Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 6-декабры № 394
Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Москва, Панфилов, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Баткен облусунун Сулюкта шаарынын, Баткен райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Бишкек, Москва, Панфилов, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сузак, Ала-Бука, Сулюкта, Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдердин негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Москва, Панфилов, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Баткен облусунун Сулюкта шаарынын, Баткен райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.
2. Бишкек, Москва, Панфилов, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сузак, Ала-Бука, Сулюкта жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-декабрындагы № 394 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаары
- № 1301 шайлоо участогунун дареги Наманган көчөсүнүн № 8 дарегиндеги № 14 ЦСМ имаратынан Дубосековская көчөсүнүн № 39а дарегиндеги № 32 орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.
- № 1231 шайлоо участогунун дареги Профсоюзная көчөсүнүн № 60 дарегиндеги ОсОО "Баатыр Мурагер" имаратынан Ленина көчөсүнүн 35а дарегиндеги № 17 профессионалдуу лицей имаратына өзгөртүлсүн .
- № 1211 шайлоо участогунун дареги Л.Толстого көчөсүнүн № 62 дарегиндеги Бишкек архитектордук колледж имаратынан, Горького көчөсүнүн № 114 дарегиндеги № 29 орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
Чүй облусу
Москва району
Беловодск айыл аймагы
- № 7284 шайлоо участогунун дареги Беловодск айылынын Кирова көчөсүнүн № 32 дарегиндеги Пивзавода имаратынан, Беловодск айылынын Кирова көчөсүнүн № 229 дарегиндеги № 3 орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
Первомай айыл аймагы
- № 7305 шайлоо участогунун дареги Ак-Суу айылынын Шолохов көчөсүнүн н/ж дарегиндеги ЖАК "Техсервис" имаратынан, Ак-Суу айылынын Вокзалная көчөсүнүн № 45 дарегиндеги № 4 орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
Садовский айыл аймагы
- № 7279 шайлоо участогунун дареги Садовое айылынын Советская көчөсүнүн н/ж дарегиндеги Колхозников сарай имаратынан, Садовое айылынын Вокзальная № 45 көчөсүнүн № 4 орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
Сретенка айыл аймагы
- № 7282 шайлоо участогунун дареги Сретенка айылынын Центральная көчөсүнүн н/ж дарегиндеги клуб имаратынан, Сретенка айылынын Центральная көчөсүнүн № 200 дарегиндеги "Үмүт Шатысы" бала бакча имаратына өзгөртүлсүн.
Целиный айыл аймагы
- № 7299 шайлоо участогунун дареги Кызыл-Моло айылынын Центральная көчөсүнүн № 3 дарегиндеги клуб имаратынан, Кызыл-Моло айылынын Школная көчөсүнүн № 1 дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
Петровка айыл аймагы
- № 7313 шайлоо участогунун дареги Кызыл-Туу айылынын Центральная көчөсүнүн н/ж дарегиндеги клуб имаратынан, Кызыл-Туу айылынын Западная көчөсүнүн 21 дарегиндеги башталгыч мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
Чапаев айыл аймагы
- № 7296 шайлоо участогунун дареги Спартак айылынын Ленина көчөсүнүн № 84 дарегиндеги айыл өкмөт имаратынан, Спартак айылынын Ленина көчөсүнүн № 94 дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
- № 7297 шайлоо участогунун дареги Маловодное айылынын Сатаева көчөсүнүн н/ж дарегиндеги башталгыч мектеп имаратынан, Маловодное айылынын Сатаева көчөсүнүн н/ж дарегиндеги клуб имаратына өзгөртүлсүн.
Ак-Суу айыл аймагы
- № 7308 шайлоо участогунун дареги Бала-Айылчы айылынын Мамырбай көчөсүнүн н/ж дарегиндеги "Айыл Ордо" имаратынан, Бала-Айылчы айылынын Мамырбай көчөсүнүн н/ж дарегиндеги Бала-Бакча имаратынан, Бала-Айылчы айылынын Мамырбай № 626 көчөсүнүн орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
Панфилов району
Курама айыл аймагы
- № 7377 шайлоо участогунун дареги Панфилов айылынын Центральное көчөсүнүн № 269 дарегиндеги ААК "Герои Панфиловцы" имаратынан, Панфилов айылынын Центральная көчөсүнүн № 351 дарегиндеги орто мектеп-комплект имаратына өзгөртүлсүн.
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу району
Кереге-Таш айыл аймагы
- № 3109 шайлоо участогунун дареги Новоконстантиновка айылынын Чоң-Жергез көчөсүнүн дарегиндеги клуб имаратынан, Новоконстантиновка айылынын Жумаш-Агай көчөсүнүн дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
- № 3247 шайлоо участогунун дареги Пионер айылынын Букош көчөсүнүн дарегиндеги клуб имаратынан, Пионер айылынын Дунган көчөсүнүн дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
Чельпек айыл аймагы
- № 3135 шайлоо участогунун дареги Чельпек айылынын Мансурова көчөсүнүн дарегиндеги спорткомплекс имаратынан, Чельпек айылынын Туркеев көчөсүнүн дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
- № 3136 шайлоо участогунун дареги Чельпек айылынын Туркеев көчөсүнүн дарегиндеги Искаков атындагы орто мектеп имаратынан, Чельпек айылынын Исламова көчөсүнүн № 21 дарегиндеги "Жамиля" бала бакча имаратына өзгөртүлсүн.
Жети-Өгүз району
Жети-Огуз айыл аймагы
- № 3175 шайлоо участогунун дареги Кабак айылынын Мундузбай көчөсүнүн № 40а дарегиндеги АВП "Кашка-Суу" имаратынан, Кабак айылынын Мундузбай көчөсүнүн № 37 дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
- № 3253 шайлоо участогунун дареги Жети-Огуз айылынын Байсеркеева көчөсүнүн № 77 дарегиндеги спорт комплекс имаратынан, Жети-Өгүз айылынын Байсеркеева № 73 көчөсүнүн бала бакча имаратына өзгөртүлсүн.
Жалал-Абад облусу
Сузак району
С.Атабеков айыл аймагы
- № 2124 шайлоо участогунун дареги Бек-Абад айылынын Ураимжан-Ата көчөсүнүн № 3-А дарегиндеги "Ынтымак" бала-бакча имаратынан, Бек-Абад айылынын М.Садыкова көчөсүнүн № 100 дарегиндеги ЦСМ № 20 имаратына өзгөртүлсүн.
- № 2391 шайлоо участогунун дареги Бек-Абад айылынын М.Садыков көчөсүнүн № 103 дарегиндеги айыл өкмөт имаратынан, Бек-Абад айылынын М.Садыкова көчөсүнүн № 88 дарегиндеги С.Атабеков атындагы орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
Сузак айыл аймагы
- № 2424 шайлоо участогунун дареги Сузак айылынын Дакан-Палван көчөсүнүн № 75 дарегиндеги С.Акбарова атындагы орто мектеп имаратынан, Сузак айылынын Дакан-Палван көчөсүнүн № 101 дарегиндеги санитардык-эпидемиялык станция имаратына өзгөртүлсүн.
Курманбек айыл аймагы
- № 2381 шайлоо участогунун дареги Кара-Чолок айылынын Б.Калбаев көчөсүнүн № 1 дарегиндеги маданият үй имаратынан, Карак-Чолок айылынын К.Чекиев көчөсүнүн № 2 дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
Кызыл-Туу айыл аймагы
- № 2020 шайлоо участогунун дареги Кызыл-Сеңир айылынын Т.Масадыков көчөсүнүн № 36 дарегиндеги маданият үй имаратынан, Кызыл-Сенир айылынын Т.Масадыков көчөсүнүн № 54 дарегиндеги Икрам-Ажы атындагы балдар-өспүрүм дене тарбия клуб имаратына өзгөртүлсүн.
Ала-Бука району
Өрүктү айыл аймагы
- № 2282 шайлоо участогунун дареги Өрүктү-Сай айылынын М.Осмонбеков көчөсүнүн № 21 дарегиндеги айыл клуб имаратынан, Өрүктү-Сай айылынын Коргон-Төбө көчөсүнүн № 37 дарегиндеги Ж.Бешимов атындагы № 18 орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
Баткен облусу
Баткен району
Самаркенд айыл аймагы
- № 8058 шайлоо участогунун дареги Самаркен айылынын Базар-Башы көчөсүнүн № 1 дарегиндеги С.Кожобаев атындагы орто мектеп имаратынан, Самаркен айылынын МТФ көчөсүнүн № 5 дарегиндеги Ортосай башталгыч мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
Сулюкта шаары
- № 8052 шайлоо участогунун дареги Сулюкта шаарынын Товарная көчөсүнүн № 232/3 дарегиндеги ИТФ СГЭИ имаратынан, Сулюкта шаарынын Советская көчөсүнүн № 5 дарегиндеги "Ынтымак" бала бакча имаратына өзгөртүлсүн.