Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2020-жылдын 24-октябры № 263
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө |
2020-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, өз ыктыяры менен отставкага кетүү жөнүндө эл алдында билдирүү жасады.
2020-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө С.Ш.Жээнбековдун билдирүүсүн укту.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык мыйзам) 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык "Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Конституцияда каралган учурларда, иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат жана иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө өткөрүлүшү керек. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо иш аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылат".
2020-жылдын 23-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындаган жок.
Конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык "Эгерде Жогорку Кеңеш Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө дайындабаган учурда, Президентти шайлоо же мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган болуп эсептелет. Мындай учурларда шайлоону дайындоонун мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күн шайлоонун дайындалган күнү болуп эсептелет". Демек, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2020-жылдын 23-октябрында дайындалынды деп эсептелинет.
Конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык "Борбордук шайлоо комиссиясы ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыкканда, шайлоону өткөрүү күнү дайындалган болуп эсептелгенден тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн күнүн расмий жарыялайт жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.".
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык "Мөөнөтүнөн мурда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт".
Демек, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнүн мурда шайлоо 2021-жылдын 16-январын кошуп алганга чейин, дем алыш күнү өткөрүлүүгө тийиш.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68, 106-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесин, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2020-жылдын 23-октябрында дайындалынды деп эсептелинет.
2. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү датасы 2021-жылдын 10-январы, жекшемби белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты:
- Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын;
- Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүүгө киргизсин.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |