Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 8-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1. Бул Мамлекеттик башкаруу секторунун бухгалтердик эсебин уюштуруу боюнча жобо (мындан ары – Жобо) мамлекеттик башкаруу секторунун бухгалтердик эсебин уюштурууга жана жүргүзүүгө, ички көзөмөл системасына, ошондой эле бухгалтердик документ жүгүртүүгө коюлуучу талаптарды аныктайт.
2. Бухгалтердик эсеп бардык мекемелер тарабынан ушул Жобого ылайык, каржылоо булактары боюнча, аныкталган тартип менен бекитилген Эсептердин бирдиктүү планын милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт.
3. Финансылык отчеттуулуктун элементтерин (активдерди, милдеттенмелерди, таза активдерди, кирешелерди, чыгымдарды, кирешелер менен байланышкан акча түрүндөгү түшүүлөрдү, чыгымдар менен байланышкан акча түрүндөгү төлөмдөрдү, активдер жана милдеттенмелер менен байланышкан акча түрүндөгү түшүүлөрдү жана төлөмдөрдү) таануу, андан аркы эсепке алуу жана тышка чыгаруу аныкталган тартипте бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунун эсеп саясатына ылайык жүргүзүлөт.
4. Мекемелердин каржылык отчеттуулугун жана бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчеттуулугун даярдоо үчүн маалыматтык булак болуп бухгалтердик эсептин регистрлеринин маалыматтары эсептелет. Мекемелер тарабынан каржылык отчеттуулукту жана бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчеттуулукту даярдоо аныкталган тартипте бекитилген нормативдик укуктук документтерге ылайык жүргүзүлөт.
5. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги (мындан ары – Каржы министрлиги) менен макулдашып жана өз ишмердүүлүгүнүн спецификасын эске алып, бухгалтердик эсепти тартипке салуучу ички документтерди, ошондой эле баштапкы бухгалтердик документтердин форматтарын иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу.
6. Бухгалтердик кызматтын (бухгалтердин) негизги максаты жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- чарбалык операцияны аткаруу үчүн мыйзамдуу негиз бар экендигин текшерип туруу. Мындай негиз болуп келишим, нормативдик-укуктук акт, мекеменин же жогору турган уюмдун ички буйругу, көзөмөлдөөчү органдын талабы ж.б. саналышы мүмкүн;
- чарбалык операциянын аткарылышын тастыктаган баштапкы документти өз учурунда жазуу, тиешелүү түрдө тариздөө жана иш кагаздарынын номенклатурасына ылайык папкага тигүү;
- Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп тармагындагы учурдагы мыйзамдарга ылайык, баштапкы документтердин негизинде чарбалык операцияны классификациялоо жана бухгалтердик эсептин регистрлеринде кош жазууну жана Эсептердин бирдиктүү планын колдонуу менен өз учурунда каттоо;
- мурун түзүлгөн келишимдер боюнча товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын түшүүсүнүн жакындаган мөөнөттөрү жөнүндө жана бул мөөнөттөрдүн бузулушу жөнүндө мекеменин жетекчисине жана тиешелүү түзүмдүк бөлүктөргө өз учурунда маалымдап туруу;
- товар, кызмат жеткирүүчүлөргө, кызматкерлерге, бюджетке, Социалдык фондго, башка контрагенттерге келишимдердин шарттарына жана башка мыйзамдуу негиздерге ылайык төлөм жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө жетекчиге өз учурунда маалымдап туруу;
- салыктык милдеттенмелерди, анын ичинде киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акысын эсептөөнү жана кошуп эсептөөнү жүргүзүү, ошондой эле бул салыктарды төгүү үчүн зарыл документтерди өз учурунда даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдары талап кылган учурда, салыктык эсепти, анын ичинде салыктык регистрлерди жүргүзүү;
- бекитилген бюджеттердин каржылоонун бардык булактары боюнча сакталышын катуу көзөмөлдөө жана бюджеттин ар бир бекитилген статьясы боюнча мүмкүн болгон четтөө жөнүндө жетекчиликке күн мурунтан маалымдоо;
- квартал сайын (чет өлкөлүк коммерциялык банктарда ачылган эсептер үчүн – жыл сайын) коммерциялык банктардагы эсептешүү эсептериндеги, казынанын Бирдиктүү эсебиндеги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептердеги акча каражаттарынын калдыгын бухгалтердик эсептин маалыматтары менен салыштырып текшерүү жана дал келбөө бар болгон учурда тиешелүү түзөтүүнү өз учурунда киргизүү;
- ар бир жылдын 31-декабрына карата бардык дебиторлор жана кредиторлор боюнча дебиторлук жана кредиторлук карыздарды жазуу түрүндө салыштырып текшерүүнү жүргүзүү;
- инвентаризациялык комиссияны активдердин инвентаризациясын жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык бухгалтердик маалыматтар менен камсыз кылуу. Жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча эсептин регистрлерине зарыл түзөтүүлөрдү киргизүү;
- мекеменин кызматкерлеринин материалдык жана аванстык отчетторду өз убагында тапшырышына жана туура тариздөөсүнө көзөмөл жүргүзүү;
- чарбалык операцияларды ишке ашырууда аларга тиешелүү бекитилген нормалардын сакталышына көзөмөл жүргүзүү;
- эл аралык донорлордон алардын жеткирүүчүлөрдүн дарегине, бирок мекеменин пайдасына жүргүзгөн тике төлөмдөрү боюнча маалыматтарды жыл сайын талап кылуу жана алуу;
- отчеттуулуктун бардык түрлөрүн: каржылык отчеттуулук, бюджеттин аткарылышы боюнча отчеттуулук, статистикалык отчеттуулук, салыктык отчеттуулук, камсыздандыруу акысы боюнча отчеттуулук жана Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдары, мекеменин ички нормативдик документтери тарабынан каралган отчеттуулуктун башка түрлөрүн түзүү;
- документ жүгүртүүнү уюштурууга жана жүргүзүүгө тиешелүү Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарынын, архивдик ишти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын талаптарын, анын ичинде ушул Жобонун талаптарын сактоо.
7. Мекеменин жетекчиси төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик алып жүрөт:
- мекемеде бухгалтердик эсепти жана ички көзөмөлдүн системасын уюштуруу;
-мекемедеги документ жүгүртүүнүн системасын уюштуруу, анын ичинде бухгалтердик эсептин жана бухгалтердик отчеттуулуктун баштапкы эсептик документтерин, бухгалтердик эсептин регистрлерин сактоону уюштуруу;
- мекеменин ишенимдүү отчеттуулугун өз учурунда тапшыруу;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда милдеттүү аудиттин өткөрүлүшүн камсыз кылуу;
- бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитүү;
-чарбалык операцияларды аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо.
8. Башкы эсепчи (эсепчи) же каржы-экономикалык кызматтын жетекчиси мекеменин жетекчисине түздөн-түз баш ийет жана төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик алып жүрөт:
- бухгалтердик же каржы-экономикалык кызматтын ишин уюштуруу;
- бухгалтердик эсеп, отчеттуулук тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарын сактоо;
- мекеменин ишенимдүү отчеттуулугун өз учурунда даярдап, андан ары жетекчиликтин бекитүүсүнө сунуш кылуу;
- бухгалтердик эсептин регистрлерин жүргүзүү;
-бухгалтердик же каржы-экономикалык кызматтын ичинде кызматтык нускамаларды иштеп чыгуу жана кызматтык милдеттерди бөлүштүрүү;
- бухгалтердик же каржы-экономикалык кызматтын кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;
- кызматтан бошогон учурда иштерди өткөрүп берүү.
9. Башкы эсепчи кызматынан бошогон учурда (жумуштан кеткенде, башка кызматка которулганда же көчүрүлгөндө) төмөнкүлөр аткарылат:
- кызматка дайындалган башкы эсепчиге, же ал жок болгон учурда – мекеменин жетекчиси тарабынан дайындалган ыйгарым укуктуу кызматкерге иштерди өткөрүп берүү;
- иштерди өткөрүп берип жаткан башкы эсепчи (мындан ары - берүүчү) тарабынан өткөрүп берүү жана иштерди өткөрүп алып жаткан кызматкер (мындан ары – алуучу) тарабынан өткөрүп алуу мекеменин жетекчисинин буйругунун негизинде жүргүзүлөт. Буйрукта бухгалтердик кызматтын иштеринин өткөрүп берүү – алуусунун мөөнөтү, эки жумадан ашык эмес; берүүчүнүн жана алуучунун эмгек акысын төлөө тартиби көрсөтүлөт. Буйрукта ошондой эле өткөрүп алуу-берүү мезгилинде документтерге кол коюу укугу кимге берилери көрсөтүлөт, ошол эле учурда иштерди алып жаткан адамдын кол коюу укугу таризделгенге чейин алуучунун көзөмөлү астында өткөрүп берүүчү адам документтерге кол коё турганы так жазылууга тийиш;
- иштерди өткөрүп берүү процессинде мекемедеги бухгалтердик эсептин абалы жана отчеттук маалыматтардын тактыгы аныкталат, бул учурда берүүчүнүн жана алуучунун жоопкерчиликтеринин чектерин ажырата турган иштерди өткөрүп берүү-алуу актысы түзүлөт (анда комиссиянын жетекчинин буйругу боюнча курамы, бухгалтердик регистрлердин аталышы жана саны, отчеттуулук: каржылык, бюджеттик, салыктык жана статистикалык; активдердин, милдеттенмелердин, таза активдердин/капиталдын суммасы жана аталышы көрсөтүлөт);
- бухгалтердик кызматтын иштерин өткөрүп берүү акыркы тапшырылган баланстын негизинде жүргүзүлөт. Иштерди өткөрүп берүү-алуу актысында өткөрүп берүүнүн датасы көрсөтүлүүгө тийиш;
- иштерди өткөрүп берүүнүн жана алуунун башында кассанын абалы (накталай акчаны сактоо үчүн тиешелүү шарттар камсыз болгонбу, кассалык китептеги жазуулардын абалы, кассада сакталган башка баалуулуктардын абалы, алардын бухгалтердик жазууларга туура келиши, чектик китепчелердин абалы, пайдаланылбаган чектердин номурлары) текшерилет. Кассадагы накталай акчанын калдыгын текшерүү актысына (анда акча каражаттарынын специфика боюнча суммасы, акыркы кириштөө жана чыгыштоо ордерлеринин номурлары жана даталары көрсөтүлөт) бухгалтердик кызматтын иштерин өткөрүп берүүчү да, алуучу да, ошондой эле кассир, же кассалык операцияларды жүргүзүүгө жооптуу адам кол коёт;
- иштерди өткөрүп берүүдө жана алууда акчалык эсептин, эсептешүү операцияларынын, баланстын эсептешүү статьяларынын эсебинин абалы (дебиторлук жана кредиторлук карыздын реалдуулугу, төлөтүп алуусу реалдуу эмес болгон карыздардын бар экендиги ага күнөөлүү адамдарды көрсөтүү менен, өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актыларынын бар экендиги, бюджетке өз учурунда которулбаган суммалардын бар экендиги), ошондой эле отчеттуулуктун иштелип чыгышы текшерилет.
10. Башкы эсепчи бухгалтердик кызматтын максаттарын жана милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- иштин айрым бөлүктөрү бекитилип бериле турган топторду аныктоого: каржылык топ, эсептешүү тобу, материалдык топ ж.б.;
- бухгалтердик кызматтын ишиндеги айрым бөлүктөрдү (анын ичинде бюджетти аткаруу боюнча) аныктоого жана иштерди кызматкерлердин арасында бул бөлүктөр боюнча өз алдынча бөлүштүрүүгө;
- мекеменин башка түзүмдүк бөлүктөрүнөн жана кызмат адамдарынан чарбалык операцияларды (анын ичинде жетекчилик пландап жаткан операцияларды) ишке ашыруу жана каттоо боюнча каалаган маалыматтарды алууга; ошондой эле келишимди макулдашуу процедурасына катышууга;
- Кыргыз Республикасынын (анын ичинде эл аралык) учурдагы редакциядагы нормативдик укуктук актылары менен өз учурунда камсыздоону талап кылууга;
- бюджетти даярдоо жана аткаруу, бухгалтердик эсеп, ички көзөмөл жана салык салуу системаларын уюштуруу боюнча ички документтерди иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштар менен мекеменин жетекчисине кайрылууга;
- бюджетти түзүү жана аткаруу, бухгалтердик эсеп, отчеттуулук, ички көзөмөл жана салык салуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарынын нормаларын колдонуунун тууралыгы жөнүндөгү маселелер боюнча жогору турган уюмдардан жана көзөмөлдөөчү органдардан түшүндүрмө алуунун зарылдыгы жөнүндө сунуштар менен мекеменин жетекчисине кайрылууга;
- мекеменин материалдык жооптуу жана отчеттуу адамдарынан материалдык жана аванстык отчетторду аныкталган форматта өз учурунда тапшырууну талап кылууга;
- бухгалтердик кызматтын кызматкерлерине сый акы берүү, аларды окууга жиберүү, грамота менен сыйлоо, кызматынан жогорулатуу жөнүндө сунуштар менен мекеменин жетекчисине кайрылууга;
- бухгалтердик эсеп, отчеттуулук, ички көзөмөл жана салык салуу системасы тармагындагы аныкталган нормаларын жана эрежелерин бузган бухгалтердик кызматтын кызматкерлерине жана материалдык жооптуу адамдарга тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуштар менен мекеменин жетекчисине кайрылууга;
- бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринен өз кызматтык милдеттерин аткарууну талап кылууга, жетекчи менен макулдашылган учурда алардан аткарган иштери жөнүндө жазуу түрүндөгү отчет тапшырууну талап кылууга;
- бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринин штаттык саны жөнүндө сунуш менен мекеменин жетекчисине кайрылууга;
- ведомствого караштуу мекемелердин бухгалтердик кызматтарынан жалпыланган отчеттуулукту, анын ичинде бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттуулукту калыптандыруу үчүн зарыл бардык маалыматтарды алууга.
11. Мекемелердеги ички көзөмөл системасынын негизги элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- функционалдык милдеттерди бөлүштүрүү;
- материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдерди түзүү;
- чарбалык операцияларды документтик түрдө тариздөө;
- чарбалык операцияларды эсеп регистрлеринде каттоо;
- салыштырып текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- активдерди инвентаризациялоо;
- материалдык жооптуу адамдардын отчетко караштуулугу;
- жумуш убактысын каттоо;
- чарбалык келишимдерди санкциялоо, макулдашуу жана каттоо;
- активдерди сактоо;
- активдерди берүүдө юридикалык тараптардын ишеним катынын бар болушу.
12. Кызматкерлердин милдеттерин бөлүштүрүүдө функционалдык милдеттерди бөлүштүрүү принциби колдонулат, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- эсептик функциялардын көзөмөлдүк функциялардан (анын ичинде бюджеттик процесс үчүн) ажыратылгандыгы;
- активдерди (анын ичинде акча каражаттарын) берүүгө документтерди жазуу боюнча функциялардын бул активдерди берүү боюнча функциялардан ажыратылгандыгы.
13. Мекеме материалдык жооптуу адамдардын (мындан ары – МЖА), ошондой эле накталай акча каражаттарын отчетко караштуулук (подотчетность) менен алууга укуктуу адамдардын тизмесин бир жылдык негизде түзөт жана бекитет. Бардык МЖА менен материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдер түзүлөт. Материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдерде МЖА жооптуу болгон активдер жана МЖА жооптуу болгон мүлк боюнча чыгашаларды кайтарып берүүнүн тартиби милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
14. Чарбалык операциянын ишке ашуу фактысы операция ишке ашкан учурда же ал аяктаар замат түзүлүүчү баштапкы тастыктоочу документтер менен таризделет. Туура түзүлгөн баштапкы документтердин бардыгы милдеттүү реквизиттерди камтууга тийиш. Баштапкы документтердеги милдеттүү реквизиттерге төмөнкүлөр кирет:
- баштапкы документтин аталышы;
- документ кайсы уюмдун атынан түзүлүп жатат, уюмдун аталышы;
- документтин түзүлгөн датасы жана номуру;
- операциянын сүрөттөлүшү;
- цифра түрүндөгү жана жазуу түрүндөгү сумма;
- өлчөө бирдиги (натуралдык жана акчалай туюнтулуштагы);
- чарбалык операцияны ишке ашырууга жооптуу адамдардын кызматтарынын аталышы (алардын фамилияларын жана инициалдарын көрсөтүү менен);
- ыйгарым укуктуу адамдардын колдору;
- мекеменин мөөрү (тышкы контрагенттер менен болгон операцияларда).
Акча каражаттарын төлөп берүүгө негиз болуучу документтер мекеменин жетекчисинин же анын милдетин убактылуу аткаруучу адамдын, башкы эсепчинин колу коюлбаган учурда жараксыз болуп саналат жана аткарууга жатпайт.
Баштапкы документтер ирети боюнча номурланат. Баштапкы документациянын ар бир түрүнүн өзүнчө ырааттуу нумерациясы болушу мүмкүн. Негизги иреттик номурга кошумча санариптик же тамгалык атоо колдонулган нумерация жүргүзүүгө тыюу салынат.
Бардык чарбалык операциялар бухгалтердик эсептин регистрлеринде катталышат. Бул учурда IV бап, 2§, «Эсептин регистрлерин тариздөөгө коюлуучу талаптарда» сүрөттөлгөн талаптардын баары сакталат.
Бухгалтердик эсептин регистрлеринде каттоону баштоонун алдында баштапкы документтердин туура түзүлгөнү жана аларды жазуу үчүн мыйзамдуу негиздердин бар экендиги текшерилет.
Салыштырып текшерүү актылары дебиторлор жана кредиторлор, ошондой эле коммерциялык банктар (анын ичинде чет өлкөлүк банктар) жана казынанын регионалдык бөлүмдөрү менен акча каражаттарынын калдыктары жана кыймылы, дебиторлук жана кредиторлук карыздар боюнча түзүлөт.
Салыштырып текшерүү актылары бир жылдык негизде, отчеттук датага карата мекеменин каржылык отчеттуулугун даярдоо учурунда милдеттүү түрдө түзүлөт. Башкы эсепчинин чечими менен салыштырып текшерүүлөр квартал сайын жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мекеме бир жылдык негизде (отчеттук датага карата) мекеменин жеткирүүчүлөрүнүн (поставщик) дарегине жүргүзүлгөн тике төлөмдөр жөнүндө үчүнчү тараптардан (мекеменин чыгымдарын төлөгөн донорлордон) тастыктоо алып турууга милдеттүү.
Салыштырып текшерүү актысы жазуу түрүндө баштапкы документтерди тариздөө боюнча талаптарды сактоо менен түзүлөт жана мекеменин атынан жетекчи жана башкы эсепчи кол коёт.
Көзөмөлдү жана бухгалтердик эсептин маалыматтарынын тактыгын камсыз кылуу үчүн мекемелер активдердин: акча каражаттарынын, запастардын, негизги каражаттардын, баалуулуктардын, биологиялык активдердин, жер үлүштөрүнүн, китепкана фондунун жана башка материалдык активдердин инвентаризациясын жүргүзүшөт.
Инвентаризацияны өткөрүүнүн жалпы тартиби ушул Жобо менен аныкталат. Мекемелер инвентаризациянын так тартибин, мөөнөтүн жана инвентаризацияга алынуучу объектилерди чечмелеген ички документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу. Бул документтер ушул Жобого каршы келбөөгө тийиш.
Инвентаризация төмөнкү учурларда милдеттүү түрдө өткөрүлөт:
- отчеттук датага карата калдыктарды тастыктоо үчүн (жылдык инвентаризация);
- МЖА жумуштан бошогондо жана алмашканда;
- мүлк уурдоо, ашкере пайдалануу же бузуу фактылары аныкталганда;
- табигый кырсык, өрт же экстремалдык шарттардан жаралган башка өзгөчө кырдаалдарда;
- мекемени кайра түзүү же жоюу учурунда;
- Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарында каралган башка учурларда.
Инвентаризация өткөрүү үчүн мекеменин жетекчисинин буйругу менен инвентаризациялык комиссия дайындалат.
Инвентаризация жөнүндө буйрук төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- инвентаризациянын максаты;
- отчеттук мезгил;
- инвентаризацияны өткөрүүнүн мөөнөтү же графиги;
- инвентаризациялык комиссиянын курамы жана төрагасы.
Инвентаризациянын жүрүшүндө инвентаризациянын объектилеринин иш жүзүндө барлыгы жана жарамдуулук абалы, накталай акча каражаттарынан тышкары, инвентаризациялык сыпаттамада (опись) катталат.
Андан ары, инвентаризация аяктагандан кийин, инвентаризациялык сыпаттамалардын маалыматтары салыштыруу ведомостуна түшүрүлөт, ал (накталай акча каражаттарынан тышкары) инвентаризациялоо актысын даярдоо үчүн негиз болуп саналат. Накталай акча каражаттарына карата инвентаризациялоо актысы инвентаризациялык сыпаттаманы жана салыштыруу ведомостун колдонбостон түзүлөт.
Инвентаризациянын жүрүшүндө аныкталган ашыкча каражаттар мекеменин бухгалтердик эсебинде операциялык эмес киреше катары таанылат. Табигый азаюунун (учурдагы мыйзамдарга ылайык аныкталган) нормаларынын чегиндеги кем чыгуу операциялык эмес чыгым катары эсепке алынат. Материалдык жооптуу адамдардын күнөөсү боюнча мүлктүн кем чыгышы же бузулушу бул адамдардын дебиторлук карызы катары эсепке алынат.
Мүлктүн кем чыгышына же бузулушуна күнөөлүү адамдар аныкталбаган учурда мурун дебиторлук карыз катары таанылган суммалар мезгилдин чыгымдары катары таанылат.
Жылдык инвентаризация отчеттук жылдын 1-декабрынан кийин жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин өткөрүлөт.
Отчеттук жыл ичинде инвентаризация олуттуу активдер боюнча тандоонун негизинде жетекчинин буйругу менен, ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын жана тышкы көз каранды эмес аудиторлордун текшерүү учурунда берген жазуу түрүндөгү өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
МЖА өзүнүн отчетуна алган активдер боюнча жума сайын эсеп регистрлерине активдердин кыймылы боюнча маалыматтарды милдеттүү түрдө киргизет. Активдердин берилиши жана түшүшү тиешелүү баштапкы документтер менен таризделет.
Ай сайын, аныкталган мөөнөттөрдө, МЖА Өткөн мезгил ичиндеги активдердин кыймылы жөнүндө отчетту алардын кыймылын тастыктоочу баштапкы документтердин бардыгын тиркеме кылуу менен түзүшөт. Отчеттор жогоруда көрсөтүлгөн баштапкы документтерди тариздөөнүн талаптарына ылайык түзүлөт.
Отчеттуу адамдар отчетко караштуулук менен алган накталай акча каражаттары боюнча үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен бухгалтердик кызматка (бухгалтерге) аванстык отчет тапшырышат жана аванстардын колдонулбаган калдыктарын кассага кайтарышат. Отчетко караштуулукка берилген акчалар багытталып берилген максаттарга гана чыгымдалышы мүмкүн. Аванстык отчетторго акча каражаттарын колдонууну тастыктаган баштапкы документтер милдеттүү түрдө тиркелет. Отчеттуу адам тарабынан аванстык отчетко тиркелген документтер отчетто жазылган тартибинде номурланат. Отчеттуу суммаларды чыгымдоо жөнүндө аванстык отчеттор аныкталган мөөнөттө тапшырылбаган учурда же аванстардын колдонулбаган калдыктары кассага кайтарылбаган учурда мекеме бул карызды, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында аныкталган талаптарды сактоо менен, аванс алган адамдардын эмгек акысынан кармап алууну жүргүзүүгө тийиш. Отчеттуу адамга жаңы аванстар мурун берилген аванс жоюлган учурда берилиши мүмкүн.
Жумуш убактысынын эсеби ай сайын түзүлүүчү жумуш убактысын эсепке алуу табели менен таризделет. Жумуш убактысын эсепке алуу табели жооптуу адамдар тарабынан толтурулуп, тиешелүү түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинин колу коюлат да, мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
Бардык келишимдер милдеттүү түрдөгү санкциялоого, макулдашууга жана каттоого жатат. Түзүлгөн келишимдерди каттоо атайын журналда же электрондук түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн. Келишимдерди макулдашуу процессине катышуучу кызматкерлердин тизмеси мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
Макулдашуу процесси бул процессте катышкан адамдардын келишимдин ар бир бетинде кол коюшу менен таризделет. Кошумча макулдашуулар негизги келишимдер сыяктуу эле макулдашуу процедурасынан өтөт. Мекеменин жетекчиси эмгек келишимдери үчүн макулдашуунун өзгөчө тартибин аныктого укуктуу.
Келишимдерди макулдашуу этабында мекеменин жооптуу адамдары тарабынан каржылоонун ар бир булагы боюнча бюджеттик (каражаттардын бар экендигине) көзөмөл жүргүзүлөт.
Мекеменин маанилүү документтери сканирленип, кагаз жана электрондук түрдө сакталат. Маанилүү документтердин тизмеси жана сактоо тартиби мекеменин жетекчиси тарабынан, подведомстволук мекемелер үчүн жогору турган органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
Товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо атайын ыңгайлаштырылган жайларда жана сактоону камсыз кыла турган жабдууларды колдонуу менен жүргүзүлөт. Кызматтык бөлмөлөрдүн терезелерине тосмо тагылат. Материалдык баалуулуктарды кабыл алуу, сактоо жана берүү үчүн жоопкерчилик мекеменин жетекчисинин буйругу менен дайындалган МЖАга жүктөлөт. Кабинеттердин жана бөлмөлөрдүн ачкычтары МЖАда жана коопсуздук үчүн жооп берген кызматкерлерде гана болот. Зарыл учурда мекеме таразалык жабдуу, өлчөө приборлору, өлчөөчү идиш жана башка көзөмөлдүк куралдар менен жабдылат.
Накталай акча каражаттарын сактоо төмөнкү негизги эрежелер боюнча жүргүзүлөт:
- кассанын бөлмөсү операция жүргүзүү учурунда жабык болууга тийиш;
- кассанын эшиктери жабык болууга тийиш;
- кассанын бөлмөсүнө чоочун кишилер кирүүгө тыюу салынат;
- накталай акча каражаттары атайын сейфтерде жана сактоочу жайларда сакталууга тийиш, алардын ачкычтары чектелүү сандагы адамдарда (оригиналдары – кассирде, дубликаттары – жетекчиде) болууга тийиш;
- кассанын бөлмөсү кассирлер тарабынан күн сайын мөөр басылып жабылууга тийиш;
- кассада уюмга таандык эмес накталай акчаларды сактоого жол берилбейт;
- акчаны ташууда кассир транспорт жана кароол менен камсыздалууга тийиш;
- кассирди алмаштырган учурда мекеменин жетекчисинин буйругу менен толук материалдык жоопкерчилик жүктөлө турган адам дайындалат.
Кириштелген накталай акча каражаттары мекеменин кассасында, накталай акчаны мекеменин энчилүү эсебинен алган күндү кошкондо, 3 (үч) жумуш күнү сакталат. Бул мөөнөт аяктагандан кийин кассадагы пайдаланылбаган накталай акча каражаттары банкка бюджеттик мекемелердин энчилүү эсептерине киргизүү үчүн өткөрүп берилүүгө тийиш.
Бюджеттик мекеменин кассасына түшкөн атайын каражаттар боюнча кирешелердин бардыгы казынанын тиешелүү регионалдык бөлүмдөрүнүн энчилүү эсептерине киргизүү үчүн банкка милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш.
Бюджеттик мекеменин кассасына түшкөн атайын каражаттарды жана депозиттик суммаларды банкка өткөргөнгө чейин чыгымдоого катуу тыюу салынат.
Мекеменин кассасына бир күндө 5000 сомдон ашык атайын каражаттар жана депозиттик суммалар түшкөн учурда каражаттар бюджеттик мекемелердин энчилүү эсептерине киргизүү үчүн банкка күн сайын өткөрүлүп турат, ал эми көрсөтүлгөн суммадан аз каражаттар түшкөн учурда – 3 күндүн ичинде өткөрүлөт.
Бюджеттик каражаттарды алуучунун картасы (БКА картасы) менен бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча акчалуу операциялар жүргүзүлгөн учурда, акча каражаттарынын картада сакталышы 3 (үч) жумуш күндөн ашпоого тийиш. Бул мөөнөт аяктагандан кийин картадагы акча каражаттарынын калдыгы бюджеттик мекемелердин энчилүү эсептерине киргизүү үчүн банкка өткөрүлүүгө тийиш.
Финансылык жыл аяктагандан кийин мекеменин кассасындагы пайдаланылбаган накталай акча каражаттары отчеттук жылдын 31-декабрынан кечикпестен мекемелердин энчилүү эсептерине киргизүү үчүн банкка өткөрүлүүгө тийиш.
Мекеменин материалдык активдерин башка юридикалык тараптын дарегине өткөрүп берүү юридикалык тараптын өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктаган ишеним каттын негизинде жүргүзүлөт.
Иш кагаздарынын номенклатурасы – мекемеде жүргүзүлүүчү иш кагаздарынын аталыштарынын, алардын сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен, системалаштырылган, белгилүү тартипте таризделген тизмеси. Ар бир документ, каттоодон жана иштетүүдөн өткөндөн кийин, тиешелүү папкага тиркелет. Мекеменин бухгалтердик кызматында болгон бардык папкалар иш кагаздарынын номенклатурасын түзүшөт. Мекеме тарабынан бекитилген иш кагаздарынын номенклатурасы Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын аныкталган талаптарына туура келүүгө тийиш.
Бухгалтердик документтер тиркелген ар бир папка сырткы бетинде төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- папканын номуру;
- папканын аталышы;
- отчеттук мезгил;
- мекеменин аталышы;
- папканын жабылган датасы.
Ведомствого караштуумекемелер үчүн иш кагаздарынын номенклатурасын жогору турган органдын жетекчиси аныктайт жана бекитет.
Документтерди архивге өткөрүү жана аларды сактоонун мөөнөтү архивдик иш жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.
Баштапкы эсептик документтерди, бухгалтердик эсептин регистрлерин жана отчеттуулукту мекемеде сактоонун мөөнөтү 6 жылды түзөт. 6 жыл өткөндөн кийин документтер белгилүү тартип менен архивге өткөрүп берилет.
Мекемелер тарабынан бухгалтердик эсеп Эсептердин бирдиктүү планынын элементтери боюнча кош жазуу менен жүргүзүлөт. Мекеменин баштапкы документтеринде камтылган маалыматтар бухгалтердик эсептин регистрлеринде өз учурунда катталууга тийиш. Милдеттүү бухгалтердик программалык жабдууну колдонуу менен байланышкан электрондук регистрдин формалары Каржы министрлиги тарабынан бекитилет. Ведомствого караштуумекемелер үчүн эсептин башка регистрлеринин (анын ичинде кагаздагы) формалары жогору турган органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Бухгалтердик эсептин кагаздагы китептери жыл аяктаганда бош барактар калган учурда кийинки жылдын операцияларын жазуу үчүн колдонулушу мүмкүн.
Бухгалтердик эсептин милдеттүү реквизиттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- регистрдин аталышы;
- регистрди түзгөн мекеменин аталышы;
- регистр жүргүзүүнүн башталган жана аяктаган датасы же регистр кайсы мезгил үчүн түзүлгөн;
- бухгалтердик эсептин объектилеринин өлчөө бирдигин көрсөтүү менен акчалай өлчөнүшүнүн чоңдугу;
- регистрди жүргүзүү үчүн жооптуу адамдардын кызматтарынын аталышы, фамилиялары жана инициалдары;
- регистрди жүргүзүү үчүн жооптуу адамдардын колдору.
Бухгалтердик эсептин регистрлери каржылоо булактары боюнча жүргүзүлөт.
Мекеменин бухгалтердик кызматына отчетторду жана баштапкы документтерди тапшыруунун тартиби жана мөөнөттөрү башкы эсепчи тарабынан аныкталып, мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
Баштапкы документтерди өз учурунда тапшырууга жана туура тариздөөгө бул документтерге кол койгон адамдар жооп беришет.
Мекеменин жетекчиси менен башкы эсепчинин же бухгалтердик эсепти жүргүзүүчү адамдын ортосунда айрым чарбалык операцияларды ишке ашыруу боюнча пикир келишпестиктер болгон учурда, ал операциялар боюнча документтер мекеменин жетекчисинин жазуу түрүндөгү уруксаты менен аткарууга алынып, бул операцияларды ишке ашыруунун натыйжалары үчүн ал толук жоопкерчиликти мойнуна алат.
Баштапкы документтер операция ишке ашып жаткан учурда, эгер бул мүмкүн эмес болсо, анда операция аяктаар замат компьютерди колдонуу менен же кол менен толтурулат. Кол менен толтурулган учурда жазуулар көк паста менен жазылат. Бош саптар чийип ташталат. Суммалар цифра түрүндө (ондук разряд менен) жана жазуу түрүндө көрсөтүлөт.
Кол менен жазылган (кассалык жана банктык документтерден тышкары) баштапкы документтердеги каталар төмөнкүдөй оңдолот: туура эмес текст же суммалар чийип ташталып, чийилген тексттин же сумманын үстүнө туура текст же сумма жазылат. Ката бир сызык менен, оңдолгон жазууну окуганга мүмкүн болгондой болуп чийилет. Баштапкы документтеги катаны оңдоо жөнүндө «оңдолду» деп кошумча жазылып, документке кол койгон адамдардын колдору менен тастыкталат, ошондой эле оңдолгон дата коюлат. Кассалык же банктык документтерди оңдоого жол берилбейт.
Кассанын кириштөө же чыгымдоо ордерлерине тиркелген бардык документтер, ошондой эле эмгек акы төлөө үчүн негиз болгон документтер «Алынды» же «Төлөндү» деген штамп менен белгиленүүгө, датасы (күн, ай, жыл) көрсөтүлүүгө тийиш.
Негизги каражаттардын эсеби сатып алынган датасы, баштапкы наркы, пайдалуу кызматынын мөөнөтү, амортизациялоо методу, ремонт жөнүндө маалымат, техникалык мүнөздөмөлөрү, ички которуулар жана чыгуулар, МЖА жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн атайын карточкалар колдонулуп, кол менен жүргүзүлөт.
Баштапкы эсептик документтер иликтөө, алдын ала тергөө жана прокуратура органдары, соттор, салык органдары тарабынан гана, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтомдорунун негизинде, мекеменин жетекчисине кабарлоо менен алып коюлушу мүмкүн.
Алып коюу протокол менен таризделип, анын көчүрмөсү мекеменин тиешелүү кызмат адамына кол коюу менен берилет. Алып коюуну жүргүзүп жаткан органдардын өкүлдөрүнүн уруксаты менен жана алардын көз алдында мекеменин тиешелүү кызмат адамдары алып коюлуп жаткан документтердин көчүрмөсүн алып, аларды алып коюунун датасын жана себебин көрсөтө алышат.
Эгерде документтердин толук таризделбеген (тигилбегенн, номурланбаган) томдору алып коюлуп жатса, анда алып коюуну жүргүзүп жаткан органдардын өкүлдөрүнүн уруксаты менен жана алардын көз алдында мекеменин тиешелүү кызмат адамдары бул томдорду толук тариздей (тизмелөө, барактарды номурлоо, тигүү, печаттоо, кол коюу, мөөр басуу) алышат.
Баштапкы эсептик документтер жоголгондо же жок кылынганда мекеме жетекчиси өз буйругу менен алардын жоголушунун же жок кылынышынын себептерин иликтөө боюнча комиссия түзөт. Зарыл учурларда бул комиссиянын ишине катышуу үчүн иликтөө органдарынын, мамлекеттик надзор органдарынын өкүлдөрү чакырылат. Комиссиянын ишинин жыйынтыктары акт менен таризделип, ал мекеме жетекчиси тарабынан бекитилет. Мындай актынын көчүрмөсү жогору турган уюмга жиберилет.
Келишим – эки же андан ашык адамдын жарандык укуктарды жана милдеттерди орнотуу, өзгөртүү же токтотуу жөнүндө макулдашуусу. Ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан кол коюлган жана учурдагы мыйзамдарга каршы келбеген келишим товарларга, жумушка же кызматтарга алмашуу жолу менен акча каражаттарын алуу үчүн же төлөө үчүн (же активдерди алмашуу үчүн, товарларды, жумушту же кызматтарды акысыз алуу үчүн же берүү үчүн) мыйзамдуу негиз болуп саналат. Келишимдин олуттуу шарттарына келишимдин предмети, мыйзамдарда келишимдин бул тиби үчүн олуттуу деп эсептелген шарттар, ошондой эле тараптардын бири макулдашууга жетишүү зарыл деп билдирген шарттар кирет. Мисалы, эгерде келишимдин суммасы чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөн болсо, ал эми келишимдин акысы улуттук валютада жүргүзүлүп жатса, анда мындай келишимди макулдашуу учурунда бухгалтердик кызмат чет өлкөлүк валютадан улуттук валютага которууда алмашуу курстарын колдонуунун шарттарына көңүл бурат. Келишимге кошумча макулдашуулар келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бардык (эмгек келишимдеринен башка) келишимдердин жана кошумча макулдашуулардын (кагаздагы же электрондук түрдөгү) түп нускалары мекеменин бухгалтердик кызматында сакталат. Келишимди макулдашуу процессинде бухгалтердик кызматтын жетекчиси бул келишим бекитилген бюджеттин аткарылышына, мыйзамда каралган каржылык чектөөлөргө, салыктык милдеттенмелердин жаралышына кандай таасир тийгизерин баалайт, ошондой эле мекеме бул келишим боюнча өзүнүн каржылык милдеттенмелерин өз учурунда аткарууга канчалык деңгээлде жөндөмдүү экенин баалайт. Эгер мындай келишим жогоруда аталган аспектилердин бирине терс таасир тийгизе турган болсо, анда бухгалтердик кызматтын жетекчиси мекеменин жетекчисине бул жөнүндө өз учурунда кабарлайт.
Эмгек келишими – жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу, ал боюнча жумуш берүүчү жумушчуга шартталган жумуш функциясы боюнча жумуш берүүгө, эмгек шарттарын камсыз кылууга, жумушчуга эмгек акысын өз учурунда жана толук өлчөмдө төлөп турууга милдеттенет, ал эми жумушчу белгилүү бир кесип (адистик), квалификация же кызмат боюнча жумушту өзү аткарууга, ички эмгек тартибине баш ийүүгө милдеттенет. Эмгек келишимдеринин шарттары учурдагы эмгек мыйзамдарына, жамааттык келишимге жана мекеменин бекитилген штаттык расписаниесине каршы келбөөгө тийиш.
Төлөөгө эсеп – төлөөчү (сатып алуучу) тизмеленген товарлар жана (же) кызматтар үчүн акча каражаттарын накталай эмес которуу жүргүзүшү үчүн алуучунун (сатуучунун) төлөмдүк реквизиттерин камтыган документ. Жеткирүүчүнүн төлөөгө эсепти мекеменин дарегине сөзсүз тапшыруусу жөнүндө талап тиешелүү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш. Эгер келишим мындай талапты камтыбаса, анда төлөөгө эсепти тапшыруу жеткирүүчүнүн каалоосу боюнча жүргүзүлөт. Жеткирүүчүдөн төлөөгө эсеп алынган учурда бухгалтердик кызмат берилген эсептеги маалыматтарды келишимдин шарттары менен салыштырып текшерет. Чет өлкөлүк валютадагы төлөөгө эсеп берилген учурда бухгалтердик кызмат валюталардын алмашуу курстарын келишимге ылайык туура колдонулушуна өзгөчө көңүл бурат. Төлөөгө эсеп мекеме тарабынан жазылган учурда мындай эсепке мекеменин жетекчиси жана башкы эсепчи кол коёт.
Кошумча наркка салыктын (КНСтин) эсеп-фактурасы – салык органдары тарабынан берилүүчү жана сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин коюлган суммаларын салык мыйзамдарында каралган тартипте чегерүүгө кабыл алуу үчүн негиз болуп кызмат кылуучу катаал отчеттуулуктагы бланка. КНСтин эсеп-фактурасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартип менен КНСтин салык төлөөчүлөрү катары катталган мекемелер тарабынан гана жазылат. КНСтин эсеп-фактураларын тариздөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартип боюнча жүргүзүлөт.
Банкка төлөө тапшырыгы – төлөмдү документ, ага ылайык төлөөчүнүн тапшырыгы боюнча, эгер келишимде башка жолу көрсөтүлбөсө, төлөөчүнүн эсебинде турган каражаттардын эсебинен, төлөөчү көрсөткөн ушул банктагы же башка каржы-кредиттик мекемедеги алуучунун эсебине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн мөөнөттө белгилүү бир акча суммасын которууга банк милдеттенет. Банкка төлөө тапшырыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартип боюнча толтурулат.
Кассалык кириштөө ордери жана анын квитанциясы – кассалык операциялардын баштапкы эсептик документациясынын документи, ал боюнча акча каражаттарын уюмдун кассасына кабыл алуу жүргүзүлөт. Бул документ накталай акчанын мекеменин кассасына түшүүсүн тариздөөдө, маалыматтарды кол менен иштетүүнүн шарттарында да, компьютерди колдонууда да пайдаланылат. Кассалык кириштөө ордеринин айрылма квитанциясы кассага акча каражаттарын өткөргөн адамдын колуна берилет. Акча каражаттарын иш жүзүндө алган учурда Кассалык кириштөө ордерине жана анын Квитанциясына «Төлөндү» деген штамп басылат. Кассалык кириштөө ордерине жана анын квитанциясына башкы эсепчи жана кассир кол коёт. Эгер кассирдин функциясы эсепчиге жүктөлгөн болсо, анда Кассалык кириштөө ордерине эсепчинин колу коюлат.
Кассалык чыгыштоо ордери – кассалык операциялардын баштапкы эсептик документациясынын документи, ал боюнча уюмдун кассасынан акча каражаттарын берүү жүргүзүлөт. Бул документ мекеменин кассасынан накталай акчанын берилишин тариздөөдө, маалыматтарды кол менен иштетүүнүн шарттарында да, компьютерди колдонууда да пайдаланылат. Кассалык чыгыштоо ордерине мекеме жетекчиси, башкы эсепчи жана накталай акча каражатын алган адам милдеттүү түрдө кол коёт. Кассадан накталай акчаны берүү алуучунун өздүгүн аныктаган документ боюнча гана жүргүзүлөт. Мындай документ болуп жалпы жарандык паспорт, өздүк күбөлүк, аскердик билет кызмат кыла алат. Накталай акча каражаттарын алуучу Кассалык чыгыштоо ордерине алынган сумманы жазуу түрүндө жана алган датаны милдеттүү түрдө жазат. Эгер накталай акча каражаттары ишенимдүү адам аркылуу берилип жатса, анда мекеме андан тиешелүү ишеним катты тапшырууну талап кылат.
Төлөмдүк ведомость – кассалык операциялардын баштапкы эсептик документациясынын мекеменин кызматкерлерине эмгек акысын төлөө үчүн колдонулуучу документи. Төлөмдүк ведомость бухгалтердик кызмат тарабынан жазылып, жетекчи жана башкы эсепчи тарабынан кол коюлат да, мекеменин кассасына аткаруу үчүн берилет. Төлөмдүк ведомость төлөнүүчү жалпы сумманы, төлөөнүн мөөнөтүн жана ведомостту жабуу учуруна чейин иш жүзүндө төлөнгөн акча каражаттарынын жалпы суммасын камтыйт.
Ишеним кат – мекеменин башка адамга (тарапка) мекеменин атынан үчүнчү тараптар менен белгилүү бир юридикалык мааниге ээ аракеттерди жүргүзүүгө жана ушундан улам үчүнчү тараптар үчүн укуктук натыйжаларды түзүүгө мыйзамдуу негизде укук берүүсүн тастыктаган документ. Бухгалтердик эсепте бир жолку аракетти аткарууга (мисалы, товар же акча каражаттарын алууга) ишеним кат кеңири тараган. Тышкы контрагенттердин атынан ишеним кат боюнча иш жүргүзгөн адамдарга товар же акча каражаттарын берип жаткан материалдык жооптуу адамдар ишеним каттын жарамдуулук мөөнөтүнө көңүл бурушат. Ишеним катка аны берген мекеменин жетекчиси жана аны алган адам кол коёт. Ишеним кат товарды жүктөө же накталай акча каражаттарын төлөө үчүн негиз болгон баштапкы документтерге тиркелет. Мекеме ишеним каттын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан берилгенин текшерет.
Коштомо кагаз – товардык-материалдык баалуулуктарды берүү жана кабыл алуу боюнча операцияларды тариздөөгө арналган документ. Коштомо кагаз товардык-материалдык баалуулуктарды жүктөп жөнөтүүгө же кабыл алууга жазылат. Юридикалык тараптардан жана (патент боюнча иштегендерден тышкаркы) жеке ишкерлерден кампага запас түшкөн учурда коштомо кагаз жеткирүүчү тарабынан жазылат. Запастарды тышкы контрагенттерге жүктөп жөнөткөн учурда коштомо кагаз мекеменин өзү тарабынан жазылат. Коштомо кагазга запастарды кабыл алууга жана берүүгө жооптуу адам тарабынан кол коюлат.
Авизо – эсептешүү операциясынын же товардык операциянын аткарылышы жөнүндө расмий билдирүү.
Талап (муктаждык) – мекеменин түзүмдүк бөлүгүнө зарыл болгон запастарды кампадан алуу үчүн түзүмдүк бөлүк тарабынан жазылган мекеменин ички документи. Талапка аны жазган бөлүктүн жетекчиси, бөлүктүн запастарды иш жүзүндө алуу үчүн жооптуу кызматкери, товардык-материалдык баалуулуктарды (мындан ары – ТМБ) эсепке алуу боюнча бухгалтер жана кампанын башчысы кол коёт. Талап (муктаждык) ТМБны мекеменин чыгымдарына эсептен чыгаруу үчүн негиз болуп саналбайт.
Материалдык отчет – мекеменин запастарынын белгилүү бир мезгил (эреже катары, ай) ичиндеги кыймылын чагылдырган жана мезгилдин башындагы жана аягындагы запастын калдыктарын ар бир аталышы боюнча сандык туюнтулушта көрсөткөн документ. Материалдык отчет мекеменин запастарын отчет алдында кармаган адамдар тарабынан түзүлүп, кол коюлат. Материалдык отчетко запастардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылын тастыктоочу баштапкы документтердин бардыгы тиркелет. Материалдык отчет бухгалтердик кызмат тарабынан текшерилет жана башкы эсепчи тарабынан бекитилет.
Аткарылган жумуштун актысы – жумуштун аткарылган же кызматтын көрсөтүлгөн фактысын чагылдыруучу эки тараптуу документ. Жумуштун же кызматтын келишимге ылайык аткарылганын каттоо үчүн түзүлөт. Аткарылган жумуштун актысында келишимдин реквизиттери, аткарылган жумуштун же көрсөтүлгөн кызматтын сүрөттөлүшү, жумуштун жана кызматтын наркы, тараптардын бири-бирине доосу жоктугу жөнүндө билдирүү жана башка зарыл маалыматтар көрсөтүлөт. Аткарылган жумуштун актысына жетекчи жана жумуштун, кызматтын натыйжаларын кабыл алуу үчүн жооптуу адамдар кол коюшат.
Эсептен чыгаруу актысы – жараксыз болуп калган же бузулган абалда турган запастарды жана негизги каражаттарды эсептен чыгарууга арналган документ. Эсептен чыгаруу актысына атайын түзүлгөн комиссия тарабынан кол коюлат. Зарыл учурда Эсептен чыгаруу актысына бул активдерди эксперттик баалоонун документи тиркелет. Эсептен чыгаруу актысында активдерди эсептен чыгаруунун конкреттүү иш-чаралары көрсөтүлүп, алардын өткөрүлүшүнүн мөөнөтү жана жооптуу адамдар аныкталат.
Өткөрүп берүү – алуу актысы – документтерди жана товардык-материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүүгө жана алууга арналган документ. Өткөрүп берүү – алуу актысына ТМБны өткөрүп берген жана аларды өткөрүп алган адамдар кол коюшат. Өткөрүп берүү – алуу актысында ТМБнын тизмеси, саны жана башка маанилүү параметрлер (мисалы, абалы, көчүрмө же түп нуска экендиги ж.б.) көрсөтүлөт.
Кемчиликти аныктоо актысы – жеткирилген товардын, жумуштун же кызматтын сапатындагы кемчиликтерди тариздөөгө арналган документ. Мындай акт жеткирүүчүнүн көз алдында түзүлүп, кол коюлат.
Инвентаризациялык сыпаттоо – инвентаризациянын жүрүшүндө инвентаризациялык мүлктүн иш жүзүндө бар экендиги жөнүндө инвентаризациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сандык туюнтулуштагы маалыматтар жазылган документ.
Салыштыруу ведомосту – инвентаризацияланган мүлк боюнча бухгалтердик эсептеги маалыматтарды иш жүзүндөгү маалыматтар менен натуралдык туюнтулушта да, акчалай туюнтулушта да салыштырууга арналган документ.
Инвентаризациялоо актысы – инвентаризациялык комиссия тарабынан түзүлгөн жана бухгалтердик эсептин регистрлериндеги жазуулар боюнча материалдык баалуулуктардын жана акчалай каражаттардын иш жүзүндө бар экенин тастыктоочу документ. Инвентаризациялоо актылары ар кандай формага жана мазмунга ээ болушу мүмкүн, мисалы: кассаны инвентаризациялоо актысы, сатып алуучулар, жеткирүүчүлөр жана башка дебиторлор жана кредиторлор менен эсептешүүлөрдү инвентаризациялоо актысы, активдерди инвентаризациялоо актысы. Инвентаризациялоо актысы инвентаризациялык комиссия тарабынан түзүлөт жана ага комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат. Инвентаризациялоо актысы инвентаризациянын предмети, колдонулган тандоо ыкмасы, инвентаризациянын өткөн орду жана мөөнөтү, инвентаризациялык комиссиянын мүчөлөрү, аныкталган четтөөлөр (кем чыгуу жана ашык чыгуу) жөнүндө маалыматтарды, ал эми негизги каражаттар боюнча – активдердин жумушчу абалы жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Пайдаланууга берүү актысы – курулуштун, капиталдык ремонттун, реконструкциянын толук көлөмдө аяктаганын жана тиешелүү документацияга туура келерин күбөлөндүргөн документ. Мындай документация катары курулушка уруксат, жер үлүшүнүн шаар куруучулук планы, долбоорлук документация ж.б. каралышы мүмкүн.
Аванстык отчет – кызматкер тарабынан отчетко караштуулукка алынган накталай акча каражаттарынын колдонулганын тастыктоочу, акчанын өз максаты боюнча жумшалганын тастыктоочу документтерди тиркөө менен түзүлгөн баштапкы эсептин документи. Аванстык отчет алгач отчеттуу адам (б.а. накталай каражатты отчетко караштуулукка алган адам) тарабынан түзүлөт да, бухгалтердик кызматка андан ары текшерүү, жетекчинин бекитүүсү жана отчет алдындагы адамдын карызын эсептен чыгаруу үчүн тапшырылат.
Сатып алуу актысы – патент менен иштеген жеке ишкерлерден накталай эсептешүү жолу менен товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууну тариздөөгө арналган баштапкы эсептик документ, анда төлөө фактысы катталат. Сатып алуу актысын тариздөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
Товардык чек – сатып алынган товарлардын тизмесин тастыктоочу жана сатуучу тарабынан кассалык чек менен чогуу жазып берилүүчү документ.
Кассалык чек – атайын кассалык аппарат менен лентада басылган квитанциянын бир түрү. Кассалык чектин бар экендиги сатып алуунун ишке ашуу фактысын, сатып алуунун датасын жана төлөнгөн акча суммасын тастыктайт.
Жумуш убактысын эсепке алуу табели – мекеменин кызматкерлеринин иш жүзүндө иштеген жумуш убактысын (анын ичинде иштелген жана иштелбеген, төлөнүүчү жана төлөнбөөчү убактыны) каттаган баштапкы документ. Жумуш убактысын эсепке алуу табелдери жооптуу адамдар тарабынан ар бир түзүмдүк бөлүк боюнча толтурулат, бул бөлүктөрдүн жетекчилеринин колу коюлат, кадрлар бөлүмү тарабынан текшерилет жана мекеме жетекчиси тарабынан бекитилет.
Чегерүүгө жана кайтарууга табыштама – ашыкча төлөнгөн, бюджетке жаңылыш түрдө киргизилген төлөмдөрдү төлөөчүнүн эсептешүү эсебине же өз максаты боюнча которуу жолу менен чегерүүнү же кайтарып берүүнү ишке ашыруу үчүн түшүүлөрдүн администраторунун же анын территориалдык органынын буйругун чагылдырган документ.
Кассалык чыгымга табыштама – кабыл алынган акчалай милдеттенмелерди аткаруу үчүн бюджеттик, атайын каражаттарды чыгымдоону ишке ашыруу боюнча мекеменин буйругун чагылдырган документ.
Чек – чек берүүчүнүн банктык эсебинен накталай акча каражаттарын берүү жөнүндө банк-агентке жазуу түрүндөгү буйрутманы чагылдырган, аныкталган үлгүдөгү акчалык атайын документ. Чекти толтуруу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
Эсептөө ведомосту – мекеменин кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөгө арналган жана эмгек акыга кошуп эсептөөнүн жана кармап калуунун бардыгын камтыган документ. Эсептөө ведомостуна аткаруучунун, башкы эсепчинин колдору коюлуп, мекеме жетекчиси тарабынан бекитилет.
Жол барагы – автомобилдин өткөн аралыгын, күйүүчү майын, маршрутун жана айдоочунун эмгегин эсепке алуучу баштапкы документ.
Штаттык тизим – кызматтарга жараша айлык өлчөмдөрүн көрсөтүү менен мекеменин структурасын, штаттык санын аныктоочу, мекеменин нормативдик документи.
Эмгекке жарамсыздык барагы – медициналык мекеме тарабынан берилген жана кызматкердин убактылуу эмгекке жарамсыздыгын тастыктаган документ.
Ишсапарлык күбөлүк – кызматкерлердин кызматтык ишсапарда болгон убактысын күбөлөндүрүүчү документ. Күбөлүк бир нускада жазылат жана мекеменин жетекчиси тарабынан ишсапар башталганга чейин кол коюлат. Барган жерлердин ар биринде ишсапарлык күбөлүккө келген жана кеткен датасы жөнүндө белгилер коюлат, алар жооптуу кызмат адамдарынын колдору жана мөөрлөрү менен ырасталат.
Жүгүртүүлүк-сальдолук ведомость – мекеменин бардык эсептеринин белгилүү бир мезгил ичиндеги абалын чагылдырган бухгалтердик документ. Жүгүртүүлүк-сальдолук ведомостто ар бир туруктуу эсеп боюнча мезгилдин башындагы калдык, мезгил ичиндеги дебеттик жана кредиттик жүгүртүүлөр жана мезгилдин аягындагы калдык чагылат. Убактылуу эсептер боюнча жүгүртүүлүк-сальдолук ведомостто мезгил ичиндеги жүгүртүүлөр гана чагылат.
Башкы китеп – эсептердин корреспонденциясын көрсөтүү менен эсептер боюнча калдыктар жана кыймыл жөнүндө маалыматтарды жалпылоого арналган, бухгалтердик эсептин регистри.
5.1. Келишим түзүү
Товарларды, жумуштарды жана тейлөө кызматтарын сатып алуу бекитилген бюджеттин чегинде, мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Товарларды, жумуштарды жана тейлөө кызматтарын сатып алуу келишим менен таризделет. Келишимди макулдашуунун жана кол коюунун ички процедурасы бүткөндөн кийин келишим атайын журналда же компьютерде электрондук түрдө милдеттүү катталуудан өтүүгө тийиш. Каттоодон кийин келишимдин (кагаздагы же сканирленген) түп нускасы бухгалтердик кызматка өткөрүп берилет. Келишимдин көчүрмөсү мекеме тарабынан бекитилген иш кагаздарынын номенклатурасына ылайык тиешелүү папкада сакталат.
5.2. Товарларды, жумуштарды жана кызматтарды жеткирүү
Товарларды жеткирүү алардын иш жүзүндөгү санын, зарыл учурда алардын сапатын да тастыктаган документтер менен коштолот. Мындай документтер болуп коштомо кагаз, өткөрүп берүү-алуу актысы, эсеп-фактура, сатып алуу актысы, сапаттын сертификаты саналат. Товарларды кампага иш жүзүндө кабыл алууга чейин мекеменин бухгалтердик кызматы жеткирүүчү тапшырган документтердин толуктугун жана тууралыгын, ошондой эле жеткирүүнүн келишимдин шарттарына туура келишин текшерет.
Товарды жеткирүүнүн иш жүзүндөгү абалы менен жеткирүүчүнүн документтериндеги маалыматтардын ортосунда дал келбөөчүлүк байкалган учурда кампанын башчысынын, жеткирүүчүнүн же кызыкдар эмес тараптын өкүлүнүн көз алдында комиссия тарабынан Кабыл алуу актысы түзүлөт. Кабыл алуу актысынын бир көчүрмөсү жеткирүүчүгө берилет.
Жеткирилген товарлардын сапатына эскертүүлөр болгон учурда байкалган кемчиликтерди көрсөтүү менен Кемчиликти аныктоо актысы түзүлөт. Бул актынын бир нускасы жеткирүүчүнүн дарегине жиберилет. Эгер коштоочу документтердин таризделишине эскертүүлөр болсо, анда мекеме контрагенттин наамына ката документти алмаштыруу өтүнүчүн камтыган расмий кат жөнөтөт. Бул учурда жеткирүүнү токтотуу жөнүндө маселе мекеменин жетекчиси тарабынан чечилет.
Алынган товарлардын бардыгы эсептин тиешелүү регистрлеринде иш жүзүндө жеткирүү учурунда каттоого алынат. Мекемеге менчик укугунда таандык болбогон, бирок анын колдонуусунда же карамагында болгон же келишимдин шарттарына ылайык жооптуу сактоодо болгон запастар системадан тышкаркы эсепте эсепке алынат.
Жумуштарды жана кызматтарды жеткирүү Аткарылган жумуштун актысы менен таризделет, анын негизинде мекеме операцияларды өз эсебинде каттайт.
5.3. Акы төлөө
Товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын акысын төлөө келишимдин шарттарына ылайык, төлөмдүн накталай жана накталай эмес формалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
5.4. Кампадан запастарды берүү
Запастарды колдонуу үчүн өткөрүп берүү материалдык жооптуу адам тарабынан, талаптын же ички которууга коштомо кагаздын негизинде жүргүзүлөт. Мындай талапка же ички которууга коштомо кагазга запасты сураган түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинин, түзүмдүк бөлүктүн кампадан запастарды алуу үчүн жооптуу кызматкеринин, запастын эсеби үчүн жооптуу бухгалтердин жана кампанын башчысынын өзүнүн колдору коюлат. Ички которуунун баштапкы документтери запастардын кыймылы боюнча маалыматтарды бухгалтердик эсептин регистрлерине киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
Талаптан жана ички которууга коштомо кагаздан тышкары, мекеме кампадан запастарды берүү боюнча операцияларды каттоо үчүн башка баштапкы документтерди да колдоно алат: азык-түлүк продуктыларын берүүгө меню-талап, жем жана жемдик дан берүүгө ведомость, материалдарды мекеменин муктаждыктарына берүү ведомосту, алуу картасы, товардык-транспорттук коштомо кагаз.
Кайтарылуучу тара мекеме тарабынан системадан тышкаркы эсепте эсепке алынат.
5.5. Запастардын кыймылы жана калдыгы боюнча отчеттуулук
Ар бир айдын аягында запастарды отчет алдында кармаган материалдык жооптуу адамдар Запастардын кыймылы жана айдын аягына карата калдыгы жөнүндө материалдык отчет түзүшөт. Мындай отчетко запастардын түшүшүн жана тышка чыгышын тастыктаган баштапкы документтердин бардыгы тиркелет. Материалдык отчеттун кагаздагы, материалдык жооптуу адамдын колу коюлган бир нускасы бухгалтердик кызматка текшерүү үчүн берилет. Эскертүүлөр болбогон учурда Материалдык отчетко бухгалтердик кызматтын аны кабыл алган кызматкеринин колу коюлат.
Адилеттүү базар наркынын баланстык нарктан төмөндөшү менен байланышкан запастардын баасызданышы мекеменин жетекчиси бекиткен комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Баасыздануунун натыйжалары Баасыздануу актысында чагылдырылат, ал кол коюлуп, жетекчилик тарабынан бекитилгенден кийин бухгалтердик кызматка аткарууга берилет. Баасыздануу актысынын негизинде эсептин регистрлеринде баасыздануунун чыгашаларын таануу боюнча тиешелүү бухгалтердик жазуулар жүргүзүлөт. Баасыздануу боюнча баалоо кеминде жылына бир жолу, запастардын жылдык инвентаризациясынын учурунда жүргүзүлөт.
Күйүүчү майдын бардык түрлөрүн чыгымдарга эсептен чыгаруу үчүн жол барагы колдонулат. Күйүүчү май иш жүзүндөгү чыгым боюнча эсептен чыгарылат, бирок автомобиль транспортунун күйүүчү-майлоочу материалдарынын бекитилген нормаларынан жогору болбоого тийиш. Жол барактары атайын журналда катталышы керек.
МБП Эсептен чыгаруу актысынын негизинде чыгымдарга эсептен чыгарылат. Мындай Эсептен чыгаруу актысы атайын түзүлгөн комиссия тарабынан запастардын жылдык инвентаризациясынын жыйынтыктары боюнча түзүлөт жана мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
6.1. Келишим түзүү
Негизги каражаттарды сатып алуу бекитилген бюджеттин чегинде, мамлекеттик сатып алуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган тартип менен жүргүзүлөт. Негизги каражаттарды сатып алуу келишим менен таризделет. Келишимди макулдашуунун жана кол коюунун ички процедурасы бүткөндөн кийин келишим атайын журналда же компьютерде электрондук түрдө милдеттүү катталуудан өтүүгө тийиш. Каттоодон кийин келишимдин (кагаздагы же сканирленген) түп нускасы бухгалтердик кызматка өткөрүп берилет. Келишимдин көчүрмөсү мекеме тарабынан бекитилген иш кагаздарынын номенклатурасына ылайык тиешелүү папкада сакталат.
6.2. Негизги каражаттарды жеткирүү
Негизги каражаттарды жеткирүү алардын иш жүзүндөгү санын, зарыл учурда алардын сапатын да тастыктаган документтер менен коштолот. Мындай документтер болуп коштомо кагаз, өткөрүп берүү-алуу актысы, эсеп-фактура, сатып алуу актысы, сапаттын сертификаты, спецификация саналат. Негизги каражаттарды иш жүзүндө кабыл алууга чейин мекеменин бухгалтердик кызматы жеткирүүчү тапшырган документтердин толуктугун жана тууралыгын, ошондой эле жеткирүүнүн келишимдин шарттарына туура келишин текшерет.
Негизги каражаттарды жеткирүүнүн иш жүзүндөгү абалы менен жеткирүүчүнүн документтериндеги маалыматтардын ортосунда дал келбөөчүлүк байкалган учурда жеткирүүчүнүн же кызыкдар эмес тараптын өкүлүнүн көз алдында комиссия тарабынан Кабыл алуу актысы түзүлөт. Кабыл алуу актысынын бир көчүрмөсү жеткирүүчүгө берилет.
Жеткирилген негизги каражаттардын сапатына эскертүүлөр болгон учурда байкалган кемчиликтерди көрсөтүү менен Кемчиликти аныктоо актысы түзүлөт. Бул актынын бир нускасы жеткирүүчүнүн дарегине жиберилет. Эгер коштоочу документтердин таризделишине эскертүүлөр болсо, анда мекеме контрагенттин наамына ката документти алмаштыруу өтүнүчүн камтыган расмий кат жөнөтөт. Бул учурда жеткирүүнү токтотуу жөнүндө маселе мекеменин жетекчиси тарабынан чечилет.
Алынган негизги каражаттардын бардыгы эсептин тиешелүү регистрлеринде иш жүзүндө жеткирүү учурунда каттоого алынат. Мекемеге менчик укугунда таандык болбогон, бирок анын колдонуусунда же карамагында болгон же келишимдин шарттарына ылайык жооптуу сактоодо болгон негизги каражаттар системадан тышкаркы эсепте эсепке алынат.
Негизги каражаттарды эсепке алуу инвентардык объектилердин алардын сакталган орундары жана жооптуу адамдар менен айкалышында жүргүзүлөт. Айрым инвентардык объект болуп бүтүн конструктивдүү түзүлүш өзүнө тиешелүү бардык жабдуулар жана куралдар менен бирге, же белгилүү бир өз алдынча функцияларды аткарууга арналган конструктивдүү обочолонгон предмет, же конструктивдүү бириктирилген функциялардын комплекси, же бир бүтүндү түзгөн жана белгилүү бир ишти бирге аткарган конструктивдүү бириктирилген предметтердин обочолонгон комплекси саналат.
Бухгалтердик эсептин бирдиги болуп инвентардык объект саналат. Мисалы, имараттын курамына имараттын ичинде жайгашкан, аны пайдалануу үчүн зарыл болгон бардык коммуникациялар (имараттын ичиндеги жылытуу системасы, анын ичинде жылытуу үчүн казан жабдуусу, күчтүк жана жарык берүүчү электр зымдарынын ички тармагы, суу түтүктөрүнүн, газ түтүктөрүнүн жана канализациянын бардык түзүлүштөрү кошулган ички тармагы ж.б.) кирет. Бир объектиде пайдалуу колдонуунун ар кандай мөөнөттөрүнө ээ болгон бир нече бөлүктөр бар болгон учурда, мындай бөлүктөрдүн ар бири өз алдынча инвентардык объект болуп саналат. Ар бир инвентардык объектиге мекеме тарабынан аныкталуучу инвентардык номур ыйгарылат. Бул номур негизги каражаттардын объектисин идентификациялоо үчүн ага бекитилет (мисалы, сыр менен, маркер менен жазуу же металл жетон тагуу). Эгер бир нече бөлүктөн турган инвентардык объектиге пайдалуу колдонуунун жалпы мөөнөтү аныкталса, мындай объект бир инвентардык номур менен саналат. Бухгалтердик эсептен чыгарылган объектилердин номурлары бухгалтердик эсепке жаңы кабыл алынган объектилерге ыйгарылбайт.
Негизги каражаттардын аналитикалык эсеби ар бир инвентардык объект боюнча негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча инвентардык карточкада жүргүзүлөт. Карточкага жазуу баштапкы тастыктоочу документтердин (кабыл алуу жана пайдаланууга берүү актысы, өндүргөн заводдун техникалык паспорту жана башка документтердин) негизинде жүргүзүлөт. Карточкада объектилердин мүнөздүү белгилери: объектинин инвентардык номуру, чиймеси, модели, тиби, маркасы, заводдук номуру, чыккан (даярдалган) датасы, негизги каражаттарды пайдаланууга берүү актысынын датасы жана номуру, амортизация жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Жабдуунун, приборлордун, эсептөө техникасынын ж.б. курамында баалуу металлдар бар болгон учурда, курамында баалуу металл болгон бөлүктөрдүн тизмеси жана металлдын паспортто көрсөтүлгөн массасы көрсөтүлөт. Жумушчу, өндүрүүчү жана асыл тукум малдын карточкасында малдын жекече мүнөздөмөсү, курагы, өңү, эн тамгасы, аты ж.б. берилет. Көп жылдык өсүмдүктөргө карата өсүмдүктүн түрү, отургузулган бирдиктеринин саны, аянты жана жерди жакшыртуу (жер үлүшүн пландоо, айдоого арналган аянттарды дүмүрдөн тазалоо, отоо чөптөрдөн тазалоо, суу көлмөлөрүн тазалоо ж.б.) боюнча капиталдык чыгымдардын өлчөмү көрсөтүлөт. Китепкананын жана сахналык-коюучулук каражаттардын фондуна карата топтук эсептин карточкалары колдонулат. Мындай карточкаларда эсеп жалпы сумманы акчалай туюнтуу менен жүргүзүлөт. Карточкалар кагазда же электрондук түрдө, анын ичинде бухгалтердик программалык жабдуунун бөлүгү катары жүргүзүлүшү мүмкүн.
6.3. Акы төлөө
Негизги каражаттардын акысын төлөө келишимдин шарттарына жараша, төлөмдүн накталай жана накталай эмес формалары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6.4. Пайдаланууга берүү
Имараттар, курулуштар жана башка пайдаланууга берүү талап кылынган негизги каражаттар боюнча Пайдаланууга берүү актысы түзүлөт. Мындай Акт жаңы имарат же курулуш курулган учурда же алдын ала монтаждоо жана орнотууну талап кылган жабдуу сатып алынган учурда түзүлөт.
Пайдаланууга берүү актысына тиешелүү техникалык документация тиркелет.
Пайдаланууга берүү актысына мекеменин жетекчиси менен жалдануучу курулуш уюмунун же жабдууну монтаждоого жана орнотууга жооптуу уюмдун жетекчисинин колдору коюлат.
Пайдаланууга берүүнү талап кылбаган негизги каражаттар коштомо кагаз же өткөрүп берүү-алуу актысы боюнча өткөрүп берилет.
6.5. Амортизацияны кошуп эсептөө
Негизги каражаттарга амортизация кабыл алынган эсеп саясатына ылайык кошуп эсептелет.
Эгер мекеме бухгалтердик программалык жабдуу колдонсо, анда амортизациянын эсептелиши автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Эгер эсеп кол менен жүргүзүлсө, анда мекеме атайын регистр жүргүзөт, анда негизги каражаттардын ар бир аталышы боюнча мезгил ичиндеги амортизациянын суммасы эсептелет. Мындай регистр үчүн маалыматтар негизги каражаттарды эсепке алуу карточкасынан алынат. Регистр башкы эсепчи тарабынан бекитилет.
6.6. Тышка чыгарылуу
Мекеменин негизги каражаттарынын тышка чыгарылышы сатуунун же эсептен чыгаруунун натыйжасында жүргүзүлөт. Негизги каражаттардын тышка чыгарылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартип боюнча жана зарыл учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу болгон учурда жүргүзүлөт. Негизги каражатты бухгалтердик эсептен чыгаруу деп негизги каражаттын баштапкы наркы эсепке алынган тиешелүү эсепти кредиттөө боюнча жазуу түшүнүлөт.
Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу физикалык же моралдык иштен чыгуунун, авариянын, бузулуунун, табигый кырсыктардын, эски имаратты же курулушту жаңы имарат куруу үчүн бузуунун ж.б. натыйжасында аларды тике максаты боюнча колдонууга мүмкүн болбой калганынан улам жүргүзүлүшү мүмкүн.
Эсептен чыгаруу курамына мекеменин жетекчиси, башкы эсепчи, жогору турган уюмдун өкүлү, (эгерде эсептен чыгарылып жаткан негизги каражаттар жергиликтүү бюджеттин каражаттарына сатылып алынган болсо) жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлү, эсептен чыгарылып жаткан негизги каражаттар бекитилип берилген кызматкер милдеттүү түрдө кирген атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Туруктуу иштөөчү комиссиялар төмөнкү аракеттерди аткарышат:
- эсептен чыгарылууга тийиш болгон объектинин өзүн карап чыгышат, бул учурда зарыл болгон техникалык документацияны (паспорт, имараттын кабаттары боюнча план жана башка документтер), ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын колдонушат жана анын калыбына келтирүүгө, андан ары колдонууга жарамсыз экенин аныкташат;
- зарыл учурда негизги фонддордун жарамсыздыгы жөнүндө корутунду чыгаруу үчүн тиешелүү структуралардын (атайын аппаратура же жабдуу боюнча) адистерин чакырышы мүмкүн;
- объектини эсептен чыгаруунун конкреттүү себептерин (эскирүү, реконструкция, пайдалануунун нормалдуу шарттарынын бузулушу, авария ж.б.) аныкташат;
- негизги каражаттардын пайдалануудан мөөнөтүнөн мурда чыгышына күнөөлүү адамдарды аныкташат, бул адамдарды Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарында аныкталган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизишет;
- эсептен чыгарылуучу объектинин айрым түйүндөрүн, бөлүктөрүн, материалдарын колдонуу мүмкүндүгүн аныкташат жана аларды баалоону жүргүзүшөт;
- эсептен чыгарылуучу негизги каражаттардан жарамдуу түйүндөрдү, бөлүктөрдү, материалдарды, түстүү жана баалуу металлдарды чыгарып алууга көзөмөл жүргүзүшөт, алардын санын, салмагын аныкташат жана тиешелүү кампага өткөрүп берүүнү көзөмөлдөшөт;
- эгер жабдуу жаңы жабдууларды курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого жана аракеттеги объектилерди техникалык кайра жабдууга байланыштуу эсептен чыгарылып жаткан болсо, анда комиссия эсептен чыгарылуучу жабдуунун жогору турган уюм тарабынан бекитилген учурдагы объектилерди кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык кайра жабдуу планына туура келишин текшерет, бул учурда эсептен чыгаруу актысында пландын пунктуна жана бекитилген датасына шилтеме берилет;
- негизги каражаттардын объектилерин эсептен чыгаруу актыларын түзүшөт.
Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттын объектисин мүнөздөгөн төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: объектинин чыгарылган же курулган жылы, анын мекемеге түшүшүнүн датасы, пайдаланууга берилген убактысы, объектинин баштапкы наркы, бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча кошуп эсептелген амортизациянын суммасы, жүргүзүлгөн капиталдык ремонттордун саны. Ошондой эле негизги каражаттын объектисинин тышка чыгарылышынын себептери, анын негизги бөлүктөрүнүн, түйүндөрүнүн, конструктивдик элементтеринин абалы кеңири сүрөттөлөт.
Автотранспорттук каражаттарды эсептен чыгарууда, андан тышкары, автомобилдин өткөн аралыгы көрсөтүлүп, анын агрегаттарына жана деталдарына техникалык мүнөздөмө берилет, автомобилди чачуудан алынышы мүмкүн болгон негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары колдонуу мүмкүндүгү бааланат.
Баланстан авариянын натыйжасында тышка чыгарылган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу учурунда эсептен чыгаруу актысына авария жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле аварияны жараткан себептер түшүндүрүлөт жана күнөөлүү адамдарга карата колдонулган чаралар көрсөтүлөт.
Баланстан копирлөөчү, компьютердик техниканы, байланыш каражаттарын эсептен чыгаруу учурунда аларды чачуудан алууга мүмкүн болгон негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө техникалык экспертизанын актыларынын көчүрмөлөрү тиркелет.
Чачылган жана демонтаждалган жабдуулардын башка машиналарды ремонттоо үчүн жарамдуу болгон деталдарынын, түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын бардыгы, ошондой эле негизги каражаттарды жоюудан алынган башка материалдар аталган баалуулуктар эсепке алынуучу тиешелүү эсептер боюнча кириштелет, ал эми жараксыз деталдар жана материалдар экинчилик сырьё катары кириштелет. Бул учурда кара, түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын эсепке алуу, сактоо, пайдалануу жана эсептен чыгаруу биринчилик сырьё, материал жана даяр продукция үчүн аныкталган тартип менен жүргүзүлөт.
Баалуу металлдарды колдонуу менен жасалган, ошондой эле кара жана түстүү металлдардан жасалган жана мекеменин керектөөлөрү үчүн пайдаланылбаган деталдар жана түйүндөр тиешелүү, ишмердүүлүктүн бул түрүнө лицензиясы бар уюмдарга сатылууга тийиш.
Эсептен чыгарылган негизги фонддорду чачуудан алынган жана мекемеде кайталап колдонууга жараксыз болгон экинчилик сырьё сатылышы мүмкүн.
Негизги каражаттарды баланстын эсебинен чыгаруунун тартиби бузулган учурда, ошондой эле материалдык баалуулуктарга сарамжалсыз мамиле жасалган учурда буга күнөөлүү адамдар мыйзамда аныкталган тартип менен жоопкерчиликке тартылышат.
Негизги каражаттарды сатуу келишим менен жана Өткөрүп берүү-алуу актысы менен таризделет. Алынган каражаттар кайсы бюджеттердин эсебинен алынган болсо, ошол бюджеттерге которулат.
Негизги каражаттарды министрликтердин жана ведомстволордун ортосунда өткөрүп берүү өткөрүп берүү-алуу актысы боюнча, ал эми бир министрликтин же ведомствонун ичинде – ведомствонун ичинде которууну тастыктаган документтер (авизо, коштомо кагаз) боюнча жүргүзүлөт.
Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу төмөнкү тартип менен жүргүзүлөт:
- баштапкы наркы 10000 сом же андан арзан болгон негизги каражат мекеме тарабынан өз алдынча эсептен чыгарылат;
- баштапкы наркы 10000 сомдон 15000 сомго чейин же ага барабар болгон негизги каражат жогору турган уюмдун уруксаты менен эсептен чыгарылат;
- баштапкы наркы 15000 сомдон жогору болгон негизги каражат министрликтин же ведомствонун уруксаты менен эсептен чыгарылат.
Министрликтер жана ведомстволор өздөрүнүн негизги каражаттарын алардын баштапкы наркына карабастан эсептен өз алдынча чыгарышат.
Эсептен чыгаруу комиссия тарабынан түзүлгөн жана мекеменин, жогору турган уюмдун, министрликтин жана ведомствонун жетекчиси тарабынан бекитилген Эсептен чыгаруу актысы боюнча жүргүзүлөт.
Инвентаризация башталганга чейин бухгалтердик кызмат төмөнкүлөрдү текшерет:
- негизги каражаттардын инвентардык карточкаларынын, инвентардык китептердин, сыпаттамалардын жана аналитикалык эсептин башка регистрлеринин бар экендиги жана абалы;
- техникалык паспорттордун же башка техникалык документациянын бар экендиги жана абалы;
- мекеме тарабынан ижарага жана сактоого берилген же алынган негизги каражаттардын документтеринин бар экендиги.
МЖА инвентаризация башталар алдында активдердин кыймылы боюнча баштапкы документтердин бардыгы бухгалтердик кызматка берилгени жөнүндө, түшкөн активдер кириштелгени, ал эми тышка чыгарылган активдер эсептен чыгарылганы жөнүндө тил кат беришет.
Мекеменин жетекчисинин чечими менен инвентаризацияны активдердин сакталган орундарынын өзүндө жүргүзүүчү жана инвентаризациялык комиссиянын төрагасына баш ийүүчү кошумча инвентаризациялык комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Бухгалтердик кызмат инвентаризациялануучу объектилер боюнча инвентаризациялык сыпаттамаларды (салыштыруу ведомостторун) эки нускадан кем эмес санда түзөт. Инвентаризациялык сыпаттама (салыштыруу ведомосту) инвентаризациялык номур, негизги каражаттын аталышы, өлчөө бирдиги, бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча саны, баштапкы наркы жана топтолгон амортизация боюнча маалыматтарды, ошондой эле «Иш жүзүндө бар экендиги» жана «Активдин жумушчу абалы» деген графаларды камтыйт.
Имараттарды, курулуштарды жана башка кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоодо комиссия мекеменин бул объектилерге менчик укугун тастыктаган документтердин жана бул укуктун мамлекеттик катталганын күбөлөндүрүүчү документтердин бар экенин аныктоого тийиш.
Инвентаризациянын жыйынтыгында эсепке алынбаган объектилер жана бухгалтердик эсептин регистрлеринде маалыматтар жок же туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн объектилер аныкталышы мүмкүн. Мындай учурда комиссия сыпаттамага туура көрсөткүчтөрдү киргизүүгө тийиш.
Пайдаланууга же андан аркы колдонууга жараксыз жана калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон объектилерге инвентаризациялык комиссия өзүнчө ведомость түзөт, анда (негизги каражаттар үчүн) пайдаланууга берилген датасы жана жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт. Актыга комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
Өздүк негизги каражаттарды инвентаризациялоо менен бир учурда жоопкерчиликтүү сактоого же ижарага алынган негизги каражаттар текшерилет. Алар боюнча өзүнчө ведомость түзүлүп, бул объектилерди жоопкерчиликтүү сактоого же ижарага алууну тастыктаган документтерге шилтеме берилет.
Инвентаризациялык (жумушчу) топ товардык-материалдык запастардын иш жүзүндө бар экенин милдеттүү түрдөгү кайра эсептөө, кайра ченеп чыгуу же кайра өлчөп чыгуу жолу менен текшерет.
Эгер мүлктүн инвентаризациясы бир нече күн бою жүргүзүлсө, анда инвентаризациялык комиссия кеткен учурда материалдык баалуулуктар сакталган жай мөөр басуу, кол коюу менен жабылууга тийиш.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн инвентаризациялык сыпаттамаларда койгон белгилеринин негизинде Инвентаризациялоо актысы түзүлөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
Кем чыгуу же ашык чыгуу болгон учурда мекеме ашык чыгууларды же кем чыгууларды эсепке алуунун, ошондой эле чыгымдын ордун толтуруунун тартибин аныктаган буйрук чыгарат. Бул буйруктун негизинде бухгалтердик кызмат зарыл болгон жазууларды эсепте жүргүзөт.
Мекеме менен кызматкердин ортосундагы эмгектик мамилелер штаттык тизимге ылайык буйрук жана эмгек келишими менен таризделет. Эмгек акынын өлчөмү бекитилген айлык өлчөмүнө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кошумча төлөөлөргө ылайык аныкталат.
Эмгек акы төлөөнүн убакыттык системасында иштеген кызматкерлерге карата ай сайын Жумуш убактысын эсепке алуу табели түзүлөт, анын негизинде эмгек акыны кошуп эсептөө жүргүзүлөт.
Кошуп эсептелген эмгек акыны, кошумча төлөөлөрдү, эмгек акыдан кармап калууларды, киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздоо боюнча төгүмдөрдү эсептөө Эсептөө ведомостунда жүргүзүлөт.
Эмгек өргүүсү учурундагы эмгек акысын эсептөө Кыргыз Республикасынын эмгектик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт да, Эсептөө ведомостуна тиркелген өзүнчө ведомостто катталат.
Сый акыларды кошуп эсептөө үчүн негиз болуп мекеменин жетекчисинин тиешелүү буйругу эсептелет.
Эмгек акыдан (салыктардан жана мамлекеттик социалдык камсыздоо боюнча төгүмдөрдөн башка) кармап калуулардын бардыгы Кыргыз Республикасынын эмгектик мыйзамдарынын негизинде жана аларда каралган тартип менен жүргүзүлөт.
Киреше салыгын эсептөөдө колдонулуучу (персоналдыктан тышкары) эсептен азайтууну алуу үчүн кызматкер бухгалтердик кызматка мындай эсептен азайтууну алуу укугун тастыктаган документтерди тапшырат.
Убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилиндеги эмгек акысын төлөө медициналык мекеме тарабынан берилген Эмгекке жарамсыздык барагынын (оорукана барагынын) негизинде, Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарында аныкталган өлчөмдө жүргүзүлөт.
Эмгек акысын төлөө акча каражаттарын кызматкерлердин коммерциялык банктарда ачылган өздүк карточкалык эсептерине киргизүү жолу менен, ал эми мындай эсептер болбогон учурда – мекеменин кассасынан накталай акча каражаттарын төлөө жолу менен ишке ашырылат.
Кызматкер кызматтык ишсапарга жөнөтүлгөн учурда буйрук чыгарылат. Буйруктун негизинде кызматкерге ишсапарлык күбөлүк берилет.
Ишсапарлык чыгымдарга аванс алуу үчүн кызматкер жол киренин, күнүмдүк акчанын, жашаган жердин наркынын жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ишсапарлык чыгымдардын болжолдуу өлчөмүн эсептеп чыгып, аны акча каражаттарын алуу үчүн табыштамага тиркейт.
Ишсапардан келгенден кийин кызматкер бухгалтердик кызматка аванстык отчет тапшырат, ага баштапкы тастыктоочу документтер: авиабилеттер, отургузуу талондору, автовокзалдын администрациясы тарабынан тастыкталган жол кирени төлөө боюнча документтер, патент боюнча иштеген жеке ишкерлер менен түзүлгөн сатып алуу актылары, кассалык чектер жана башка жол кирени тастыктаган документтер, инвойстор же жайгашуу үчүн акынын төлөнүшүн тастыктаган башка баштапкы документтер, ишсапарлык чыгымдарды тастыктаган башка документтер тиркелет.
Тастыктоочу документтер болбогон учурда жол кире жана жатакана акысы боюнча ишсапарлык чыгымдарды ордуна келтирүү Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарында бекитилген нормаларга ылайык жүргүзүлөт. Күнүмдүк чыгымдар Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарында бекитилген нормаларга ылайык ордуна келтирилет.
Бул Жобонун максаттары үчүн каржылык инструменттерге алынган жана берилген насыялар, зайымдар, ссудалар, ошондой эле сатып алынган жана чыгарылган баалуу кагаздар кирет.
Ар бир каржылык инструментти таануу үчүн негиз болуп анын жаралышына түрткү болгон келишим (макулдашуу), нормативдик укуктук акт же мекеменин ички буйругу эсептелет. Кошумча макулдашуулар негизги келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Келишимге же башка мыйзамдуу негизге ылайык мекеме алынуучу же төлөнүүчү пайыздарды ай сайын эсептеп турат. Пайыздар келишимдеги тараптар тарабынан макулдашылган эрежелер боюнча эсептелет, эгер мындай эрежелер келишимде тике көрсөтүлбөсө, анда эл аралык же Кыргыз Республикасынын бул сферадагы мыйзамдарына ылайык эсептелет.
Пайыздар боюнча эсептөөлөрдүн бардыгы бул каржылык инструмент балансында эсепке алынган мекеменин жетекчиси тарабынан жазуу түрүндө бекитилет.
Катанын кетишине бухгалтердик эсеп тармагындагы нормативдик укуктук актылардын талаптарын туура эмес колдонуу, эсеп саясатын туура эмес колдонуу, арифметикалык эсептердеги так эместик, чарбалык операцияларды туура эмес классификациялоо, алынган маалыматты туура эмес чечмелөө, мекеменин кызмат адамдарынын ак ниет эмес ишмердүүлүгү себеп болушу мүмкүн.
Каталарды табуу үчүн башкы эсепчи төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт: дебиторлук жана кредиторлук карыздарды салыштырып текшерүү; казыналык, банктык эсептердеги жана кассадагы акча каражаттарынын калдыктарын салыштырып текшерүү; товардык-материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоо; бухгалтердик жазууларды карап чыгуу, тандамал тестирлөө жана башка ички көзөмөлдүн орундуу процедуралары.
Каталар байкалган учурда башкы эсепчи каталардын жаралыш себебин, ката кетирген адамдарды жана бул каталардын каржылык отчеттуулукка жана бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчеттуулукка тийгизген таасирин аныктайт. Эгер мындай иликтөөнүн натыйжасында катанын олуттуу экени аныкталса, анда мекеме жетекчисинин дарегине катаны оңдоого уруксат алуу жөнүндө кызматтык кат жөнөтүлөт.
Мекеменин жетекчисинен жазуу түрүндөгү макулдук алып, башкы эсепчи Эсеп саясатына ылайык катаны оңдоону жүргүзөт.
Баштапкы документтердеги каталарды оңдоонун тартиби ушул Жобонун «Документ жүргүзүүгө коюлуучу жалпы талаптар» бөлүгүндө сүрөттөлгөн.
Бухгалтердик эсептин регистрлеринде жабылган отчеттук мезгилдер боюнча оңдоого жол берилбейт.