Бишкек шаары2010-жылдын 21-июну УӨ № 95 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Референдумга жана шайлоого катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн пайдалануу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү)жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-ап-релиндеги УӨ № 20 Декретинин 7-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республика-сынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бийликтин аткару-учу-тескөөчү органдары менен бирдикте жер-жерлерде 18 жашка толгон жанапаспорттору жок адамдарды табуу боюнча иштерди жүргүзсүн, аларды анданкийин Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн алуу үчүн аймак-тык паспорттук бөлүмдөргө жөнөтсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасы-нын жарандарын тездетилген аскердик каттоого алуу боюнча чаралардыкөрсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын жаранынын өздүк күбөлүгүнүн бланктарын даярдоо үчүн Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 500000 (бешжүз мињ) сом бөлсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Референдум өткөрүү жана шайлоо боюнчаборбордук комиссиясына зарыл чараларды көрүү жана өзүнүн нормативдикукуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү сунуш кылынсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймак-тык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева