Бишкек шаары2010-жылдын 7-майы УӨ № 35 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолор киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат: 1. 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдыкжардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомунатөмөнкү толуктоолор киргизилсин: - 2-пунктта: төртүнчү жана бешинчи абзацтар "жабыр тарткан жарандарына" дегенсөздөрдөн кийин "соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо"деген сөздөр менен толукталсын; пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "ок тийип ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген,денесинен жењил жаракат алган, 2010-жылдын 6-апрелинен баштап 10-апре-лине чейинки мезгилде медициналык жардамга кайрылган жана саламаттыксактоонун стационардык жана амбулатордук уюмдарында дарыланып жатканКыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналыкэкспертизанын корутундусу болгондо - ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык10000 (он мињ) сомдон;"; токтом төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын: "4-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик кат-тоо кызматы паспорту жок жабыр тарткан жарандарга шашылыш тартипте пас-портторду берүүнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги-нин тизмесине ылайык жүргүзсүн."; - жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-ап-релинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында аскер кызматчыларын жанаукук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда Кыргыз Республика-сынын курман болгон жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жапа чеккенжарандарына бир жолку берилүүчү материалдык жардамды төлөп берүүнүнтартибине: 2-пунктта: үчүнчү жана төртүнчү абзацтар "жапа чеккен жарандарына" дегенсөздөрдөн кийин "соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо"деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: "- ок тийип ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген,денесинен жењил жаракат алган, 2010-жылдын 6-апрелинен баштап 10-апре-лине чейинки мезгилде медициналык жардамга кайрылган жана саламаттыксактоонун стационардык жана амбулатордук уюмдарында дарыланып жатканКыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналыкэкспертизанын корутундусу болгондо - ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык10000 (он мињ) сомдон;"; 7-пунктта: төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- түп нускасын көрсөтүү менен аскер билетинин көчүрмөсүн, айдоо-чунун күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, ошондой эле Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты кат-тоо департаментинин (МКК ККД) паспорттук бөлүмдөрү берген убактылууөздүк күбөлүгүн, МКК ККД алдын ала текшергенден кийин;"; төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: "Узак убакыттан бери белгилүү бир калктуу конуштарда туруктуу жа-шаган, бирок башка региондордо катталган жабыр тарткан жарандар паспор-ту жана иш жүзүндө жашаган жеринен справкасы болгондо бир жолку бе-рилүүчү материалдык жардамды алууга укуктуу.". 2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басарына - каржы министринежүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева