Кыргыз Республикасынын Убактылуу Окмотунун 2010-жылдын 8-апрелинин №3 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Окмотунун Билдируусунун кабыл алуу жонундо» Токтому
Бишкек шаары Убактылуу Өкмөтү 8 апрель 2010 жыл №3
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн Билдирүусүн кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн Билдирүүсу кабыл алынсын (тиркелет)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн Төрагасы | Р. Отунбаева
|
Кыргыз Реснубликасынын Убактылуу элдик өкмөтүнүн
Билдирүүсү
Кыргызстан татаал кырдаалда турат. 6-7-апрелде бийликтердин чагымчылдыгынан, оппозициянын лидерлерин, коомдук ишмерлерди камоолордон, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын жабылышынан жана жай жургөн жарандарга каршы куралдуу көчтөр колдонулгандан кийин республиканын калкы көтөрүлүп чыкты. Адамдардын жай жана күч колдонбогон каршылык керсвтуулвргв умтулуусуна карабастан бийликтер процессти куч колдонуунун жана куралдуу чыр-чатактын нугуна которуп жиберди. Курманбек Бакиевдин режими жай жургөн демонстрантгарга мээлеп ок атты. Натыйжада кунеесуз ондогон жаштар курман болуп, жуздегвндеру жарадар болду. Бирок каршылык көрсөткөн жарандардын кыжырлануусун бийликтер баса алган жок. Эл администрациялык имараттарды ээлеп альш, ал эми элге каршы кылмыштуу өкмөт борбордон качып кетти. Мындай шарттарда мамлекетти жана коомдогу кырдаалды башкарууга буткул толук жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын Убактылуу элдик өкмөтү өзүнө алды. Бүгүнкү күндө жер-жерлерде, бардык региондордо саясий бийлик Убактылуу элдик өкмөттүн органдары тарабынан контролдонууда
Убактылуу элдик өкмөт өзүнүн демократиялык принциптерге берилгендиги жөнүндө билдирүү менен Кыргыз Республикасы тарабынан өзүнө кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерди жана мурда кол коюлган келишимдерди ырастайт.
Убактылуу элдик өкмөт коомдук-саясий процессти мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин нугуна кайра альш келүүгө бекем ниеттенгендиги жөнундө билдирет.
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийлик элдин атынан Убактылуу элдик өкмөткө өтөт.
Негизги мыйзамдын жацы редакциясы кабыл алынганга чейин елкенун аймагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарыныи колдонулушу сакталып калат.
Конституция боюнча президентке, парламентке, вкметкв тааидык кылынган ыйгарым укуктарды Убактылуу элдик екмвт өзунө убактылуу алат.
IV шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши таратылат.
2010-жылдын 8-апрели