөнөтүү, алуу жа-на сактоо менен алектенген жактар ушул документтерди коргоонун зарылболгон дењгээлин камсыздоочу программалык жана техникалык каражаттардыпайдаланышы керек. 2. Электрондук документтерди жана анда камтылган маалыматты корго-онун зарыл дењгээли электрондук документтерди айландырууну уюштурууүчүн маалыматтык системаларды жана тармактарды пайдаланууда ошол систе-малардын жана тармактардын ээси тарабынан камсыздалат. 3. Маалыматтык системалардын жана тармактардын коопсуздугун кам-сыздоо боюнча негизги шарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мененаныкталат. 2-11-берене. Жайылтууга тыюу салынган же чектелген маалыматтарды камтуучу электрондук документтер 1. Электрондук документтер жайылтууга тыюу салынган же чектелгенмамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сыр болуп эсептелген маалыматтыкамтышы мүмкүн. Мындай маалыматтарды колдонуу эрежелери жана коргоо чаралары Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген. 2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты камтуучуэлектрондук документтер менен иш жүргүзүү функциясына ээ мамлекеттикоргандар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалыкжактар, алардын кызмат адамдары аны коргоонун зарыл чараларын КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык камсыздоого милдеттүү. 2-12-берене. Банк аралык иштерде электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер 1. Банк аралык иштерде электрондук документтерди айландыруучөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти болуп Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкы, ошондой эле банктар жана финансы-кредиттик мекемелерэсептелет. 2. Банк аралык иштерде электрондук документтерди айландыруучөйрөсүндө субъекттердин ортосундагы мамилелер макулдашуулардын неги-зинде түзүлөт. 3. Кыргыз Республикасынын аймагында банк аралык системаларда банк-тардын жана финансы-кредиттик мекемелердин электрондук документтердипайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бел-гиленет.". 6. 5-берененин 2-пунктундагы "эларалык макулдашууларына" дегенсөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдардабелгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" дегенсөздөргө алмаштырылсын. 7. 20-берененин биринчи бөлүгүндөгү "эларалык келишими" дегенсөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдардабелгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишими" деген сөздөргөалмаштырылсын. 8. 21-берене төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын: "Электрондук документ өзүнүн маанилүүлүгү боюнча жазуу жүзүндөгүдалилдерге бирдей болгон далил болуп таанылат. Сот системасында электрондук документтерди колдонуунун тартибипроцесстик мыйзамдар менен жөнгө салынат". 9. 22-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "22-берене. Электрондук документтерди айландыруу жана электрондук цифралык колтамгаларды колдонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик 1. Электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндөгү укуктук мами-лелердин субъекттери жана Кыргыз Республикасынын аймагында алектенгеништеринин мүнөзүнө жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жанажеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук до-кументтерди айландыруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчиликтартат. 2. Электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндө кызматкөрсөтүүчү юридикалык жана жеке жактар кардарларга кызматтардыкөрсөтпөгөндүгү же үчүн же ал кызматтардын тийиштүү эмес сапаты, ошон-дой эле ушуну менен келтирген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарында каралган жоопкерчилик тартышат. 3. Электрондук документтерде жайылтууга тыюу салынган же чектелгенмаалыматка өзүнүн кызматтык милдеттери боюнча жетүүгө мүмкүнчүлүгү барадамдар аны мыйзамсыз жайылтуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жоопкерчилик тартышат. 4. Башка адамдын ЭЦКсын мыйзамсыз колдонуучу адамдар, анын ичиндежабык ачкычты мыйзамсыз алуу жана (же) тийиштүү ыйгарым укугусуз башкаадамдын ЭЦКсын коюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жо-опкерчилик тартышат. 5. ЭЦКнын жабык ачкычынын ээсинин күнөөсү боюнча ЭЦКнын жабык ач-кычына мыйзамсыз кирүүдөн улам ЭЦКнын ачык ачкычынын пайдалануучусуназыян келтирилген учурда күнөөлүү адам зыяндын ордун толтурушу керек.". 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Ал эмиэлектрондук документтерди, алардын кагаз бетиндеги көчүрмөсүн нотариал-дык күбөлөндүрүүгө тийиш болгон жоболору ушул Мыйзам расмий жарыяланганкүндөн тартып алты айдан кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти