Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 8-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Мамлекеттик башкаруунун секторунун бул Эсеп саясатында (мындан ары- Эсеп саясаты) финансылык отчеттуулукту даярдоо жана берүүнүн конкреттүү принциптери, негиздери, макулдашуулары, эрежелери жана практикасы белгиленген.
Ушул Эсеп саясатынын максаттары үчүн мамлекеттик башкаруунун Сектору өзүнө мамлекеттик органдарды, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, тиешелүү бюджеттин каражаттарынан эсебинен каржылана турган алардын ведомство алдындагы уюмдарын, мекемелерин камтыйт.
Эсеп саясаты мамлекеттик башкаруу секторунун бардык бюджеттик мекемелери тарабынан колдонулат (мындан ары- мекемелер).
Таануу, андан аркы эсеп, таанууну токтотуу, бухгалтердик эсептин регистриндеги операцияларды жана окуяларды баалоо жана классификациялоо ушул Эсеп саясатынын талаптарына ылайык келиши керек.
Жалпы багыттагы финансылык отчеттуулук (мындан ары- финансылык отчеттуулук) өзүлөрүнүн өзгөчө маалыматтык керектөөлөрүнө жооп бере турган отчеттуулукту талап кылууга мүмкүнчүлүгү болбогон пайдалануучулардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары- Финансы министрлиги) менен макулдашуу боюнча мекемелер алардын спецификасын эске алган жана ушул Эсеп саясатынын жоболоруна каршы келбеген нускамаларды жана процедураларды иштеп чыгууга укуктуу.
Финансы министрлиги ушул Эсеп саясатын колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берет.
Операцияга же окуяга түздөн-түз колдонууга боло турган ушул Эсеп саясатына конкреттүү талаптын жоктугунда мындай саясатты Финансы министрлиги аныктайт. Ошол эле учурда мындай Эсеп саясаты финансылык отчеттуулукта орундуу жана ишенимдүү маалыматты берүүнүн камсыз кылуусу керек.
Финансылык отчеттуулукту даярдоодо кошуп эсептөө принциби колдонулат. Кошуп эсептөө принцибине ылайык, операциялар жана башка окуялар акча каражаттары жана алардын башка эквиваленттери алынган же төлөнгөн моментте эмес, алардын болуп өтүү фактысы боюнча таанылат. Кошуп эсептөө принцибин пайдаланууда беренелер активдер, милдеттенмелер, капиталдар, кирешелер жана чыгымдар катары алар качан таануунун белгиленген аныктамаларына жана критерийлерине ылайык келгенде гана таанылат.
Кошуп эсептөө принциби боюнча даярдалган финансылык отчеттуулук ушул отчеттуулукту түзүп жаткан мекеменин ишмердигинин үзгүлтүксүздүгү жөнүндөгү жол берүүнүн негизинде түзүлөт.
Финансылык отчеттуулукту даярдоодо мекеменин жетекчиси тарабынан мекеменин ишмердигин жакынкы келечекте өз ишмердигин улантууга жөндөмдүүлүгүн баалоо жүргүзүлүшү керек. Ушул Эсеп саясатынын максаттары үчүн жакынкы келечек болуп отчеттук күндөн кийинки бир календарлык жылга барабар мезгил таанылат. Ошол эле учурда Эскертүүлөрдө мекеменин жетекчисинин пикири боюнча анын жоюлушунун же түзүмүнүн өзгөрүшүнүн жогорку ыктымалдуулугун күбөлөндүрө турган окуялар же шарттар толук ачылышы зарыл.
Активдер - болуп өткөн окуялардын натыйжасында мекеме тарабынан контролдонуучу жана алардан экономикалык пайдаларды же сервистик потенциалдын келип түшүүсү күтүлүп жаткан ресурстар.
Чыгымдар - отчеттук мезгилде активдердин агып чыгуусу же керектөө түрүндө же таза активдердин кыскаруусуна алып келүүчү жагдайлардын пайда болуусунан экономикалык пайдалардын же сервистик потенциалдын кыскаруулары.
Практикалык мүмкүн эместик - эгерде мекеме талап кылууну колдонуу боюнча бардык мүмкүн болгон аракеттерди жасагандан кийин аны колдоно албаса, талап кылууну колдонуунун практикада мүмкүн эместиги.
Милдеттенмелер - аларды жөнгө салуу өзүнө экономикалык пайдаларды же сервистик потенциалды камтыган ресурстардын мекемеден чыгып кетүүсүнө алып келе турган, болуп өткөн окуялардын натыйжасында келип чыккан мекеменин фактылык орун алган милдеттенмеси.
Беренелерди калтырып кетүү же бурмалоо эгерде алар өз - өзүнчө же жыйындысында финансылык отчеттуулуктун негизинде пайдалануучулар кабыл алуучу чечимдерге жана баалоого таасирин тийгизе алса, олуттуу болуп эсептелинет. Олуттуулук түзүлгөн жагдайлардын контекстинде баалана турган калтырып кетүүнүн же бузуунун мүнөзүнө жана өлчөмүнө көз каранды болот. Беренин мүнөзү жана өлчөмү же тигинин же мунун айкалышы чечүүчү фактор болуп калышы мүмкүн.
Таза активдер - мекеменин бардык милдеттенмелерин чыгарып салгандан кийинки мекеменин активдеринин калдыктуу үлүшү.
Киреше - таза активдердин көбөйүшүнө алып келүүчү экономикалык пайдалардын жана сервистик потенциалдын отчеттук мезгил ичиндеги дүң келип түшүүлөрү.
19.Финансылык отчеттуулук өзүнө отчеттун төмөнкү түрлөрүн камтыйт:
-финансылык абал жөнүндөгү отчет;
-финансылык натыйжалар жөнүндөгү отчет;
-таза активдердеги өзгөрүүлөр жөнүндөгү отчет;
-акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү отчет;
-Эскертүүлөр.
20.Финансылык отчеттуулук мекеменин финансылык абалын, ишмердигинин финансылык натыйжаларын жана акча агымдарын анык көрсөтүшү керек. Анык көрсөтүү ушул Эсеп саясатында баяндалган активдерди, милдеттенмелерди, түшкөн акчаны жана чыгымдарды таануунун аныктамаларына жана критерийлерине ылайык жүргүзүлгөн операциялардын, башка окуялардын жана шарттардын натыйжаларын туура чагылдырууну талап кылат.
21. Эгерде мекеменин финансылык отчеттуулугу толук өлчөмдө ушул Эсеп саясатына ылайык келсе, анда финансылык отчеттуулукка болгон Эскертүүлөрдө бул шайкештик жөнүндө ачык жана айныксыз жазылган билдирүү көрсөтүлөт.
22. Ушул Эсеп саясатынын талаптарына ылайык келбеген эсеп тартиби колдонулуп жаткан эсеп саясатын ачуу менен дагы, башка түшүндүрмө материалдар менен дагы ордун толтуруусу мүмкүн эмес.
23. Финансылык отчеттуулуктагы беренелерди көрсөтүү жана классификациялоо бир отчеттук мезгилден кийинкиге карата сакталат. Беренелерди көрсөтүү жана классификациялоо финансылык отчеттуулукту даярдоону жана берүүнү жөнгө салуучу ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизген учурда өзгөрүшү мүмкүн, бул учурда салыштырмалуу суммалар реклассификацияланат, ал эми мүнөзү, суммалар жана реклассификациянын себеби Эскертүүлөрдө ачылып көрсөтүлөт.
24. Окшош беренелерди агрегирлөө талаптарга ылайык жана отчеттуулук боюнча Жободогу каралган бөтөнчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.
25. Окшош беренелердин бардык олуттуу классы финансылык отчеттуулукта өзүнчө берилиши керек. Өзүнүн мүнөзү же функциясы боюнча бир-биринен айырмаланышкан беренелер , эгерде алар олуттуу эмес болсо, өз-өзүнчө берилиши керек.
26. Мурдагы пункттун максаттары үчүн финансылык абал жөнүндөгү отчеттун беренеси эгерде ал отчеттук күнгө карата отчеттун валютасынан 5% ашык болсо, олуттуу деп эсептелет. Финансылык натыйжалар жөнүндөгү отчет үчүн берене отчеттук мезгил үчүн бюджеттик каржылоонун жалпы суммасынан 5% ашык болсо , олуттуу деп эсептелет. Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү отчет үчүн берене эгерде ал отчеттук мезгил үчүн бардык төлөп берүүлөрдүн жалпы суммасынын 5% ашса, ал олуттуу деп эсептелинет.
27. Активдердин жана милдеттенмелердин беренелери боюнча өз ара талаптардын бардык чегерими мыйзамдуу юридикалык негиздер боюнча жүргүзүлөт. Кирешелерди жана чыгымдарды, ошондой эле акча агымдарынын беренелеринин чегерими ушул Эсеп саясатынын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
28. Салыштырмалуу маалымат бардык сандык маалымат үчүн, анын ичинде , эгерде Эскертүүлөрдө дагы ушул Эсеп саясаты менен башка талап кылынбаса мурдагы мезгилге карата ачылат.
29. Ушул Эсеп саясатына ылайык даярдалган финансылык отчеттуулук , өзүнчө, б.а. пайдалануучулар финансылык отчеттуулук боюнча маалыматты башка маалыматтан бөлүп алганга мүмкүнчүлүккө ээ болгондой кылып берилет.
30. Финансылык отчеттуулуктун ар бир компоненти төмөнкү маалыматты камтуусу керек:
-мекеменин аталышын, анын ичинде, мурдагы мезгилдеги анын аталышын( эгерде өзгөргөн болсо);
- отчеттуулук өзүнчө мекемени жа экономикалык бирдикти камтыгандыгын;
-отчеттук күндү же отчеттук мезгилди;
-отчеттуулуктун валютасын.
31.Финансылык отчеттуулук үчүн отчеттук мезгил болуп 1-январдан тартып 31-декабрды кошкондогу календардык жыл эсептелет. Жаңы түзүлгөн мекемелер үчүн биринчи отчеттук жыл болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте алардын каттоодон өткөн күнүнөн тартып, алар түзүлгөн жылдын 31 –декабрына чейинки мезгил эсептелет.
32. Активдердин жана милдеттенмелердин кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү беренелери финансылык абал жөнүндөгү отчетто өзүнчө топтор катары көрсөтүлөт.
33. Актив эгерде төмөнкү критерийлерге ылайык келсе, анда кыска мөөнөттүү катары классификацияланат:
-актив пайдаланууга чек коюлбаган акча же акчалык эквиваленттер болсо;
-актив отчеттук күндөн кийин 12 ай же мекеменин кадимки операциялык циклинин ичинде пайдаланылат же сатылат деп болжолдонсо;
-актив негизинен соода үчүн багытталса.
34. Милдеттенме эгерде төмөнкү критерийлерге ылайык келсе, ал кыска мөөнөттүү катары классификацияланат:
- милдеттенме отчеттук күндөн кийин 12 айда же мекеменин кадимки операциялык циклинин чектеринде жабылышы керек;
-милдеттенме негизинен соода операциялары менен байланышкан;
-мекеме милдеттенмени жабууну отчеттук күндөн кийин 12 айдан ашык мөөнөткө калтырууга укуксуз.
35. Кыска мөөнөттүү катары классификацияланбаган активдер жана милдеттенмелер узак мөөнөттүү катары классификацияланат.
36. Финансылык абал жөнүндөгү отчет төмөнкү беренелерди камтыйт:
- негизги каражаттар;
-материалдык эмес активдер;
-финансылык активдер;
-запастар;
-салыктар жана трансферттер боюнча талап кылуу укугу;
-дебитордук карыз;
-акча каржаттары жана акча эквивиаленттери;
-салыктар жана трансферттер боюнча милдеттенмелер;
-насыялык карыздар;
-резервдер;
-финансылык милдеттенмелер;
-таза активдер.
37. Төмөнкү кошумча беренелер, аталыштар жана аралык суммалар финансылык абал жөнүндөгү отчетте түздөн-түз көрсөтүлөт:
-«Активдер» аталышы;
-«Кыска мөөнөттүү активдер» кичи аталышы;
-«Кыска мөөнөттүү активдер жыйынтыгы» аралык суммасы;
-«Узак мөөнөттүү активдер» кичи аталышы;
-«Узак мөөнөттүү активдер жыйынтыгы» аралык суммасы;
-«Активдердин бардыгы» жыйынтык суммасы;
-«Милдеттенмелер » аталышы;
-«Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» кичи аталышы;
-«Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер жыйынтыгы» аралык суммасы;
-«Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» кичи аталышы;
-«Узак мөөнөттүү милдеттенмелер жыйынтыгы» аралык суммасы;
- «Милдеттенмелердин бардыгы» жыйынтык суммасы;
-«Таза активдер» аталышы;
-«Таза активдердин жалпы суммасы» аралык суммасы;
-«Таза активдердин жана милдеттенмелердин бардыгы» жыйынтык суммасы.
38. Мекеме Эскертүүлөрдө финансылык абал жөнүндөгү отчетто көрсөтүлгөн беренелердин ар биринин мындан аркы кичи класстары жөнүндөгү маалыматты ачат. Ушул Эсеп саясатынын башка бөлүктөрүндө кичи класстар жөнүндөгү маалыматты Эскертүүлөрдө ачуу боюнча талаптар толук баяндалат.
39. Эгерде ушул Эсеп саясаты башканы талап кылбаса, мезгил ичинде таанылган кирешелердин жана чыгымдардын бардык беренелери профициттин жана тартыштыктын курамына киргизилет.
40. Финансылык натыйжалар жөнүндөгү отчет төмөнкү беренелерди камтыйт:
-кирешени;
-каржылоо боюнча чыгымдарды;
-үлүштүк катыш методу боюнча эсептелүүчү ассоциацияланган же биргелешкен ишкананын таза пайдасынын же чыгашасынын үлүшү;
-профицит же тартыштык;
-азчылыктын үлүшүнө тишелүү профицит же тартыштык;
-контролдоочу субъекттин менчик ээлерине тиешелүү профицит же тартыштык.
41. Кирешелер жана чыгымдар жөнүндөгү Отчетто төмөнкү кошумча беренелер, аталыштар жана аралык суммалар түздөн-түз көрсөтүлөт:
-«Киреше» аталышы;
-«Кирешенин жалпы суммасы» аралык суммасы;
-«Чыгымдар» аталышы;
-«Чыгымдардын жалпы суммасы» аралык суммасы;
-«Пайда» (чыгаша) жыйынтык суммасы;
-контролдоочу мекеменин менчик ээлеринине жана азчылыктын үлүшүнө тиешелүү пайданын (чыгашанын) жыйынтык суммасын ачуу.
42. Финансылык натыйжалар жөнүндөгү Отчеттун беренелеринин кичи класстарын мындан аркы ачуу Финансылык натыйжалар жөнүндөгү Отчетто же Эскертүүлөрдө жүргүзүлөт. Ушул Эсеп саясатынын башка бөлүктөрүндө кирешелер жана чыгымдардын беренелеринин мындан аркы кичи класстары жөнүндө маалыматтарды Эскертүүлөрдө ачуу боюнча талаптар толугураак баяндалат.
43. Кирешелердин жалпы чоңдугун кичи класстарга бөлүү мекеменин операцияларына ылайык финансылык натыйжалар жөнүндөгү Отчеттун өзүндө же Эскертүүлөрдө жүргүзүлөт. Чыгымдардын жалпы чоңдугун кичи класстарга бөлүү чыгымдардын мүнөзүнө ылайык финансылык натыйжалар жөнүндөгү Отчеттун өзүндө же Эскертүүлөрдө жүргүзүлөт.
44. Эскертүүлөрдө эл аралык донорлордун жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана программалардын кесилишинде маалыматтар ачылат.
45. Таза активдердеги өзгөрүүлөр жөнүндөгү отчет төмөнкү маалыматты камтыйт:
-отчеттук мезгилдин ичиндеги профицитти жана тартыштыкты;
-мезгилдин башталышына жана отчеттук күнгө карата топтолгон профициттин жана тартыштыктын сальдосун;
-ушул Эсеп саясатынын талаптары боюнча түздөн-түз таза активдерде тааныла турган кирешелердин жана чыгымдардын беренелери;
-таза активдерде көрсөтүлгөн ар бир өзүнчө берене үчүн Эсеп саясатындагы өзгөрүүлөрдүн таасири, ощондой эле олуттуу каталар менен байланышкан түзөтүүлөрдүн таасири ;
-ар бир өзгөрүүнү өзүнчө ачуу менен таза активдердин мезгилдин башындагы жана аягындагы ар бир беренесинин баланстык наркын салыштырып текшерүү.
46. Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү Отчеттогу маалыматты ачуу жөнүндөгү талаптар ушул Эсеп саясатынын 2 – бабында көрсөтүлгөн.
47. Эскертүүлөрдө төмөнкү маалымат ачылат:
-финансылык отчеттуулукту даярдоонун негиз салуучу принциптери жана мекемеде колдонулуучу Эсеп саясаты;
-ушул Эсеп саясатына ылайык ачуу талап кылынган жана финансылык абал жөнүндөгү отчетто, финансылык натыйжалар жөнүндөгү отчетто, таза активдердеги өзгөрүүлөр жөнүндөгү отчетто жана акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү отчетто (мындан ары –бет отчеттору) түздөн –түз көрсөтүлбөгөн маалымат;
-ушул Эсеп саясаты менен түздөн –түз ачылуусу каралбаган, бирок бет отчетторун түшүнүү үчүн зарыл болгон башка бардык кошумча маалымат.
48.Эскертүүлөр тартипке салынган түрдө көрсөтүлөт Бет отчетторунда көрсөтүлгөн ар бир беренеде ага тиешелүү болгон бардык маалыматка Эскертүүлөрдө кайчылаш шилтемелер көрсөтүлөт.
49. Эскертүүлөр төмөнкүдөй тартипте көрсөтүлөт:
-отчет берип жаткан мекеме жөнүндөгү жалпы маалымат ( туруктуу турган орду, юридикалык формасы, юридикалык дареги, операциялардын мүнөзүн жана негизги ишмердигинин баяндамасы, мекеменин ишмердигин аныктоочу тиешелүү ченемдик укуктук актыга шилтеме, контролдоочу мекеменин аталышы, эгерде бул колдонула турган болсо, мекеменин жашоо мөөнөтүнүн узактыгы жөнүндө маалымат, мекеме аракет кылып жаткан экономикалык чөйрө, мекеменин толук аталышы, отчеттук күнгө карата кызматкерлердин саны, түзүмүн өзгөртүүгө карата пландары, каржылоонун булактары, ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жана программалардын кыскача баяндамасы);
-ушул Эсеп саясатынын талаптарына толук көлөмдө шайкештиги жөнүндөгү билдирүүсү;
-ар бир бет отчету жана ар бир берене кандай тартипте көрсөтүлсө, ошондой тартипте бет отчетторунун беренелерине маалыматты ачуу;
-бет отчетунун конкретүү беренеси менен түздөн-түз байланышпаган маалыматты башка ачуу: шарттуу милдеттенмелер, финансылык эмес мүнөздөгү ачуулар ( финансылык коркунучтарды башкаруунун максаттары жана саясаты).
50. Акча каражаттары - бул накталай акча каражаттары жана талап кылганга чейинки депозиттер.
51. Акча каржаттарынын эквиваленттери - акча каражаттарынын белгилүү суммасына жеңил конвертациялана турган жана наркынын өзгөрүүсүнүн чоң эмес коркунучуна дуушар болуучу кыска мөөнөттүү, жогорку өтүмдүү инвестициялар. Мындай инвестициялар болуп жабуу мөөнөтөү 3 айдан ашпаган депозиттер, жогорку өтүмдүү баалуу кагаздар, банктык овердрафттар эсептелет.
52. Акча каражаттарынын агымы - акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин агып кирүүлөрү ( түшүүлөр) жана агып чыгуулары (төлөп берүүлөр).
53. Контроль - анын ишмердигинен пайда табуу максатында башка мекеменин финансылык жана операциялык саясатын башкаруу боюнча ыйгарым укуктар.
54.Финансылык ишмердик - анын натыйжасында мекеменин салынган капиталынын жана карыз каражаттарынын өлчөмүндө жана курамында өзгөрүүлөр пайда боло турган ишмердик.
55. Инвестициялык ишмердик - акча эквиваленттерине тиешелүү болбогон узак мөөнөттүү активдерди жана башка инвестицияларды сатып алуу жана сатуу.
56. Операциялык ишмердик - бул мекеменин инвестициялык же финансылык ишмердикке тиешелүү болбой турган ишмердиги.
57.Отчеттук күн - финансылык отчеттуулук тиешелүү болгон отчеттук мезгилдин акыркы күнү.
58. Акча каражаттарынын агып кирүүлөрү жана агып чыгуулары эсепте жана акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү Отчетто Бирдиктүү казыналык эсепке киргизилген же андан эсептен чыгарылган моментте таанылат.
59. Мекеменин кассасына мекеменин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдөн түшкөн накталай акча каражаттары ушул акча каражаттары Бирдиктүү казыналык эсепке инкассаланган (киргизилген) моментте эсепте таанылат жана акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү Отчетто чагылдырылат.
60. Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү Отчетто акча каражаттарынын мезгил ичиндеги кыймылы операциялык, инвестициялык жана финансылык ишмердиктин кесилишинде көрсөтүлөт.
61. Операциялык ишмердик ага акча каражаттарын генерациялоочу мекеменин негизги ишмердиги менен байланышкан.
62. Акча каражаттарынын төмөнкү агымдары операциялык ишмердикке тиешелүү болот:
-салыктар, алымдар жана жазапулдар түрүндөгү акча каражаттарынын түшүүсү;
-товарларды сатуудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн акча каражаттарынын түшүүсү;
-гранттар же трансферттер жана башка ассигнованиелер түрүндө акча каражаттарынын түшүүсү;
-роялти, гонорарлар, комиссиялар жана кирешелердин башка түрүндө акча каражаттарынын түшүүсү;
-акча каражаттарынын түшүүлөрү жана камсыздандыруучу уюмдун камсыздандыруу сыйлыктары жана камсыздандыруу келишимдери жана башка камсыздандыруу полистери боюнча ордун толтуруулар түрүндөгү төлөмдөрү;
- акча каражаттарынын түшүүлөрү же токтотулуучу операциялардан төлөмдөр;
-акча каражаттарынын түшүүлөрү же соттук чечимдерге байланышкан төлөмдөр;
-үстөктөр жана дивиденддер боюнча акча каражаттарынын түшүүлөрү;
-алардын операцияларын каржылоо үчүн башка мекемелерге акчалай төлөмдөр (карыздарды эсептебегенде);
- товарлар жана кызматтары үчүн жөнөтүүчүлөргө акчалай төлөмдөр;
-кызматкерлерге жана алардын атынан акчалай төлөмдөр;
-менчикке жергиликтүү салыктар же операциялык ишмердикке байланышкан кирешеге салык (эгерде каралган болсо), түрүндөгү акчалай төлөмдөр;
-үстөктөр жана дивиденддер боюнча акчалай төлөп берүүлөр.
63. Инвестициялык ишмердик- бул акча эквиваленттерине тиешелүү болбогон узак мөөнөттүү активдерди жана башка инвестицияларды сатып алуу жана сатуу.
64. Акча каражаттарынын төмөнкү агымдары инвестициялык ишмердикке тиешелүү болот:
- иштетүүгө капиталдаштырылуучу чыгымдоолорду жана негизги каражаттарды өз бетинче куруудагы төлөмдөрдү кошо, негизги каражаттарды, материалдык эмес жана башка узак мөөнөттүү активдерди сатып алуудагы акчалай формадагы төлөмдөр;
-негизги каражаттарды, материалдык эмес активдерди жана башка узак мөөнөттүү активдерди сатуудан акча каражаттарынын түшүүлөрү;
-башка мекемелердин үлүштүк же карыздык инструменттерин жана биргелешкен ишканалардагы катышуу үлүштөрүн сатып алуудагы акчалай формасындагы төлөмдөр ( акча каражаттарынын эквивалентине чегерилген же дилердик жана соода максаттары үчүн арналган финансылык инструменттер үчүн төлөмдөрдөн башка);
-башка тараптарга берилген авансалык акчалай төлөмдөр жана насыялар ( мамлекеттик финансылык мекеме тарабынан берилген аванстык төлөмдөрдөн жана насыялардан башка);
-дилердик же соода максаттарына же финансылык ишмердикке багытталган контракттардан же финансылык ишмердикке чегерилген төлөмдөрдөн башка, фьючерстик жана форварддык контракттар, опциондор, своптор боюнча акчалай формасындагы төлөмдөр;
-дилердик же соода максаттарына же финансылык ишмердикке багытталган контракттардан же финансылык ишмердикке чегерилген түшүүлөрдөн башка, фьючерстик жана форварддык контракттар, опциондор, своптор боюнча акча каражаттарынын түшүүлөрү.
65. Финансылык ишмердик - бул мекеменин капиталдарынын жана карыздык каражаттарынын өлчөмүндө жана курамында анын натыйжасында өзгөрүүлөр пайда боло турган ишмердик.
66. Акча каражаттарынын төмөнкү агымдары финансылык ишмердикке таандык болот:
- облигацияларды, зайымдарды, векселдерди, бонддорду, күрөөлүк документтерди жана башка кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү карыз алуулардан акча каражаттарынын келип түшүүлөрү;
- насыянын жабуудагы акчалай төлөмдөр;
-финансылык ижара боюнча карызды жабуу үчүн ижарачынын акчалай формасындагы төлөмдөрү.
67.Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү Отчетто операциялык ишмердик түз методду колдонуу менен көрсөтүлөт. Ушул методко ылайык, отчетто отчетто негизги дүң акча түшүүлөр менен төлөмдөр жөнүндөгү маалымат ачылат. Бул маалыматтын булагы болуп, ЭБПтин акча агымдарынын элементтери боюнча бухгалтердик эсептин жазуулары эсептелет.
68. Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү Отчетто акча каражаттарынын түшүүлөрү жана төлөмдөр төмөнкү учурларда нетто негизде көрсөтүлөт:
-акча каражаттарынын түшүүлөрү жана төлөмүнүн белгиленген мөөнөтү бар салымдарды кабыл алууга жана төлөп берүүгө байланыштуу төлөп берүүлөрдө;
-салымдарды жайгаштыруу жана башка финансылык мекемелерден салымдарды алууларда;
-кардарларга аванстык төлөмдөр жана насыялар жана акчалай формада бул аванстарды жана насыяларды жабууда.
69. Чет өлкөлүк валютадагы операциялар боюнча акча каражаттарынын кыймылы жана чет өлкөлүк мекеменин акча каражаттарынын кыймылы чет өлкөлүк валютадагы суммага акча каражаттарынын кыймылы пайда болгон күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы белгилеген алмашуу курсун колдонуу жолу менен улуттук валютада чагылдырылат.
70. Алынган жана төлөп берилген үстөктөр жана дивиденддер боюнча түшүүлөр жана төлөмдөр акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү Отчетто өзүнчө ачылат.
71. Акча каражаттарынын же алардын эквиваленттеринин кыймылын талап кылбай турган операциялар акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү Отчетуна киргизилбейт жана башка бет отчетторунда же Эскертүүлөрдө ачылат.
72. Эскертүүлөрдө акча каражаттарынын компоненттери жөнүндөгү маалымат ачылат, ал эми акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү Отчетто финансылык абал жөнүндөгү отчетто көрсөтүлгөн окшош беренелер менен суммаларды так текшерүүсүн көрсөтүшөт.
73. Эскертүүлөрдө пайдалануу үчүн жеткиликтүү эмес болгон акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин болгон калдыктары жөнүндө маалымат ачылат. Мекеменин жетекчилиги ошондой эле Эскертүүлөрдө мындай чектөөлөрдүн мүнөзүнө жана себептерине комментарийлерди берет.
74. Мурдагы пункттун максаттары үчүн мекеменин пайдалануусу үчүн жеткиликтүү эмес болгон акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин суммасы эгерде мындай сумма отчеттук мезгилде алынган бюджеттик каржылоонун 5% чоңдугунан ашып кетсе, калдыктын олуттуу суммасын түзөт.
75. Бухгалтердик баалоолордогу өзгөртүү - активдин, милдеттенменин, активдер жана милдеттенмелер менен байланышкан күтүлүп жаткан келечектеги пайдалардын жана милдеттердин күндөлүк абалын баалоонун натыйжасында келип чыккан активдин же милдеттенменин баланстык суммасын, же активдин мезгилдүү керектелүүчү суммасын түзөтүү. Бухгалтердик баалоолордогу өзгөртүүлөр жаңы маалыматтын же жаңы окуялардын пайда болуусунун натыйжасында келип чыгат жана ошондуктан каталарды түзөтүү болуп эсептелбейт.
76. Практикалык мүмкүн эместик - конкреттүү мурдагы мезгилге карата эсеп саясатында өзгөртүүлөрдү ретроспективдүү колдонуу же катаны түзөтүү үчүн кайра эсептөөнү ретроспективдүү жүргүзүү практикалык мүмкүн эмес деп эсептелет, эгерде:
-эсеп саясатында өзгөртүүлөрдү ретроспективдүү колдонуунун же ретроспективдүү кайра эсептөөнүн эффектисин аныктоо мүмкүн эмес болсо;
-ретроспективдүү колдонуу же ретроспективдүү кайра эсептөө ошол мезгилдеги жетекчиликтин ниеттенүүлөрү кандай болгондугу жөнүндөгү жол берүүлөрдү талап кылуусунда;
-ретроспективалык колдонуу же ретроспективалык кайра эсептөө олуттуу суммалардын эсептик баалоосун талап кылат жана 1) суммалардын таанылышы , бааланышы жана ачылышы керек болгон ошол күнгө карата жагдайлар жөнүндөгү маалыматтарды көрсөтө турган; жана 2) ошол мезгил үчүн финансылык отчеттуулукту чыгарууга бекитүү моментине карата жеткиликтүү боло турган ушул суммаларды баалоо жөнүндөгү маалыматты башка маалыматтан объективдүү бөлүп алууга мүмкүнчүлүк жок болгондо.
77. Мурдагы мезгилдердин каталары -
- ушул мезгилдер үчүн финансылык отчеттуулук чыгарууга бектилип жаткан учурда жеткиликтүү болгон;
-берилген отчеттук мезгилдер үчүн финансылык отчетторду даярдоо жана берүү учурунда алынып жана эске алына турган ишенимдүү маалыматты пайдаланбоонун же туура эмес пайдалануунун аркасында келип чыккан мурдагы бир же андан көп мезгилдер үчүн финансылык отчеттордо орун алган калтырып кетүүлөр жана бузуулар.
Мындай каталар өзүнө арифметикалык каталарды, эсеп саясатын колдонуудагы каталарды, фактыларды калтырып кетүүлөрд же туура эмес түшүнүүнү же алдамчылыкты камтыйт.
78. Эсеп саясатында өзгөртүүлөрдү келечектүү колдонуу жана мындай өзгөртүүлөрдүн бухгалтердик баалоолордогу таасирин таануу-бул:
-эсеп саясатын өзгөрткөн күндөн кийин орун алган операцияларга, башка окуяларга жана шарттарга жаңы эсеп саясатын колдонуу;
-өзгөртүүгө кабылган өтүп жаткан күндөлүк жана келечектеги мезгилдердеги бухгалтердик баалоолордогу өзгөртүүлөрдүн таасирлерин таануу.
79. Ретроспективалык колдонуу – бул жаңы саясат дайыма колдонулуп жүргөндөй эле операцияларга, башка окуяларга жана шарттарга жаңы эсеп саясатын колдонуу.
80.Ретроспективдүү кайра эсептөө-мурдагы мезгилдеги ката эч качан орун албагандай кылып финансылык отчеттуулуктагы элементтериндеги таанылган, бааланган жана ачылган суммалардын түзөтүүсү.
81. Ушул бөлүктүн максаттары үчүн эгерде ушул ката менен байланышкан маалыматтарды калтырып кетүү же бурмалоо баланстын валютасын отчеттук күнгө карата 1% же андан көп азайтса же көбөйтсө олуттуу деп эсептелет.
82. Мекемелер бардык окшош операцияларга, окуяларга жана шарттарга ушул Эсеп саясатын колдонушат.
83.Ушул Эсеп саясатына өзгөртүүлөр жана толуктоолор Финансы министрлиги тарабынан белгиленген тартипте киргизилет.
84. Конкреттүү стандартты баштапкы колдонууда жаңы эсеп саясаты мекемелер тарабынан келечектүү колдонулат.
85. Эсеп саясатына киргизиле турган өзгөртүүлөр отчеттуулук биринчи жолу ушул Эсеп саясатына толук шайкештикте даярдалгандан кийин гана ретроспективалуу эске алынат. Эгерде эсеп саясатына киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн ретроспективалуу эсеби иш жүзүндө мүмкүн болбосо, андай мындай иш жүзүндөгү мүмкүн эместик Эскертүүлөрдө негизделип жана ачылышы керек.
86. Ушул Эсеп саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Эскертүүлөрдө төмөнкү маалымат ачылат:
-эсеп саясатындагы өзгөртүүлөрдүн мүнөзү;
-күндөлүк жана салыштырмалуу мезгилдер үчүн финансылык отчеттуулуктун ар бир тиешелүү беренелери боюнча түзөтүүнүн суммасы;
-салыштырмалуу маалыматтан мурдагы мезгилдерге тиешелүү болгон түзөтүүнүн суммасы.
87. Бухгалтердик баалоолордун мисалдары болуп үмүтсүз карыздарды баалоо,запастардын эскирүүсү, активдердин жана милдеттенмелердин адилеттүү наркы, негизги каражаттардын пайдалуу кызматынын мөөнөттөрү жана амортизациясынын методдору, кепилдик милдеттенмелер, резервдер чыга алышат.
88. Бухгалтердик баалоолордогу өзгөртүүлөр перспективалуу эске алынат, ал эми өзгөртүүлөрдүн натыйжасы өзгөртүү болуп өткөн мезгил үчүн таза пайданын же чыгашанын эсебине киргизилет , ал эми зарыл болгон учурда боло турган мезгилдерде дагы киргизилет.
89.Эгерде бухгалтердик баалоолордогу өзгөртүүлөр активдерге, милдеттенмелерге жана таза активдерге таасир тийгизсе, анда бул өзгөртүү тиешелүү активдин, милдеттенменин же таза активдердин беренесин мындай өзгөртүү болуп өткөн мезгилде баланстык наркын түзөтүү жолу менен таанылат.
90. Мекеме Эскертүүлөрдө бухгалтердик баалоолордогу олуттуу өзгөртүүлөрдүн мүнөзүн жана чоңдугун ачат. Ушул пункттун максаттары үчүн олуттуулуктун деңгээли финансылык отчеттуулуктун беренелерин агрегирлөө максаттары үчүн аныктагандай эле эле жүргүзүлөт.
91. Мурдагы отчеттук мезгилдердин бардык олуттуу каталары финансылык отчеттуулукта ретроспективалуу түрдө түзөтүлөт. Бухгалтердик эсептин регистрлеринде мурдагы отчеттук мезгилген тиешелүү болгон бардык каталар таза активдердин эсептери менен корреспонденциялоо жолу менен түзөтүлөт.
92. Ретроспективалык мамиледе эгерде ката салыштырмалуу суммага эле таасир берсе, анда финансылык отчетто салыштырмалуу суммалар түзөтүлөт, эгерде ката эң мурдагы салыштырмалуу мезгилге чейин кетирилген болсо, анда отчеттуулукта көрсөтүлгөн мезгилдин эң мурдагы активдеринин, милдеттенмелеринин жана таза активдеринин баштапкы сальдосу түзөтүлөт.
93. Күндөлүк мезгилдеги каталар ушул эле отчеттук мезгилде оңдолот.
94. Жабуунун курсу- отчеттук күнгө карата күндөлүк алмашуу курсу.
95. Курстук айырма-бир валютадагы белгилүү бирдиктердин санын валюталардын ар кандай алмашуу курстарын пайдалануу менен башка валютага которууда келип чыгуучу айырма.
96. Валюталардын алмашуу курсу- бир валютаны башкага алмаштыруудагы салыштырмалуулук.
97. Чет өлкөлүк валюта- мекеменин функционалдуу валютасынан айырмаланган башка бардык валюта.
98. Чет өлкөлүк бөлүнүш- бул контролдонуучу, ассоциацияланган мекеме, биргелешкен ишкана болуп эсептелген субъект, же ишмердиги өлкөдөн же отчет берүүчү мекеменин валютасынан айырмаланган өлкөдө же валютада орун алган отчет берүүчү мекеменин филиалы.
99. Функционалдуу валюта- бул мекеме өзүнүн ишмердигин жүргүзүп жаткан негизги экономикалык чөйрөнүн валютасы.
100. Монетардык (акча) беренелери - колдо бар валютанын бирдиктери, ошондой эле валюталардын бирдиктеринин белгиленген же аныкталуучу саны менен көрсөтүлгөн алууга жана төлөп берүүгө активдер жана милдеттенмелер.
101. Чет өлкөлүк бөлүнүшкө таза инвестициялар - бул чет өлкөлүк бөлүнүштүн таза активдериндеги отчет берүүчү мекеменин катыштык үлүшү.
102. Отчеттуулукту берүүнүн валютасы- финансылык отчеттуулук бериле турган валюта.
103. Күндөлүк алмашуу курсу - токтоосуз аткаруу учурундагы валюталардын алмашуу курсу.
104. Кыргыз Республикасынын территориясында жайгашкан мекемелердин функционалдуу валютасы болуп улуттук валюта-кыргыз сому эсептелет.
105. Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жайгашкан мекемелердин функционалдык валютасы болуп, бул мекеме өз ишмердигин жүргүзүп жаткан өлкөнүн валютасы эсептелет.
106. Бардык мекемелер үчүн алардын жайгашкан ордуна карабастан отчеттуулуктун валютасы болуп Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – кыргыз сому эсептелинет.
107. Баштапкы таанууда чет өлкөлүк валютадагы операция чет өлкөлүк валютадагы суммага чет өлкөлүк валютанын функционалдууга карата операциянын күнүндөгү абалына карата күндөлүк алмашуу курсун колдонуу менен функционалдык валютада эсепке алынат.
108. Ушул Эсеп саясатынын максаттары үчүн күндөлүк алмашуу курсу болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы белгилеген жана операция күнүнө карата аракеттеги функционалдууга карата чет өлкөлүк валютанын эсептик курсу эсептелет.
109. Операциянын күнү болуп ушул Эсеп саясатына ылайык, операцияны таануунун критерийлери алгачкы жолу аткарылган күн эсептелинет. Бул эрежеден тышкары катары, накталай акча каражаттарына мекеменин товарларды, жумуштарды жана кызматтарды (анын ичинде чет өлкөдө) сатып алуулар эсептелет. Мындай операциялар боюнча операциянын күнү болуп, баштапкы тастыктама документинде көрсөтүлгөн күн эсептелет, ал эми активдерди жана чыгымдарды таануу авансалык отчетту бекитүү күнү боюнча жүргүзүлөт.
110. Ар бир отчеттук күнгө карата чет өлкөлүк валютадагы акча беренелери операциянын күнүнө карата аракеттеги КРУБдун курсу боюнча улуттук валютага которулат.
111. Чет өлкөлүк валютада тарыхий наркы боюнча баалана турган акчалай эмес беренелер операциянын күнүнө карата аракеттеги КРУБдун курсу боюнча улуттук валютага которулат.
112. Чет өлкөлүк валютада адилеттүү наркы боюнча баалана турган акчалай эмес беренелер адилеттүү наркын аныктоонун күнүнө карата аракеттеги КРУБдун курсу боюнча улуттук валютага которулат.
113. Акча беренелери боюнча эсептешүүлөрдө же аларды баштапкы таанууда которулган курстардан айырмаланган курстар боюнча акча беренелерин которууда келип чыгуучу курстук айырмалар алар келип чыккан мезгил ичиндеги пайдаларда жана чыгашаларда таанылат.
114.Эгерде мекеменин функционалдык валютасы отчеттуулуктун валютасынан айырмаланса, анда финансылык ишмердиктин натыйжалары жана мекеменин финансылык абалы төмөнкү процедураларды пайдалануу менен отчеттуулуктун валютасына которулат:
- ар бир берилген бухгалтердик баланстагы активдер жана милдеттенмелер (б.а. салыштырмалуу маалыматтарды кошо) отчеттук күнгө карата КРУБдун курсу боюнча которулат;
-кирешелер жана чыгашалар жөнүндөгү ар бир Отчет үчүн кирешелер жана чыгымдар (б.а. салыштырмалуу маалыматтарды кошо) КРУБдун курсу боюнча которулат;
-которуунун натыйжасында келип чыккан бардык курстук айырмалар таза активдердин өзүнчө компоненти катары таанылат.
115. Функционалдык валютасы отчеттуулуктун валютасынан айырмаланган мекеменин ишмердиги токтотулган учурда ушул мекемеге тиешелүү болгон таза активдердин өзүнчө компоненти катары эсептелген , курстук айырманын топтолгон суммасы пайданы же чыгып кетүүдөн келген чыгашаны таанууда пайданын же чыгашанын курамында таанылат.
116. Мекеме төмөнкүлөрдү ачат:
- финансылык инструменттер боюнча келип чыккан, адилеттүү наркы боюнча эсептелүүчү курстук айырмалардан тышкары, пайдаларда же чыгашаларда таанылган курстук айырмачылыктардын суммасын;
-таза активдердин өзүнчө компонентинде таанылган таза курстук айрмаларды жана ошондой эле мезгилдин башындагы жана аягындагы мындай курстук айырмалардын суммасын салыштырылып текшерүүсүн.
117. Алмашуу операциясы мекеме анын учурунда активдерди, кызматтарды ала турган, милдеттенмелерди жапкан же башка тарапка болжол менен бирдей наркты түздөн-түз алмашууга ( негизинен товарлар , кызматтар же активдерди пайдалануу мүмкүнчүлүгү түрүндө) өткөрүп бере турган операция болуп эсептелет.
118. Адилеттүү нарк- бул жакшы маалыматтуу, бүтүмдү жасоону каалаган көз каранды эмес тараптардын ортосундагы бүтүмдү аткаруу учурунда активди алмашууга же милдеттенмени жөнгө салууга боло турган сумма.
119. Алмашуу эмес операциялар - бул алмашуу болуп эсептелбеген операциялар.
120. Мекеме ушул бөлүктү төмөнкү алмаштыруу операцияларынын натыйжасында пайда боло турган кирешени эсепке алуу үчүн колдонот:
-кызматтарды көрсөтүү;
-товарларды сатуу;
-мекеменин үстөктөрдү, лицензиялык жыйымдарды, дивиденддерди же ага окшош бөлүштүрүлүүчү пайдаларды алып келүүчү активдерин башка тараптардын пайдаланышы.
121. Алмашуу операциясы - бул мекеме анын учурунда активдерди, кызматтарды ала турган, милдеттенмелерди жапкан же башка тарапка болжол менен бирдей наркты түздөн-түз алмашууга ( негизинен товарлар , кызматтар же активдерди пайдалануу мүмкүнчүлүгү түрүндө) өткөрүп бере турган операция болуп эсептелет. Алмашуу болуп эсептелбеген операция алмашуу эмес операциясы катары каралат.
122. Бул бөлүк төмөнкүлөрдүн натыйжасында келип чыккан кирешелерге колдонулбайт:
-ижара келишимдеринен;
- дивиденддерден же ошого окшош бөлүштүрүлүүчү үлүштүк катыштын методу боюнча эсепке алынган инвестициялардан келип чыгуучу пайдалардан;
-негизги каражаттарды сатуудан пайдадан;
-камсыздандыруу келишимдеринен;
-финансылык активдердин жана милдеттенмелердин адилеттүү наркындагы өзгөрүүлөрдөн же аларды сатуудан;
-башка жүгүртүүчү активдердин наркындагы өзгөрүүлөрдө;
-айыл чарба ишмердиги менен байланышкан биологиялык активдердин адилеттүү наркындагы баштапкы таанууда жана өзгөрүүлөрдө;
-айыл чарба продукциясын баштапкы таануусунда;
-пайдалуу кендерди казып алууда.
123. Киреше алынган же алынуусу күтүлүп жаткан ордун толтуруунун адилеттүү наркы боюнча өлчөнөт. Адилеттүү нарк - бул ага активди алмашууга боло турган же жакшы маалыматтуу, мындай бүтүмдү аткарууну каалган көз карандысыз тараптардын ортосундагы бүтүмдү жасоо учурунда милдеттенмени жөнгө салууга боло турган сумма.
124. Товарлар же кызматтар мүнөзү жана наркы боюнча окшош товарларга же кызматтарга алмашылган учурларда, мындай алмашуу киреше алып келүүчү операция катары каралбайт. Товарлар сатылган учурда же кызматтар айырмаланган товарларга же кызматтарга алмашылган учурда, мындай алмашуу киреше алып келүүчү операция катары каралат. Бул учурда киреше алынган товарлардын же кызматтардын которулган акча каражаттардын жана алардын эквиваленттеринин суммасына түздөлгөн адилеттүү наркы боюнча өлчөнөт.
125. Кызматтарды көрсөтүүнү болжолдогон операциянын натыйжасын ишенимдүү баалоо мүмкүн болгондо, бул операцияга байланышкан киреше операциянын отчеттук күнгө карата бүтүүсүнүн даражасын эске алуу менен таанылат. Бул учурда операциянын натыйжасы төмөнкү шарттар биргелешип аткарыла турган болсо, ишенимдүү баалана алат:
-кирешенин чоңдугу ишенимдүү бааланышы мүмкүн;
-операцияга байланышкан экономикалык пайдалар же сервистик потенциал субъектке келип түшүүсүнүн жогорку ыктымалдуулугу бар;
-отчеттук күнгө карата операциянын аяктоо даражасы ишенимдүү бааланышы мүмкүн;
-операцияга байланыштуу чыгымдоолор жана аны аяктоо үчүн зарыл болгон чыгымдоолор ишенимдүү түрдө бааланышы мүмкүн.
126. Кызматтарды көрсөтүүнү болжолдогон операциянын натыйжасы ишенимдүү бааланышы мүмкүн болбогон учурда, киреше таанылган ордун толтуруучу чыгымдардын гана чоңдугуна таанылат.
127. Товарларды сатуудан кирешелер төмөнкү көрсөтүлгөн шарттардын бардыгы канааттандырылган учурда гана таанылат:
- мекеме товарларга ээлик кылуу менен байланыщкан олуттуу коркунучтарды жана пайдаларды сатып алуучуга которду;
-мекеме демейде менчик укугу менен ассоциацияланган даражада сатылган товарларды тескөөгө дагы , аларга реалдуу ээлик кылууну ишке ашырууга дагы мындан ары катышпайт;
-кирешенин чоңдугу ишенимдүү баалана алат;
-операцияга байланышкан экономикалык пайдалар жана сервистик потенциал мекемеге келип түшүүсүнүн жогорку ыктымалдуулугу орун алган;
-операция менен байланышкан тартылган же күтүлүп жаткан чыгымдар ишенимдүү түрдө баалана алышат.
128. Мекеменин үстөктөрдү, лицензиялык төлөмдөрдү жана дивидендерди алып келүүчү, же ага окшош пайдаларды бөлүштүрүүчү активдерин башка тараптардын пайдалануусунан келип чыгуучу киреше төмөнкү учурларда таанылат:
-операцияга байланышкан экономикалык пайдалардын же сервистик потенциалдардын мекемеге түшө тургандыгы боюнча жогорку ыктымалдуулук орун алганда;
-кирешенин чоңдугу ишенимдүү түрдө баалана алат.
129. Мекеменин активдерин башка тараптардын пайдаланышынан келип чыккан киреше эсептин төмөнкү методдорун пайдалануу менен таанылат:
-активдин реалдуу кирешелүүлүгүн эсепке ала турган пропорционалдык мезгилдик негизде таанылат;
-лицензиялык төлөмдөр тиешелүү келишимдин мазмунуна ылайык кошуп эсептөө методу боюнча таанылат;
-дивиденддер же ага окшош пайдаларды бөлүштүрүү акционерлардин же мекеменин төлөп берүүлөрдү алууга укугу белгиленгенден кийин таанылат.
130. Мекеме алмашуу операцияларынан кирешелерге карата төмөнкү маалыматты ачат:
-кирешени таануу үчүн кабыл алынган эсеп саясатын, анын ичинде кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан операциялардын аяктоо даражасын аныктоо үчүн кабыл алынган методдорду;
-мезгил ичинде таанылган кирешенин ар бир олуттуу категориясынын, анын ичинде 1) кызматтарды көрсөтүүдөн; 2) товарларды сатуудан; 3) үстөктөрдөн; 4) лицензиялык төлөмдөрдөн; 5) дивиденддерден жана пайданы ага окшош бөлүштүрүүлөрдөн пайда болгон кирешенин чоңдугун;
-кирешенин ар бир олуттуу категориясына кошулган, товарларды жана кызматтарды алмашуудан пайда болгон кирешенин чоңдугун.
131. Ордун басуучу күндөлүк нарк - отчеттук күнгө карата активди сатып алуунун аркасында келип чыккан чыгымдар.
132. Запастар (корлор) - активдер:
-өндүрүштүк процессте пайдалануу үчүн чийки зат жана материалдар түрүндө;
-кызмат көрсөтүүлөрдө керектелүүчү жа өткөрүлүп берүүчү чийки зат жана материалдар түрүндө;
-кадимки ишмердиктин жүрүшүндө сатууга же бөлүштүрүүгө багытталган;
-сатуу үчүн же өткөрүп берүү үчүн өндүрүлүүчү.
133. Таза сатуу наркы - аяктоо боюнча болжолдуу чыгымдарды жана сатуу, алмашуу же өткөрүп берүү менен байланышкан болжолдуу чыгымдарды алып салуу менен кадимки ишмердиктин процессинде сатуунун күтүлүп жаткан баасы.
134. Бул бап төмөнкүлөрдөн тышкары запастардын (кордун) эсебин алууга колдонулат:
-курулушка келишимдерди аткаруунун процессинде келип чыккан бүтө элек жумуштар;
-финансылык инструменттер;
-түшүмдү жыйноо стадиясындагы айыл чарба иштерине жана айыл чарба продукциясына байланышкан биологиялык активдер;
-ордун толтурбастан же алуучулардан түздөн - түз номиналдуу ордун толтуруу менен көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча бүтө элек иштер.
135.Бул бап төмөнкүлөр ээлеген запастарды баалоого колдонулбайт:
-айыл чарба жана токой продукциясын, түшүмдү жыйнап алгандан кийинки айыл чарба продукциясын, минералдардын жана минералдык продукцияны таза сатуу наркы менен бааланган өлчөмдө өндүрүүчүлөр;
-өз запастарын сатууга кеткен чыгымдарды алып салгандан кийинки адилеттүү наркы боюнча баалаган чийки товарлар боюнча брокер - дилерлер.
136.Запастар эки чоңдуктун эң кичинеси боюнча бааланат: төмөндө баяндалган учурлардан тышкары өздүк наркы жана сатуунун таза наркы боюнча.
137. Запастар алмашуу эмес операция аркылуу сатылып алынса алардын наркы сатып алынган күнгө карата адилеттүү наркы боюнча бааланат.
138. Запастар өздүк наркынын чоңдуктарынын эң кичинеси жана ордун басуунун күндөлүк наркы боюнча төмөнкү учурларда, эгерде алар төмөнкүлөргө багытталса бааланат:
-акысыз өткөрүп берүү же номиналдык наркы боюнча өткөрүп берүүгө;
-акысыз өткөрүп берүүгө же номиалдык наркы боюнча өткөрүп берүүгө жаткан товарларды өндүрүүнүн процессинде керектөөгө.
139. Запастардын өздүк наркы сатып алууга, кайра иштетүүгө жана башка запастардын азыркы турган ордун жана абалын камсыз кылуу үчүн зарпталган чыгымдоолорду өзүнө камтыйт.
140. Өз ара алмаштырылбай турган запастардын айрым беренелеринин , ошондой эле атайын долбоорлор үчүн өндүрүлгөн жана арналган товарлардын жана кызматтардын өздүк наркы жекече чыгымдарды спецификалык идентификациялоо жолу менен аныкталышы керек.
141. Жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн башка запастардын өздүк наркы орточо салмакталган наркы боюнча аныкталат.
142.Запастардын өздүк наркы эгерде бул запастар зыянга учураган, толугу менен же бир бөлүгүндө эскирген жана алардын сатуу баасы төмөндөгөн болсо ордун толтурууга жатпай калуусу мүмкүн , анда бул учурда мекеме өздүк наркын таза сатуунун наркына чейин эсептен чыгарууну жүргүзөт.
143. Запастарды таза сатуу наркына чейин эсептен чыгаруу беренелер боюнча жүргүзүлөт. Чийки заттар жана башка материалдар, эгерде алар кошула турган даяр продукция сатылса, алмашылса же өздүк наркы боюнча же өздүк наркынан жогору өткөрүлүп бериле турган болсо , эсептен өздүк наркынан төмөн чыгарылбайт.
144. Ар бир отчеттук күнгө карата таза сатуу наркын баалоо жүргүзүлөт. Эгерде таза сатуу наркынын жогорулоосунун ачык күбөлөрү болсо, эсептен чыгаруунун суммасы баштапкы сумманын чектеринде калыбына келтирилет.
145. Запастарды сатуудан, алмаштыруудан же өткөрүп берүүдөн кийин , алар эсепке алынган сумма тиешелүү киреше таанылган мезгилде чыгымдоо катары таанылышы керек. Эгерде муну менен байланышкан киреше жок болсо, товарлар өткөрүлүп берилгенден же кызматтар көрсөтүлгөндөн кийин чыгымдоо таанылат. Запастардын наркынын бир бөлүгүн таза сатуу наркына чейин эсептен чыгаруунун чоңдугу жана запастардын бардык жоготуулары чыгымдоолор катары эсептен чыгарууну ишке ашыруунун же жоготуулардын пайда болуу мезгилинде таанылат. Бир бөлүгүндөгү бардык эсептен чыгарууну реверсирлөө реверсирлөөнү жүргүзүү мезгилиндеги чыгымдоолор катары таанылган запастардын чоңдугун азайтуу түрүндө таанылат.
146.Финансылык отчеттуулукта төмөнкү маалымат ачылат:
-запастарды баалоо үчүн кабыл алынган эсеп саясаты;
Запастардын жалпы баланстык наркы жана запастардын категорияларынын баланстык наркы;
-сатууга кетүүчү чыгымдарды алып салуу менен адилеттүү наркы боюнча көрсөтүлгөн запастардын баланстык наркы;
-мезгил ичинде чыгымдоолор катары таанылган запастардын суммасы.
147. Ушул Эсеп саясатынын 204 - пунктунун талаптарына ылайык, чыгымдоолор катары отчеттук мезгилдин ичинде запастарды бардык эсептен чыгарууларынын суммасы.
148.Ушул Эсеп саясатынын 204 - пунктунун талаптарына ылайык, отчеттук мезгилдин ичинде финансылык натыйжалар жөнүндөгү отчетто тааныла турган бардык эсептен чыгаруулардын кайтарылышынын чоңдугу.
149.Ушул Эсеп саясатынын 204 - пунктунун талаптарына ылайык,запастарды эсептен чыгаруунун кайтарылышына алып келген жагдайлар жана окуялар.
150. Милдеттенмелерди камсыз кылуу катары коюлган запастардын баланстык наркы.
151. Баланстык нарк ( ушул бөлүктүн максаттары үчүн) – топтолгон амортизацияны жана баанын түшүүсүнөн топтолгон чыгашаларды алып салгандан кийин актив тааныла турган сумма.
152. Негизги каражаттардын классы- бул финансылык отчеттуулукта маалыматты ачуу максатында бирдиктүү берене катары көрсөтүлө турган субъекттин ишмердигиндеги окшош мүнөздөгү же окшош функциялардагы активдердин тобу.
153. Амортизациялануучу нарк – бул активдин өздүк наркы же анын жойуу наркын алып салгандан кийинки финансылык отчеттуулуктагы өздүк наркты алмаштыруучу башка сумма.
154. Амортизация – бул активдин амортизациялануучу наркын анын пайдалуу кызматынын мөөнөтүнүн ичинде системалуу бөлүштүрүлүүсү.
155. Мекеме үчүн спецификалык нарк- мекеменин күтүүлөрүнө ылайык, активди мындан аркы пайдалануудан жана анын пайдалуу кызматынын мөөнөтүнүн акырында же кандайдыр – бир милдеттенмени жабууга байланыштуу келип чыга турган акча каражаттарынын агымдарынын дисконттолгон наркы.
156. Акча каражаттарын генерациялаган активдин баасынын түшүүсүнөн келип чыккан чыгаша- бул активдин баланстык наркынын анын ордун толтуруучу наркынан ашкан суммасы.
157. Акча каражаттарын генерациялабаган активдин баасынын түшүүсүнөн келип чыгуучу чыгаша –бул активдин баланстыык наркынын анын кызматынын ордун толтуруучу суммасынан ашкан суммасы.
158. Негизги каражаттар-бул материалдык объекттер:
-өндүрүштө же товарларды же кызматтарды жөнөтүүдө, башка адамдарга ижарага берүү үчүн же административдик максаттар үчүн пайдаланууга арналган;
-бирден ашык отчеттук мезгилде пайдалануусу болжолдонгон.
159. Ордун толтуруучу нарк – эки чоңдуктун эң чоңу: 1) сатууга кеткен чыгымдарды алып салуу менен акча каражаттарын генерациялоочу активдин адилеттүү наркы, жана 2) аны пайдалануунун баалуулуктары.
160. Кызматтын ордун толтуруучу наркы- эки чоңдуктун эң чоңу: 1) сатууга кеткен чыгымдарды алып салуу менен акча каражаттарын генерациялабоочу активдин адилеттүү наркы, жана 2) аны пайдалануунун баалуулуктары.
161. Пайдалуу кызматтын мөөнөтү:
- анын ичинде күтүлгөндөй, активди мекеме пайдалана турган мезгилдин убактысы;
-активди пайдалануудан мекеме алууну күтүп жаткан продукциянын бирдиктеринин же ага окшош бирдиктердин саны.
162. Ушул бөлүк төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
-айыл чарба ишмердиги менен байланышкан биологиялык активдерге;
-мунай, газ сыяктуу минералдык ресурстарды жана ошого окшош жаңыртылбай турган жаратылыш ресурстарын иштетүүгө укуктарга.
163.Мекеменин маданий мурасыныны активдерине ушул бөлүктүн талаптарын баалоону кошуу менен толук өлчөмдө колдонушат. Мындай активдерге карата мекеме төмөнкү маалыматтарды ачат:
-баанын пайдалануучу негизи;
-амортизацияны кошуп эсептөөнүн пайдаланылуучу методу;
-баланстык дүң нарк;
-мезгилдин аягына топтолгон амортизациянын суммасы;
-баланстык нарктын отчеттук мезгилдин башына жана аягына карата анын белгилүү компоненттерин көрсөтүүчү так текшерилиши.
164. Активдерде негизги каражаттардын объектисинин наркы төмөнкү учурларда таанылат:
-ушул объектиге байланышкан келечектеги экономикалык пайдалардын же сервистик потенциалдын мекемеге түшүүсүнүн жогорку ыктымалдуулугу бар;
-объектинин өздүк наркын же адилеттүү наркын ишенимдүү өлчөөгө болот.
165. Инфраструктуралык активдер болуп, төмөнкү мүнөздөмөлөр таандык болгон активдер эсептелет: алар системаны же тармактын бөлүгү болушат; алар адистештирилген мүнөздү алып жүрүшөт жана альтернативалуу пайдаланууга ээ болушпайт; алар кыймылсыз болушат. Инфраструктардык активдерге мисал катары: жол тармактары, канализация системалары, электркамсыздоо системалары, коммуникация тармактары боло алышат.
166. Инфраструктуралык активдерди таануу ушул эсеп саясатына ылайык жүргүзүлөт.
167. Актив катары таанылууга жаткан негизги каражаттардын объектиси алгач өздүк наркы боюнча таанылат.
168. Эгерде актив алмашуу эмес операция жолу менен алынган болсо, анын өздүк наркы болуп алынган күнүнө карата адилеттүү наркы эсептелет.
169. Негизги каражаттардын объектисинин өздүк наркы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- импорттук алымдарды жана соодалык арзандатуу жана баасын түшүрүүлөрдү алып салгандан кийин сатып алууга ордун толтурулбаган салыктарды кошуу менен анын сатып алуу баасын;
-активди керектүү жерге жеткирүү жана аны жетекчиликтин ниеттерине жараша эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон абалга келтирүү боюнча кетирилген бардык тике чыгымдар;
-объектинин демонтаж кылууга жана алып кетүүгө, ал жайгашкан участокту калыбына келтирүү боюнча чыгымдардын баштапкы баалоосун.
170.Эсеп саясаты катары мекеме өздүк нарк боюнча эсептин моделин пайдаланат.
171.Актив катары тааныгандан кийин негизги каражаттардын объектисин эсепке алуу анын өздүк наркы боюнча топтолгон амортизациясын жана баасынын түшүүсү боюнча топтолгон чыгымдарды чыгарып салуу менен жүргүзүлөт.
172.Негизги каражаттын бирдиги болуп инвентардык объект эсептелет. Негизги каражаттардын бир объектисинде пайдалуу кызматтын ар кандай мөөнөтүнө ээ болгон бир нече бөлүктөрдүн болушунда, ар бир мындай бөлүк өзүнчө инвентардык объект катары эсепке алынат.
173.Өзүнчө инвентардык объект болуп, бардык ага тиешелүү болгон ылайыкташмалары жана шаймандары менен бүткөн конструктивдүү түзүлүш , же белгилүү өз бетинче функцияларды аткаруу үчүн арналган конструктивдүү өзгөчөлөнгөн предмет, же конструктивдүү байланыштырылган , бир бүтүн жана белгилүү бир жумушту биргелешип аткаруучу өзгөчөлөнгөн комплекс эсептелет.
174.Имараттын курамына имараттын ичиндеги жана аны эксплуатациялоого зарыл болгон бардык коммуникациялар кирет ( жылытуу үчүн отказан орнотмосун кошо имараттын ичиндеги жылытуу системасы, кубаттуулуктун жана жарык берүүчү өткөргүчтөрдүн ички тармактары, суу түтүгүнүн, газ түтүгүнүн жана канализациянын ички тармагы бардык түзүлүштөрү ж.б. менен). Имаратка тышынан курулган жана өз бетинче чарбалык мааниге ээ болгон курулуштар, отказандардын өзүнчө турган имараттары, ошондой эле капиталдык короодогу курулуштар ( кампалар, гараждар ж.б.) өз бетинче инвентардык объекттер болуп эсептелинет.
175.Эгерде имараттар бир –бирине кошулуп жана жалпы дубалга ээ болушса, анда алардын ар бир өз бетинче конструктивдик бүтүндүктү түзөт жана алар өз бетинче инвентардык объекттер болуп эсептелиент. Имаратты тейлөөчү короо ичиндеги курулуштар, тосмолор жана башка короодогу курулмалар ( сарай, кашаа, кудук ж.б) аны менен бирге бир инвентардык объектти түзөт. Эгерде бул курулуштар жана курулмалар бир же андан көп имараттарды тейлесе, алар өз бетинче инвентардык объекттер болуп эсептелет.
176. Негизги каражаттарды эсепке алуу инвентардык объекттердин кесилишинде алардын сактоо орундары жана жооптуу адамдары боюнча жүргүзүлөт.
177. Объекттин жалпы наркына карата олуттуу нарктуу негизги каражаттардын объектисинин ар бир компоненти өзүнчө амортизацияланат.
178. Ар бир мезгил үчүн амортизациялык чегерүүлөр эгерде алар башка активдин баланстык наркына кошулбаса профицитте же тартыштыкта таанылат.
179. Мекеменин бардык негизги каражаттарына карата негизги каражаттардын амортизациясынын түз сызыктуу бир калыптагы методу колдонулат. Негизги каражаттардын жойуу наркы нөлгө барабар катары алынат.
180. Ушул Эсеп саясаты негизги каражаттардын топтору үчүн пайдалуу кызматтын төмөнкү мөөнөттөрүн ( ПКМ) (жылдар менен) белгилейт:
№ | Негизги каражаттардын тобунун аталышы | ПКМ | |
| Турак жай имараттары жана жайлары |
| |
1 | Квартиралар: |
| |
1.1 | Жеке үйлөр (бир квартиралуу); (каркастуу жана калкандуу, жыгач металдуу,каркастык-каптама жана панелдик бир, эки же андан көп кабаттуу)
| 80 | |
1.2 | Көп квартиралуу ( эки же андан көп квартиралуу); (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери , кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен) | 100 | |
2 | Үйлөр: |
| |
2.1 | Адистештирилген үйлөр, общежитиелер, жетим балдар үчүн мектеп –интернаттар, балдар үйлөрү, медико-социалдык мекемелер жана туруктуу жашаган орду жок адамдарды социалдык адаптациялоочу борбор; (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери , кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен) | 100 | |
2.2 | Адистештирилген үйлөр, общежитиелер, жетим балдар үчүн мектеп –интернаттар, балдар үйлөрү, медико-социалдык мекемелер жана туруктуу жашаган орду жок адамдарды социалдык адаптациялоочу борбор; (ылайдан , чийки кыштан , жыгач . топурактан , камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар) | 20 | |
23 | Жашоого жарактуу башка турак имараттары жана башка курулуштар; Чогултулуучу –чачыратылуучу жана кыймылдуу имараттар, калкыма үйлөр, баржалар, жашай турган фургондор жана авточиркемелер | 10 | |
| Турак жай эмес имараттар |
| |
3 | Өнөр жайлык имараттар: |
| |
3.1 | Жер алдындагы газ сактагычтар, жалпы товардык дүң кампалар, муздаткыч кампалар, мунай кампалары жана резервуарлар; (темир бетон, кирпич түркүктөрү жана мамылары менен) | 35 | |
3.2 | Рыноктор, соода уюмдары, ремонттук устаканалар, автомобилдерди техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча бекеттер; | 35 | |
3.3 | Жылып жүрүүчү имараттар жана башка имараттар: Чатыр –дүкөндөр, павильондор, киосктор жана ларектор. (металлконструкциялар, жыгач металлдык, айнекпластика, пресстелген такталар жана жыгач) | 9 | |
4 | Коомдук оюн-зооктор үчүн имараттар: |
| |
4.1 | Театрлар, концерттик жана киноконцерттик залдар, кинотеатрлар, цирктер, музейлер, китепканалар, сүрөт галереялары, спорткомплекстери жана эс алуу үйлөрү; (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери , кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен) | 100 | |
4.2 | Театрлар, концерттик жана киноконцерттик залдар, кинотеатрлар, цирктер, музейлер, китепканалар, сүрөт галереялары, спорткомплекстери жана эс алуу үйлөрү; (ылайдан , чийки кыштан , жыгач . топурактан , камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар) | 20 | |
5 | Медициналык уюмдардын имараттары: |
| |
5.1 | Ооруканалар, диспансерлер, стационарлар, ымыркайлардын үйлөрү, патологоанатомиялык бюро, атайын лабораториялар, дары-дармек каражаттары боюнча лабораториялар, соттук экспертизанын борбору, медициналык уюмдардын өндүрүштүк имараттары; (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери , кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен) | 100 | |
5.2 | Ооруканалар, диспансерлер, стационарлар, ымыркайлардын үйлөрү, патологоанатомиялык бюро, атайын лабораториялар, дары-дармек каражаттары боюнча лабораториялар, соттук экспертизанын борбору, медициналык уюмдардын өндүрүштүк имараттары (ылайдан , чийки кыштан , жыгач . топурактан , камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар) | 20 | |
6 | Окуу жайларынын имараттары: |
| |
6.1 | Жогорку окуу жайлары, техникалык –кесиптик билим берүүнүн окуу жайлары, жалпы билим берүүчү уюмдар, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар; (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери , кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен) | 100 | |
6.2 | Жогорку окуу жайлары, техникалык –кесиптик билим берүүнүн окуу жайлары, жалпы билим берүүчү уюмдар, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар; (ылайдан , чийки кыштан , жыгач . топурактан , камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар) | 20 | |
7 | Офистик имараттар: |
| |
7.1 | Административдик универсалдык имараттар, банктын имараттары, сот акыйкатынын имараттары, чет өлкөлүк өкүлдүктөрдүн имараттары, конференцияларды жана конгресстерди өткөрүү үчүн имараттар; (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери , кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен) | 100 | |
7.2 | Административдик универсалдык имараттар, банктын имараттары, сот акыйкатынын имараттары, чет өлкөлүк өкүлдүктөрдүн имараттары, конференцияларды жана конгресстерди өткөрүү үчүн имараттар; (ылайдан , чийки кыштан , жыгач . топурактан , камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар) | 20 | |
8 | Коммуникациялардын имараттары, станциялар, терминалдар жана көмөкчү курулуштар: |
| |
8.1 | Аэровокзалдардын, аэропорттордун имараттары, радиоуктуруучу станциялар, спутниктик жер үстүндөгү станциялар, АТС тин имараттары; | 40 | |
9 | Жарандык имараттар: |
| |
9.1 | Автомобилдер үчүн гараждар, автотоктомолор; (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери , кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен) | 25 | |
9.2
| Автомобилдер үчүн гараждар, автотоктомолор; (ылайдан, чийки кыштан, жыгач. топурактан, камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар) | 10 | |
10 | Башка турак жай эмес имараттар: |
| |
10.1 | Теплицалар, канаттуулар фабрикалары, элеваторлор, мал үчүн имараттар жана курулмалар, жашылчалар жана жемиштер үчүн сактоочу жайлар, шарап заводдору, дан сактоочу жайлар; (темир бетон , кирпич түркүктөрү жана мамылары менен) | 25 | |
10.2 | Теплицалар, канаттуулар фабрикалары, элеваторлор, мал үчүн имараттар жана курулмалар, жашылчалар жана жемиштер үчүн сактоочу жайлар, шарап заводдору, дан сактоочу жайлар; (жыгач, ылайдан, топурактан жана башка окшош жыгач металлдан) | 10 | |
11 | Башка имараттар: |
| |
11.1 | Бажы посттору, казармалар, аскер бөлүктөрүнүн имараттары, түрмөлөр, түзөтүүчү жайлар, мончолор, тиричилик тейлөө имараттары; ( темир бетон , кирпич түркүктөрү жана мамылары менен) | 25 | |
11.2 | Бажы посттору, казармалар, аскер бөлүктөрүнүн имараттары, түрмөлөр, түзөтүүчү жайлар, мончолор, тиричилик тейлөө имараттары; (жыгач, ылайдан, топурактан жана башка окшош жыгач металлдан) | 10 | |
| Курулмалар |
| |
12 | Магистралдык түтүк өткөргүчтөр, байланыш чубалгылары жана энергетикалык (кабелдик ) чубалгылар: |
| |
12.1 | Газ өткөргүч, суу өткөргүч, магистралдары, байланыш чубалгылары (телекөрсөтүү, радио, телеграф, телефон жана башка чубалгылар), алыска тартылган энергетикалык (кабелдик) чубалгылар; | 15 | |
12.2 | Гидротехникалык курулмалар; Плотиналар; (бетон, темир бетон, таш) | 100 | |
12.3 | Газ камсыздоочу жергиликтүү чубалгылар, суу камсыздоо үчүн өткөргүч түтүктөр, канализациялык тармактар, электр берүүнүн жана байланыш чубалгылары; (металл таянычтардагы, темир бетон жана бетон, кирпичтен жана чоюндан) | 25 | |
13 | Автомагистралдар, көчөлөр жана жолдор: |
| |
13.1 | Автомагистралдар, көчөлөр жана жолдор: (бетон жана темирбетондон) | 30 | |
14 | Темир жолдор: |
| |
14.1 | Алыска тартылган темир жолдор; (эстакадалар, таштан, бетондон жана темир бетондон) | 50 | |
14.2 | Шаардык темир жолдор; | 20 | |
14.3 | Көпүрөлөр, жер үстүндөгү автомагистралдар, туннелдер жана жер астындагы жолдор; (металл жана темир бетон) | 50 | |
14.4 | Гавандар, суу жолдору, дамбалар, сугат системалары жана башка суу чарба курулмалары; | 15 | |
14.5 | Мунай скважиналары, артезиан скважиналары жана башка тоо кен казуучу өнөр жайы үчүн курулмалар | 25 | |
14.6 | Спорттук жана эс алуу орундарынын курулмалары, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча курулмалар; Талаалар жана аянтчалар, лыжа базалары жана жарым –жартылай жабык ок атуу тирлери, ок атуу жайлары, стенддер жана блиндаждар | 20 | |
| Транспорттук каражаттар |
| |
15 | Транспорттук каражаттар: |
| |
15.1 | Жеңил жүргүнчү автомобилдери; учкун менен от алуучу ичинен күйүүчү кыймылдаткычтуу автомобилдер (карбюратордук), (кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 3,5 л. жана жогоку класстагы) | 5 | |
15.2 | Автобустар жана он жана андан көп адамды ташууга арналган атайын автомобилдер; | 7 | |
15.3 | Жүк ташуучу автомобилдер; өзү түшүргүч автомобилдер, автокрандар, бульдозерлер, тракторлор, жол грейдерлери тягачтары жана башка транспорт каражаттары; | 7 | |
15.4 | Поезддер, темир жол локомотивдери жана кыймылдуу состав, темир жол жүргүнчү вагондору, темир жол жүк жана атайын багыттагы вагондор; | 20 | |
15.5 | Аскердик, согуштук транспорттук каражаттар: танктар жана бронемашинелер, согуштук моторлоштурулган башка жана алардын бөлүктөрү; | 30 | |
15.6 | Жүк ташуучу автомобилдер; өзү түшүргүч автомобилдер, автокрандар, бульдозерлер, тракторлор, жол грейдерлери тягачтары, экскаваторлор, троллейбустар жана башка транспорт каражаттары; | 8 | |
15.7 | Суу тарнспорт каражаттары жана башка кемелер: кайыктар, кораблдер, кемелер жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн башка сүзүүчү каражаттар; | 20 | |
15.8 | Учуучу аппараттар, аба аэростаттары, вертолеттор жана самолеттор; | 15 | |
15.9 | Аскердик, согуштук транспорттук каражаттар: танктар жана бронемашинелер, согуштук моторлоштурулган башка жана алардын бөлүктөрү; | 25 | |
15.10 | Башка транспорттук каражаттар: чиркемелер, жарым чиркемелер, мотоциклдер, мотороллерлер, мотоциклеттик коляскалар, велосипеддер жана майыптардын коляскалары; | 5 | |
16 | Механизмдер жана жабдуулар: |
| |
16.1 | Өндүрүштүк жана айыл чарбасынын механизмдери жана жабдуулар, автомобиль чиркемелери жана жарым чиркемелери, адистештирилген автомобилдер (өрткө каршы, санитардык, авариялык-техникалык, тракторлор, комбайндар, коммуналдык транспорт) | 7 | |
16.2 | Башка машиналар жана жабдуулар: турбиналар, гидравликалык жабдуулар жана суу газ, шамал баралары, гидравликалык соркысмалар, гидроагрегаттар, турбокомпрессорлор, компрессорлор, тестер, мештер жана меш горелкалары, автожүктөгүчтөр, лифттер, көтөргүчтөр, контейнерлер, тигүүчү тиричилик машинелери, тегирмендер, соколор, сепкичтер, отургузгучтар, чөп чапкычтар, жыйноочу машинелер, трансформаторлор, бөлүштүргүч калкандар, аккумуляторлор жана батареялар, цистерналар, жеңил металл сыйымдуулуктары; | 5 | |
| Эмеректер жана офистик жабдуулар |
| |
17 | Офистик эмерек: |
| |
17.1 | Офистик металл эмереги, башка материалдардан эмерек; столдор, стулдар, отуруу үчүн эмерек жана анын бөлүктөрү | 7 | |
17.2 | Офистик жыгач эмерек, пластик эмереги, анын ичинен камыштан, бамбуктан жана ага окшош материалдардан; столдор, стулдар жана отуруу үчүн эмерек жана анын бөлүктөрү | 5 | |
17.3 | Бухгалтердик машинелер, кассалык аппараттар, белет машинелери, басма үчүн машинелер, муздатуучу жана желдетүүчү жабдуу, газогенераторлор, көбөйтүүчү жана факстык машинелер, радио жана теле берүү аппараттары, камералар, телефон аппараттары, приборлор, фотокамералар жана башка жабдуулар; | 3 | |
17.4 | Компьютердик жабдуу: жекече компьютер, монитор, ноутбук, модем, принтер, эстутум аккумулятору, флэшка, проекторлор, компьютердин комплекттөөчү бөлүктөрү, жана маалыматты иштеп чыгуу үчүн башка машинелер | 5 | |
17.5 | Музыкалык аспаптар: фортепьяно, органдар жана башка аспаптар | 10 | |
17.6 | Спорттук товарлар; лыжалар жана ага шаймандар жана башка жабдуулар; | 2 | |
|
|
|
|
181.Эгерде зыянга учураган же жоголгон негизги каражаттардын объектилери үчүн мекеме үчүнчү жактардан компенсация алса, анда мындай компенсациянын суммасы профицитке же тартыштыкка мындай компенсация алууга жаткан учурда кошулат.
182. Эгерде активди пайдалуу пайдалануунун жалпы мөөнөтүнүн ичинде колдо бар активдин өндүрүмдүүлүгүнүн акыркы эсептелген деңгээлинен ашып кетүүчү мекеменин келечектеги экономикалык пайдаларды же кызматтык потенциалды алуусу ыктымалдуу болсо, активдерге тиешелүү болгон андан кийинки чыгымдоолор активдин баланстык наркына кошулушу керек. Төмөндө активдерге тиешелүү болгон кийинки чыгымдардын мисалдары келтирилген:
-өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну кошо, жабдууну пайдалуу колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн модификациялоо;
-өндүрүштүн сапатын олуттуу жакшыртууга жетишүү үчүн жабдуунун бөлүктөрүн модернизациялоо;
-операциялык чыгымдардын акыркы эсептелген деңгээлин олуттуу төмөндөтүүгө жол берүүчү жаңы өндүрүштүк процесстерди кабыл алуу;
-негизги каражаттын наркына кошула турган кийинки чыгымдарга карата ушул эсеп саясатында “чыгымдоолорду капиталдаштыруу” термини пайдаланылат. Чыгымдоолорду капиталдаштыруунун мисалдарына төмөнкүлөр кирет:
-баштапкы эсептелген ченемдерге салыштырмалуу имараттын сейсмикалык туруктуулугун күчөтүү;
-имараттын иштөөсүнүн сапаттуу өзгөрүшүнө алып келген имараттын маанилүү конструктивдик элементтерин өзгөртүү, мисалы: мурда каралбаган жылытуунун жаңы системасын орнотуу, бөлмөлөрдү ички дубалдарын алып салуу жана кошуу менен олуттуу кайра пландаштыруу; подвалдык бөлмөлөрдү башка багытта пайдалануу үчүн кайра профилдөө; болгон элементтерди сапатттуу материалдан даярдалган элементтер менен алмаштыруу (полдор, терезелер , дубалдар).
183. Күндөлүк ремонтко кеткен чыгымдоолор активдин күндөлүк абалын кармап турууга же активдин ченемдүү деңгээлге чейин калыбына келтирүүгө байланыштуу чыгымдоолор болуп эсептелет жана мезгилдин чыгымдары катары таанылат. Башка бардык чыгымдоолор мезгилдин чыгымдары катары таанылат.
184. Кийинки чыгымдоолорду негизги каражаттардын наркына чегерүү жөнүндөгү чечим (чыгымдоолорду капиталдаштыруу) же аларды чыгым катары таануу ушул негизги фонддордун техникалык абалына жана тейлөөсүнө жоопкерчиликтүү адистердин кесипкөй пикирлери менен тастыкталышы зарыл.
185. Негизги каражаттардын объектинин баланстык наркы төмөнкү учурларда баланстык эсептен чыгарылат:
-чыгып кетүүдө;
-аны пайдалануудан келечекте эч кандай экономикалык пайданын же сервистик потенциал күтүлбөгөн учурда же чыгып кетүүсүндө.
186. Негизги каражаттардын баланстык наркын эсептен чыгаруудан түшкөн пайдалар киреше катары классификацияланбайт.
187. Негизги каражаттардын объектисин эсептен чыгаруудан пайда же чыгаша , эгерде андай болсо, объекттин чыгып кетүүсүнөн таза түшүүлөр менен баланстык наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
188. Финансылык отчетто таанылуучу негизги каражаттардын ар бир классы үчүн төмөнкү маалымат ачылат:
-дүң баланстык наркты аныктоо үчүн баалоонун негизин;
-амортизациянын пайдаланылган методу;
-пайдалуу кызматынын пайдаланылуучу мөөнөттөрү;
-мезгилдин башындагы жана аягындагы баштапкы наркы жана топтолгон амортизация (баасынын түшүүсү боюнча топтолгон чыгашалар менен бирдикте);
-төмөнкүлөрдү көрсөтүүчү мезгилдин башына жана аягына карата баланстык нарктын так текшерилишин: 1) түшүүлөрдү; 2) чыгып кетүүлөрдү; 3) мекемелерди бириктирүү жолу менен алууларды; 4) пайдада же чыгашаларда таанылган баанын түшүүсүнөн чыгашаларды;5)пайдада жана чыгашада реверстелген баанын түшүүсүнөн чыгашаларды; 6) мезгил үчүн амортизацияны; финансылык отчеттуулукту функционалдык валютадан отчеттуулуктун башка валютасына которууда келип чыккан таза курстук айырманы8) башка өзгөрүүлөрдү.
189. Финансылык отчеттуулукта таанылган негизги каражаттардын ар бир классы үчүн отчеттуулук ошондой эле төмөнкүлөрдү дагы ачышы керек:
-менчик укугуна чектөөлөрдүн бардыгын жана анын даражасын жана милдеттенмелерди камсыздоо үчүн күрөөгө өткөрүлгөн негизги каражаттарды;
-негизги каражаттардын баланстык наркында таанылган аларды куруунун жүрүшүндөгү чыгымдардын суммасын;
-негизги каражаттарды алуу боюнча келишимдик милдеттенмелердин суммасын;
-зыянга учураган же жоголгон жана пайдага же чыгашага кошулган негизги каражаттар үчүн үчүнчү жактардан компенсациянын суммасын ( эгерде бул кирешелер жана чыгымдар жөнүндөгү отчетто өзүнчө ачылган эмес болсо).
190. Финансылык отчеттуулуктун статистикалык негиздеринде келтирилген аныктамага ылайык, мамлекеттик сектор негизги мамлекеттик сектордон, мамлекеттик финансылык корпорациялардын секторунан жана финансылык эмес мамлекеттик корпорациялардын секторунан турат.
191. Мамлекеттик финансылык жана финансылык эмес корпорациялар ушул эсеп саясатынын максаттары үчүн кирбегендигин эске алуу менен, негизги мамлекеттик сектор жана мамлекеттик башкаруу сектору дал келишет.
192.Мына ошентип, мамлекеттик башкаруу сектору үчүн даярдалган отчеттуулук бир эле учурда негизги мамлекеттик сектор боюнча бардык талап кылынган маалыматты ачат.
193. Эсептин негизи - кошуп эсептөөнүн методу же алардын аныктамаларына ылайык, эсептин кассалык методу.
194. Жылдык бюджет - бир жылга бекитилген бюджет. Ал бюджеттик мезгилден ашкан мезгилдер үчүн жарыяланган алдын ала баалоолорду жана болжолдоолорду камтыбайт.
195.Ассигнование - бул бийликтин мыйзам чыгаруучу органы аныктаган максаттарга каражаттарды бөлүү жөнүндөгү мыйзам чыгаруучу орган тарабынан берилген руксат.
196.Бекитилген бюджет - күтүлүп жаткан кирешелер же бюджеттик мезгилдеги түшүүлөргө байланыштуу мыйзамдарда, ассигнованиелер жөнүндөгү мыйзам долбоорлорунда, өкмөттүн токтомдорунда жана башка чечимдерде бекитилген чыгымдоого ыйгарым укуктар.
197.Бюджеттик негиз - бюджетте кабыл алынган жана мыйзам чыгаруу органы тарабынан бекитилген кошуп эсептөө методу, кассалык метод.
198. Бюджет менен салыштырмалуу негиз- бекитилген бюджеттегидей эле эсептин ошол эле методун , классификациялоонун ошол эле методун пайдалануу менен, ошол эле мекемелер үчүн жана ошол эле мезгил үчүн берилген фактылык суммалар.
199. Такталган бюджет - бардык резервдерге, өтүүчү суммаларга, трансферттерге, ассигнованиелерге , кошумча ассигнованиелерге жана бийликтин мыйзам чыгаруучу органы руксат берген бюджеттик мезгилге колдонулуучу башка өзгөрүүлөргө карата түзөтүлгөн баштапкы бюджетти көрсөтөт.
200. Көп жылдык бюджет - бир жылдан ашык мөөнөткө бекитилген бюджетти көрсөтөт. Ал бюджеттик мезгилден ашкан мезгилдер үчүн жарыяланган алдын ала баалоолорду жана болжолдоолорду камтыбайт.
201. Баштапкы бюджет - бюджеттик мезгилге баштапкы бекитилген бюджет эсептелет.
202. Бюджеттик жана фактылык суммаларды салыштыруу өзүнчө кошумча финансылык отчет түрүндө берилет. Мыйзамдык көзөмөлдүн ар бир деңгээли боюнча бюджеттик жана фактылык суммалардын салыштыруусу өзүнчө төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
-бекитилген жана такталган бюджеттин суммаларын;
-салыштырмалуу негиздеги фактылык суммаларды;
-бул документтерге түшүндүрмө каттарында мындай түшүндүрүү кайчылаш шилтемелери менен финансылык отчеттуулук менен бирге чыгарылган башка расмий жарыяланган документтерге кошулган учурлардан тышкары, такталган бюджет менен фактылык суммалардын ортосундагы олуттуу айырмачылыктарды ачуу.
203.Ведомстволор алдындагы мекемелер ортосундагы бюджетти кайра бөлүштүрүүнүн же башка факторлордун таасиринин аркасында болгон баштапкы жана жыйынтык бюджеттин ортосундагы өзгөрүүлөр жөнүндөгү маалыматты мекеме финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдү ачуу аркылуу берет.
204. Бюджеттик жана фактылык суммалардын бардык салыштыруулары бюджет менен салыштырмалуу негиздин негизинде берилет.
205. Мекеме финансылык отчеттуулуктагы эскертүүлөрдө төмөнкүлөрдү ачат:
-бюджеттик негизди жана бекитилген бюджетте кабыл алынган классификациялоонун методун;
-бекитилген бюджеттин мезгилин;
-бекитилген бюджетке киргизилген мекемелердин тизмесин.
206. Финансылык отчеттуулук жана бюджет салыштырмалуу негизде түзүлбөгөн учурларда бюджет менен салыштырмалуу негизде көрсөтүлгөн фактылык суммалар финансылык отчеттуулукта көрсөтүлгөн төмөнкү фактылык суммалар менен эсептин негизиндеги убактылуу айырмачылыктарды жана мекемелер боюнча айырмачылыкты өзүнчө көрсөтүү менен тактап текшерилет:
-эгерде бюджет үчүн кошуп эсептөө методунан айырмаланган метод кабыл алынган болсо-операциялык, инвестициялык жана финансылык ишмердиктен түшкөн акча каражаттарынын нетто - кыймылы менен.
207. Мындай тактап текшерүү финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө ачылат.
10-бап. Кызматчыларга сыйакы
208. Бөлүк үлүштүк инструменттер менен бүтүмдөрдөн тышкары, кызматчыларга бардык сыйакыларды эсепке алуу үчүн колдонулат.
209. Актуардык пайдалар жана чыгашалар төмөнкүлөрдү камтыйт: а) тажрыйбанын негизиндеги түзөтүүлөрдү( келечектеги окуяларга карата баштапкы актуардык жол берүүлөр менен иш жүзүндө болуп өткөндөрдүн ортосундагы айырмалардын натыйжасы);б) актуардык жол берүүлөрдөгү өзгөрүүлөрдүн натыйжалары.
210. Кызматчыларды узак мөөнөттүү сыйакылоо фондунун активдери ( отчет берүүчү мекеме чыгарган өткөрүүгө жатпай турган финансылык инструменттерден тышкары)-булар төмөнкүлөр:
-отчеттук мекемеден юридикалык бөлүнгөн жана кызматчыларды финансылоо жана сыйакыларды төлөп берүү максатында гана жашаган жакка (фондго) таандык болгон;
-кызматчыларды финансылоого жана сыйакыларды төлөп берүүгө пайдаланууга мүмкүн болгон, мекеменин насыячыларынын талаптарын канааттандыруу үчүн пайдаланылышы (мындан ары банкроттук учурунда), жана төмөнкү учурлардан тышкары отчет берүүчү мекемеге кайтарылып берилүүсү мүмкүн болбогон: 1) фонддо калган активдер кызматчыларга сыйакы берүү боюнча планы менен байланышкан бардык милдеттенмелерин же отчеттук мекеменин милдеттенмелери боюнча канааттандыруу үчүн жетишерлик; же 2) отчет берүүчү мекемеге кызматчыларга мурда эле төлөнүп берилген сыйакылардын ордун толтуруу үчүн активдер кайтарылып берилет.
211. Социалдык камсыздоонун комбинацияланган программалары- мыйзам тарабынын белгиленет:
-пенсиялык төлөп берүүлөрдү камсыз кылуу боюнча жумуш берүүчүлөрдүн тобунун пенсиялык пландары катары колдонулат; ошондой эле:
-кызматчылар тарабынан көрсөтүлгөн кызматка алмашуу болуп эсептелбеген сыйакыларды берүү үчүн.
212. Күндөлүк мезгилдин кызматтарынын наркы – кызматчы тарабынан күндөлүк мезгилде кызмат көрсөтүүсүнүн натыйжасында белгиленген төлөп берүүлөрү менен пенсиялык план боюнча милдеттенмелердин дисконттолгон наркынын жогорулоосу.
213. Белгиленген төлөп берүүлөрү менен пенсиялык пландар – белгиленген төгүмдөрү бар пенсиялык пландардан айырмаланган пенсиялык камсыздоонун пландары.
214. Белгиленген төгүмдөрү бар пенсиялык пландар – мекеме өзүнчө фондго белгиленген төгүмдөрдү жасоосун жана эгерде фонд кызматчыларга күндөлүк жана мурдагы мезгилдерде көрсөтүшкөн кызматтары үчүн тиешелүү болгон бардык сыйакыларды төлөп берүү үчүн жетишерлик каражаттарга ээ болбосо, кошумча төгүмдөрдү төлөп берүү боюнча башка кандайдыр –бир юридикалык жана тагылган милдеттенмелерге ээ болбоосун болжолдогон пенсиялык камсыздоонун пландары.
215. Кызматчыларга сыйакылар- мекеме тарабынан кызматчыга ал көрсөткөн кызматтары үчүн берилүүчү сыйакылардын жана төлөп берүүлөрдүн бардык формалары.
216. Үстөктөргө чыгымдар- пенсияны төлөп берүүнүн моментинин бир мезгилге жакындашына байланыштуу келип чыккан мезгил ичиндеги белгиленген төлөп берүүлөрү менен пенсиялык план боюнча милдеттенмелердин дисконттолгон наркынын жогорулоосу.
217. Жумуш берүүчүлөрдүн тобунун пенсиялык пландары- бул белгиленген төгүмдөрү менен пенсиялык пландар (мамлекеттик пенсиялык пландардан башка) же белгиленген төлөп берүүлөрү бар пенсиялык пландар (мамлекеттик пенсиялык пландардан башка), алар төмөнкүлөрдү аткарышат:
-жалпы контролдукта болбогон ар кандай субъекттер тарабынан киргизилген активдерди бириктиришет; жана
-бир нече компаниялардын кызматчыларын пенсиялык камсыздоо үчүн бул активдерди пайдаланышат, эгерде төгүмдөр жана пенсиялардын өлчөмү аларды алуучу кызматчылар кайсы уюмда иштегендигине карабастан аныктала турган болсо.
218. Кызматчыларга башка узак мөөнөттүү сыйакылар – кызматчылар тиешелүү кызматтарды көрсөткөндөн кийин төлөп берүү боюнча карыздар 12 ай ичинде жабууга жатпай турган кызматчыларга сыйакылар ( эмгек ишмердигинин бүтүүсү боюнча төлөп берүүлөрдөн жана бошоо жөлөкпулдарынан башка).
219. Мурдагы мезгилдердин кызматтарынын наркы- кызматчылар тарабынан мурдагы мезгилдерде көрсөткөн кызматтарына байланыштуу , күндөлүк мезгилде эмгек ишмердигинин аяктоосу боюнча жаңы төлөп берүүлөрдү киргизүүнүн же орун алган төлөп берүүлөрдүн өзгөрүүсүнүн же башка узак мөөнөттүү төлөп берүүлөрдүн натыйжасында келип чыгуучу белгиленген төлөп берүүлөрү бар пенсиялык план боюнча милдеттенмелердин дисконттолгон наркынын өзгөрүлүшү. Мурдагы өткөн мезгилдердин кызматтарынын наркы оң (жаңыларды киргизүүнүн же орун алган төлөп берүүлөрдүн суммаларынын өзгөрүлүшүнүн натыйжасында белгиленген төлөп берүүлөр боюнча милдеттенменин дисконттолгон наркы жогорулайт) болушу мүмкүн, же терс (орун алган төлөп берүүлөрдүн өзгөрүлүшүнүн натыйжасында белгиленген төлөп берүүлөр боюнча милдеттенменин дисконттолгон наркы төмөндөйт).
220. Пландын активдери төмөнкүлөрдү камтыйт:
-кызматчыларды узак мөөнөттүү сыйакылоо боюнча фонддордун активдери; жана
-белгилүү талаптарды канааттандыруучу камсыздандыруучу полистер.
221. Эмгек ишмердигинин аятоосу боюнча сыйакылар – эмгек ишмердигин аяктоосу боюнча кызматчыларга төлөп берилүүчү сыйакылар (бошоо жөлөкпулдарынан башка).
222. Эмгек ишмердигинин аяктоосу боюнча сыйакылардын пландары – бир же бир нече кызматчыларга алардын эмгек ишмердигинин аяктоосу боюнча мекеме ага ылайык сыйакыларды төлөп бере турган формалдашкан же формалдашпаган макулдашуулар.
223. Белгиленген төлөп берүүлөрү бар пенсиялык план боюнча милдеттенмелердин дисконттолгон наркы –кызматчылардын күндөлүк жана өткөн мезгилдерде көрсөткөн кызматтары менен байланыштуу келип чыга турган милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл болгон күтүлүп жаткан келечектеги төлөп берүүлөрдүн дисконттолгон наркы( пландын активдерин чыгарбоо менен).
224. Белгилүү талаптарды канааттандыруучу камсыздандыруучу полис- бул отчеттук мекеменин тарабы менен байланышкан деп эсептелбеген камсыздандыруучу чыгарган камсыздандыруучу полис:
эгерде полистен түшкөн кирешелер:
-белгиленген төлөп берүүлөрү бар пенсиялык план боюнча кызматчыларды финансылоо жана сыйакыларды төлөп берүү үчүн гана пайдаланылса; жана
- мекеменин насыячыларынын талаптарын канааттандыруу үчүн пайдаланылышы (мындан ары банкроттук учурунда), жана төмөнкү учурлардан тышкары отчет берүүчү мекемеге кайтарылып берилүүсү мүмкүн болбогон: 1)түшүүлөр кызматчыларды сыйакылоо боюнча бардык тиешелүү милдеттенмелерди канааттандыруу үчүн зарыл болбогон кошумча активдер болот; же 2)түшүүлөр отчет берүүчү мекемеге кызматчыларга мурда эле төлөнүп берилген сыйакылардын ордун толтуруу үчүн кайтарылып берилет.
225.Пландын активдерине киреше - бул реализацияланган жана реализацияланбаган пайдалар жана чыгашалар менен бирге пенсиялык пландын активдеринен алына турган үстөктөр , дивиденддер же ага окшош бөлүштүрүлө турган пайда жана башка киреше, минус бул активдерди башкарууга кеткен бардык чыгымдоолор ( белгиленген төлөп берүүлөр боюнча милдеттенмени баалоодо колдонула турган актуардык жол берүүлөргө кошулуучу чыгымдоолордон башка) жана ушул планга карата төлөнүүгө жаткан салыктар.
226. Кызматчыларга кыска мөөнөттүү сыйакылар - кызматчылар тиешелүү кызмат көрсөткөн мезгил бүткөндөн кийинки 12 айдын ичинен төлөнүп берүүгө жаткан кызматчыларга сыйакы ( бошоо жөлөкпулдарынан жана үлүштүк инструменттер менен компенсациялык төлөмдөрдөн башка).
227. Мамлекеттик пенсиялык пландар - бул социалдык камсыздоонун комбинацияланган пландарынан башка, мыйзамдарда көрсөтүлгөн экономикалык категориялардагы бардык субъекттер үчүн жумуш берүүчүлөрдүн тобунун пландары катары ишке ашырыла турган мыйзамдар тарабынан белгиленген пландар.
228. Бошоо жөлөкпулдары- төмөнкүлөрдүн натыйжасы болгон кызматчыларга сыйакылар:
-кызматчыны пенсиялык куракка жеткенге чейин бошотуу жөнүндөгү компаниянын чечими; же
-кызматчынын ушундай сыйакылар үчүн ыктыярдуу бошонуу чечими.
229. Кызматчыларга кепилдүү сыйакылар - аларды алуу укугу кызматчылардын мындан аркы ишинен көз каранды болбогон сыйакылар.
230. Топтолуучу акы төлөнүүчү өргүүлөр - бул күндөлүк мезгилде пайдаланылбай калган учурда келечекке которулушу жана пайдаланылышы мүмкүн болгон өргүүлөр.
231. Отчеттук мезгилдин ичинде кызматчы мекемеге кызмат көрсөткөн учурда мекеме ушул кызматтардын ордуна кызматчыларга төлөнүп берүүгө жаткан кыска мөөнөттүү сыйакылардын дисконттолбогон чоңдугун төмөнкүчө тааныйт:
-мурда төлөнүп берилген бардык сумманы алып салгандан кийин милдеттенме катары. Эгерде төлөнүп берилген сумма төлөп берүүлөрдүн дисконттолбогон чоңдугунан ашык болсо, келечектеги төлөмдөрдү авансылык чыгымдар кыскартууга же акча каражаттарынын кайтарылышына алып келүүчү өлчөмдө мекеме бул ашып кетүүнү актив (аванс) катары тааныйт; жана
-ушул эсеп саясаты активдин өздүк наркына кошууга руксат берген сыйакылардын суммаларынан тышкары, чыгымдоо катары тааныйт.
232. Мекеме кызматчыларга кыска мөөнөттүү сыйакыларды акы төлөнүүчү өргүүлөрдүн формасында төлөп берүүгө күтүлүп жаткан чыгымдоолорду төмөнкүдөй тааныйт:
-акы төлөнүүчү топтолуучу өргүүлөрдө - кызматчылар тарабынан алардын келечектеги акы төлөнүүчү өргүүлөрүнө карата укуктарын көбөйтүүчү кызматтарды көрсөтүү моментинде; жана
-топтолбоочу акы төлөнүүчү өргүүлөрдө – түздөн-түз өргүүнүн учуру келгенде.
233. Ар бир отчеттук күнгө мекеме топтолуучу акы төлөнө турган өргүүлөргө төлөп берүүгө күтүлүп жаткан чыгымдоолорду отчеттук күнгө карата топтолгон пайдаланылбаган өргүүлөр үчүн төлөп берүүнү болжолдогон кошумча сумма катары баалайт.
234. Мекеме пайдага катышууга жана сыйлыкты төлөп берүүгө күтүлүп жаткан чыгымдоолорду төмөнкү учурларда гана тааныйт, эгерде:
-мекеменин өткөн окуяларга байланыштуу мындай төлөп берүүлөрдү жүргүзүүгө келишимдин же мыйзамдын аркасында келип чыгуучу, же тагылган милдеттенмеси болсо; жана
-милдеттенме ишенимдүү баалана алса.
235. Күндөлүк милдеттенме эгерде мекеме төлөп берүүлөрдү жүргүзбөөгө реалдуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана орун алат.
236. Мекеме мамлекеттик пенсиялык планды белгиленген төгүмдөрү бар пенсиялык план же пландын шарттарына ылайык белгиленген төлөп берүүлөрү бар пенсиялык план катары классификациялайт.
237. Эгерде пенсиялык план белгиленген төлөп берүүлөрү бар пенсиялык план болуп эсептелсе, анда мекеме:
-белгиленген төлөп берүүлөрү бар пенсиялык план боюнча өзүнүн милдеттенмелеринин пропорционалдуу үлүшүн , планга тиешелүү болгон пландын активдерин жана чыгымдарын белгиленген төлөп берүүлөрү бар бардык башка пенсиялык пландай эле эсепке алат;
-ушул бөлүктүн талаптарына ылайык маалыматты ачат.
238. Белгиленген төлөп берүүлөрү бар план үчүн колдонула турган эсепке алуунун методун пайдалануу үчүн жетишсиз болгон учурда мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
-планды белгиленген төгүмдөрү бар план катары эсептөөгө;
- төмөнкүлөрдү ачууга: 1) план белгиленген төлөп берүүлөрү бар план экендиги жөнүндөгү маалыматты; жана 2) төлөп берүүлөрү белгиленген пландын методу боюнча пландын эсебин жүргүзүү үчүн маалыматтын жетишсиздигинин себебин; жана
-пенсиялык пландагы пайда же чыгаша келечектеги төгүмдөрдүн суммасына таасир берүү даражасына ылайык кошумча түрдө буларды ачат: 1) көрсөтүлгөн пайда же чыгаша жөнүндөгү бардык болгон маалыматты; 2)өсүштү же тартыштыкты аныктоодо пайдаланылган базаны; жана 3) эгерде ошолор орун алса, анда мекеме үчүн кесепеттерин.
239. Эгерде мекемеде кызматчыларга пенсияларын түздөн-түз аларды төлөп берүүнүн мөөнөтү келген учурда төлөп берүүгө юридикалык милдеттенмелери келип чыкса, ал пландын эсебин төлөп берүүлөрү белгиленген пландай эле жүргүзөт.
240. Амортизация - материалдык эмес активдин амортизациялануучу наркын анын пайдалуу кызматынын бардык мөөнөтүнүн ичинде системалуу бөлүштүрүү.
241. Иштелме - жаңы же олуттуу жакшыртылган материалдардын, түзүлүштөрдүн, продуктылардын, процесстердин, системалардын же кызматтарды пландаштырууда же долбоорлоодо алардын коммерциялык өндүрүшүнүн же пайдаланылышы башталганга чейин изилдөөлөрдүн же башка билимдердин натыйжаларын колдонуу.
242.Материалдык эмес актив - физикалык формага ээ болбогон, идентификациялануучу акчалай эмес актив.
243. Изилдөөлөр - жаңы илимий же техникалык билимдерди жана түшүнүүлөрдү алуу максатында жүргүзүлө турган өзгөчө же пландуу изденүүлөр.
244. Ушул бөлүк төмөнкүлөрдү кошпогондо, материалдык эмес активдерди эсепке алууда колдонулат:
-башка бөлүктүн талаптарына туура келген материалдык эмес активдерди;
-“финансылык инструменттер: маалыматты берүү” 27-бөлүктө аныкталган маанидеги финансылык активдерди;
-пайдалуу кендерди чалгындоого жана запастарын баалоого байланышкан активдерди таанууну жана өлчөөнү;
- минералдык ресурстарды , нефтинин, жаратылыш газын жана ошолор сымал жаңыртылбай турган ресурстарды иштеп чыгууга жана казып алууга чыгымдарды;
-бизнести бириктирүү боюнча бүтүмдүн алкактарында алынган материалдык эмес активдерди;
- бизнести бириктирүү боюнча бүтүмдүн алкактарында алынган гудвиллди;
-мыйзам, конституция же эквиваленттүү документтер менен берилген ыйгарым укуктарды жана укуктарды;
-калтырылган салыктык активдерди;
-камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруучунун келишиминде негизделген укуктардан келип чыгуучу материалдык эмес активдерди алуу боюнча калтырылып коюлген чыгымдарды:
-сатуу үчүн арналган катары классификацияланган узак мөөнөттүү материалдык эмес активдерди;
-маданий-тарыхий баалуулуктарды көрсөтүүчү материалдык эмес активдерге карата.
245. Актив идентификациялануучулук критерийин канааттандырат, эгерде ал:
- ал өзгөчөлөнгөн же мекемеден бөлүнгөн жана сатылган, лицензия менен корголгон, ижарага берилген же жекече же ага тиешелүү болгон келишим менен, идентификациялануучу актив же милдеттенме менен бирге, мекеме ушундай кылууга ниеттенеби жокпу, ага карабастан өзгөчөлөнүүчү болсо; же
-бул укуктарды өткөрүп берүү же мекемеден жана башка юридикалык укуктардан жана милдеттерден ажыратуу мүмкүндүгүнөн көз каранды болбостон, милдеттендирүүчү макулдашуунун натыйжасы болуп эсептелет.
-материалдык эмес актив төмөнкү учурларда гана таанылууга жатат:
-активден келип чыгуучу күтүлүп жаткан келечектеги экономикалык пайдаларды же сервистик потенциалды алууга ыктымалдуулук орун алган; жана
-өздүк наркты жана активдин наркын ишенимдүү өлчөөгө болот.
246. Активдин пайдалуу кызматынын мөөнөтүнүн ичинде боло турган экономикалык шарттардын жыйындысына карата жетекчиликтин эң мыкты баасын көрсөтүүчү эс-акылдуу жана негиздүү жол берүүлөрдү пайдалануу менен мекеме күтүлүп жаткан экономикалык пайдалардын жана сервистик потенциалдын ыктымалдуулугун баайлайт.
247. Материалдык эмес актив алгач өздүк наркы боюнча эсептелет. Материалдык эмес актив алмашуу эмес операциясынын алкактарында алынган учурда, анын алынган күндөгү баштапкы наркы ушул күнгө карата адилеттүү наркы боюнча өлчөнөт.
248. Ичинен түзүлгөн гудвилл актив катары таанууга жатпайт.
249.Изилдөөнүн натыйжасы болгон бир дагы материалдык эмес актив ( же ички долбоордун алкактарындагы изилдөөлөрдүн стадиясында ишке ашыруунун) таанууга жатпайт. Изилдөөлөргө болгон чыгымдар (же ички долбоордун алкактарындагы изилдөөлөрдүн стадиясын ишке ашырууга) алардын келип чыгуу моментинде чыгымдар катары таанууга жатат.
250. Иштелмелердин натыйжасы болгон материалдык эмес актив ( же ички долбоордун алкактарындагы изилдөөлөрдүн стадиясында ишке ашыруунун) мекеме төмөндө бардык саналгандарды көрсөтө ала турган болсо гана таанууга жатат:
-материалдык эмес активди түзүүнү аны пайдаланууга боло тургандай же сатып жибергендей кылып техникалык ишке ашыруусун аяктоо;
-материалдык эмес активди түзүүнү ниеттенүүнү аяктоо жана пайдалануу же сатуу;
-материалдык эмес активди пайдалануу же сатуу жөндөмдүүлүгү;
-материалдык эмес актив кандай жол менен келечектеги ыктымалдуу экономикалык пайдаларды же сервистик потенциалды генерациялоосу;
-материалдык эмес активди иштеп чыгууну аяктоо , пайдалануу же сатуу үчүн жетишерлик техникалык , финансылык жана башка ресурстардын болуусу;
-материалдык эмес активдин анын иштеп чыгуу процессинде тиешелүү болгон чыгымдарды ишенимдүү өлчөөгө жөндөмдүүлүк.
251. Соода маркалары, титулдук маалыматтар, басма укуктары, кардарлардын тизмелери жана мекеме тарабынан өз бетинче түзүлгөн маңызы жагынан бирдей беренелер материалдык эмес активдер катары таанууга жатпайт.
252. Таанунун критерийлерин канааттандыруучу материалдык эмес активдин өздүк наркынын курамына кошулган учурдан тышкары, материалдык эмес беренеге болгон чыгымдар чыгымдар катары алардын келип чыгуу моментинде таанылышат.
253. Ушул бөлүктүн шарттары боюнча чыгымдар катары алгач таанылган чыгымдар материалдык эмес активдин өздүк наркынын курамында мындан кечирээк күнгө карата таанылышы мүмкүн эмес.
254. Баштапкы таануудан кийин материалдык эмес актив бардык топтолгон амортизацияны жана бардык топтолгон баанын түшүүсүнөн болгон чыгашаларды алып салгандан кийин өздүк наркы боюнча эсептелинет.
255. Мекеме материалдык эмес активдин пайдалуу кызматынын мөөнөтү акыркыбы же белгисизби, жана эгерде мөөнөтү акыркы болсо, бул мөөнөттүн узактыгын же ушул пайдалуу кызматтын мөөнөтүн түзө турган продукциянын бирдигинин же окшош бирдиктердин санын аныктайт.
256. Эгерде бардык орундуу факторлорду талдоо бул актив күтүлгөндөй эле, мекеме үчүн акча каражаттарынын таза агымын же сервистик потенциалды түзө турган мезгилдин ичинде аны алдын ала айтууга боло турган чектөөлөрүнүн жоктугун көрсөтсө, мекеме материалдык эмес активди пайдалуу кызматынын белгисиз мөөнөттүү актив катары карайт.
257. Милдеттендирүүчү макулдашуулардан келип чыгуучу материалдык эмес активдин пайдалуу кызматынын мөөнөтү ушул милдеттендирүүчү макулдашуулардын аракет мөөнөтүнөн ашпоосу керек, бирок ал мекеме бул активди колдонууну болжолдогон мезгилге көз карандылыкта кыска болушу мүмкүн.Эгерде милдеттендирүүчү макулдашуулар узартылышы мүмкүн болгон чектелген мөөнөткө өткөрүлүп берилсе, анда бул материалдык эмес активдин пайдалуу кызматынын мөөнөтүн аныктоодо жаңыртыла турган мөөнөт мекеме мөөнөттү узартууну олуттуу чыгымдарсыз ала тургандыгына күбөлөндүрүүлөр болгон учурда гана эсепке алынат.
258. Ушул эсеп саясаты материалдык эмес активдердин пайдалуу кызматынын (ПКМ) төмөнкү мөөнөттөрүн аныктайт:
№ | Негизги каражаттардын тобунун аталышы | ПКМ | |
1 | Материалдык эмес активдер: |
| |
11 | Программалык камсыздоо; Маалыматтардын базасы, системалык программалык 1.каражаттар, сервистик программалар, окутуу үчүн колдонмо программалар | 5 | |
12 | Оюн –зоок жанрынын, адабият жана искусство чыгармаларынын түп нускалары,эркин чыгармалар | 3 | |
13 | Лицензиялык макулдашуулар, соода белгилери | 2 | |
|
|
|
|
259.Акыркы мөөнөттүү пайдалуу кызматтуу материалдык эмес активдин амортизациялык чоңдугу анын пайдалуу кызматынын мөөнөтүнүн ичинде системалуу негизде бөлүштүрүлөт. Амортизация качан актив пайдалануу үчүн жеткиликтүү болгон моменттен тартып, б.а. анын турган орду жана абалы жетекчиликтин ниеттенүүсүнө ылайык пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзгөндөн тартып башталат. Амортизация кайсынысы эртерээк келген эки күндүн биринде токтотулат: бул активди сатууга коюлган катары классификациялоо күнүнө карата же аны таанууну токтотуунун күнүнө карата.
260. Амортизацияны кошуп эсептөөнүн пайдаланылып жаткан методу мекеменин активден келечектеги экономикалык пайдаларды же сервистик потенциалды пайдалануунун күтүлүп жаткан моделин чагылдырат. Эгерде керектөөнүн бул моделин ишенимдүү аныктоого болбой турган болсо, мекеме амортизацияны кошуп эсептөөнүн түздөн –түз методун колдонот.
261. Ар бир мезгилге кошуп эсептелген амортизация ушул эсеп саясатынын берилген же башка бөлүгү башка активдин баланстык наркына кошууну руксат же талап кылган учурларды кошпогондо, пайданын же чыгашанын курамында таанылат.
262. Пайдалуу кызматтын акыркы мөөнөттүү материалдык эмес активине амортизациянын мөөнөтү жана амортизацияны кошуп эсептөөнүн методу ар бир финансылык жылдын акырындагыдан кем эмес талдоодон өткөрүлөт. Эгерде бул активдин пайдалуу кызматынын мөөнөтү мурдагы эсептик баалардан айырмаланса, анда амортизациянын мөөнөтү тиешелүү түрдө өзгөртүлөт. Эгерде активде камтылган келечектеги экономикалык пайдаларды же сервистик потенциалды керектөөнүн күтүлүп жаткан моделинин өзгөрүүсү болуп өтсө, анда амортизацияны кошуп эсептөөнүн методун өзгөрүлгөн моделди чагылдыруу максатында өзгөртүү керек. Мындай өзгөртүүлөр эсептик баалардагы өзгөрүүлөр катары эсепке алынат.
263. Пайдалуу кызматынын акыркы мөөнөттүү материалдык эмес активдин жойуу наркы төмөнкү учурлардан башка учурларда, нөлгө барабар:
-анын пайдалуу кызматынын мөөнөтүнүн акырында бул активди сатып алууга үчүнчү жактын милдеттенмеси бар; же
-бул актив үчүн активдүү рынок бар жана: 1) жойуу наркын ушул рыноктун маалыматтарын пайдалануу менен аныктоого болот; 2) ушул активдин пайдалуу кызматынын мөөнөтүнүн акырында мындай рыноктун болуусунун жогорку ыктымалдуулугу орун алган.
264. Пайдалуу кызматынын мөөнөтү аныкталбаган материалдык эмес актив амортизациялоого жатпайт.
265. Амортизация кошуп эсептелбеген материалдык эмес активдин пайдалуу кызматынын мөөнөтү ар бир отчеттук мезгилде активдин пайдалуу кызматынын мөөнөтүн аныкталбаган катары баалоону окуялар жана жагдайлар тастыктоосун улантып жаткандыгын аныктоо үчүн талдоо жасалат. Эгерде алар мындай баалоону тастыктабаса, анда пайдалуу кызматынын мөөнөтүн аныкталбагандан акыркыга өзгөртүлүүсү эсептик баалоодогу өзгөртүү катары эсепке алынат.
266. Материалдык эмес активди таануу төмөнкү учурда токтотулат:
-анын чыгып кетүүсүндө ; же
-аны пайдаланууда же чыгып кетүүсүндө кандайдыр - бир экономикалык пайдаларды же сервистик потенциалды алуу күтүлбөгөндө.
267. Материалдык эмес активди таанууну токтотуунун натыйжасында келип чыгуучу пайда же чыгаша, эгерде мындай бар болсо, чыгып кетүүдөн таза түшүүлөр менен ушул активдин баланстык наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат. Алар активди таанууну токтотуу моментинде пайданын жана чыгашанын курамында таанууга жатат.
268. Мекеме өз бетинче түзүлгөн материалдык эмес активдер менен башка материалдык эмес активдерди чектөө менен материалдык эмес активдердин ар бир классы боюнча төмөнкү маалыматты ачат:
-тиешелүү активдердин пайдалуу кызматынын мөөнөтү аныкталган эмес же акыркы болуп эсептелеби, жана эгерде ал акыркы болсо, пайдалуу кызматтын мөөнөтү же амортизациянын ченемдери пайдаланылабы;
-пайдалуу кызматынын акыркы мөөнөттүү материалдык эмес активдерге карата пайдаланыла турган амортизацияны кошуп эсептөөнүн методу;
-мезгилдин башындагы жана аягындагы баланстык дүң нарк жана бардык топтолгон амортизация (баанын түшүүсүнөн топтолгон чыгашалар менен бириктирилген);
-материалдык эмес активдердин бардык амортизациясы кошулган кирешелер жана чыгашалар жөнүндөгү берене;
-төмөнкүлөрдү чагылдырган мезгилдин башына жана акырына баланстык наркты салыштырып текшерүү: 1) материалдык эмес активдердин өсүшү, өз бетинче түзүлгөн жана өзүнчө сатып алынгандарды өзүнчө көрсөтүү менен; 2) сатууга арналган катары классификацияланган же сатууга арналган катары классификацияланып, чыгып кетүүчү топко кошулган активдерди; 3) мезгилдин ичинде пайданын же чыгашанын курамында таанылган баасынын түшүүсүнөн чыгашаларды; 4) пайдада же чыгашада мезгил ичинде сторнирленген баанын түшүүсүнөн чыгашаларды; 5) ушул мезгилдин ичинде таанылган бардык амортизацияны; 6) финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүн отчеттуулукту берүүнүн валютасына кайра эсептөөдө жана чет өлкөлүк бөлүнүштүн көрсөткүчтөрүн мекеменин отчеттуулукту берүүнүн валютасында кайра эсептөөдө келип чыгуучу курстук таза айырмаларды; 7) мезгил ичиндеги баланстык нарктын башка өзгөрүүлөрүн.
269. Мекеме ошондой эле төмөнкү маалыматты ачат:
-пайдалуу кызматтын мөөнөтү аныкталбаган материалдык эмес актив катары бааланган материалдык эмес активке карата - бул активдин баланстык наркын жана аны пайдалуу кызматынын мөөнөтү аныкталбаган материалдык эмес актив катары баалоо үчүн негиздерди ;
-субъекттин финансылык отчеттуулугу үчүн олуттуу болуп эсептелген бардык өзүнчө материалдык эмес активге карата баяндама, баланстык наркын жана амортизацияны кошуп эсептөөнүн калган мезгилин;
- алмашуу эмес операциянын аркасында алынган жана алгач адилеттүү наркы боюнча таанылган материалдык эмес активдерге карата: 1) ал боюнча активдер алгач таанылган адилеттүү наркын;2) алардын баланстык наркын; 3) алар өздүк наркы боюнча эсепке алуу моделин пайдалануу менен же кайра бааланган наркы боюнча эсепке алуунун моделин пайдалануу менен таануудан кийин алар өлчөнөбү;
-аларга карата белгилүү чектөөлөр аракет кылган менчик укуктарына карата материалдык эмес активдердин бардыгын жана алардын баланстык наркын, ошондой эле милдеттенмелерди камсыздоо катары күрөөгө коюлган материалдык эмес активдердин баланстык наркын;
-материалдык эмес активдерди алуу боюнча келишимдин милдеттерине ылайык өзүнө алынган сумманы.
270. Мекеме мезгил ичинде чыгым катары таанылган изилдөөлөргө жана иштелмелерге чыгымдоолордун агрегирленген суммасын ачат.