Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 9-февралы № 34
Шайлоо комиссиясынын чечимдерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгына ылайык келтирүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасыпын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 ПЖ Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош областарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 32 Жарлыгы; «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош областарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш чараларды токтото туру жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 54 ПЖ Жарлыгы күчүн деп таанылган жана мурда токтотулуп турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жаңы шайлоо дайындалган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасыпын Мыйзамынын 6, 7, 18- беренелерине, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 ПЖ Жарлыгына ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
-«2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 34 токтому;
-« Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу жаатындагы иш чараларды токтотуп туруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 84 токтому;
2. Аймактык шайлоо комиссиялары «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 ПЖ Жарлыгынын 5-пунктунан жана ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чечимдерди кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу:
- талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо күрөөсүн кайтаруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;
- 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган кээ бир жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө төмөн турган шайлоо комиссияларынын республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо сметасын аткаруусу боюнча, бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышы боюнча бөлүнгөн текшерүү жүргүзсүн.
4. Ушул токтом « Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |