КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 12-июну № 373 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруубоюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестиция-лоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын, 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуубоюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорункараган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дай-ындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө 1-глава Жалпы жоболор 1-берене. Бул Мыйзам жөнгө салуучу предмет Бул Мыйзам мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянынтоптоо бөлүгүн (мындан ары - пенсиянын топтоо бөлүгү) каржылоо үчүн ар-налган пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнчамамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт, пенсиялык топ-тоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъект-теринин жана катышуучуларынын укуктук статусун, укугун, милдеттин жанажоопкерчилигин аныктайт, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын тү-зүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуунун, контрол-доонун жана көзөмөлдөөнүн негиздерин белгилейт. 2-берене. Кыргыз Республикасында пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо жөнүндө мыйзамдар Пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн арналган пенсиялык топтоокаражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча укуктук мамилелер КыргызРеспубликасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодек-си, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамы, ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекет-тик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салуучу башкамыйзамдары жана башка нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: 1. Жеке же юридикалык жактардын мамилелеш жагы - чечимди түз жекыйыр түрдө аныктоого же болбосо алар кабыл алчу чечимдерге таасир көр-сөтүүгө укуктуу ар кандай жеке же юридикалык жак (аларга берилген ыйга-рым укуктардын алкагында анын ишине контроль жүргүзгөн мамлекеттик ор-гандардан сырткары), ошондой эле ушул мамилелеш жак ушундай укукка ээболгон ар кандай жеке же юридикалык жак. 2. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд - максаттуу камсызданды-руучу (резервдик) фонд, ал ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз РеспубликасынынСоциалдык фонду (мындан ары - Соцфонд) тарабынан түзүлөт, анда өздүккамсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынуучу жана кам-сыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялык киреше алуу максатындаинвестициялануучу пенсиянын топтолуучу бөлүгүн каржылоого мамлекеттиксоциалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү топтолот. 3. Инвестициялоодон түшкөн кирешелер - баалуу кагаздар жана банк-тык депозиттер боюнча дивиденддер жана пайыздар (киреше), пенсиялыктоптолгон каражатты инвестициялоо боюнча операциялардан түшкөн киреше-лердин башка түрлөрү. 4. Диверсификация - пенсиялык активдерди жоготуп алуу тобокелчили-гин төмөндөтүү максатында аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-нан белгиленген талаптарга ылайык финансылык каражаттарга жайгаштыруу. 5. Камсыздандырылган адам - мамлекеттик социалдык камсыздандыруутаркалган жана пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруутөгүмдөрүн төлөп жаткан (төлөгөн) адам. 6. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо - пенсиялык топтоокаражаттарын башкаруу боюнча башкаруучу компаниянын ишмердиги. 7. Инвестициялык портфель - башкаруучу компаниялардын ишенимдүүбашкаруусунда турган акча каражаттарынын жана баалуу кагаздардын жыйын-дысы. 8. Пенсиялык активдер - камсыздандырылган адамдын пайдасына инвес-тициялоо, инвестициялык кирешелерди алуу, топтолгон пенсиялык фонддонпенсиялык төлөмдү камсыздоо жана жүзөгө ашыруу үчүн багытталган кара-жаттар. 9. Пенсиялык топтоо - каражаттардын жыйындысы, өзүнө төмөнкүлөрдүкамтыйт: - Социалдык фонддун Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун эсебинетүшкөн пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүнсуммалары; - инвестициялоодон түшкөн кирешелер; - келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туум-дар, башка түшүүлөр. 10. Уруксат берилген активдер - ушул Мыйзам менен уруксат берилгенинвестициялоо объектилери. 11. Башкаруучу компания - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык инвестициялык фонддорду, пайлык инвестициялык фонддорду жанапенсиялык топтоочу фонддорду башкаруу боюнча иштерди жүргүзүүгө тиеше-лүү лицензиясы бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөнюридикалык жак. 12. Аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы - пенсиялык топтоокаражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контрол-доо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ый-гарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы. 13. Адистештирилген депозитарий -, Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык депозит иштерин жана инвестициялык фонддордун адистешти-рилген депозитарийинин, пайлык инвестициялык фонддордун жана пенсиялыктоптоочу фонддордун иштерин жүргүзүүгө тиешелүү лицензиясы бар, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак. 2-глава Камсыздандырылган адамдардын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун укуктары жана милдеттери. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд 4-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдардын укуктары жана милдеттери Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлү-гүн каржылоого багытталган пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жанаинвестициялоодо камсыздандырылган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу: 1) жылына бир жолудан көп эмес жана учурдагы жылдын 31-декабрынанкеч эмес бир гана пенсиялык топтоо фондун, пенсиялык топтоо фондунунбашкаруучу компаниясын тандоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү тарабынан белгиленген тартипте өзүнүн пенсиялык топтоолорун бирпенсиялык топтоо фондунан башкасына которууга; 2) камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтообөлүгүнүн абалы жөнүндө жана өтүп кеткен жылдагы пенсиялык топтоо кара-жаттарын инвестициялоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алууга; 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бө-лүгүнө кошумча камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу негизде чегерүүгө; 4) төлөм жүргүзүлүп жатканда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте пенсиялык топтоо фондунан пенсиялык төлөмдөрдүалууга; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн пенсиялыктоптоолорун мурастоого; 6) республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен учурдапенсиялык топтоолорду алууга; 7) пенсиялык топтоо фондунун иш-аракеттерине соттук тартипте дат-танууга. Камсыздандырылган адам төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтообөлүгүнө милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүүгө; 2) милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн бир гана пенсиялык фондготөлөөгө; 3) Соцфонд тарабынан милдеттенмелерди аткарууга таасир эткен бар-дык өзгөртүүлөр тууралуу өзгөртүүлөр киргизилген күндөн тартып 30 күн-дүн ичинде билдирүүгө. 5-берене. Соцфонддун укуктары жана милдеттери 1. Соцфонд өз укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкпенсиялык топтоолорду инвестициялоо жана жарандарды пенсия менен камсызкылуу маселелери боюнча пенсиялык топтоо системасынын субъекттери жанакатышуучулары менен өз ара аракетте ишке ашырат жана камсыздандырылганадамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузбайт. 2. Соцфонд төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) пенсиялык топтоо каражаттарын ушул Мыйзамда белгиленген максат-тарда гана пайдаланууга; 2) Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондун түзүүгө; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартиптежана мөөнөттө жана пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу ке-лишимдерине ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруучу компания-ларга берүүгө; 4) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого байланышкан чы-гымдарды төлөөгө; 5) пенсиялык топтоо каражаттарынын, аларды жайгаштыруунун, алынганинвестициялык кирешелердин өзүнчө эсебин жүргүзүүгө; 6) пенсиялык топтоолордун жана төлөмдөрдүн жеке эсебин жүзөгө ашы-рууга; 7) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыктарынчагылдырууга, аларды эсептөөнүн тартиби аткаруу бийлигинин мамлекеттикыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленет; жана камсыздандырылганадамдардын жеке камсыздандыруу эсептеринин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялыктоптоо каражаттарын "Милдеттүү мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруумаксаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын персонификациялык(жеке) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгилен-ген тартипте жана мөөнөттө чагылдырууга": 8) аткаруу бийлигинин мамлекеттик ыйгарым укуктуу органына ушулМыйзамдын 22-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык отчеттордужиберүүгө; 9) камсыздандырылган адамдарды өздөрүнүн жеке камсыздандыруу эсеп-териндеги топтоо бөлүгүнүн абалы жөнүндө жана пенсиялык топтоо каражат-тарын инвестициялоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар менен камсызкылууга; 10) башкаруучу компанияларды тандоо жөнүндө камсыздандырылганадамдардын арыздарын кароого жана башкаруучу компанияны тандоо жөнүндөкамсыздандырылган адам арыз берген жылдан кийинки жылдын 15-февралынанкечиктирбестен анын арызын канааттандыруу же баш тартуу тууралуу арызээсине жазуу жүзүндө билдирүүгө; 11) пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөнү, ошондой эле "Мамлекеттикпенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замында белгиленген учурларда камсыздандырылган адам каза болгондо анынмураскорлоруна төлөп берүүнү жүзөгө ашырууга. 3. Соцфонд ушул Мыйзамда белгиленген өзүнүн укуктарын жана милдет-терин камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктары үчүн гана жүзөгө ашы-рат. 6-берене. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд 1. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо максат-тары үчүн Соцфонд тарабынан максаттуу камсыздандыруу фонду - Мамлекет-тик топтолуучу пенсиялык фонд (мындан ары - Топтоо фонду) түзүлөт. 2. Топтоо фондун Соцфонд башкарат. 3. Соцфонд Топтоо фонду үчүн төмөнкүлөрдү ишке ашырат: 1) камсыздандырылган жарандардын жеке камсыздандыруу эсептериндегипенсиянын топтоо бөлүгүнө милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноонужана топтоону; 2) пенсиялык топтоо төгүмдөрү боюнча салым ээлеринин (алуучулар-дын) маалымат базасын түзүүнү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте милдеттүү пенсиялык топтоо төгүмдөрүнүн эсебиненпенсиялык топтоону камсыз кылуу тууралуу келишим түзгөн камсыздандырыл-ган жеке жактардын бирдиктүү тизмесин жана эсебин жүргүзүүнү; 3) инвестициялоо максатында пенсиялык топтоолорду ишенимдүү башка-руу үчүн башкаруучу компанияларга берүүнү; 4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык топтоочу пенсия ме-нен камсыз кылууга укуктуу жарандарга пенсия төлөп берүүнү; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык топтоочу пенсия ме-нен камсыз болууга укуктуу камсыздандырылган адам каза болгондо мурас-корлорго топтоочу пенсиянын каражаттарын төлөп берүүнү, которууну (кай-ра тариздөөнү); 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте пенсиялыктоптоо каражаттарын ишенимдүү башкарууга келишим түзүү үчүн адистешти-рилген депозитарийдин кызматын көрсөтүү тууралуу келишим түзүүгө жанабашкаруучу компанияларды тандоого конкурс өткөрүүнү. 4. Топтоо фондунун каражаттарын түзүүнүн булактары болуп төмөнкү-лөр эсептелет: 1) Соцфонддун Топтоо фондунун эсебине түшкөн пенсиянын топтоо бө-лүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары; 2) пенсиялык топтоо каражаттарын жайгаштыргандан жана инвестиция-лагандан кийин ала турган инвестициялоодон түшкөн кирешелер; 3) келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуумдар жана башка түшүүлөр. 5. Топтоо фондунун каражаттары (пенсиялык топтоолор) төмөнкүлөргөколдонулат: 1) камсыздандырылган адамдын пайдасына киреше алуу максатында ин-вестициялоо; 2) башкаруучу компаниялардын кызматтарына төлөө; 3) адистештирилген депозитарийдин кызматтарына төлөө; 4) Топтоо фондун администрациялык башкаруу менен байланышкан Соц-фонддун кызматтарына төлөө; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бө-лүгүн төлөө. 6) Топтоо фондунун каражаттары (пенсиялык топтоолор) республикалыкжана жергиликтүү бюджеттерге алынбайт, аталган каражаттардын ээлерининжана пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча ма-милелердин субъектилеринин, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарынтүзүү жана инвестициялоо процессинин башка катышуучуларынын күрөөлөрүнже башка милдеттенмелерин камсыздоонун предмети боло албайт. 3-глава Каражаттарды башкаруучу компаниялардын башкаруусуна өткөрүп берүү тартиби 7-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын Соцфонддон башкаруучу компанияларга өткөрүп берүү 1. Башкаруучу компанияларга өткөрүп берүү үчүн пенсиялык топтоокаражаттары Соцфондго келип түшкөн пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоогокамсыздандыруу төгүмдөрүнөн, инвестициялык кирешеден, ошондой эле ушулМыйзамда каралган негиздер боюнча башкаруучу компаниялардан Соцфондготүшкөн каражаттардан түзүлөт. 2. Пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрү-нүн суммалары Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде ачылган Соцфон-ддун өзүнчө банк эсептерине кириштелет. 3. Топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларыпенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгилен-ген тартипте башкаруучу компанияларга өткөрүп берилүүгө тийиш. 4. Пенсиялык топтоолорду өткөрүп берүү башкаруучу компанияны тан-доо жөнүндө камсыздандырылган адамдын арызын канааттандыруу тууралуучечим кабыл алынгандан кийин банктык үч күндүн аралыгында башкаруучукомпаниялардын өзүнчө ачылган эсептерине аларды которуу жолу менен жү-зөгө ашырылат. 5. Башкаруучу компанияны тандоо укугун пайдаланбаган камсызданды-рылган адамдын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттары Соцфондтарабынан пенсиянын топтоо бөлүгүнө милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүтүшкөндөн кийин банктык үч күндүн аралыгында пенсиялык топтоо каражат-тарын ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн башкаруучу компаниялардынөзүнчө эсебине которулат. 8-берене. Башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө камсыздандырылган адамдын арызы боюнча чечимдерди Соцфонддун аткаруу тартиби 1. Пенсиялык топтоо каражаттарынын өткөрүлүп бериле турган сумма-лары аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгилене тур-ган мезгилде алынган инвестициялоодон түшкөн кирешенин көлөмүнө туура-ланган, камсыздандырылган адам арыз берген жылдан кийинки жылдын 1-ян-варына карата камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебининтоптоочу бөлүгүндөгү калдыкка жараша эсептелет. 2. Соцфонд менен кайсыл бир башкаруучу компаниянын ортосунда пен-сиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими токтотулганданучурда, ал компания ага ишенимдүү башкарууга берилген каражаттарды ушулМыйзамдын 12-беренесинин 14-пунктуна ылайык Соцфондго которууга милдет-түү. 3. Соцфонд каражаттар иш жүзүндө өткөрүлүп берилген күндөн тартыпбир айдын аралыгында аталган келишимдин токтотулганы жөнүндө пенсиялыктоптоо каражаттары аталган башкаруучу компаниянын башкаруусунда турганкамсыздандырылган адамдарды кабардар кылууга, анын ичинде жалпыга маа-лымдоо каражаттары аркылуу билдирүүгө милдеттүү. 9-берене. Соцфонддогу пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинин өзгөчөлүктөрү 1. Пенсиялык топтоолордун түзүлүшүнө байланышкан операциялар,ошондой эле пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөгө байланышкан операцияларСоцфонд тарабынан башка операциялардан өзүнчө эсепке алынат. 2. Пенсиялык топтоо каражаттарынын персоналдаштырылган эсеби Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте персоналдаштырыл-ган эсеп системасында камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандырууэсебинин топтоо бөлүгүндө жүргүзүлөт. 3. Өсүүчү жыйынтыгы, пенсиялык топтоолордун жалпы көлөмү мененкамсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептеринин топтоо бө-лүгүндө эске алынган пенсиялык топтоо каражаттарынын өлчөмү жөнүндөмаалыматтарды салыштыруу Соцфонд тарабынан квартал сайын жүргүзүлөт. 4. Пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнтүзгөн акча каражаттары жыл сайын Соцфонддун бюджетинин киреше бөлүгүн-дө чагылдырылат. Мында Соцфонддун чыгымдоо бөлүгүндө ушул Мыйзамгаылайык кийинчерээк инвестициялоого акча каражаттарынын тийиштүү сумма-сынын багыты каралышы керек. 5. Камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептерининтоптоо бөлүгүн киргизүү, пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүнү жанапенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөнү камсыз кылуу менен байланышкан Соцфон-ддун чыгымдары Соцфонддун бюджетинде башка чыгымдардан өзүнчө көрсөтү-лөт жана тийиштүү финансылык жылга Соцфонддун бюджетинин курамында бе-китилет. 10-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгымдарды төлөө 1. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгымдардытөлөө пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүнкаражаттарынан жүргүзүлөт. Чыгымдарды төлөөгө жыл сайын пенсиянын топ-тоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарынын 3,0пайыздан көп эмеси жумшалышы мүмкүн. Аталган чыгымдарды төлөөгө кара-жаттарды бөлүү камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебининтоптоо бөлүгүндөгү пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн камсызданды-руу төгүмдөрүнүн каражаттарын чагылдырууга чейин жүргүзүлөт. Ишенимдүүбашкаруучуга сыйакы отчеттук жыл үчүн ишенимдүү башкаруучу тарабынаналынган пенсиялык топтоолорду инвестициялоодон түшкөн кирешелердин кө-лөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө төлөнөт. Аталган сыйакы эгерде жылжыйынтыгы боюнча башкаруучу компанияга ишенимдүү башкарууга берилгентаза активдердин суммалары көбөйбөсө төлөнбөйт. 1-январдан тартып31-декабрды кошкондогу календардык жыл отчеттук жыл болуп эсептелет. 2. Башкаруучу компанияларга акынын өлчөмү жана адистештирилген де-позитарийдин кызматтарына төлөө өлчөмү пенсиялык топтоо каражаттарынишенимдүү башкаруу келишими жана ушул берененин 1 жана 3-пункттарындакөрсөтүлгөн чектерде адистештирилген депозитарийдин кызмат көрсөтүүсүжөнүндө келишими менен белгиленет. 3. Башкаруучу компаниялардын керектүү чыгымдарын төлөө боюнча Соц-фонддун чыгымдарынын суммасы отчеттук жыл үчүн тиешелүү келишим боюнчабашкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусунда турган таза активдер-дин орточо наркынын 0,6 пайызынан, анын ичинде адистештирилген депози-тарийдин кызматына төлөө таза активдердин орточо наркынын 0,05 пайызы-нан ашпашы керек. 4. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо чыгымдарына башка-руучу компаниялар тарабынан ишенимдүү башкарууга берилген каражаттарменен түздөн түз байланышкан чыгымдар, ошондой эле адистештирилген де-позитарийдин (башкаруучу компанияларга адистештирилген депозитарийдинкызмат көрсөтүүсү тууралуу келишими болгондо), аудиторлордун, милдетүүкамсыздандыруу жоопкерчилиги келишимдери боюнча камсыздандыруучулардын,пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамиле-лердин башка катышуучуларынын акы төлөөлөрү да кирет. Башкаруучу компа-ниялар аталган чыгымдарды Соцфонд тарабынан түзүлгөн келишимге ылайыкбашкаруучу компаниялардын керектүү чыгымдарын төлөөгө которулган кара-жаттардын эсебинен төлөп берет. 4-глава Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу 11-берене. Пенсиялык топтолгон каражаттарды башкаруу тартиби 1. Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу, Пенсиялык топтоо кара-жаттарын ишенимдүү башкаруунун Типтүү келишимине ылайык Соцфонд мененжазуу жүзүндө түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруужөнүндө келишимдин негизинде башкаруучу компания тарабынан жүзөгө ашы-рылат. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруунун типтүү кели-шими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 2. Башкаруучу компания пенсиялык топтоо каражаттары менен операци-яларды ишке ашыруу үчүн өзүнчө банк эсебинде (эсептеринде) пенсиялыктоптоо каражаттарынын эсебин жүргүзүүгө жана пайдалануу боюнча аткаруубийлигинин ыйгарым укуктуу органына жана Соцфондго отчет берүүгө мил-деттүү. Аталган эсептеги (эсептердеги) акча каражаттарын пенсиянын топ-тоо бөлүгүн каржылоо менен байланышпаган Соцфонддун, адистештирилгендепозитарийдин же башкаруучу компаниялардын милдеттенмелери боюнча өн-дүрүүгө чегерүүгө болбойт. 3. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнчамамилелердин субъектилери, пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоопроцессине тартылган башка жактар пенсиялык топтоо каражаттары мененоперацияларды жүзөгө ашыруу үчүн пенсиялык топтоолорго кирбеген акчакаражаттарды өзүнчө банк эсебине (эсептерине) чегерүүгө укугу жок. 4. Башкаруучу компания ушул Мыйзамда белгиленгенден башка максат-тарда пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашырууүчүн өзүнчө банк эсебинен (эсептеринен) акча каражаттарын эсептен чыга-рууга (берүүгө) укуксуз. 12-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими 1. Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу кели-шими боюнча келишимде белгиленген мөөнөттө ишенимдүү башкаруучуга пен-сиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууга өткөрүп берет, ал эмиишенимдүү башкаруучу пенсиянын топтоо бөлүгүнө камсыздандырылган адам-дардын укугун камсыз кылуу максатында өздөрүнүн милдеттерине жана ушулМыйзамдын талаптарына ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруунужүзөгө ашырууга милдеттенет. 2. Бул беренеге ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүүбашкарууга өткөрүп берүү аларга болгон менчиктик укуктун ишенимдүү баш-каруучуга өтүшүнө алып келбейт. 3. Кынтыксыз иш бедели бар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-рабынан белгиленген талаптарга туура келген башкаруучу компания ганаишенимдүү башкаруучу боло алат. 4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкаруучу компания-лар жана башкаруучу компаниянын кызмат адамдары өздөрүнүн мыйзамсызиш-аракеттери үчүн, анын ичинде Топтоо фондуна келтирилген зыян үчүнмүлктүк, тартиптик, администрациялык жана жазыктык жоопкерчилик тарты-шат. 5. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзгөн мүлк менен болгон бүтүм-дөрдү башкаруучу компания өзүнүн атынан жүргүзөт. Эгерде жазуу жүзүндө-гү документтерде ишенимдүү башкаруучунун аталышынан кийин "Пенсиялыктоптоо каражаттарын ИБ" деген белги коюлса, бул шарт сакталды деп эсеп-телинет. 6. Ишенимдүү башкаруучу пенсиялык топтоо каражаттарынын курамынакирген баалуу кагаздарды эсепке алууну башкарууда турган ар бир инвес-тициялык портфель боюнча өзүнчө камсыз кылууга милдеттүү. 7. Пенсиялык топтоо каражаттары ишенимдүү башкаруунун объектисиболуп саналат (ушул Мыйзамдын 19-беренесинде көрсөтүлгөн акча каражат-тары жана баалуу кагаздар сом жана чет элдик валюта менен). Пенсиялыктоптоо каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешелер башкаруучу компа-ниянын менчиги болуп саналбайт, Соцфонддун башкаруусуна өткөрүлүп бе-рилген каражаттардын өсүшүнө кирет. 8. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими жазуужүзүндө түзүлүшү керек. Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин талаптарына ылайык келген ишенимдүүбашкаруучунун инвестициялык декларациясы пенсиялык топтоо каражаттарынишенимдүү башкаруу келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. 9. Ишенимдүү башкаруучу пенсиялык топтоо каражаттарын инвестиция-лоодон түшкөн кирешелердин эсебинен сыйакы төлөөгө, ошондой эле пенсия-лык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууда келип чыккан зарыл чыгым-дардын ордун жабууга укуктуу. 10. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими ме-нен ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражатта-рынын өсүү чени боюнча, таза активдердин наркына салыштырмалуу ишеним-дүү башкаруучунун сыйакысынын өлчөмүн кыскартуу тартиби аныкталышы ке-рек. 11. Башкаруучу компанияны тандоо укугун колдонгон камсыздандырыл-ган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келиши-ми он жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт. Көрсөтүлгөн келишимди түзүүнүнтак мөөнөтү сынактын шарттары менен аныкталат. 12. Башкаруучу компанияны тандоо укугун колдонбогон камсызданды-рылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу ке-лишими беш жылдан ашык эмес мөөнөткө түзүлөт. 13. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимитөмөнкүлөрдүн натыйжасында токтотулат: 1) башкаруучу компаниянын тийиштүү лицензиясынын кайра алынышы; 2) башкаруучу компаниянын жоюлушу; 3) ишенимдүү башкаруучунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанбелгиленген талаптарга (башкаруучу компаниянын милдеттерине) ылайыккелбөөсү; 4) ишенимдүү башкаруучуну банкрот деп таануу. 14. Ишенимдүү башкаруу келишимин токтотууда ишенимдүү башкаруудатурган пенсиялык топтоо каражаттарынын курамына кирген акча каражаттаркөрсөтүлгөн келишим токтотулган убактан тартып үч жумуш күндөн ашпаганмөөнөттө Соцфондго өткөрүлүүгө тийиш. 13-берене. Башкаруучу компаниянын укуктары жана милдеттери 1. Башкаруучу компания төмөнкүдөй укуктарга ээ: 1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленгенталаптарга жооп берген, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучула-рынын кызматтарын пайдалануу менен Соцфонддун башкаруусуна берилгенпенсиялык топтоо каражаттарына карата бүтүмдөрдү ишке ашырууга, баалуукагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары көрсөтүлгөн талаптарга жоопбербесе келишимдерди бузууга жана акча каражаттарын кайра талап кылуугачараларды көрүүгө; 2) сыйакыга жана пенсиялык топтоолорду инвестициялоо менен байла-нышкан чыгымдардын ордун жабууга. 2. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) пенсиялык топтоо каражаттарын камсыздандырылган адамдардын кы-зыкчылыктарына гана инвестициялоого; 2) пенсиялык топтоолорду инвестициялоонун ушул Мыйзамдын талапта-рына туура келиши үчүн аталган Мыйзамда жана пенсиялык топтоо каражат-тарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген жоопкерчиликти алууга: 3) диверсификациялоо, ишенимдүүлүк, өтүмдүүлүк, кирешелүүлүк жанакайтарымдуулук принциптерин камсыз кылуу зарылчылыгына жараша пенсиялыктоптоо каражаттарын инвестициялоону ишке ашырууга; 4) адистештирилген депозитарийлер менен келишим түзүүгө жана анынкөзөмөлү алдында Соцфонддун башкаруусуна берилген пенсиялык топтоо ка-ражаттары менен операцияларды жүзөгө ашырууга; 5) аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын ченемдик укуктукактыларына ылайык башкарууда турган таза активдердин учурдагы рыноктукнаркын жана наркын эсептөөгө; 6) ушул Мыйзамда жана пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү баш-каруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө пенсиянын топ-тоо бөлүгүн төлөө үчүн Соцфондго каражаттарды которууга; 7) ушул Мыйзамдын 18-статьясында каралган тартипте жана шарттардапенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминин бузулушу-нун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон жеке жоопкерчилик тобокел-дигин камсыздандырууга; 8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартиптебашкарууда турган активдердин жалпы суммасына карата жеке каражаттардын(капиталдын) жетиштүүлүгүн сактоого; 9) башкарууда турган баалуу кагаздарды рынок баасынан төмөн эмесбаада сатууга, ошондой эле баалуу кагаздарды рынок баасынан жогору эмесбаада сатып алууга. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн рынок баасы деп фон-дулук каражат менен берилген соода эрежелерине ылайык аныкталган баанытүшүнүүгө болот. Рынок бааларынан четтөө менен жүргүзүлгөн бүтүмдөр жө-нүндө отчет аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органына алар белгилегенформа боюнча берилет; 10) аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабы-нан белгиленген тартипте жана мөөнөттө уюштуруучулардын, акционерлердин(катышуучулардын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды ачууга; 11) адистештирилген депозитарийдин же анын мамилелеш жагынын мами-лелеш жагы болуп чыкпоого; 12) пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминдебелгиленген тартипте жана мөөнөтте Соцфондго жана аткаруу бийлигининыйгарым укуктуу мамлекеттик органына пенсиялык топтоо каражаттарын ин-вестициялоо жөнүндө отчет, ошондой эле инвестициялоодон түшкөн киреше-лер тууралуу отчет берүүгө; 13) пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминдебелгиленген тартипте жана мөөнөттө Соцфондго жана аткаруу бийлигининыйгарым укуктуу мамлекеттик органына Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-на ылайык берилүүчү инвестициялык фонддорду, пайлык инвестициялык фонд-дорду жана пенсиялык топтоо фонддорун башкаруу боюнча иштерди жүзөгөашырууга уруксат кайта алынганы же токтотулганы жөнүндө, башкаруучукомпаниянын уюштуруу документтериндеги олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу маа-лымдоого; 14) башкарууда турган пенсиялык топтоо каражаттарын кредиттик уюм-дун банк эсебинде өзүнчө бөлүүгө, пенсиялык топтоо каражаттары мененоперацияларды жүргүзүү үчүн эсеп жүргүзүүгө; 15) пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими ток-тогон (бузулган) учурда ишенимдүү башкарууда турган активдерди Соцфонд-го пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде карал-ган тартипте өткөрүп берүүнү камсыз кылууга; 16) ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда жана Соцфондменен, адистештирилген депозитарий менен келишимдерде каралган башкаталаптарды сактоого. 14-берене. Пенсиялык топтоо каражаттары инвестицияланган активдерди (инвестициялоо объекттерин) сактоо жана эсепке алуу Активдерди сактоо жана эсепке алуу Адистештирилген депозитарийдинкызмат көрсөтүүсү жөнүндө типтүү келишимге ылайык Соцфонд менен депози-тардык тейлөө үчүн жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде адистеш-тирилген депозитарий тарабынан жүзөгө ашырылат. Адистештирилген депози-тарийдин кызмат көрсөтүүсү тууралуу типтүү келишим Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 15-берене. Адистештирилген депозитарийдин кызмат көрсөтүүсү тууралуу келишими 1. Кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим боюнча адистештирилген депози-тарий аталган келишимде белгиленген акыга Соцфондго адистештирилген де-позитарийдин кызматын көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Соцфонд мындайкызматтарды кабыл алууга жана төлөп берүүгө милдеттенет. 2. Адистештирилген депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө кели-шим ушул Мыйзамда каралган тартипте жана негиздер боюнча өзгөртүлүшү жебузулушу мүмкүн. Адистештирилген депозитарийдин өз милдеттерине жанаушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиги аталган келишимди бузууүчүн негиз болот. 3. Адистештирилген депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө кели-шимдин жарактуулук мөөнөтү кеминде беш жылды түзөт. 4. Адистештирилген депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө кели-шим жазуу жүзүндө түзүлүшү керек. 5. Адистештирилген депозитарийдин кызматын көрсөтүү тууралуу кели-шим төмөнкүлөрдү белгилеген жоболорду эске алышы керек: 1) ушул Мыйзамдын 16-беренесинде белгиленген милдеттердин адистеш-тирилген депозитарий тарабынан аткарылуу тартибин жана бул милдеттердинаткарылбагандыгы үчүн адистештирилген депозитарийдин жоопкерчилигин; 2) башкаруучу компаниялардын Соцфонд үчүн адистештирилген депози-тарийдин кызматын төлөөсүнүн өлчөмүн жана тартибин; 3) келишимди өзгөртүүнүн жана мөөнөтүнөн мурда бузуунун негизинжана тартибин; 4) келишимдин колдонуу мөөнөтүн. 16-берене. Адистештирилген депозитарийдин укуктары жана милдеттери 1. Адистештирилген депозитарий төмөнкүдөй укуктарга ээ: 1) Соцфонд тарабынан башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкаруугаөткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттарын тескөө боюнча иштинушул Мыйзамдын, башка ченемдик актылардын, инвестициялык декларациялар-дын талаптарына ылайык экендигин контролдоого; 2) Соцфонд менен түзүлгөн депозитардык келишимге ылайык чыгымдардытөлөөгө; 2. Адистештирилген депозитарий төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) ушул беренеде каралган милдеттер аткарылбаган учурда пенсиялыктоптоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн башкаруучу ком-пания менен биргелешип жоопкерчилигин тартууга; 2) пенсиялык топтоо каражатына алынган, баалуу кагаздарга болгонукукту эсепке алуу үчүн адистештирилген депозитарийдин кызматын көрсө-түү жөнүндө келишим түзүлгөн ар бир башкаруучу компаниянын атына өзүнчөдепо эсебин ачууга; 3) баалуу кагаздарды эсепке алуу жана пенсиялык топтоо каражатта-рын инвестициялоонун жыйынтыгында алынган баалуу кагаздарга укуктунөтүүсүн эсепке алууну жүзөгө ашырууга, ошондой эле баалуу кагаздардынсертификаттарын сактоого; 4) Соцфонд тарабынан башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкаруугаөткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттарына байланыштуу бардыкбаштапкы документтердин көчүрмөлөрүн кабыл алууга жана сактоого; 5) Кыргыз Республикасынын финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгөсалуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, Соцфондго, тийиштүүбашкаруучу компанияга контролдоонун учурунда табылган олуттуу мыйзамбузууларды ал аныкталган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кеч эмес ка-барлоого; 6) мамилелер субъекттерине операциялардын аткарылышы, аткаруу бий-лигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген форма-лар боюнча жана мөөнөттөрдө келишимге ылайык эсепке алынган баалуу ка-газдардын түрлөрү жана наркы жөнүндө отчет берүүгө; 7) адистештирилген депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө кели-шимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Соцфондго жана аткаруу бий-лигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына инвестициялык фонддордун,пайлык инвестициялык фонддордун жана пенсиялык топтоо фонддорунун Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү депозитардык иш жүр-гүзүүгө жана адистештирилген депозитарийдин ишин жүргүзүүгө уруксатыкайта алынганы же токтотулганы жөнүндө маалымдоого; 8) адистештирилген депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө кели-шимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Соцфондго жана аткаруу бий-лигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына пенсиялык топтоо каражат-тары менен жүргүзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматты, ошондой эле пенсия-лык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими боюнча башкарылуудатурган таза активдердин наркы жөнүндө маалыматты берүүгө; 9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартиптежана адистештирилген депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим-дин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген пенсиялык топтоо каражаттарын ише-нимдүү башкаруу келишими токтотулган (бузулган) учурда активдерди баш-каруучу компаниядан Соцфондго өткөрүп берүү процессин камсыз кылууга; 10) ушул Мыйзамдын 18-беренесинде каралган тартипте жана шарттардаадистештирилген депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимдин бу-зулушунан улам келип чыгышы мүмкүн болгон жеке жоопкерчилик тобокелди-гин камсыздандырууга; 11) пенсиялык топтоо каражаттарына ишенимдүү башкаруу жүргүзгөнбир дагы башкаруучу компаниялардын же көрсөтүлгөн башкаруучу компания-лардын мамилелеш жактарынын мамилелеш жагы болбоого; 12) ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда жана аларгаылайык Соцфонд менен башкаруучу компаниялардын келишимдеринде каралганбашка талаптарды сактоого. 17-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдерин жана адистештирилген депозитарийдин кызматын көрсөтүү тууралуу келишим түзүүгө конкурстар 1. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдерижана адистештирилген депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимбашкаруучу компанияны тандоо укугун колдонбогон камсыздандырылган адам-дардын пенсиялык топтоо каражаттарына ишенимдүү башкаруу жүргүзгөн баш-каруучу компаниялардан сырткары, конкурстардын жыйынтыктары боюнча Соц-фонд тарабынан ишенимдүү башкаруучулар жана адистештирилген депозита-рийлер менен түзүлөт. 2. Конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 3. Адистештирилген депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө кели-шим түзүү үчүн конкурстун жыйынтыгы боюнча бир адистештирилген депози-тарий тандалат. 4. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин тү-зүүгө конкурстун катышуучуларына жана анын кызмат адамдарына коюлганталаптарга жооп берет деп табылган бардык башкаруучу компанияларгауруксат берилет. 18-берене. Адистештирилген депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу 1. Адистештирилген депозитарий өзүнүн кызматкерлери тарабынан ке-тирилген каталардан, этиятсыздыктан же атайын мыйзамга каршы аракеттер(аракетсиздик) менен же болбосо башка адамдардын атайлап жасалган мый-замга каршы иш-аракеттеринин натыйжасында келип чыккан адистештирилгендепозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимдер бузулгандыгы үчүнСоцфонддун жана башкаруучу компаниялардын алдында өзүнүн жоопкерчиликтобокелин камсыздандырууга милдеттүү. 2. Башкаруучу компаниялар өзүнүн кызматкерлери тарабынан кетирил-ген каталардан, этиятсыздыктан же атайын мыйзамга каршы аракеттер мененже болбосо башка адамдардын атайлап жасалган мыйзамга каршы аракеттери-нин (аракетсиздигинин) натыйжасында келип чыккан пенсиялык топтоо кара-жаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдери бузулгандыгы үчүн Соцфонддуналдында өзүнүн жоопкерчилик тобокелин камсыздандырууга милдеттүү. 3. Бул берененин 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн мыйзамга каршы ара-кеттерге (аракетсиздикке) компьютердик маалымат тармагындагы кылмыштар,коммерциялык жана башка уюмдардын кызыкчылыктарына каршы багытталганкылмыштар, экономика тармагындагы кылмыштар жана башка мыйзам бузууларкирет. 4. Адистештирилген депозитарий жана башкаруучу компаниялар камсыз-дандыруучулар менен тийиштүү милдеттүү камсыздандыруу келишимдерин тү-зүү аркылуу өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырышат, анын тартиби КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 5. Өз жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимдерин түзбө-гөн адистештирилген депозитарий жана башкаруучу компаниялар пенсиялыктоптоо каражаттарын инвестициялоого байланышкан операцияларды жүргүзүү-гө укугу жок. 6. Камсыздандыруучулар финансылык рынокту жөнгө салуу боюнча ыйга-рым укуктуу мамлекеттик органга жана аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктууорганына аталган орган белгилеген тартипте тийиштүү кайра камсызданды-руу келишимдери түзүлгөн конкреттүү камсыздандыруу уюмдары жөнүндө бил-диришет. 5-глава Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо 19-берене. Уруксат берилген активдер (инвестициялоо объектилери). Инвестициялык портфелдин түзүмүнө талаптар 1. Пенсиялык топтоолор төмөнкүлөргө жайгаштырылышы мүмкүн: 1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына; 2) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөндөр менен катар элекыргыз эмитенттеринин облигацияларына; 3) ачык акционердик коом формасында түзүлгөн кыргыз эмитенттерининакцияларына; 4) чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына, чет өлкөлүкэмитенттердин облигацияларына жана акцияларына каражат жайгаштыруучуиндекстик инвестициялык фонддордун пайларына (үлүштөрүнө, акцияларына); 5) ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздарга; 6) кредиттик уюмдардын эсептериндеги улуттук жана чет мамлекеттиквалютадагы акча каражаттарында; 7) кредиттик уюмдардын депозиттеринде. 2. Пенсиялык топтоо каражаттарын ушул Мыйзамда түздөн-түз каралба-ган башка инвестициялоо объекттерине жайгаштырууга жол берилбейт. 3. Пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүлөр үчүн колдонууга бол-бойт: 1) тейлөө жөнүндө келишимдер түзүлгөн башкаруучу компаниялар, бро-керлер, кредиттик жана камсыздандыруу уюмдары, адистештирилген депози-тарий жана аудиторлор эмитенттери болгон баалуу кагаздарды сатып алуу-га; 2) банкроттоо жол-жоболору козголгон эмитенттерден баалуу кагаз-дарды сатып алууга. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Пенсиялык топтоо каражаттарын ин-вестициялоо эрежесин жана инвестициялык портфелге карата талаптарды иш-теп чыгат. 5. Пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй активдерге жайгашты-руу: 1) ушул берененин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөндөр, эгер-де алар баалуу кагаздар рыногунда жүгүртүлсө гана уруксат берилет. 2) ушул берененин 1-пунктунун 2-4-пунктчасында көрсөтүлгөндөр,эгерде алар уюшулган баалуу кагаздар рыногунда жүгүртүлсө жана аткаруубийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгилеген кри-терийлерге жооп берсе гана уруксат берилет. 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан пенсиялык топтоо кара-жаттарын ушул Мыйзамда уруксат берилген өзүнчө активдерге инвестиция-лоого кошумча чектөөлөр белгилениши мүмкүн. 7. Инвестициялык портфелдин түзүмүнө болгон талаптар активдин арбир өзүнчө түрү боюнча каражаттарды инвестициялоо пропорцияларын анык-тайт. 8. Инвестициялык саясаттын негизги багыттары жана инвестициялыкпортфелдин түзүмүнө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-бынан бекитилет. 9. Активдердин рыноктук же баалоо наркынын өзгөрүшүнөн жана (же)эмитент менчигинин түзүмүнүн өзгөрүшүнөн улам инвестициялык портфельтүзүмүндө белгилүү активдин максимум үлүшүнө коюлган талаптар бузулган-да башкаруучу компания инвестициялык портфелдин түзүмүнө коюлган талап-тарга ылайык, көрсөтүлгөн тартип бузуулар табылгандан тартып алты айдыничинде активдердин түзүмүнө оњдоолорду киргизүүгө милдеттүү. 10. Башкаруучу компаниянын атайлап жасаган иш-аракеттеринин натый-жасында инвестициялык портфелдин түзүмүндө белгилүү активдердин макси-мум үлүшүнө коюлган талаптар бузулганда, башкаруучу компания эреже бу-зууларды табылган күндөн тартып 30 күн ичинде жоюуга милдеттүү. Андансырткары ал активдердин белгиленген түзүмүнөн четтөөнүн жасоонун жанаактивдердин түзүмүн оњдоо үчүн жүргүзүлгөн бүтүмдөрдү жасоонун натыйжа-сында болгон чыгымды Соцфондго төлөөгө милдеттүү. 11. Инвестициялык портфель рыноктук наркы боюнча бааланат. 20-берене. Инвестициялык декларация 1. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун максаттарына,инвестициялык портфелдин курамына жана түзүмүнө болгон талаптар башка-руучу компаниянын инвестициялык декларациясында аныкталат. 2. Башкаруучу компаниянын инвестициялык декларациясы төмөнкүлөрдүкамтуусу керек: 1) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун максаты жанабашкаруучу компаниянын инвестициялык саясатын сүрөттөө. Соцфонд тарабы-нан башкаруучу компанияга башкарууга берилген пенсиялык топтоо каражат-тарын инвестициялоо максаты болуп анын өсүүсү эсептелет; 2) башкаруучу компаниялар Соцфонд тарабынан башкарууга берилгенпенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен алууга укуктуу инвестициялоообъекттеринин тизмеси; 3) инвестициялык портфелдин түзүмүнө талаптар. 6-глава Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу, контроль жана көзөмөлдөө 21-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо тармагында мамлекеттик жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө органдары 1. Топтоо фондунун пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражат-тарды түзүү жана инвестициялоо боюнча ишине коомдук контролду Мамлекет-тик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоо кењеши жүргүзөт. 2. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрө-сүндө мамлекеттик жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө ушул Мыйзамгаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилгенпенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгөсалуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттикорганы, ошондой эле өз компетенциясынын алкагында аткаруу бийлигининбашка мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. 22-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы 1. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрө-сүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөөнү Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган өз компетенци-ясынын алкагында жүзөгө ашырат. 2. Аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы төмөнкү-дөй милдеттерди аткарат: 1) мамилелердин субъекттери пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүжана инвестициялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташынаконтроль жүргүзөт; 2) өз компетенциясынын чегинде пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүжана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөөбоюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алат; 3) өз компетенциясынын чегинде мамилелердин субъектине алардынпенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча ишти жү-зөгө ашыруусуна байланышкан маалыматтарды, ошондой эле башка маалымат-тарды берүү жөнүндө суроо-талаптарды жиберет; 4) башкаруучу компаниялардын, адистештирилген депозитарийдин фи-нансылык абалынын туруктуулугуна жана төлөм кудуретине баа берет жаназарыл болгондо абалды жакшыртуу жана табылган ушул Мыйзамды бузуулардыжоюуга көрсөтмө берет; 5) пенсиялык топтоо каражатын каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрү-нүн түшүшү жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого жиберүүжөнүндө, камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсебинин топ-тоо бөлүгүндө эсепке алынган каражаттар, ошондой эле башкаруучу компа-нияларга ишенимдүү башкарууга берилген пенсиялык топтоо каражаттарынинвестициялоонун жыйынтыктары жөнүндө Соцфонддун отчетторун жана маалы-маттарын карайт; 6) мамилелердин субъекттеринин отчетторуна аудитордук корутундунукарайт; 7) өз компетенциясынын алкагында мамилелердин тийиштүү субъектте-ринин ишине көзөмөл менен контролду, алардын отчет берүү тартибин, фор-масын жана мөөнөтүн белгилейт; 8) ушул Мыйзамга ылайык башкаруучу компаниянын башкаруусунда тур-ган таза активдердин наркынын аныкталышына көзөмөл жүргүзөт; 9) ушул Мыйзамда, башка мыйзамдарда жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү тарабынан бекитилүүчү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамле-кеттик органы тууралуу жободо каралган башка иш-аракеттерди жасайт; 10) пенсиялык топтоо каражаттарынын ээсинин укуктарын жана мыйзам-дуу кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынбузуулардын кесепеттерин жоюу тууралуу жана Кыргыз Республикасынын мый-замдарынын бузулушунун натыйжасында мамилелердин субъекттери тарабынанкелтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо арыз менен сотко кайры-лат. 23-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттерине аудит 1. Соцфонд тарабынан бухгалтердик эсеп, камсыздандырылган адамдар-дын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоо-лорду эсебин жүргүзүү, ошондой эле Соцфонддун бухгалтердик (финансылык)отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жыл сай-ын текшерилет. 2. Адистештирилген депозитарий жана башкаруучу компаниялардын бух-галтердик эсеп жүргүзүүсү, пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана ин-вестициялоо боюнча алардын бухгалтердик (финансылык) отчеттуулугу,ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөмдөрдү каржы-лоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жылсайын аудиттик текшерүүгө жатат. 3. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык иштеген аудитор ушул Мыйзамдын12-беренесине же 13-беренесине ылайык Соцфонд менен келишим түзгөнадистештирилген депозитарийдин же башкаруучу компаниянын мамилелеш жагыже аталган адистештирилген депозитарийдин же башкаруучу компаниянын ма-милелеш жагынын мамилелеш жагы болбошу керек. 7-глава Пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөмдөр 24-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөмдөрдүн түрлөрү 1. Пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен пенсиянын топтоо бөлү-гүнөн төлөмдөр, ошондой эле камсыздандырылган адам каза болгон учурда"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамына ылайык адамдарга төлөп берүүлөр жүзөгө ашырылат. 2. Пенсиялык топтоо каражатынын эсебинен пенсиянын топтоо бөлүгүнтөлөө тартиби "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 25-берене. Бул Мыйзамды күчүнө киргизүү жөнүндө 1. Бул Мыйзам 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирүүчү ушулМыйзамдын 4-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 1-пунктчасын кошпогондо2010-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдикукуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти