Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-февралы № 32
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Ноокат, Жалал-Абад, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Нарын шаардык, Ноокат, Жалал-Абад, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык, Ноокат, Жалал-Абад, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Нарын шаардык, Ноокат, Жалал-Абад, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Нарын шаардык, Ноокат, Жалал-Абад, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары |
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-февралдагы № 32 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
1 | Нарын шаардык | Сакыбаев Майрамбек Сыдыкович (№ 2 ) ("Өнүгүү-Прогресс" деп фракциясы) | Өз арызы | № 2, 18.01.2021-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
2 | Көк-Жар айылдык | Пирматов Тойчубай Умаралиевич | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү | № 5, 23.01.2021-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
3 | Жалал-Абад шаардык | Парханова Упел Токтосуновна (№ 3) ("Ата-Журт" деп фракциясы) | Өз арызы | № 43/54, 14.01.2021-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
4 | Шопоков шаардык | Гвоздев Александр Владимирович (№ 4) ("Акшумкар" деп фракциясы) | Өз арызы | № 5, 21.01.2021-ж. |
5 | Кызыл-Туу айылдык | Касымбеков Руслан Касымбекович | Өз арызы | № 7, 21.01.2021-ж. |
6 | Воено-Антоновка айылдык | Шабданбеков Самат Шабданбекович | Өз арызы | № 8, 21.01.2021-ж. |
7 | Новопавловка айылык | Батыров Жоодат Борисович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү | № 9, 21.01.2021-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
8 | Күн-Чыгыш айылдык | Монолдоров Самат Шаршенбекович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү | № 5, 22.01.2021-ж. |
9 | Кажы-Сай айылдык | Байгазиева Чынара Байгазиевна | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү | № 6, 22.01.2021-ж. |
Ысык-Көл району | ||||
10 | Чоң-Сары-Ой айылдык | Абдырахманов Уланбек Кадыркулович | Өз арызы | № 1, 25.01.2021-ж. |
11 | Абдыкадыров Малик Калыкович | Өз арызы | № 1, 25.01.2021-ж. | |
Каракол шаары | ||||
12 | Каракол шаардык | Хурова Галия Ринатовна (№ 6) ("Табылга" деп фракциясы) | Өз арызы | № 1, 13.01.2021-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-февралдагы № 32 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
1 | Нарын шаардык | Сыдыков Тельман Усенбаевич (№ 6) ("Өнүгүү-Прогресс" с/п) | Жеке ишкер | № 3, 18.01.2021-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
2 | Көк-Жар айылдык | Жолдошов Кошназар Шермаматович | Дыйкан | № 5, 23.01.2021-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
3 | Жалал-Абад шаардык | Калымбетова Насыйкат Чотуровна (№ 26) ("Ата-Журт" с/п) | Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси | № 43/54, 14.01.2021-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
4 | Шопоков шаардык | Абдыкулов Бек Жашасынович (№ 7) ("Акшумкар" с/п) | дыйкан чарба "Ынтымак-Ырыс" | № 5 21.01.2021-ж. |
5 | Кызыл-Туу айылдык | Султанбеков Жолдошбек Жумабекович | Убактылуу иштебейт | № 7, 21.01.2021-ж. |
6 | Воено-Антоновка айылдык | Матаева Гульнара Ибраимовна | Дарыгер | № 8, 21.01.2021-ж. |
7 | Новопавловка айылдык | Гафуров Анвар Катибович | Пенсионер | № 9, 21.01.2021-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
8 | Күн-Чыгыш айылдык | Байгашкаев Эрмек Жалгабекович | Дыйкан | № 5, 22.01.2021-ж. |
9 | Кажы-Сай айылдык | Кулубеков Урматбек Талайбекович | Жеке ишкер | № 6, 22.01.2021-ж. |
Ысык-Көл району | ||||
10 | Чоң-Сары-Ой айылдык | Саматова Дилдекан Асанбековна | Панционат Ак-Марал ашпозчу | № 1 25.01.2021-ж. |
11 | Мамырканов Календер Алпамышович | Убактылуу иштебейт | № 1 25.01.2021-ж. | |
Каракол шаары | ||||
12 | Каракол шаардык | Кулдаева Аида Казыбековна (№ 24) ("Табылга" с/п) | Убактылуу иштебейт | № 1, 13.01.2021-ж. |