Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-январы № 26
2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомуна негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин 2021-жылдын 10-январындагы мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылды.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 55-беренелерине ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын 54 протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды суммалоо жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйынды таблицаны жана "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө" протоколду түздү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-январындагы № 24 токтомуна ылайык, жыйынды таблицаны жана "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө" протоколду түзүүдө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган 8 шайлоо участкаларынын маалыматтары алып салынгандыгы эске алынды.
"Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө" протоколго ылайык:
1. Шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны - 3563574 шайлоочуну түздү.
2. 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны - 1395513 адам, бул шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынан 39,16% түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапаров Садыр Нургожоевич 1105248 добушту алды, бул 79,20%, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейканович 8038 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,58% түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Мыктыбек 23583 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,69% түзөт.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сооронкулова Клара Сыргакбековна 14005 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,00% түзөт.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ташов Имамидин Асамидинович 16383 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,17% түзөт.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тагаев Рашид Бакирович 0 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0% түзөт.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевич 20335 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,46% түзөт.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 94741 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 6,79% түзөт.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталипович 12684 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,91% түзөт.
12. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 9397 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,58% түзөт.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 1327 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,10% түзөт.
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абакиров Эльдар Курманбекович 6996 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,50% түзөт.
15. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанов Курсан Сатарович 6885 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,49% түзөт.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 1157 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,08% түзөт.
17. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Джеенбеков Равшан Бабырбекович 2652 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,19% түзөт.
18. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 6893 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,49% түзөт.
19. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латиханович 32979 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 2,36% түзөт.
20. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Иманалиев Каныбек Капашович 2490 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,18% түзөт.
21. "Баарына каршы" позициясы үчүн 18673 шайлоочу добуш берди, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,34% түзөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 55, 58-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-январындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.
3. Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды деп эсептелсин.
4. Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Президенти болуп катталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна киришип жаткан учурда Жапаров Садыр Нургожоевичке Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмачылык белгилери - Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандарты (туусу) тапшырылсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн
Төрага | Н. Шайлдабекова |