Сравнение редакций…
Бишкек шаары
2010-жылдын 8-апрели УӨ N 1
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 17-апрелиндеги УӨ N 6,
2010-жылдын 20-апрелиндеги УӨ N 10,
2010-жылдын 7-майындагы УӨ N 35,
2010-жылдын 3-июнундагы УӨ N 63,
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек жана Талас шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарына бир жолу берилүүчү материалдык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек жана Талас шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон жана жабыр тарткан жарандарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттигине берсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-апрелиндеги УӨ N 10,
2010-жылдын 4-октябрындагы N 228 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги бир жолу берилүүчү материалдык жардамды төлөп берүүгө республикалык бюджеттен зарыл болгон төмөнкү каражаттарды издеп тапсын жана бөлүп берсин:
Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык 1000000 (бир миллион) сомдон;
Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда Кыргыз Республикасынын денесинен өтө оор жаракат алып, жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо - ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык 100000 (жүз миң) сомдон;
Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда Кыргыз Республикасынын денесинен оор жаракат алып, жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо - ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык - 50000 (элүү миң) сомдон;
ок тийип ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген, денесинен жеңил жаракат алган, 2010-жылдын 6-апрелинен баштап 10-апрелине чейинки мезгилде медициналык жардамга кайрылган жана саламаттык сактоонун стационардык жана амбулатордук уюмдарында дарыланып жаткан Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо - ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык 50000 (элүү миң) сомдон;
"2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кийин белгиленген тартипте киргизүү менен жогоруда көрсөтүлгөн төлөөлөрдү өз убагында каржыласын.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-апрелиндеги УӨ N 10,
2010-жылдын 7-майындагы УӨ N 35, 2010-жылдын 3-июнундагы УӨ N 63,
2010-жылдын 4-октябрындагы N 228 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Бишкек жана Талас шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарына материалдык жардам берүүнүн тартиби N 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 2010-жылдын 15-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тартып, жатак дарылануудагы жарандарына ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн материалдык жардамды берүүнүн тартибине жараша акча каражаттарын төлөп берүүнү камсыз кылсын.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-апрелиндеги УӨ N 6,
2010-жылдын 20-апрелиндеги УӨ N 10, 2010-жылдын 4-октябрындагы N 228 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик кат-
тоо кызматы паспорту жок жабыр тарткан жарандарга шашылыш тартипте паспортторду берүүнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тизмесине ылайык жүргүзсүн.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы УӨ N 35 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын каржы министри Т.А.Сариевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
2010-жылдын 6-7-апрелинде болуп өткөн окуялардын
натыйжасында аскер кызматчыларын жана укук коргоо
органдарынын кызматчыларын кошуп алганда Кыргыз
Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлө
мүчөлөрүнө жана жапа чеккен жарандарына бир жолку
берилүүчү материалдык жардамды төлөп берүүнүн
ТАРТИБИ
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 17-апрелиндеги УӨ N 6,
2010-жылдын 20-апрелиндеги УӨ N 10,
2010-жылдын 7-майындагы УӨ N 35,
2010-жылдын 3-июнундагы УӨ N 63
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Тартип 2010-жылдын 6- жана 7-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле жапа чеккен жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомун турмушка ашыруу максатында иштелип чыкты.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-апрелиндеги УӨ N 10 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бир жолку материалдык жардам республикалык бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө берилет:
- 2010-жылдын 6- жана 7-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1000000 (бир миллион) сом;
- 2010-жылдын 6- жана 7-апрелинде Талас облусунда, 2010-жылдын 7-апрелинде башка региондордо денесине оор жаракат алган жана саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууну алып жаткан Кыргыз Республикасынын жапа чеккен жарандарына соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо 100000 (жүз миң) сом;
- 2010-жылдын 6- жана 7-апрелинде Талас облусунда, 2010-жылдын 7-апрелинде башка региондордо денесине оордугу азыраак жаракат алган жана саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууну алып жаткан Кыргыз Республикасынын жапа чеккен жарандарына соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо 50000 (элүү миң) сом;
- ок тийип ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген, денесинен жеңил жаракат алган, 2010-жылдын 6-апрелинен баштап 10-апрелине чейинки мезгилде медициналык жардамга кайрылган жана саламаттык сактоонун стационардык жана амбулатордук уюмдарында дарыланып жаткан Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо - жогоруда аталган токтомдун 1-пунктуна ылайык - 50000 (элүү миң) сомдон;
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы УӨ N 35, 2010-жылдын 3-июнундагы УӨ N 63 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.1. Курман болгондордун же өлгөндөрдүн бир жолку материалдык жардамды алууга укуктуу үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- курман болгон, өлгөн адамдын жубайы;
- эгерде курман болгон, өлгөн адам никеге турбаган болсо, ата-энесинин бири.
Эгерде курман болгон же өлгөн адам никеге турбаган болсо жана ата-энеси жок болсо, бир жолку материалдык жардам курман болгон же өлгөн адам менен бирге туруктуу жашаган, туугандык мамилелер менен байланышкан, жалпы чарба жүргүзгөн жана жалпы бюджети бар үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине төлөнөт.
2.2. 2.1-пунктта каралбаган башка учурларда туугандыгын аныктоо төмөнкүлөрдөн турган комиссиянын чечими менен комиссиялык түрдө жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары - комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары - комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы жана ички иштер министрлеринин орун басарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директорлорунун орун басарлары комиссиянын мүчөлөрү болуп саналат.
2.3. Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги зарылчылыкка жараша киргизет.
3. Кыргыз Республикасынын курман болгон жана жапа чеккен жарандарына бир жолку материалдык жардамды төлөө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги түзгөн тизмелердин негизинде жүргүзүлөт.
3.1. Тизмелер төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен түзүлөт:
- курман болгон жарандар үчүн - фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, жашаган жерин, паспорттук маалыматтарын (же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн номерин), өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номерин, 2.1-пунктка ылайык туугандарынын фамилиясын, аты-жөнүн жана паспорттук маалыматтарын;
- жапа чеккен жарандар үчүн - фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, жашаган жерин, паспорттук маалыматтарын (же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн номерин), ошондой эле денеге алган жаракатынын даражасын (оор жана анча оор эмес дене жаракаттары).
3.2. Курман болгон жана жапа чеккен жарандардын тизмесинин ар бир барагына Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга медициналык кызматтардын тез аракеттенүүсүн уюштуруу боюнча оперативдүү штабдын начальниги кол коюуга, Саламаттыкты сактоо министрлигинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө, датасы көрсөтүлүүгө тийиш.
3.3. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тизмелердин бирден нускаларын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине берет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги 2010-жылдын 6- жана 7-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондор үчүн бир жолку материалдык жардамды алган туугандарынын тизмесин түзөт.
5. Жапа чеккендерге бир жолку материалдык жардам Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин тизмелерине ылайык социалдык жактан коргоонун аймактык органдарынын кассалары аркылуу төлөнөт.
6. Арыз ээсинин каалоосу боюнча жеке арыздын негизинде материалдык жардамдын суммасы банктагы эсептешүү эсебине которулушу мүмкүн.
7. Бир жолку материалдык жардамды алуу үчүн курман болгондордун туугандары, ошондой эле жапа чеккен жарандар жашаган жери боюнча социалдык жактан коргоонун аймактык органдарына төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш:
- арызды;
- жашаган жерин көрсөтүү менен (каттоо боюнча) арыз ээсинин ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсүн;
- паспорттун (18 жашка толо элек адамдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн) көчүрмөсүн;
- түп нускасын көрсөтүү менен аскер билетинин көчүрмөсүн, айдоочунун күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин (МКК ККД) паспорттук бөлүмдөрү берген убактылуу өздүк күбөлүгүн, МКК ККД алдын ала текшергенден кийин;
- арыз ээсинин курман болгон же өлгөн адам менен туугандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн (күйөөсү же аялы өлгөн учурда нике кыйылгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн);
- соттук-медициналык корутундунун көчүрмөсүн жана нотариус же айылдык округ тарабынан күбөлөндүрүлгөн өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн.
Узак убакыттан бери белгилүү бир калктуу конуштарда туруктуу жашаган, бирок башка региондордо катталган жабыр тарткан жарандар паспорту жана иш жүзүндө жашаган жеринен справкасы болгондо бир жолку берилүүчү материалдык жардамды алууга укуктуу.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы УӨ N 35 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бир жолку материалдык жардамды төлөөгө райондук коэффициент колдонулбайт.
9. Бир жолку материалдык жардамды төлөө 2010-жылдын 15-апрелинен баштап жүргүзүлөт.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-апрелиндеги УӨ N 6 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Жабыр тарткан адам катары мурда бир жолку материалдык жардам алган адам 2010-жылдын 6-7-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында алган жаратынан 2 жылдын ичинде каза болсо, каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө курман болгон адам катары компенсация төлөнөт, компенсациядан мурда алынган материалдык жардамдын суммасы алып салынат.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-апрелиндеги УӨ N 6 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Бир жолку материалдык жардамды төлөө боюнча талаш маселелер сот тартибинде чечилет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу
Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Э.Каптагаев