Бишкек шаары УӨ №6 17 апрель 2010 жыл
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнундө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөту
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтунүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-токтомдун 4-пунктунда "2010-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө" деген сөздөр "2010-жылдын 15-апрелинен баштап" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын уй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарына материалдык жардам беруу тартибинде:
9-пункттагы "2010-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр "2010-жылдын 15-апрелинен баштап" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10. Жабыр тарткан адам катары мурда бир жолку материалдык жардам алган адам 2010-жылдын 6-7-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында алган жаратынан 2 жылдын ичинде каза болсо, каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө курман болгон адам катары компенсация төлөнөт, компенсациядан мурда алынган материалдык жардамдын суммасы алып салынат.".
. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары-Кыргыз Республикасынын финансы министри Т.А. Сариевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу вкметунун Тврагасы | Р. Отунбаева
|