Сравнение редакций…
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы"Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралары жөнүндө" "КыргызРеспубликасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери тууралуу" жана"Ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу тууралуу" Мыйзамдары менен Жарлыгы-нын 8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 2. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигинекараштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча Борбору Кыргыз Респуб-ликасындагы стандарттар жана метрология Улуттук институтунун укуктуккабыл алуучусу болуп эсептелери белгиленсин. 3. Республикалык бюджеттен каржыланаардыгы белгиленсин: - мамлекет заказчы болуп эсептелген улуттук стандарттар программа-сын түзүү жана ишке ашыруу, анын ичинде улуттук стандарттарга эксперти-за жүргүзүү; - техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалымат-тык фондун калыптоо жана жүргүзүү; - тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктылган,стандартташтыруу жана метрология боюнча эларалык (региондук) уюмдаргакатышуу жана мүчөлүк акыларды төлөө; - Кыргыз Ресрубликасындагы ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылуунунулуттук эталондук базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жана бир-диктердин эларалык системасын (ЧК) ченөөгө байкоо жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигинекараштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча Борбордун аткаруу бий-лигинин мамлекеттик органдарынын балансында турган улуттук жана чоњдукбирдигинин баштапкы эталондору жана иштеп чыгуу, сатып алуу,өркүндөтүү, сактоо жана колдонуу; - ченөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү мамлекеттик реес-терге киргизүү; - метрология чөйрөсүндөгү илимий изилдөө иштери; - эл аралык, региондук, улуттук дењгээлде эталондорду салыштыруугакатышуу; - Кыргыз Республикасындагы улуттук жана баштапкы эталондорду кар-моо үчүн керек болгон жайларды, жабдууларды сатып алуу жана иштеп чы-гуу. 4. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министрлиги бирайлык мөөнөттө: - ушул токтомдон келип чыккан Кыргыз Республикасынын ченемдикукуктук актыларындагы тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштуКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү жана иштеп чыгуу. 5. Күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук инс-титуту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-нояб-рындагы № 546 токтому; - "Аккредиттөөнүн Кыргыз борборунун маселелери" жөнүндө КыргызРеспубликасынын 21-июнь 2007-жыл № 238 токтомунун 4-пункту. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 596, 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2018-жылдын 19-февралындагы № 98, 2020-жылдын 20-майындагы № 264, 2021-жылдын 18-февралындагы № 53 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (мындан ары - СМБ) стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын функцияларын ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук мамлекеттик мекемеси болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
2. СМБ өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелинген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлиги жөнүндө Жобону жетекчиликке алат.
3. СМБ юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын герби чагылдырылган мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар, ошондой эле өзүнүн ишмердигин ишке ашыруу үчүн жана башка мөөрү, штампы жана бланкалары бар.
СМБ белгиленген тартипте банктарда, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын эсебинен СМБны камсыздоо ишке ашырылат.
5. СМБнын юридикалык дареги: Бишкек шаары, Панфилов көчөсү, 197
II. СМБнын максаттары
(Глава КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
6. СМКнын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- эл аралык эрежелерге жана сунуштарга ылайык стандартташтыруунун улуттук системасын түзүү жана өнүктүрүү;
- ченөө бирдейлигин камсыз кылуу, улуттук эталондук базаны өнүктүрүү жана колдоо;
- адамдардын өмүрүн жана ден соолугун; айлана-чөйрөнү; жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо максатында коомдун коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
- энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга жана ресурстарды үнөмдөөгө көмөк көрсөтүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
III. СМБнын милдеттери
(Глава КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
7. СМБнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- илимий-техникалык өсүшкө өбөлгөлөрдү түзүү;
- илимдин, техниканын жана технологиялардын өнүгүү деңгээлине ылайык продукциянын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигинин даражасын эске алуу менен объекттердин коопсуздук деңгээлин жогорулатуу;
- ресурстарды сарамжалдуу жана рационалдуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
- техникалык регламенттердин талаптарын сактоого көмөк көрсөтүү;
- техникалык жана маалыматтык шайкештикти, ченөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжаларын салыштырууну, продукциянын өз ара алмашуусун камсыз кылуу;
- калктын өмүрүнүн, ден соолугунун, ошондой эле жаныбарлардын саламаттыгынын жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн, айлана-чөйрөнүн коопсуздук деңгээлин жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу үчүн метрология боюнча иштерди жүргүзүү;
- ченөө системасын Эл аралык бирдик системасына (БС) шайкеш келтирүүнү камсыз кылуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. СМБнын функциялары
(Глава КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
8. СМБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
а) стандартташтыруу жаатында:
- стандартташтыруунун улуттук системасын улуттук экономиканын кызыкчылыктарына, илимди, техниканы жана технологияларды өнүктүрүү деңгээлине шайкеш келтирүүнү камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- стандартташтыруу жаатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- стандарттарды иштеп чыгууга, бекитүүгө жана колдонууга ылайыктуу Жоопкерчиликтүү практика кодексинин негизинде, Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашууга (Марракеш шаары, 1994-жылдын 15-апрели) ылайык стандарттарды, эрежелерди, жол-жоболорду жана сунуштарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу тартибин белгилөө;
- башка мамлекеттердин эл аралык, региондук жана улуттук стандарттарын, башка мамлекеттердин региондук жыйнактарын, эрежелерин жана эрежелеринин жыйнактарын, башка мамлекеттердин региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана улуттук классификаторлорун стандартташтыруу боюнча улуттук документтер катары кабыл алуу методдорун белгилөө;
- улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, эрежелерди жана стандартташтыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу (өзгөртүү, актуалдаштыруу) программаларын түзүү жана бекитүү;
- улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, эрежелерди жана стандартташтыруу боюнча сунуштамаларды белгиленген тартипте бекитүү жана жокко чыгаруу;
- Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттер аралык стандарттарын, техникалык регламенттерин жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоону камсыздоочу стандарттардын тизмесин иштеп чыгууга жана аларга экспертиза жүргүзүүгө катышуу;
- стандартташтыруу боюнча документтерди эл аралык жана региондук ченемдерге шайкеш келтирүү;
- стандартташтыруу, метрология, сертификациялоо жаатында макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- улуттук стандарттардын жана стандартташтыруу боюнча башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууну жана аларга экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу;
- улуттук стандарттарды, эрежелерди стандартташтыруу боюнча сунуштамаларды, эл аралык жана региондук стандарттарды, башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын жана алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, региондук классификаторлорду (анын ичинде мамлекеттер аралык), ошондой эле башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорун эсепке алуу жана кызыкдар жактар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
- стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттерди түзүү жана алардын иштөө тартибин бекитүү, алардын ишин уюштуруу жана ишин координациялоо;
- улуттук стандартка шайкештик белгисинин сүрөтүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
- башка мамлекеттердин эл аралык, региондук стандарттарын (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана улуттук стандарттарын, башка мамлекеттердин региондук жыйнактарын, эрежелерин жана эрежелеринин жыйнактарын, башка мамлекеттердин региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана улуттук классификаторлорун Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасы иштеп чыгууга катышкан мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программаларын түзүүгө жана ишке ашырууга катышуу жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында улуттук стандарттарды мамлекеттер аралык стандарттарга ылайыктап кайра иштеп чыгууну уюштуруу;
- продукциялардын каталогдук баракчаларынын формаларын, аларды толтуруу, берүү жана каттоо эрежелерин белгилөө;
- продукциялардын каталогун түзүү боюнча мамлекеттик системаны өнүктүрүү боюнча иштерди координациялоо жана продукциялардын каталогдук баракчаларын каттоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу;
- улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды жана мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгуу, макулдашуу, эсепке алуу, бекитүү, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүү, жокко чыгаруу жана ишке киргизүү тартибин белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты, мамлекеттик классификаторлордун, статистикалык классификаторлордун, региондук классификаторлордун, мамлекеттер аралык классификаторлордун, жүргүзүүгө тийиш болгон башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорунун тизмесин, ошондой эле классификаторлорду иштеп чыккан, жүргүзгөн, актуалдаштырган жана колдонгон Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун тизмесин классификациялоо жана код коюу системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоо;
- транспорт каражаттарын даярдап чыгаруучуларга эл аралык идентификациялык код (VIN/WMI) ыйгаруу;
б) метрология жаатында:
- республиканын экономикасын өнүктүрүүдө ченөөнүн жана стандарттардын ролун чыңдоо үчүн Эл аралык бирдик системасына (БС) ченөө системасын шайкеш келтирүүнү камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- чоңдук бирдиктеринин улуттук эталондорун сактоо жана өркүндөтүү, Эл аралык бирдик системасынын (БС) негизги жана туунду чоңдук бирдиктеринин өлчөмдөрүн чыгаруу жана берүү;
- ченөө каражаттарынын тибин текшерүү, калибровкалоо, бекитүү, ченөөнү аткаруу методикаларын аттестациялоо боюнча чарбакер субъекттерге метрологиялык кызматтарды көрсөтүү;
- стандарттык үлгүлөрдү бекитүү;
- ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык метрологиялык иштердин жыйынтыктарын таануу боюнча иштерди жүргүзүү;
- калибровкалоонун жана ченөөнүн улуттук эталондорун жана сертификаттарын эл аралык таанууну камсыздоо үчүн эл аралык, региондук жана улуттук деңгээлде эталондорду салыштырып текшерүүгө катышуу;
- ченөө каражаттарынын тибин бекитүү же текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүү же стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоо укугун берүү жана кайра чакыртып алуу боюнча иштерге катышуу;
- метрология жаатындагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
- эл аралык метрология уюмдары жана башка өлкөлөрдүн метрология боюнча улуттук органдары менен ченөө бирдейлигин камсыздоо жаатында маалымат алмашуу;
в) шайкештикти баалоо жаатында:
- продукцияны, кызмат көрсөтүүлөрдү, персоналды жана менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын функцияларын ишке ашыруу;
- шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө продукцияны (кызмат көрсөтүүнү) сыноо;
- мамлекеттик органдарды, юридикалык жана жеке жактарды изилденүүчү объектилердин (материалдардын, продуктулардын, процесстердин) шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин же контракттардын талаптарына шайкеш келиши (шайкеш эместиги) жөнүндө маалыматтар менен камсыздоо максатында алардын өтүнмөлөрүнүн негизинде сан, сапат, коопсуздук параметрлери боюнча изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды жүргүзүү;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдардын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү жана суроо-талаптары боюнча келишимдик негизде тестирлөө боюнча кызматтарды жана башка технологиялык кызматтарды көрсөтүү;
- тиешелүү сыноолорду, экспертизаларды, ченөөлөрдү жүргүзүү менен тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптеринин (ХАССП) системасынын элементтери киргизилүүгө тийиш тамак-аш азыктарын даярдоо боюнча ишканалардын өндүрүштүк процесстерине келишимдик негизде катышуу;
- сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын изденүүгө конкурс өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктер үчүн сыйлыгын изденүүгө конкурс өткөрүү боюнча иштерге катышуу;
- сапат менеджменти системаларын, айын ичинде тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджменти системаларын сертификациялоо боюнча органдын ишин уюштуруу;
- транспорт каражатынын тибин жактырууну (шассинин тибин жактыруу) бекитүү, каттоо, жокко чыгаруу;
- СМБнын расмий басылмасында "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке (ББ ТР 018/2011) шайкештигин күбөлөндүрүүчү документти колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты жарыялоо, документти колдонууну токтотуу жөнүндө кабарламаларды каттоо жана бирдиктүү реестрин жүргүзүү;
- транспорт каражатынын тибин жактырууларды (шассинин тибин жактырууларды), ошондой эле шайкештик сертификаттарын каттоо жана реестрин жүргүзүү;
г) маалыматтык камсыздоо жаатында:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык техникалык Регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун (мындан ары - фонд) түзүү жана жүргүзүү, техникалык регламенттерди, стандартташтыруу боюнча документтерди жана фонддун маалыматтык продукцияларын чыгаруу, жайылтуу жана пайдалануучуларды алар менен камсыздоо;
- улуттук стандарттарды жана стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо боюнча башка документтерди, башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын басып чыгаруу жана кайра басып чыгаруу, анын ичинде чет тилдеринде, көчүрмөсүн чыгаруу жана таркатуу, ошондой эле юридикалык жактарга ушул иштерди жүргүзүүгө укук берүү;
- эл аралык, региондук уюмдардын жана чет өлкөлөрдүн улуттук органдарынын стандарттарын, жана жол-жоболук документтеринин жетектөөчү принциптерин которуу;
- Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун (Марракеш шаары, 1994-жылдын 15-апрели) жана "Алиментариус кодекси" ведомстволор аралык комиссиясынын маалыматтык кызматынын (Улуттук байланыш пунктунун) жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн стандартташтыруу боюнча улуттук маалыматтык кызматтын функцияларын аткаруу;
- стандартташтыруу, метрология, менеджмент системасы, жана шайкештикти баалоо жаатында консалтинг боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо (ырастоо) жаатындагы иштерди жүргүзүү жана СМБнын компетенциясына кирген жана башка маселелер боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- документтер менен маалыматтык камсыздоо, кызматтарды көрсөтүү, СМБнын иши менен байланышкан маселелер боюнча окутуу;
- стандартташтыруу, метрология жана коопсуздук менеджменти жана сапат маселелери, ошондой эле бул тармакка тиешелүү башка маселелер боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу курстарын жана бардык тараптар - мамлекеттик, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрү үчүн башка окутуучу сабактарды уюштуруу;
- стандартташтыруу, метрология, менеджмент системасы, сыноо жана шайкештикти баалоо жаатында адистердин стажировкаларын уюштуруу жана өткөрүү;
д) эл аралык кызматташтык жаатында:
- стандартташтыруу, метрология жаатында жана бул багыттарга байланышкан башка тармактарда, анын ичинде Министрлик менен макулдашуу боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын жана келишимдердин негизинде иштеген эл аралык, региондук уюмдар жана чет өлкөлөрдүн улуттук органдары менен кызматташуу;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча, СМБнын ыйгарым укуктарынын чегинде стандартташтыруу жана метрология боюнча региондук жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасын атынан чыгуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 98, 2020-жылдын 20-майындагы № 264, 2021-жылдын 18-февралындагы № 53 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
V. СМБнын укугу
9. СМБ функцияларын ишке ашыруу үчүн өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- СМБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- СМБга жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн Министрлик менен макулдашуу боюнча координациялык жана кеңешүүчү (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволук органдарды түзүүгө;
- экспертизаларды, сыноолорду жана консультацияларды жүргүзүү үчүн Министрлик менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартууга;
- жарандардын өмүрүнүн, ден соолугунун же мүлкүнүн коопсуздугун, айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу боюнча талаптарга жооп бербеген ченемдик укуктук актыларды жокко чыгаруу, колдонуу мөөнөтүн чектөө же кайра кароо жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- келишимдердин жана келишимдин күчүнө ээ башка документтердин негизинде шайкештикти ырастоо, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу, сыноолорду жүргүзүү, адистерди даярдоо жаатында чарбакер объекттерге акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттик каражаттарды чыгымдардын түрлөрү боюнча алардын багытталышына ылайык бөлүштүрүүгө;
- СМБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык, улуттук жана региондук уюмдар менен келишимдерди түзүү жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлгөн иштерге (кызмат көрсөтүүлөргө) бааларды жана тарифтерди иштеп чыгууга жана колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге каршы келбеген негизги функцияларды аткарууда коштолуучу башка иштерди жүргүзүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө;
- стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология жаатында тренингдерди, семинарларды, стажировкаларды жана адистерди окутуунун башка түрлөрүн келишимдик негизде жүргүзүүгө;
- СМБнын башкаруу схемасына кирген аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизүүгө, ошондой эле алардын ишин жетектөөгө жана контролдоого;
- транспорт каражатынын тибин жактырууну (шассинин тибин жактырууну) тариздөөнүн тууралыгын жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн техникалык катчылыктын функцияларын аткаруучу компетенттүү уюмду белгиленген тартипте дайындоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 98, 2021-жылдын 18-февралындагы № 53 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. СМБнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өзүнүн ишмердигине жоопкерчиликти алат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. СМБнын ишмердигин уюштуруу
11. СМБны Кыргыз Республикасынын экономика министринин (мындан ары - Министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындаган Деректир жетектейт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы N 756 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Деректирдин көрсөтүүсү боюнча Министр кызматка дайындаган жана кызматтан бошоткон Деректирдин бир орунбасары болот.
13. СМБнын директору:
- СМБнын, анын ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн ишин жалпы жетектейт;
- СМБга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде СМБнын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Министрликке бекитүүгө берет;
- СМБнын кызматкерлерин, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- СМБнын, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлерин белгиленген тартипте тартиптик жазага тартат;
- белгиленген тартипте СМБнын, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт, ошондой эле мындай кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизет;
- өз компетенциясынын чегинде СМБнын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана тапшырмаларды берет;
- Министрликке квартал сайын СМБнын аткарган иштери жөнүндө отчетторду жиберет;
- мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда СМБнын кызыкчылыктарын коргойт;
- СМБнын ведомстволук жана аймактык чарбалык эсептеги бөлүнүштөрүнүн жобосун, түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык СМБнын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
14. СМБга жүктөлгөн маселелерди аткаруу менен байланышкан суроолорду коллегиалдуу карап чыгуу жана анын компетенттүүлүгүнө кирүүчү илимий-техникалык маселелерди чечүү үчүн илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө жобо жана анын персоналдык курамын СМБнын деректири бекитет.
СМБда башка кеңеш берүүчү жана консультативдик органдар түзүлүшү мүмкүн.
15. СМБуда квалификацияны жогорулатуу борбору жана кесиптик кадрларды кайра даярдоо жана толук чарбалык эсепте ишке ашырылган ишмердиктин аймактык бөлүкчөлөрү иштейт.
VII. СМБнын мүлкү жана каржылык-чарбалык ишмердиги
16. СМБнын жетегине кирген Мамлекеттик мүлктөр, оперативдик башкаруу укугу да ага бекитилет, ал эми чарбалык ишмердиктин эсебинен сатып алынган мүлктөр өз алдынча буюрууга түшөт жана өзүнчө баланста эске алынат.
17. СМБнын каржылоо булактары болуп төмөндөгүлөр саналат:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген сертификаттоо, метрология, стандартташтыруу жана башка өндүрүштүк-чарбалык ишмердиктер боюнча төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн чарбакер субъекттерге көмөк көрсөтүүлөрүнөн түшкөн өздүк каражаттар;
- мыйзамга каршы келбеген гранттар, кредиттер жана башка булактар.
18. СМБ Министрликтин макулдашуусу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн жана башка өндүрүштүк ишмердиктен түшкөн жана ошондой эле ушул кирешелердин эсебинен алынган мүлктөрдү чарбакер субъекттерден түшкөн кирешелер менен башкарууга укуктуу.
VIII. СМБны жоюу жана кайра уюштуруу
19. СМБны кайрадан уюштуруу жана аны жоюу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борборунун башкаруу СХЕМАСЫ -------------------------------------------- | Кыргыз Республикасынын Экономикалык | | жөнгө салуу министирлигине караштуу | | стандартташтыруу жана метрология борбору | -------------------------------------------- | ----------------------------------- | | ---------------------------- -------------------------------- | Аймактык (чарбалык эсеп) | | Кадрларды кесиптик кайра | | бөлүмдөр | | даярдоо жана квалификациясын | | | | жогорулатуу борбору | ---------------------------- --------------------------------
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2010-жылдын 12-февралы N 91
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" жана "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
1. (КР Өкмөтүнүн 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча Борбору Кыргыз Республикасындагы стандарттар жана метрология Улуттук институтунун укуктук кабыл алуучусу болуп эсептелери белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Республикалык бюджеттен каржыланаардыгы белгиленсин:
- мамлекет заказчы болуп эсептелген улуттук стандарттар программасын түзүү жана ишке ашыруу, анын ичинде улуттук стандарттарга экспертиза жүргүзүү;
- техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун калыптоо жана жүргүзүү;
- тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныктылган, стандартташтыруу жана метрология боюнча эларалык (региондук) уюмдарга катышуу жана мүчөлүк акыларды төлөө;
- Кыргыз Ресрубликасындагы ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук эталондук базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жана бирдиктердин эларалык системасын (ЧК) ченөөгө байкоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча Борбордун аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын балансында турган улуттук жана чоңдук бирдигинин баштапкы эталондору жана иштеп чыгуу, сатып алуу, өркүндөтүү, сактоо жана колдонуу;
- ченөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү мамлекеттик реестерге киргизүү;
- метрология чөйрөсүндөгү илимий изилдөө иштери;
- эл аралык, региондук, улуттук деңгээлде эталондорду салыштырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасындагы улуттук жана баштапкы эталондорду кармоо үчүн керек болгон жайларды, жабдууларды сатып алуу жана иштеп чыгуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министрлиги бир айлык мөөнөттө:
- ушул токтомдон келип чыккан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларындагы тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү жана иштеп чыгуу.
5. Күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-ноябрындагы N 546 токтому;
- "Аккредиттөөнүн Кыргыз борборунун маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын 21-июнь 2007-жыл N 238 токтомунун 4-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| А.У.Жапаров |