Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2020-жылдын 16-ноябры № 330
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акжолтоев Тынчтык Акжолтоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Т.А.Акжолтоевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 14-ноябрында кир. № 01-06/3294 түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Акжолтоевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Борубаева Гульхан Бираевна катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Акжолтоевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Хажиев Раимжан Саматович катталсын.
Караңыз:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-ноябрындагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө" токтому
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Акжолтоевдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |