Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 6-декабры № 397
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Араван, Кочкор, Чүй, Жайыл, Кадамжай жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Араван, Кочкор, Чүй, Жайыл, Кадамжай жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван, Кочкор, Чүй, Кадамжай жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Чүй жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдери бекитилсин.
3. Араван, Кочкор, Чүй, Кадамжай жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Араван, Кочкор, Чүй, Кадамжай жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жана жергиликтүү кеңешке жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-декабрындагы № 397 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
1 | Тоо-Моюн айылдык | Калмурзаев Таалайбек Урайимович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү | № 28, 3.12.2020-жылы |
2 | Каюмов Гайратжон Абдусаматович | Өз арызы | № 28, 3.12.2020-жылы | |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
3 | Кум-Дөбө айылдык | Ыбышов Каныбек Зарлыкович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү | № 30, 4.12.2020-жылы |
Нарын шаары | ||||
4 | Нарын шаардык | Бердикожоева Анара Кадыровна (№ 7) ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 19, 20.11.2020-жылы |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
5 | Кегети айылдык | Осмоналиев Манас Мукашевич | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү | № 35, 3.12.2020-жылы |
6 | Ак-Бешим айылдык | Аширов Марс Мидинович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү | № 35, 3.12.2020-жылы |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
7 | Бирлик айылдык | Базарбаев Зиядилла | Өз арызы | № 25, 3.12.2020-жылы |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-декабрындагы № 397 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин жана саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
1 | Кегети айылдык | Эстебесов Нурмамбет Сайдинович | Өз арызы | № 35, 3.12.2020-жылы |
Жайыл району | ||||
2 | Кара-Балта шаардык | Карабаев Чынгыз Рыспекович (№ 14) ("Мекеним Кыргызстан" с/п) | Өз арызы | № 1, 1.12.2020-жылы |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-декабрындагы № 397 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
1 | Тоо-Моюн айылдык | Калмурзаев Маматразак Муратович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 28, 3.12.2020-жылы |
2 | Мендибаев Адылбек Жанибекович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 28, 3.12.2020-жылы | |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
3 | Кум-Дөбө айылдык | Мыктыбеков Таалайбек Сапарович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 31, 4.12.2020-жылы |
Нарын шаары | ||||
4 | Нарын шаардык | Нурманбетова Гүлзат Садыркуловна (№ 13) ("Кырызстан" с/п) | Убактылуу иштебейт | № 19, 20.11.2020-жылы |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
5 | Кегети айылдык | Бактыбаев Нурсултан Бактыбаевич | Дыйкан | № 35, 3.12.2020-жылы |
6 | Ак-Бешим айылдык | Ибраимов Таланбек Абдрасулович | Жеке ишкер | № 35, 3.12.2020-жылы |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
7 | Бирлик айылдык | Жороев Асанбай Ташевич | ГУ "Кадастр" жер бөлүмүнүн башкы адиси | № 26, 3.12.2020-жылы |