Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-январы № 29
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Таш-Көмүр, Кара-Кулжа, Ат-Башы жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Таш-Көмүр, Кара-Кулжа, Ат-Башы жана Манас аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр, Кара-Кулжа, Ат-Башы жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Таш-Көмүр, Кара-Кулжа, Ат-Башы жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Таш-Көмүр, Кара-Кулжа, Ат-Башы жана Манас аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары |
| А.Бекматов |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 22-январындагы № 29 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
1 | Таш-Көмүр шаардык | Абдыраманов Кеңешбек Паисбекович (№ 5) ("Ата-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 8, 06.01.2021-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
2 | Кара-Кулжа айылдык | Алмабашов Майрамбек Тентимишович | Өз арызы, жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон кызмат ордуна дайындалган | № 1, 21.01.2021-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
3 | Ат-Башы айылдык | Акматалиев Майрамбек | Каза болгонуна байланыштуу | № 27, 29.12.2020-ж. |
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
4 | Покровка айылдык | Курманбаев Чынгыз Тилекович | Каза болгонуна байланыштуу | № 3, 14.01.2021-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 22-январындагы № 29 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
1 | Таш-Көмүр шаардык | Шайдуллаев Расулбек Сагиналиевич (№ 7) ("Ата-Журт" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | № 8, 06.01.2021-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
2 | Кара-Кулжа айылдык | Суюнбеков Кеңешбек Суюнбекович | Жеке ишкер | № 2, 21.01.2021-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
3 | Ат-Башы айылдык | Омокеева Аида Дүйшебаевна | Ат-Башы аймактык ооруканасынын экономисти | № 27, 29.12.2020-ж. |
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
4 | Покровка айылдык | Молдобаев Марс Курманбекович | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 3, 14.01.2021-ж. |