Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 90 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 23-декабры № 709
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна республиканы табигый газ менен үзгүлтүксүз камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2008-2009-жылдардын жылытуу мезгилинен ийгиликтүү чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (1-2), Азия өнүктүрүү банкынын жана Түркиянын экспорттук-кредиттик банкынын линиялары боюнча алынган кредиттер боюнча 117,7 млн. сом суммадагы мөөнөтү кечиктирилген карыздарды жоюуну камсыздасын;
- 2008-2009-жылдарда табигый газ алууга "Узтрансгаз" акционердик компаниясына алдын ала төлөө үчүн "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй шарттарда 118,0 млн. сом өлчөмдө бюджеттик кредит берсин:
кредитти жоюу мөөнөтү өздөштүрүү башталган учурдан тартып 2009-жылдын 31 -декабрына чейин;
кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставка - жылдык 6 процент;
проценттерди эсептөө өздөштүрүү башталган күндөн тартып жүргүзүлөт, проценттерди жоюу - өздөштүрүү башталган күндөн кийинки айдан башталат;
төлөө кечиктирилген учурда айыптык санкциялар - жылдык 12 процент;
жоюунун мезгилдүүлүгү - ай сайын;
- "Кыргызгаз" ачык акционердик коому менен Бюджеттик кредитти төлөөнүн шарттары боюнча карыздык милдеттенмени милдеттүү түрдө күрөөлүк камсыздоо менен белгиленген тартипте түзсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин."Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна республиканы табигый газ менен үзгүлтүксүз камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2008-2009-жылдардын жылытуу мезгилинен ийгиликтүү чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (1-2), Азия өнүктүрүү банкынын жана Түркиянын экспорттук-кредиттик банкынын линиялары боюнча алынган кредиттер боюнча 117,7 млн. сом суммадагы мөөнөтү кечиктирилген карыздарды жоюуну камсыздасын;
- 2008-2009-жылдарда табигый газ алууга "Узтрансгаз" акционердик компаниясына алдын ала төлөө үчүн "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй шарттарда 118,0 млн. сом өлчөмдө бюджеттик кредит берсин:
кредитти жоюу мөөнөтү өздөштүрүү башталган учурдан тартып 2009-жылдын 31-декабрына чейин;
кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставка - жылдык 6 процент;
проценттерди эсептөө өздөштүрүү башталган күндөн тартып жүргүзүлөт, проценттерди жоюу - өздөштүрүү башталган күндөн кийинки айдан башталат;
төлөө кечиктирилген учурда айыптык санкциялар - жылдык 12 процент;
жоюунун мезгилдүүлүгү - ай сайын;
- "Кыргызгаз" ачык акционердик коому менен Бюджеттик кредитти төлөөнүн шарттары боюнча карыздык милдеттенмени милдеттүү түрдө күрөөлүк камсыздоо менен белгиленген тартипте түзсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- Карыздык милдеттенмеге кол коюлган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн карыз боюнча милдеттенменин күрөөлүк камсыздалышын тариздөө үчүн нотариуста күбөлөндүрүлгөн бардык зарыл документтерди тапшыруу;
- акционердик коомду башкаруучу тийиштүү органдын мүлктү белгиленген тартипте күрөөгө берүү жөнүндө чечимин берүү;
- жогоруда аталган бюджеттик кредиттин кошулган проценттери менен Карыздык милдеттенмени жоюу графигине катуу ылайык кайра төлөнүшүн камсыздоо
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |