ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 8-апрелинин №2 «2010-жылдын 9 - 10-апрелин Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 6 - 7-апрелинде курман болгон жарандарын эскеруунун Улуттук аза кутуу кундеру деп жарыялоо жвнундв» Токтому

Редакция08.04.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Бишкек шаары Убактылуу Өкмөтү 8 апрель 2010 жыл №2

 

 

                                                                             Токтом

2010-жылдын 9 - 10-апрелин Кыргыз Республикасынын      2010-жылдын 6 - 7-апрелинде курман болгон жарандарын   эскерүүнүн Улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялоо жөнундө

 

                 Чагымчьшык аракеттердин натыйжасында К.С.Бакиевдин кандуу режиминин колунан биздин елкөнүн эркиндиги учун Кыргызстандын элинин мыкты эр журөк уулдары менен кыздары 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болду.

                 Биз алардын жаркын элесине жана жарандык эрдигине таазим кылабыз.

Сөөктөрдү татыктуу коюу жана курман болгон жарандардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөту  

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

                1.2010-жылдын 9 - 10-апрели Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялансын.

                2.Жарандык аза күтүү 2010-жылдын 10-апрелине саат 10:00 го  дайындалсын.

                3.Бул күндөру республиканын администрациялык имараттарындагы мамлекеттик желектердин баары түшүрүлсүн.

                4.Телекөрсөтүунүн жана радиоуктуруунун республикалык

каналдарында оюн-зоок программаларынын баары жокко чыгарылсын

               5. К.К.Иманалиев башында турган соок коюу боюнча уюштуруу  комитети түзүлсүн.

        6.Башкаруунун жергиликтуу мамлекеттик органдары курман

болгондордун сөөгүн коюу жана элесин түбөлүккү калтыруу боюнча зарыл

болгон жардамды көрсөтсүн.

               7.Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги Кыргыз Республикасынын курман болгон  жарандарынын уй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарына бир жолу берилүүчу материалдык жардам көрсөтүу жөнүндө маселени чечсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу өкмөтүнүн

Төрагасы                                                                                                                    

 

Р. Отунбаева