Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2010-жылдын 9-февралы № 83 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Балдарды коргоо боюнча департаменти жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнтүзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсызкылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгы жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Эм-гек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө" токтомуна ыла-йык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция ми-нистрлигинин алдындагы Балдарды коргоо боюнча департаменти жөнүндө тир-келген жобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция ми-нистрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдикукуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эм-гек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Үсөнов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 83 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Балдарды коргоо боюнча департамент жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 2. Департаменттин максаттары жана милдеттери 3. Департаменттин функциялары 4. Департаменттин укуктары 5. Департаменттин ишин уюштуруу 6. Кайра уюштуруу жана жоюу 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция ми-нистрлигине караштуу Балдарды коргоо боюнча департамент (мындан ары -Департамент) Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана мигра-ция министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу ведомстволук түзүмболуп саналат, ал балдарды коргоо жагында мамлекеттик саясатты турмушкаашыруу боюнча Министрликтин функцияларын жүзөгө ашырат жана өз ишинКыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин(мындан ары - министр) жалпы жетекчилиги астында жүргүзөт. 2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын консти-туциялык мыйзамын, "Балдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексин,Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексин, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын,Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Министрлик-тин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыла-рын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим-дерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Департамент өз ишин Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү, башкамамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, коомдук бирик-мелер, ошондой эле уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан башка уюмдар ме-нен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат. 4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын мамлекеттик жанарасмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган Кыргыз Республикасынын Мамле-кеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана башка мөөрлөрү, штамптары,Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казналыгынынагенттери - казыналык жана банктар системасында эсептери бар. 5. Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тар-бия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекет-тик агенттикке караштуу Балдарды коргоо боюнча департаменттин укук му-растоочусу болуп саналат. 6. Департаменттин мамлекеттик тилде аталышы: "Кыргыз Республикасы-нын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Бал-дарды коргоо боюнча департамент", расмий тилде аталышы: "Департамент позащите детей при Министерстве труда, занятости и миграции КыргызскойРеспублики". 2. Департаменттин максаттары жана милдеттери 7. Департаменттин ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасында бал-дардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо системасынөнүктүрүү болуп саналат. 8. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо чөйрөсүндөмамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана артыкчылыктары боюнча су-нуштарды иштеп чыгуу; - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо жагындамыйзам чыгаруучу жана башка ченемдик-укуктук актылардын долбоорлоруништеп чыгуу; - балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарынкоргоо жагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу; - балдарды социалдык коргоо боюнча мамлекеттик минималдуу кызматкөрсөтүүлөрдү, аларды сактоонун жана мазмунун түшүндүрүүнүн мониторин-гин иштеп чыгуу. 3. Департаменттин функциялары 9. Негизги милдеттерди турмушка ашыруу максатында Департаменттөмөнкү негизги функцияларды ишке ашырат: - балдарды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыт-тары жана артыкчылыктары боюнча сунуштарды мамлекеттик органдардын,жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин катышуусунда иштеп чыгат,ошондой эле аны жүзөгө ашырууну камсыз кылат; - балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарынкоргоо жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдетин, аныничинде ата-энесинен багуусуз калган жашы жете электерди жана асырап ал-ган балдарга (улуттук жана эл аралык) карата камкордук көрүү жанакөзөмөлдүк кылуу милдетин аткарат; - балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарынкоргоого багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуужана турмушка ашыруу; - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо чөйрөсүндөмамлекеттик жардам алууга мүмкүнчүлүктөрү бар балдарга алардын укуктарыжана милдеттери жөнүндө маалымат берүү боюнча иш чараларды жүзөгө ашы-руу; - белгиленген тартипте компетенциянын чегинде балдардын укуктарынжана мыйзамдуу таламдарын коргоо жагында эл аралык келишимдерди түзөт; - мыйзам менен чыр-чатакта болгон жашы жете электердин укуктарын,эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын жүзөгө ашырууга багытталган ча-раларды кабыл алат; - ата-энесинен багуусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалы-маттар банкын калыптандырууну жана кыйын турмуштук кырдаалда калганбалдар жөнүндө маалыматтар базасын жањыртууну камсыз кылат; - балдарга кызмат көрсөтүү жагында иштеген уюмдарды аккредитация-лоону уюштурат; - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо чөйрөсүндөмамлекеттик программаларды турмушка ашырууну мамлекеттик органдардын,жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын ишине координациялоо, маалыматтык жана усулдуккамсыз кылуу боюнча ишти жүзөгө ашырат; - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо чөйрөсүндөмилдеттерди аткарган кызматкерлерди окутууну жана квалификациясын жого-рулатууну уюштурат; - мамлекеттик органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрация-ларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына балдардын укук-тарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, социалдык жетимдиктин ал-дын-алуу, үй-бүлөнүн жайсыздыгы, жашы жете электердин арасында укук бу-зууларды жана кылмыштуулукту алдын-алуу маселелери боюнча программалар-ды турмушка ашырууда көмөк көрсөтөт; - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо чөйрөсүндөмамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл аралык жана коомдук уюмдарменен бирдикте өзара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат; - балдардын абалы боюнча маалыматты чогултууну жүзөгө ашырат, мам-лекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдардын укуктарын, кызыкчылыкта-рын жана эркиндиктерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаткарышын талдайт, балдарды коргоо жагында мамлекеттик саясатты жүзөгөашыруунун натыйжалуулугун болжолдоону жана баалоону турмушка ашырат; - жетим балдарга, ата-энесинин кароосунан калган балдарга жанабалдар менен үй-бүлөлөргө багытталган иш-чаралардын пландарын, улуттукжана мамлекеттик программалардын аткарылышына көзөмөлдү жана мониторингжүргүзүү; - менчигинин түрүнө карабастан балдарга жана үй-бүлөлөргө, балдарүйлөрүнө, жатак мекемелерге, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүнө социалдык кыз-мат көрсөтүүлөрдү берген уюмдардын жана мекемелердин ишине, минималдуусоциалдык стандарттардын сакталышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт; - балдардын укуктары, ошондой эле БУУнун баланын укуктары боюнчаконвенциясынын жоболору жөнүндө коомчулукка маалымдоону жогорулатуу; - балдардын укуктары жөнүндө ООНдун Конвенциясын жүзөгө ашыруу бо-юнча улуттук докладдарды даярдоого катышат; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө балдардын укуктарын жана мыйзам-дуу таламдарын коргоо маселелери боюнча отчет берет; - жарандардын, анын ичинде балдардын Балдар иштери боюнча Комисси-янын чечимдерине даттанууларын жана арыздарын карайт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдарды коргоо жа-гында башка функцияларды жүзөгө ашырат. 4. Департаменттин укуктары 10. Департамент төмөнкү укуктарга ээ: - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо жагында иш-теген кызматкерлердин кадрлар резервин түзүүгө жана алардын билимин жо-горулатуу боюнча иштерди алып барууга; - таламдаш министрликтер, администрациялык ведомстволор, эл аралыкуюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте жумушчутопторду түзүүгө; - "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамын жүзөгө ашыруунун чегинде балдарга жана үй-бүлөлөргө кызматкөрсөтүүгө келишимдерди түзүүгө; - мамлекеттик органдардан, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруулардан балдарды коргоо жана со-циалдык коргоо маселелери боюнча маалыматтарды акысыз негизде алууга; - бюллетендерди, журналдарды, колдонмолорду, эскертмелерди жанабашка басылмаларды чыгарууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте товар-ларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүгө; - конкурстарды, кењешмелерди, семинарларды жана конференциялардыөткөрүүгө жана Департаменттин компетенциясына таандык маселелер боюнчажарнамалык ишти жүргүзүүгө; - белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвести-циялар жана инновациялар борбордук агенттиги менен өз ара аракетте эларалык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, Департаменттин ишининжагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн донор өлкөлөрдүн грант-тарын тартууга; - Департаменттин ишинин жагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууүчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорөлкөлөрдүн гранттарын топтоо үчүн атайын эсептерди түзүүгө; - милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткаруу үчүн зарылбашка укуктарды жүзөгө ашырууга. 5. Департаменттин ишин уюштуруу 11. Департаменттин ишине жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мый-замында аныкталган тартипте Министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республика-сынын Премьер-министринин буйругу менен кызмат ордуна дайындалып жанабошотула турган директор (мындан ары - Директор) жүзөгө ашырат. 12. Директор: - Департаментке жетекчиликти жеке башкаруу негизде ишке ашырат жа-на жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын өз учурунда жана сапаттууаткарылышы үчүн, ага берилген укуктарды жана жүктөлгөн милдеттерди та-лаптагыдай турмушка ашыруу, анын ичинде отчеттук маалыматтардын аныкты-гы, финансылык-чарбалык иштин ченемдерин сактоо жагында жеке жоопкерчи-ликти тартат; - жогору турган мамлекеттик органдардын чечимдерин талаптагыдайаткарылышын камсыз кылат; - мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коомдук уюм-дар менен мамилелерде Департаменттин атынан иш алып барат; - өз ыйгарым укуктарынын чектеринде буйруктарды чыгарат жанакөрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын уюштурат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин кыз-маткерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, кызматкерлердин функ-циялык милдеттенмелерин бекитет, алардын квалификациясын жогорулатуунууюштурат, алардын мыйзамдуулукту, кызматтык жана аткаруучулук тартипти,ички эмгектик күн тартибинин эрежелерин сакташы боюнча чараларды кабылалат, аларды сыйлоо жана тартип жазасына тартуу маселелерин, ошондойэле алардын мамлекеттик кызматты өтүшү менен байланышкан башка маселе-лерди чечет; - иш өндүрүшүнүн ченемдерин, документтердин сакталышын жана алар-дын Улуттук архив фондуна белгиленген тартипте сактоого өткөрүлүп бери-шин камсыз кылат; - белгиленген тартипте Департаменттин мүлкүн башкарат жана кара-жаттарын тескейт; - финансылык эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча ишти уюштурат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-тарды аткарат. 13. Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ал турмуш-ка ашыруучу ыйгарым укуктар боюнча жоопкерчилик тартат. 14. Департаменттин аппаратын күтүүгө чыгымдарды финансылоо бюджет-тик каражаттардын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык башка булактардын эсебинен ишке ашырылат. 15. Департаменттин түзүмү, штаттык саны жана чыгымдарынын сметасыминистрдин буйругу менен бекитилет. 6. Кайра уюштуруу жана жоюу 16. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 17. Департамент жоюлганда документтер Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык сакталат.